Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, 2016-жылдын 30-апрели № 228
Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 571, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658, 2019-жылдын 31-майындагы № 258, 2019-жылдын 18-июнундагы № 297, 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2020-жылдын 29-январындагы № 42, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык отчетун берүү тартибин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-100) формасы 1-тиркемеге ылайык;
- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу жана берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасы 3-тиркемеге ылайык;
- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу жана берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык;
- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) формасы 5-тиркемеге ылайык;
- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу жана берүү тартиби 6-тиркемеге ылайык;
- Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI-103) формасы 7-тиркемеге ылайык;
- Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруу жана берүү тартиби 8-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 7-июнунда № 49-50 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
FORM STI-100
Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
2-тиркеме
Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658, 2019-жылдын 31-майындагы № 258, 2019-жылдын 18-июнундагы № 297, 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) (мындан ары - Декларация) толтуруунун жана берүүнүн эрежелерин аныктайт, ал төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
а) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) VII бөлүгүнө ылайык киреше салыгын төлөө;
б) экономикалык иш, анын ичинде мүлк объектилерине/жер участокторуна ээ болуу жана/же аларды пайдалануу тууралуу финансылык жана башка маалыматтарды берүү жөнүндө;
в) киреше булактарын ырастоо жөнүндө.
2. Жеке адам Декларацияны (FORM STI-100) түзүүгө жана берүүгө милдеттүү Декларация тапшыруучу (мындан ары - Декларация тапшыруучу) болуп саналат, эгерде Декларация тапшыруучу:
а) отчеттук жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгонуна же болбогондугуна карабастан ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок ошол эле учурда бул экономикалык иш Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сырткары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, башка экономикалык иштин бир жана андан көп түрлөрүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
б) ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок ошол эле учурда бул экономикалык иш Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сырткары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, башка экономикалык иштин бир жана андан көп түрлөрүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын резиденти - чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болсо;
Эскертүү. Резиденттикке карабастан, республиканын аймагында ишкердик жүргүзгөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жеке ишкер катары каттоодон өтүүгө жана FORM STI-102 формасы боюнча ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын Декларациясын түзүүгө жана тапшырууга милдеттүү.
3. Декларация отчеттук жыл үчүн түзүлөт жана Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин, Декларация тапшыруучунун тандоосу боюнча: катталган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча салык органына берилет.
4. Декларациянын формасы төмөнкү тиркемелерди өзүнө камтыйт:
а) "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-100-001) 1-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок учурда тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
б) "Салык салынбай турган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-100-002) 2-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок учурда тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
в) "Мүлк салыгы жана жер салыгы" (FORM STI-100-003) 3-тиркеме. Бул тиркеме эгерде, Декларация тапшыруучунун ишкердик иште колдонулбаган мүлкү жер жана участоктору болсо толтурулат жана берилет;
г) "Активдердин кыймылы" (FORM STI-100-004) 4-тиркеме. Бул тиркеме бардык Декларация тапшыруучулар тарабынан толтурулууга тийиш;
д) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
е) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ж) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
з) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
и) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-1. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-005) 5-тиркемеде, "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-006) 6-тиркемеде, "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-007) 7-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-008) 8-тиркемеде жана "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-009) 9-тиркемеде учурдагы календардык жылга көрсөткүчтөр көрсөтүлөт жана салыктык милдеттенмелер эсептелет.
Ар кайсы жерлерде (райондордо) катталган жана/же жайгашкан мүлк объектилери жана/же жер участоктору боюнча салыкты эсептөө салык төлөөчүнүн салыктык же эсептик катталган жери боюнча аталган тиркемелердин өзүнчө барагына өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Бишкек шаарынын чегинде катталган жана/же жайгашкан мүлк объектилери жана/же жер участоктору боюнча салыкты эсептөө салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча жүргүзүлөт.
Мүлк салыгын жана/же жер салыгын төлөө мүлк объектинин жана/же жер участогунун катталган жери же жайгашкан орду боюнча Салык кодексинин 332 жана 342-беренелерине ылайык ишке ашырылат.
5. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө салык төлөөчү толтурган тиркемелер "X" белгиси менен белгиленет, ал тигил же бул тиркеменин берилгендигин ырастайт.
Мисал. Декларация тапшыруучу Абдылдаев 2013-жылы уюмда жалданма жумушчу катары иштеген. Бишкек шаарында 4 бөлмөлүү батирде жашайт, батирге менчик укугу жубайына катталган, Абдылдаевдердин үй-бүлөсүндө башка кирешелери жана мүлк объектилери жок.
2013-жыл үчүн Декларацияга Абдылдаев төмөнкүлөрдү толтурат жана берет:
- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын формасын (FORM STI-100);
- "Жылдык жыйынды кирешелер" (FORM STI-100-001) 1-тиркемесин;
- "Активдердин кыймылы" (FORM STI-100-004) 4-тиркемесин.
6. Декларациянын 102, 103, 104, 201 жана 202-уячаларында, ошондой эле тиркемелердин ушуларга окшош уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар бирдей болууга тийиш.
7. 3-тиркемени кошпогондо, Декларациянын жана тиркемелердин тиешелүү уячаларында көрсөткүчтөр жок болсо, "0" цифрасы көрсөтүлөт. 3-тиркемеде Декларация тапшыруучунун менчигиндеги мүлк объектилери жана жер участоктору боюнча көрсөткүчтөр көрсөтүлгөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
8. Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларга болгон укукту, ошондой эле чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алууну ырастаган документтерди кошпогондо, киреше алууну, салыкты төлөм булагынан кармоону, Декларация тапшыруучунун салык төлөгөндүгүн, ошондой эле анын эсептен чыгарууга, жеңилдиктерге жана/же салыкты төлөөдөн бошотууга укуктарын ырастаган документтер Декларация тапшыруучунун сактоосунда болот жана Декларацияга тиркелбейт.
