Сравнение редакций…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын (мындан ары - ЖОЖ) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик билим берүү гранты (мындан ары - грант) - республика үчүн даярдоонун артыкчылыктуу багыттары (адистиктери) боюнча адистерди даярдоо үчүн мамлекеттик заказга киргизилген даярдоо багыты (адистиги) боюнча ЖОЖдо жеке жакты (мындан ары - грант алуучу) окутууга акы төлөөгө берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары.
3. ЖОЖдордун чыгашалар сметасын түзүү жана бекитүү мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) бекитүүчү бирдиктүү бюджеттик классификация боюнча аныкталат.
4. ЖОЖдордун жалпы чыгымдарын грант өлчөмдөрүнүн жана грант алуучулардын санынын негизинде аныктоо ведомстволук ЖОЖдору бар тармактык министрликтер менен ведомстволордун (мындан ары - тармактык министрликтер) функциясы болуп саналат.
2. ЖОЖдорду бюджеттик каржылоонун көлөмдөрүн түзүү
5. Финансы министрлиги, тармактык министрликтер ЖОЖдун чыгымдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгашалардын бирдиктүү аккумуляциялык беренеси боюнча каржылайт, буга жетим балдардын арасындагы студенттерге стипендия төлөөгө жана тамак-ашына кеткен чыгымдар кирбейт, аларды каржылоо бюджеттик классификациянын тиешелүү беренелери боюнча жүргүзүлөт.
6. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин тармактык министрликтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген даярдоо багыттары (адистиктери) боюнча грант алуучулардын санына жана гранттын көлөмдөрүнө жараша келерки жылдагы бюджеттик чыгымдардын контролдук көрсөткүчтөрүн аныкташат.
7. Эсептөөгө пландалган жылдын 1-январына карата даярдоо багыттары (адистиктери) боюнча бөлүштүрүлгөн грант алуучулардын саны киргизилет.
8. ЖОЖдорду келерки финансылык жылга карата бюджеттик каржылоонун көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
Бi - i-ЖОЖду бюджеттик каржылоонун көлөмү;
БГ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли;
ПКj - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине j-адистик боюнча киргизилүүчү түзөтүү коэффициенти;
ЧГЗj - пландалган жылдын башталышына карата j-адистик боюнча келерки жылы окууну аяктоочу грант алуучулардын саны;
ЧГj - пландалган жылдын башталышына карата j-адистик боюнча грант алуучулардын саны, буга келерки жылы окууну аяктоочу грант алуучулар кирбейт;
НСвыс - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан ЖОЖдордун кызматкерлерине эмгек стажы үчүн кызматтык маяналарына төлөнүүчү ар айлык үстөк;
Квыс - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген ЖОЖдордун кызматкерлеринин эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти;
СТi - ЖОЖдун келерки жылга карата стипендиялык фонду;
Пi - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык жетим балдардын арасындагы студенттердин тамак-ашына кеткен чыгымдар;
ПРi - республикалык бюджеттен i-ЖОЖго бөлүнүүчү максаттуу мүнөздөгү (кымбат баалуу жабдууну сатып алуу, капиталдык оңдоо жана курулуш, башка типтүү эмес чыгымдар) каражаттар;
n - республика үчүн артыкчылыктуу багыттар жана адистиктер боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик заказга киргизилген адистиктердин саны.
9. Ведомстволук ЖОЖдору бар тармактык министрликтер келерки жылдын 1-сентябрында алгачкы жолу окууга киришкен грант ээлеринин саны боюнча аларды каржылоо үчүн чыгымдардын бирдиктүү аккумуляциялык беренеси боюнча гранттык фондду түзүшөт.
10. Гранттык фонддун көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
ГФ - келерки жылга карата гранттык фонддун көлөмү;
БГ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли;
ПКj - - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ошол j-адистик боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине карата түзөтүү коэффициенти;
ЧГj - келерки жылдын 1-сентябрынан тартып алгачкы жолу окууга киришкен ошол j-адистик боюнча грантка ээ болгондордун болжолдуу саны.
11. Гранттык фонд абитуриенттерди максаттуу кабыл алуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттары жана гранттык орундардын квотасы боюнча ЖОЖдор студенттерди кабыл алып бүткөндөн кийин келерки жылдын 1-сентябрынан тартып ЖОЖдор ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.
12. Келерки жылга республикалык бюджеттин каражаттары боюнча чыгымдар сметасын түзүүдө, бюджеттик классификациялоонун тийиштүү беренелеринде чагылдырылуучу стипендияларды жана жетим балдардын арасынан студенттердин тамак-ашына төлөөгө чыгымдарды кошпогондо, бардык чыгымдар чыгымдардын бирдиктүү аккумуляцияланган беренесинде чагылдырылат.
