Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 350
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б.Баатырбеков, А.М.Нурбаев, И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 350 токтому менен жактырылган |
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б.Баатырбеков, А.М.Нурбаев, И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "миграциялык карта" термининин аныктамасы менен толукталат, ал Кыргыз Республикасынын аймагына кирген же чыккан чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын аймагына киргенде же убактылуу жүргөндө контролдоо үчүн кызмат кылган документти түшүндүрөт.
Ошону менен бирге негиздеме-маалымкатка таянсак, бул терминди киргизүү 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге шайкеш келтирүү менен байланыштырылган.
Мында жогоруда аталган Келишимде "миграция картасы (карточкасы)" термини башка мүчө мамлекеттин аймагына кирген мүчө мамлекеттин жараны тууралуу маалыматтарды камтыган жана аны барган мамлекетинин аймагында убактылуу жүргөндө эсепке жана контролго алуу үчүн кызмат кылган документ катары аныкталат.
Ушуга байланыштуу "миграция картасы" терминин 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭВ жөнүндө келишимге ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган толуктоолорго ылайык тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга виза саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын чыгаруу боюнча ченем чыгаруу ыйгарым укугу берилет.
Муну менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ченем жаратууга ыйгарым укуктарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын карамагындагы маселелер боюнча ыйгарууга укуктуу. Ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу ченем жаратуучу орган тарабынан ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченем жаратуучу органдардын тизмегине кирет.
Мында ченем жаратуу ыйгарым укуктарын башкага өткөрүп берүү - бул түздөн-түз ченем жаратуучу органга, бул учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык укук.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык аткаруу бийлиги мамлекеттик бийликтин өз алдынча бутагы экендигин көңүлгө алуу менен, жогоруда аталган толуктоону алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
3. 1-берененин 8 жана 9-бөлүктөрүндөгү "түзүшү мүмкүн" деген сөздөрдү "түзөт" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени бул туюндурма мыйзамдын ченемдерин кеңири чечмелөөгө алып келиши мүмкүн жана тиешелүү ыйгарым укуктуу субъекттерге тигил же бул кырдаалды так, мыйзам менен бекитилген критерийлерди жетекчиликке албастан, өзүнүн кароосу боюнча чечмелөөгө ыйгарым укук берүү менен укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна мүмкүндүк берет.
4. Долбоордун 1-беренесинин 10-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 95-пункту менен шайкеш келтирүү зарыл, ага ылайык мыйзамга жалпылаштырылган түрдө өзгөртүүлөрдү (анын ичинде "мыйзамдын бүткүл тексти боюнча" деген туюндурманы пайдалануу менен сөздөрдү алмаштырууга) киргизүүгө жол берилбейт.
5. Берилген негиздеме-маалымкатка ылайык миграция картасын киргизүү финансылык чыгымдарга алып келет.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
Негиздеме-маалымкатта тиешелүү эсептөөлөр, ошондой эле каржылоо булактары жөнүндө маалымат жок.
Баяндалгандарды эске алуу менен, чыгымдардын суммасын жана каржылоо булагы аныкталганга чейин миграция картасын киргизүүнү эрте деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн алып салууну сунуштайбыз.
6. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга коюлууга тийиш. Мында коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча келип түшкөн сунуштар жөнүндө жыйынтык маалымат аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен даярдалат. Жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.
Бирок коомдук талкуулоону өткөрүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилген негиздеме-маалымкатта жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жогоруда белгиленген сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.