9. Социалдык эсептен чыгарууларды жана/же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо төлөмдөрү боюнча эсептен чыгарууларды жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды жана/же чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алууну каалаган Декларация тапшыруучу Декларацияга эсептен чыгарууга/эсепке алууга карата анын укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү менен эсептен чыгарууну алууга арызын тиркейт. Ырастоочу документтердин түп нускалары эсептен чыгарууну берүү жөнүндө чечим чыгаруу учурунда салык төлөөчүнүн документтерин изилдеген салык органынын кызмат адамына көрсөтүлөт жана Декларация тапшыруучунун сактоосунда калат. Социалдык эсептен чыгарууларды алууда арыз DOC STI-162 формасы боюнча толтурулат.
10. Декларацияны толтурган учурда, акча каражатынан башка активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде учурдагы базар баалары боюнча көрсөтүлөт.
11. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү көрсөтүлөт. Декларацияга жана анын тиркемелерине төмөнкүлөр кол коюшат:
а) Декларацияны өз алдынча берген учурда, Декларация тапшыруучу;
б) жашы жете элек балдардын жана аракетке жөндөмсүз башка адамдардын ата-энесинин же камкорчуларынын бири;
в) Салык кодексинин 46-беренесине ылайык Декларация тапшыруучу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берген Декларация тапшыруучунун салык өкүлү. Декларация тапшыруучунун кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан Декларация түзүлгөн жана берилген учурда, Декларацияга Декларация тапшыруучунун өзү же ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык ишенимдүү адам/уюмдун-өкүлдүн жетекчиси кол коёт. Мөөрү болгон учурда, коюлган кол Декларацияга кол койгон адамдын/уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:
а) Декларация баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат. Салык органынын кызмат адамы Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин жана салык органынын штампын коюу менен тийиштүү уячаларды толтурат. Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси менен Декларация тапшыруучуга кайтарылат жана анын сактоосунда калат;
б) Декларация салык органына кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда эки нускада жөнөтүлөт. Мында:
- салык төлөөчү заказдык каттын жеткендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Декларация берилгендигинин ырастоосу болуп саналат;
- салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн заказдык катын алгандан кийин Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин коюу менен тийиштүү уячаларды толтурат жана салык органынын штампын коёт;
- Декларациянын бир нускасы (салык органынын белгиси менен) кабарлоо аркылуу заказдык кат менен салык төлөөчүгө жөнөтүлөт;
в) Электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Декларацияны электрондук документ түрүндө берүү тартибине тийиштүү толук маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылган.
2-глава. Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-100) формасын толтуруу
13. Декларациянын 001-уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) эгерде, Декларация календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "Алгачкы" уячасына коюлат;
б) эгерде, Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Декларацияда оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "Такталган" уячасына коюлат.
14. Декларациянын уячаларын толтуруу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
а) 102-уячада Декларация тапшыруучунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган ИСНи көрсөтүлөт. Эгерде декларация тапшыруучунун ИСНи жана социалдык коргоо күбөлүгү жок болсо, салык органы ИСНди ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген регламентке ылайык ыйгарат;
б) 103-уячада Декларация тапшыруучунун паспортундагы же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалыматтарына ылайык аты-жөнү көрсөтүлөт;
в) 104-уячада Декларация тапшырган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
г) 106-уячада Декларация тапшыруучунун паспортунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери жана сериясы көрсөтүлөт. Эгерде Декларация тапшыруучунун паспорту жок болсо, уячага "жок" деген сөз жазылат;
д) 107-уячада Декларация тапшыруучунун паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берген өлкө көрсөтүлөт;
е) 108-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган (катталган) жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт;
ж) 110-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган (катталган) жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
з) 111-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган (катталган) жери боюнча дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт;
и) 112-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт;
к) 113-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
л) 114-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жеринин дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт;
м) 115-уячада Декларация тапшыруучунун байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
о) 116-уячада эгерде болсо, Декларация тапшыруучунун электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
Эскертүү. 108, 111, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячалардын көрсөткүчтөрү Декларация берилген датага карата толтурулат.
15. 201-уячада Декларация тапшыруучу үчүн салык мезгили кайсыл айдан башталгандыгы көрсөтүлөт:
а) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка экономикалык ишти жүргүзүүнү улантса, бул уячада салык мезгили отчеттук жылдын башталышынан тартып көрсөтүлөт: "01.01.20__-ж.";
б) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылга чейин башка экономикалык иш жүргүзбөсө, ал эми отчеттук жылда аны жүргүзө баштаса, анда бул уячада салык мезгили башка экономикалык иштин жүргүзүлө баштаган күнүнөн тартып көрсөтүлөт.
Эскертүү. Башка экономикалык иштин жүргүзүлө башташына мисал катары Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин, жер участогун сатып алуу, Кыргыз Республикасынын жаранынан мурас алуу боло алат;
в) эгерде Декларация тапшыруучу жарандыкты же Кыргыз Республикасынын резиденти статусун салыктык мезгил ичинде алган болсо, анда бул уячада салыктык мезгил жарандыкты же резиденттик статусту алган күндөн тартып көрсөтүлөт.
16. 202-уячада салык мезгили аяктаган дата көрсөтүлөт:
а) эгерде Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка экономикалык ишин жүргүзүүнү уланткан болсо, бул уячада отчеттук жылдын аякташы көрсөтүлөт: "31.12.20__-ж.";
б) эгерде Декларация тапшыруучу - Кыргыз Республикасынын жараны отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо жана өлкөнүн чегинен чыгып кетсе, бул уячада жарандыгын жоготкон дата көрсөтүлөт;
в) эгерде Декларация тапшыруучу - Кыргыз Республикасынын жараны отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо, бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасында жашап жатса, бул уячада өлкөдөн иш жүзүндө чыккан дата же отчеттук жылдын аягы көрсөтүлөт.