3. ЖОЖдордун бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар сметасын тактоо
13. ЖОЖдордун бекитилген чыгымдар сметасынын көлөмү көбөйгөн же азайган учурда жаңы смета тиешелүү мезгилге карата каржылоонун такталган планы катары аныкталат. Чыгымдардын сметасын тактоо Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча тармактык министрликтер тарабынан жүргүзүлөт.
14. Чыгымдар сметасына өзгөртүүлөр төмөнкүдөй себептер боюнча киргизилет:
- жаңы окуу жылына карата ЖОЖдордо гранттык орундарды бөлүштүрүүдө;
- республикалык бюджеттин чыгашасы бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга же колдонуудагылары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу;
- республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарынын бөлүнүшүнө байланыштуу.
15. Жаңы окуу жылына гранттык орундарды бөлүштүрүүгө байланыштуу учурдагы жылдын сентябрь-декабрына ЖОЖду бюджеттик кошумча каржылоонун көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
Bi - учурдагы жылдын сентябрь-декабрына карата ошол i-ЖОЖду кошумча бюджеттик каржылоонун көлөмү;

ПКj - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ошол j-адистик боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине карата түзөтүү коэффициенти;
ЧГНj - жаңы окуу жылынан тартып окууга кирген ошол j-адистик боюнча грантка ээ болгондордун саны;
НСвыс - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан ЖОЖдордун кызматкерлеринин кызматтык маянасына эмгек стажы үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөк акылар;
Квыс - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген ЖОЖдордун кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акынын коэффициенти жана башка социалдык төлөмдөр;
СТi - жаңы окуу жылынан тартып окууга кирген грантка ээ болгондор үчүн ошол i-ЖОЖдун стипендиялык фонду;
Пi - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык жетим балдардын арасынан жаңы окуу жылынан тартып алгачкы жолу окууга киришкен студенттердин тамак-ашына чыгымдар;

16. Жаңы окуу жылына карата ЖОЖдордо гранттык орундарды бөлүштүрүүгө байланыштуу республикалык бюджеттин каражаттары боюнча ЖОЖдордун чыгымдар сметасын тактоо гранттык фонддун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Эсепке алуу жана отчеттуулук
17. ЖОЖдордун республикалык бюджетинин каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук казыналыктын белгиленген жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылат.
18. Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча чыгымдар сметасынын аткарылышы тууралуу отчет төмөнкүдөй түзүлөт:
- студенттердин стипендияларын жана тамак-ашын төлөөгө кеткен чыгымдарды кошпогондо, отчеттук мезгилге республикалык бюджеттен каржылоонун бекитилген планы бирдиктүү аккумуляциялык беренеде чагылдырылат, жетим балдардын стипендияларын жана тамак-ашын төлөөгө бөлүп берилген акча каражаттарынын көлөмү бюджеттик классификациялоонун тийиштүү беренелеринде чагылдырылат;
- студенттердин стипендияларын жана тамак-ашын төлөөгө кеткен чыгымдарды кошпогондо, отчеттук мезгилге республикалык бюджеттен каржылоонун такталган планы бирдиктүү аккумуляциялык беренеде чагылдырылат, студенттердин стипендияларын жана тамак-ашын төлөөгө бөлүп берилген акча каражаттарынын көлөмү бюджеттик классификациялоонун тийиштүү беренелеринде чагылдырылат;
- отчеттук мезгилге республикалык бюджеттен каржылоонун суммасы бирдиктүү аккумуляциялык беренеде чагылдырылат, стипендияларды жана тамак-ашты төлөөгө чыгымдарды каржылоонун суммасы бюджеттик классификациянын тиешелүү беренелеринде чагылдырылат;
- отчеттук мезгилге республикалык бюджеттен кассалык бардык чыгымдар бюджеттик классификациянын тиешелүү беренелери боюнча чагылдырылат;
- отчеттук мезгил ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар экономикалык классификациялоонун чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүп чагылдырылат.
19. ЖОЖдор отчет түзөт жана аны белгиленген мөөнөттө тармактык министрликтерге тапшырат.
20. Тармактык министрликтер ЖОЖдордун отчетунун негизинде республикалык бюджеттин каражаттары тууралуу жыйынды отчеттук маалыматты түзөт.
21. Тармактык министрликтер ЖОЖдор боюнча отчетторду Финансы министрлиги белгилеген форма жана мөөнөт боюнча Финансы министрлигине тапшырат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