17. Декларацияны толтуруу үчүн алгач Декларация тапшыруучунун көрсөткүчтөрү бар Декларациянын тиркемелерин толтуруу зарыл.
Декларацияны толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
18. 050-уячасына ушул Тартиптин 1-тиркемесинин 199-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин суммасы көчүрүлөт.
19. 051-уячада салык мезгилинин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмүндөгү жеке эсептен чыгаруулардын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: Салык салынуучу киреше алган Декларация тапшыруучу, ал жыл ичинде иштегенине же иштебегенине же болбосо жыл ичинде толук эмес айларда иштегенине карабастан, отчеттук жылдын ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмүнө (6,5 х 100 сом = 650 сом) барабар жеке эсептен чыгарууга укуктуу. Мындай эсептен чыгаруу 2013-жыл үчүн 7800 сомго (650 сом х 12 ай) барабар.
20. 052-уячада салык мезгилиндеги ар бир ай үчүн Декларация тапшыруучунун багуусундагы адамдардын ар бирине бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт:
а) эгерде, Декларация тапшыруучунун багуусундагы адамдары болсо, ал бул уячага алардын ар бирине отчеттук мезгилдин ар бир айы үчүн 100 сом өлчөмүндөгү (жылына бирөөнө эң чоң өлчөмү 1200 сом) эсептен чыгаруулардын суммасын көрсөтүүгө укуктуу, бул үчүн ырастаган документтердин болушу зарыл;
б) эгерде, Декларация тапшыруучу эсептен чыгарууну алган багуудагы адам Декларация тапшыруучунун асыранды баласы болсо, ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк/баланы жашы жеткенге чейин асырап алуу тууралуу документ, 18 жаштан кийин багып алуу документ түрүндө ырасталышы керек;
- эгерде, асыранды бала окуу жайында окуса жана анын жаш курагы 24 жаштан ашпаса, анын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдын маалымкаты;
- Декларация тапшыруучунун каражатынын эсебинен жашаган жана эч кандай киреше албаган башка адамдарга карата маалымкат. Мисалы, мындай адамдар болуп пенсия албаган ата-энеси, жубайы-үй кожейкеси, камкордугундагы адамдар саналышат. Багуудагы адам тууралуу маалымкат төмөнкү органдардын бири тарабынан берилиши мүмкүн: айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, турак-жай ээлеринин шериктештигинен, кварталдык комитеттен, турак-жай кооперативинен, башка турак жай-коммуналдык уюмдарынан.
Эскертүү. Эгерде багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда багуудагы адамга карата эсептен чыгарууну жеке адамдардын биринин гана алуусуна уруксат берилет.
Салык салуу максатында багуудагы адам болуп, Декларация тапшыруучунун кирешесинин эсебинен жашаган жана кирешеси жок анын жакын тууганы саналат.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алгандар жана асырандылар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдар, толук бир тууган жана толук эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар, чоң аталар, чоң энелер, неберелер жакын туугандар деп таанылат.
21. 053-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруунун суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага жумуш берүүчү жумушчунун эмгек акысынан кармап калган суммалар киргизилет. Бул сумманы төлөө Декларация тапшыруучу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн башка субъекттин жумуш берүүчүдөн алган маалымкаты менен ырасталат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн адамдар, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды сактоосу зарыл.
22. 054-уячада мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга кеткен чыгашалар боюнча эсептен чыгарууларды берүү үчүн: 054 = 050-051-052-053 эсеп жолу менен салык базасы аныкталат. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу келишимин түзгөн жана Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төгүмдөрдү төлөгөн Декларация тапшыруучу бул чегерүүлөр боюнча эсептен чыгарууларга укуктуу. Уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасы Декларация тапшыруучунун салык салынган кирешесинин 8 пайызы менен чектелет. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарып алууну каалаган Декларация тапшыруучу, ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн Декларацияга тиркейт.
Мисал: Декларация тапшыруучу Искаков мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен келишим түзгөн. Отчеттук жыл үчүн бул фондго төлөнгөн чегерүүлөрдүн суммасы 22000 сомду түздү. Бир жыл үчүн ага 300000 сом суммасында эмгек акы эсептелген. Декларация тапшыруучу иштеген салык агенти - жумуш берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулар 37800 сомду түздү, анын ичинде:
1) 7800 сому - бир жыл үчүн жеке эсептен чыгаруулар;
2) 30000 сому - эсептелген эмгек акынын 10 пайыз өлчөмүндө жумуш берүүчү тарабынан кармалган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр.
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылууга эсептен чыгарууларды жана кийинки эсептен чыгарууларды эсепке албагандагы киреше салыгынын суммасын эсептөө үчүн салык базасы 262200 сомду (300000-37800) түзөт.
262200 сом суммасынын 8 пайызын эсептөө зарыл, ал 20976 сом болот. Бул сумма Декларация тапшыруучу тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасын чектөө катары кызмат кылат. Бул төлөнгөн 22000 сомдун ичинен 20976 сому гана эсептен чыгарылат дегенди түшүндүрөт.
23. Эгерде, Декларация тапшыруучу Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөгөн болсо жана бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алгысы келсе, анда:
а) 055-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууларды чектөөнүн суммасы: 055 = 054 х 8% / 100 эсептик жолу менен аныкталат;
б) 056-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт;
в) 057-уячада 057=055-056 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт;
г) эгерде, 057-уячанын мааниси терс болсо, 057-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 055-уячанын мааниси 058-уячага көчүрүлөт;
д) эгерде, 057-уячанын мааниси оң болсо, 057-уячанын алдындагы атайын уячага белги көрсөтүлбөйт жана 056-уячанын мааниси 059-уячага көчүрүлөт;
е) 060-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн салык базасынын өлчөмү төмөнкүдөй эсептөө жолу менен аныкталат:
эгерде, 058-уяча толтурулган болсо, 060=054-058;
эгерде, 059-уяча толтурулган болсо, 060=054-059.
24. Эгерде Декларация тапшыруучу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларды алгысы келбесе же мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөбөсө, анда 055, 056, 057, 058, 059-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт жана 054-уячанын мааниси 060-уячага көчүрүлөт.
25. Ушул Тартиптин 23 жана 24-пункттарына ылайык алынган 060-уячанын мааниси, социалдык эсептен чыгаруулардын суммасын аныктоо үчүн салык базасы катары кызмат кылат.
Эскертүү. Декларация тапшыруучу өзүнүн жеке окуусуна жана/же жаш курагы 24 жаштан ашпаган өзүнүн багуусундагы адамдардын окууларына жумшаган сумма социалдык эсептен чыгаруулар болуп саналат. Бул эгерде, балдар бакчалары, мектептер, жогорку окуу жайлары Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болушса, алар үчүн төлөнгөн төлөмдөр болушу мүмкүн.
Демек, эгерде Декларация тапшыруучуну жана/же анын багуусундагы адамды окутуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ата мекендик уюмда жүргүзүлсө, анда мындай окуу жана тарбиялоо мекемелерине төлөнгөн суммалар эсептен чыгарууга жатпайт.
26. Билим берүү үчүн эсептен чыгарууга болгон укук, Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын негизинде Декларацияларды жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык, Декларацияга тиркелген чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн берген учурда берилет.
27. Ошону менен бирге, эгерде окуп жаткан багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда анын окуусуна кеткен чыгашаларды эсептен чыгарууну жеке адамдардын бирине гана алууга уруксат берилет.
28. Эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууну жана мүлктүк эсептен чыгарууларды кошпогон салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет, ал эми багуусунда үч же андан көп адам бар салык төлөөчүлөр үчүн эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууну кошпогон салык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызы менен чектелет.
29. Эгерде, окууга эсептен чыгаруунун суммасы чектөө суммасынан ашып кетсе, анда кийинки жылдардагы Декларацияларды берүү учурунда мындай ашып кетүү эсептен чыгарылбайт.
1-мисал: ушул Тартиптин 22-пунктунда мисал келтирилген Декларация тапшыруучу Искаков өзүнүн билим деңгээлин жогорулатуу чечимин кабыл алган жана Салык консультанттарынын палатасына үч айлык курска барган. Искаков өз каражатынан окууга 15000 сом төлөгөн. Салык консультанттарынын палатасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген окутуу лицензиясына ээ болот. Ушул Тартиптин 22-пунктундагы мисалда Искаковдун киреше салыгы боюнча салык базасы стандарттуу эсептен чыгарууларын эске алуу менен 241224 сомду (262200-20976) түзгөн, көрсөтүлгөн салык базасынан билим алууга эсептен чыгаруунун суммасын чектөө өлчөмүн эсептөө зарыл. Социалдык эсептен чыгаруу боюнча чектөөнүн суммасы 24122 сомду (241224 х 10%) түзөт. Искаков окуу үчүн төлөгөн 15000 сом эсептелген өлчөмдөн (24122 сом) аз болгондуктан, билим алуу үчүн төлөнгөн бардык сумма эсептен чыгарылат.
2-мисал. Ушул Тартиптин 22-пунктунда мисал келтирилген декларация тапшыруучу Искаков өткөн жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген окутуу үчүн лицензиясы бар университеттин жана орто мектептин камкордук кеңешинин дарегине өздүк каражаттарынан 56000 сом суммада жашы 24төн ашпаган багуусундагы үч баласынын окуулары үчүн төлөгөн. Ушул Тартиптин 22-пунктундагы мисалда стандарттык эсептен чыгарууларды эсепке алуу менен Искаковдун киреше салыгы боюнча салыктык базасы 241224 сомду (262200 - 20976) түздү, көрсөтүлгөн салык базасынан билим алууга эсептен чыгаруу суммасынын чектөө өлчөмүн эсептен чыгарып салуу зарыл. Социалдык эсептен чыгаруу боюнча чектөөнүн суммасы 60306 сомду түзөт (241224 x 25%). Анткени, Искаков 56000 сом өлчөмүндө окуу акысын төлөгөн, ал эсептелген чектөө өлчөмүнөн (60306 сом) аз болгондуктан, окутуу үчүн төлөнгөн бардык сумма эсептен чыгарылууга тийиш.
30. Эгерде, Декларация тапшыруучу билим алуу үчүн төлөмдөрдү жүргүзсө жана бул төлөм боюнча эсептен чыгарууну кааласа, анда:
а) 061-уячада эсептөө жолу менен социалдык эсептен чыгаруу үчүн чектөө көрсөтүлөт: 061=060 x 10/100 же 060 x 25/100;
б) 062-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ата мекендик билим берүү мекемесине иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт;
в) 063-уячада 063=061-062 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт;
г) эгерде, 063-уячанын мааниси терс болсо, 063-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 061-уячанын мааниси 064-уячага көчүрүлөт;
д) эгерде, 063-уячанын мааниси оң болсо, 063-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 062-уячанын мааниси 065-уячага көчүрүлөт.
31. Эгерде, Декларация тапшыруучу билим алуу үчүн төлөмдөрдү төлөбөсө же бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалабаса, анда 061, 062, 063, 064, 065-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
32. 066-уячада Салык кодекси тарабынан белгиленген мүлктүк эсептен чыгаруулар үчүн чектөө көрсөтүлөт. Ипотекалык кредит алып, Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз турак жай мүлкүн сатып алган жана/же кыймылсыз турак жай объектисин курган Декларация тапшыруучу бул эсептен чыгарууну ала алат. Ипотекалык кредит сатып алынган же курулуп жаткан мүлк күрөөгө коюлган учурда берилет. Уруксат берилген мүлктүк эсептен чыгаруунун өлчөмү жылына 230000 сом сумма менен чектелет.
33. Мүлктүк эсептен чыгаруу укугу Декларация тапшыруучуга - ипотекалык кредит менен алган каражатка сатып алган мүлктүн ээсине Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын жана Декларация берүүдө ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык тиркелүүчү жана кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде берилет.
Мисал. Ушул Тартиптин 22 жана 29-пункттарында мисал келтирилген Декларация тапшыруучу Искаков 2012-жылдын январында турак үй куруу үчүн банктан 1000000 сом өлчөмүндө 5 жылдык мөөнөткө ипотекалык кредит алган. Ипотекалык кредитке келишимдин шарттары боюнча алгачкы эки жыл жеңилдик берилген жылдар болуп саналып, кредиттин негизги суммасы төлөнгөн эмес. Ошондуктан Искаков 2012 жана 2013-жылдарда кредит боюнча жыл сайын 150000 сом өлчөмүндө пайыздарды гана төлөп турган.
Декларация тапшыруучу 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация берген учурда 2013-жылда төлөнгөн пайыздардын толук суммасын эсептен чыгарууга укуктуу, анткени ал ипотекалык кредит боюнча эсептен чыгаруулардын белгиленген максималдуу чегинен аз.
Ушул Тартиптин 22 жана 29-пункттарында келтирилген мисалдардын маалыматтарына ылайык Искаковдун киреше салыгынын салык базасы билим алууга эсептен чыгарууну эске алганда 241224-15000=226224 сомду түзгөн.
2013-отчеттук жыл үчүн Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Искаковдун төлөмгө карата киреше салыгын эсептөө үчүн салык базасы 226224-150000=76224 сомду түзөт. Эсептелген киреше салыгынын суммасы 76224 * 10% / 100% = 7622 сомго барабар болот.
Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго өзүнүн чегерүүлөрү боюнча документтерди жумуш берүүчүнүн бухгалтериясына бербегенин эске алып, жумуш берүүчү салык агенти катары отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу үчүн 262200 х 10% / 100% = 26220 сом өлчөмүндө жеке эсептен чыгарууларды жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча эсептен чыгарууларды эске алуу менен гана эсептелген салык базасынан киреше салыгынын суммасын төлөгөн.
Декларация тапшыруучу Искаков мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга, өзүнүн квалификациясын жогорулатууга кеткен чыгашалар боюнча, ошондой эле ипотекалык кредит боюнча пайыздарды төлөөгө эсептен чыгарууларды алып, 2013-жыл үчүн төлөй турган киреше салыгынын эсептелген суммасын 26220-7622=18598 сомго төмөндөткөн.
Декларация берүүнүн жыйынтыгы боюнча 18598 сом өлчөмүндөгү сумма Декларация тапшыруучу Искаковдун киреше салыгы боюнча ашык төлөгөн суммасы болуп саналат жана:
- Декларация тапшыруучу тарабынан жер салыгын, кыймылсыз мүлк салыгын, транспорт каражаттарынын салыгын төлөө үчүн пайдаланылышы;
- Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери, башкача айтканда катталган дареги боюнча салык органына берген арызынын негизинде ага кайтарылып берилиши мүмкүн.
Салыкты кайтарып алуу үчүн Декларация тапшыруучу арызына кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркейт.
34. Эгерде, Декларация тапшыруучу мүлктүк эсептен чыгарууга укуктуу болсо жана аны алууну кааласа, анда:
а) 067-уячада ипотекалык кредит боюнча төлөнгөн пайыздардын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт;
б) 068-уячада 068=066-067-уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт;
в) эгерде, 068-уячанын мааниси терс болсо, 068-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 066-уячанын мааниси 069-уячага көчүрүлөт;
г) эгерде, 068-уячанын мааниси оң болсо, 068-уячанын алдындагы атайын уячага белги көрсөтүлбөйт жана 067-уячанын мааниси 070-уячага көчүрүлөт.
35. Эгерде, Декларация тапшыруучу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалабаса же ипотекалык кредит боюнча төлөмдөрдү жүргүзбөсө, анда 067, 068, 069 жана 070-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
36. 071-уячада Декларация тапшыруучунун киреше салыгынын салык базасынан уруксат берилген эсептен чыгаруусунун толук суммасы көрсөтүлөт:
071 = 051 + 052 + 053 + (058 же 059) + (064 же 065) + (069 же 070).
37. 072-уячада Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларация тапшыруучунун салык салынган кирешеси: 072=050-071 көрсөтүлөт. 072-уячанын мааниси оң же терс, ошондой эле нөлгө барабар болушу мүмкүн:
а) эгерде, мааниси терс болсо, 072-уячанын алдындагы сол тарабында жайгашкан атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт;
б) эгерде, мааниси терс болсо же "0"гө барабар болсо, анда 073-074-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт;
в) эгерде, мааниси оң болуп калса, анда атайын уячада белги коюлбайт жана 073-081-уячалар толтурулат.
38. 073-уячада Салык кодексинин 173-беренесине ылайык киреше салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
39. 074-уячада (072-уячанын мааниси х 073-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча эсептелүүчү киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
40. 075-уячада салык мезгилинде салык агенттери тарабынан (сый акы, пайыздык жана башка кирешелерди төлөшкөн жумуш берүүчүлөр, субъекттер) кармалган киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Кирешени төлөп жаткан жумуш берүүчүнүн/субъекттин төлөнгөн сумма жана киреше салыгынын кармалган суммасы жөнүндө маалымкаты бул сумманын ырастоосу болуп саналат. Маалымкатта көрсөтүлгөн киреше салыгынын суммасы ушул уячада чагылдырылат жана төлөнүүчү салыктын суммасын азайтат.
41. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
42. 077-уячада чет мамлекетте төлөнгөн жана эсепке алууга жаткан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Декларация тапшыруучу тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорунда түзүлгөн Кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болсо жана мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынса, киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат. Эсепке алынган сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнүүчү салыктын суммасынан ашпоосу керек. Эсепке алуунун суммасын төмөнкүлөр ырастайт:
- чет мамлекеттин булактарынан алынган кирешелердин жана чет мамлекеттин салык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөнгөн киреше салыгынын суммалары жөнүндө маалымкат;
- киреше салыгынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтери.
Эскертүү. Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун бар экендиги жөнүндө маалыматты Декларация тапшыруучу Декларациясын берген салык органынан, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтынан алса болот.
Мисал. Декларация тапшыруучу Россия Федерациясында 100000 сомго барабар суммада киреше алган, андан 13% киреше салыгынын ставкасы боюнча 13000 сомго барабар өлчөмдөгү киреше салыгы кармалган. Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгынын эсебине Россия Федерациясында төлөнгөн киреше салыгынын бардык суммасы эмес, Кыргыз Республикасында колдонулган ставка боюнча төлөнө турган бөлүгү 10%, б.а. 10000 сом гана эсепке алынат. 10000 сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгын азайтат.
43. 078-уячада 078=074-075-076-077 уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортолорундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндөгү киреше салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. 078-уячанын терс мааниси мурда кармалган же төлөнгөн киреше салыгынын бөлүгүн кайтарып алууга Декларация тапшыруучунун укугу бар экенин көрсөтөт. 078-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт. "0"гө барабар болгон 078-уячанын мааниси Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларация тапшыруучунун бюджет алдындагы салык милдеттенмелери аткарылгандыгын көрсөтөт. 078-уячанын оң мааниси Декларация тапшыруучу отчеттук жыл үчүн киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесине кошумча төлөө жүргүзүүгө милдеттүү экенин көрсөтөт.
44. Декларациянын 079-уячасына 078-уячанын "Кайтарылуучу киреше салыгы" терс мааниси көчүрүлөт. Декларация тапшыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) күндөлүк мезгил үчүн анын башка салыктарын төлөөнүн эсебине жана/же келечектеги мезгилдердеги салыктардын, мисалы, жер салыгынын же мүлк салыгынын эсебине киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын эсепке кошууга;
б) анын салык карыздарын төлөөнүн, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөнүн эсебине киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын эсепке кошууга;
в) бул сумманы бюджеттен алууга, бул үчүн салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган документтерди тиркөө менен, ашык төлөнгөн сумманы кайтаруу жөнүндө салыктык катталган жери (катталган орду) боюнча салык органына арыз берүү зарыл. Арыз салык органы тарабынан каралат жана кайтаруу тууралуу арыз түшкөн күндөн кийинки 30 календардык күндүн ичинде кайтарылат. Ашык төлөнгөн салыктын суммасы накталай акча менен кайтарылбастан, Декларация тапшыруучунун эсеп-чотуна акча каражаттарын накталай эмес которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Эскертүү. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын эсепке алуу же кайтаруу жөнүндөгү арыз Декларация тапшыруучу тарабынан ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки алты жылдан кечиктирилбей берилиши мүмкүн.
45. 080-уячага 078-уячанын оң мааниси, б.а. "Төлөнүүчү киреше салыгы" көчүрүлөт. Бул сумманы Декларацияны берген күнгө чейин төлөө зарыл.
46. 081-уячада киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр, мамлекеттик эмес пенсиялык фондго иш жүзүндө төлөнүүчү төгүмдөр төлөнгөндөн кийин, Декларация тапшыруучунун бөлүштүрүүсүндө калган, анын кирешесинин суммасы көрсөтүлөт: 081=050-053-056-074. 081-уячанын мааниси 4-тиркеменин 450-уячасына көчүрүлөт.
47. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө Декларация тапшыруучу тарабынан толтурулган тиркемелер "X" белгиси менен белгиленет, бул же бул тиркеменин берилгендигин ырастоо болуп саналат.
3-глава. "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-100-001) 1-тиркемени толтуруу
48. 150-уячада Декларация тапшыруучунун жумуш берүүчү менен болгон эмгек мамилелеринен алынган кирешелери көрсөтүлөт:
а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акысы, анын ичинде сыйлыктар, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;
б) эмгектик компенсация катарында жумушчуга көрсөтүлгөн кызмат, жумушчунун кызыкчылыгында аткарылган иш, жумушчу тарабынан алынган товарлардын наркы;
в) жумушчу тарабынан үчүнчү жактан алынган товарлардын, жумуштардын, кызматтардын наркын жумуш берүүчү тарабынан төлөнүшү;
г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдердин чегинде суткалык жана дайындалган жерге чейин барып, кайра келүү, турак жай жалдоо боюнча өз милдеттерин аткарууда уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан келтирилген компенсациялык чыгымдардан тышкары, уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн алынган сый акылар жана компенсациялар түрүндөгү кирешелер, аларга киреше салыгы салынбайт жана 2-тиркеменин 289-уячасына киргизилет;
д) милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүчү сый акыдан тышкары, жумуш берүүчү тарабынан өзүнүн жумушчуларына камсыздандыруу келишими аркылуу төлөнүүчү камсыздандыруучу сый акыларынын суммалары, аларга киреше салыгы салынбайт жана 2-тиркеменин 267-уячасына киргизилет.
Эскертүү. Бул тиркемени толтурууда:
- акча каражаттарынан тышкаркы активдердин наркы, Декларация тапшыруучу тарабынан ырасталган документтердин негизинде, ал эми алар жок учурда - Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларация мезгилинин аягына карата учурдагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт;
- чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эсептелинет жана көрсөтүлөт;
- акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эсептелинет жана көрсөтүлөт.
49. 151-уячада материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт:
а) жумуш берүүчүнүн жумушчуга берген товардын арзандатылган суммасы;
б) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн пайызда же пайызсыз кредиттерден жана зайымдардан алынган киреше.
Мисал. Жеке адам отчеттук жылдын 1-мартында 6 айга 50000 сом суммада пайызсыз зайым алган. Зайым алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы 8% түзгөн. Зайым отчеттук жылдын 31-августунда толук өлчөмдө кайтарылган.
Жеке адам тарабынан алынган пайданын суммасын эсептейбиз:
50000 сомду x 8% / 100% / жылдын 365 күнү х зайым колдонулган 184 күн = 2016 сом.
Демек, жеке адам зайымды колдонгондугу үчүн төлөнбөгөн 2016 сом суммасында материалдык пайда алган. Бул сумма 1-тиркеменин 151-уячасына киргизилиши керек жана Декларация тапшыруучунун кирешесин көбөйтөт. Эгерде, материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынса, анда салыкты жумуш берүүчү кармайт. Кармалган жана төлөнгөн салыктын суммасы жумуш берүүчүнүн Декларацияны толтуруу үчүн жумушчуга берген маалымкатында көрсөтүлөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынбаса, анда материалдык пайданын суммасындагы киреше Декларацияга өз алдынча киргизилиши керек.
50. 152-уячада кайтарымсыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Бул жерде жакын туугандарынан алынбаган (мисалы, кесиптештеринен же уюмдан алынган) товарлар жана башка активдер түрүндөгү белектер чагылдырылышы керек. Жакын туугандарынан калган мурастар же белектердин наркы салык салынбай турган киреше катары 2-тиркеменин 262-уячасында көрсөтүлөт.
51. 153-уячада чет өлкөдөгү банктарга салынган салымдардан, берилген зайымдардан алынган пайыздык киреше көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:
а) эгерде, пайыздык киреше Кыргыз Республикасындагы башка булактарынан алынса жана киреше салыгы төлөм булактарынан кармалса жана бул жөнүндө ырастоочу документтер бар болсо, Декларация тапшыруучу тарабынан алынган, кармалган салыкты эсептен чыгарып салгандан кийин пайыздык кирешенин суммасы 2-тиркеменин 291-уячасында төлөм булактарынан салык салынган киреше катары көрсөтүлөт. Эгерде, мындай киреше боюнча төлөм булактарынан пайыздык салык кармалбаса, анда алынган пайыздардын суммасы ушул уячага киргизилет;
б) эгерде, пайыздык киреше чет өлкөлүк уюмдардан (анын ичинде банктардан) алынган болсо, ал салык салынуучу болуп саналат. Ошону менен бирге, бул уячага пайыздык кирешенин кошуп эсептелинген толук суммасы киргизилет;
в) эгерде, чет өлкөлүк уюмдан алынган пайыздык кирешеге киреше булактарынан салык салынган болсо же Декларация тапшыруучу салыкты өз алдынча чет мамлекетте төлөсө, киреше булактарынан кармалган же өз алдынча төлөнгөн салыктын суммасы ушул Тартиптин 42-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты төлөө же кармоо жөнүндөгү документ тарабынан ырасталышы керек;
г) эгерде, мындай келишимдин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, Декларация тапшыруучу тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, Кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда салык милдеттенмесин эсептөөдө чегерилет;
д) кошуп эсептелинген пайыздык кирешенин суммасы, анын ичинде кармалган салык 153-уячада чагылдырылат. Макулдашууга ылайык чегерилүүгө тийиш салык Декларациянын 077-уячасына киргизилет, бирок Кыргыз Республикасында бекитилген киреше салыгынын ставкасынан ашпаган ставка боюнча. Чет мамлекетте төлөнгөн/кармалган жана Кыргыз Республикасында киреше салыгынын төлөө эсебинде чегерилүүгө тийиштүү салыктын суммасын эсептөөнүн мисалы ушул Тартиптин 42-пунктунда келтирилген;
е) Декларациянын 077-уячасында көрсөтүлгөн салык суммасы төлөнө турган киреше салыгынын суммасын азайтат.
Эскертүү. Бул уячаны толтуруу учурунда ата-мекендик банктардан жана чет өлкөлүк банктардан алынган, анын ичинде киреше булактарында мурда салык салынган жана салык салынбаган пайыздык кирешелерди өз-өзүнчө кароо зарыл.
Ата мекендик банктарга салынган салымдардын пайыздык кирешеси салык салынбаган болуп саналат, ошондуктан бул уячада чагылдырылбастан, 2-тиркеменин 269-уячасында көрсөтүлөт.
Эгерде, мындай пайыздык кирешени алуучу адам аны алуучулардын жеңилдетилген категориясына кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынса, анда пайыздык кирешенин алынган суммасы 2-тиркеменин 291-уячасында төлөм булактарында салык салынган кирешелер катары чагылдырылат.
Эгерде, мындай пайыздык кирешени алуучу жеңилдетилген категорияны алуучуларга кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынбаса, анда киреше салыгынын алынган суммасы ушул уячада Декларация тапшыруучунун жылдык жыйынды кирешесинин бир бөлүгү катары чагылдырылат.
Бул тиркемеге сатуу күнү листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингинде турган пайыздык киреше жана баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше киргизилбейт. Бул киреше салык салынбай турган болуп саналат жана 2-тиркеменин 268-уячасына киргизилет.
52. 154-уячада дивиденддер түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт, алардын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:
а) ата мекендик уюмдардан алынган дивиденддер эсептелбейт, анткени Салык кодексине ылайык аларга салык салынбайт.
Эскертүү. Ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер салык салынбаган кирешелер катары 2-тиркеменин 258-уячасында чагылдырылат;
б) чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддердин толук суммасы, бул суммадан салык кармалганына/төлөнгөнүнө карабастан эске алынат;
в) эгерде, чет өлкөдө алынган дивиденддердин суммасынан салык кармалган/төлөнгөн болсо, анда салыктын бул суммасы Декларацияга, Декларация тапшыруучу дивиденд алган мамлекет менен Кыргыз Республикасынын Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу болсо, чет мамлекетте төлөнгөн салык катарында киргизилиши мүмкүн. Башка мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасында белгиленген боюнча гана эсепке алынышы мүмкүн. Салык суммасын кармоонун же аны төлөөнүн ырастоосу катары ушул Тартиптин 42-пунктунда көрсөтүлгөн, салыкты төлөө же кармоо тууралуу документ кызмат кылат.
Эскертүү. Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөөнүн эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасынын эсебинин мисалы ушул Тартиптин 42-пунктунда келтирилген.
Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөөнүн эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасы Декларациянын 077-уячасында көрсөтүлөт жана төлөнө турган киреше салыгынын суммасын азайтат.
53. 155-уячада сатуунун наркы менен сатып алуунун наркынын ортосундагы арифметикалык айырма катары аныктала турган салык салынбаган кирешелерден башка, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешенин өсүшүнүн суммасы төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
а) жеке пайдалануу үчүн сатып алынбаган жана мурда сатуучу тарабынан ишкердик ишинде колдонулбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан;
б) автомашинаны сатуудан, эгерде ал менчигинде бир жылдан аз болсо;
в) турак жай фондуна таандык (батир, үй, дача) деп эсептелген кыймылсыз объектилерди сатуудан, эгерде ал менчигинде эки жылдан аз болсо.
Эгерде, киреше Декларация тапшыруучунун менчигинде тиешесине жараша бир жылдан ашык жана эки жылдан ашык болгон, турак жай фондуна караган автомашинаны же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган болсо, анда бул кирешелер салык салынбоочу болуп саналат жана толугу менен 2-тиркеменин 265-уячасына киргизилет.
Мисал. 2012-жылы Декларация тапшыруучу ата-энесинен бир бөлмөлүү батирди белекке алган. Ал батирди ата-энеси 2008-жылы сатуу-сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн 1000000 сом өлчөмүндөгү суммага сатып алышкан. Эгерде, Декларация тапшыруучу 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация толтурса, ал 2-тиркемеде 1000000 сом өлчөмүндөгү салык салынбаган киреше деп көрсөтмөк, анткени, жакын туугандарынан алынган белектер салык салынбаган кирешеге тиешелүү болот.
Декларация тапшыруучунун менчик үйү болгондуктан, белекке алган, сатуу убагында баасы 1700000 сомду түзгөн батирин ал отчеттук 2013-жылы сатууну чечти. Батирди белекке алган (ээ болгон) убактан бери эки жылдан аз убакыт өткөндүгүн эске алып, батирдин өсүшүнүн наркы Декларация тапшыруучунун салык салынуучу кирешеси болуп саналат.
Батирди сатуудан түшкөн 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларация тапшыруучу төмөндөгүдөй үлгүдө Декларацияда чагылдырат:
- Декларация тапшыруучу 1-тиркеменин 155-уячасында батирди сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы арифметикалык айырмага барабар 700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт;
- батирди сатып алуу наркына барабар, документтер менен ырасталган 1000000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларация тапшыруучу салык салынбаган киреше катары 2-тиркеменин 265-уячасында көрсөтөт.
Белекке берүүчүнүн (Декларация тапшыруучунун ата-энесинин) чыгымын, белектин наркын ырастаган документтер жок болсо, анда батирди сатып алуу нөлгө барабар болот. Ошондуктан, эки жылдан аз мөөнөттө батирди сатууда Декларация тапшыруучу ушул тиркеменин 155-уячасында батирди сатуудан алынган бардык 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтүүгө жана анын киреше салыгын төлөөгө тийиш.
54. 156-уячада сатып алуу наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүчө аныкталат:
а) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылда баалуу кагаздарды сатуудан киреше алса (киреше = сатуу суммасынан сатып алуу наркын кемитүү), анда бул сумма ушул уячага киргизилет. Сатуу күнүндө листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категориясы боюнча фондулук биржанын листингинде турган баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше буга кирбейт. Бул киреше салык салынбоочу болуп саналат жана 2-тиркеменин 268-уячасында көрсөтүлөт;
б) үлүштүк баалуу кагаздардын баштапкы наркынын жана/же катышуучунун киргизген үлүшүнүн жана/же пайынын өлчөмүндөгү баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн сумма, башкача айтканда аларды сатып алуу наркы салык салынбай турган болуп саналат жана 2-тиркеменин 266-уячасына киргизилет.
55. 157-уячада субсидия катары алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Субсидия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан Декларация тапшыруучуга анын экономикалык ишине байланыштуу, өткөн же келечекте белгилүү шарттарды аткаруусунун ордуна активдерди берүү түрүндөгү жардам.
56. 158-уячада моралдык зыяндын компенсациясы түрүндө алынган сумма көрсөтүлөт, ал соттун чечими боюнча же тараптардын өз ара келишими боюнча төлөнүшү мүмкүн.
Мисал. Көп кабаттуу турак жайдын 4-кабатында жайгашкан батирдин ээси Асанов ылдыйкы кабатта жайгашкан, Сыдыковго таандык батирге суу каптатып алат. Өз ара келишим боюнча Асанов Сыдыковдун батирин оңдоону жүргүзөт жана оңдоо иштеринин наркына кошумча Сыдыковго келтирилген 10000 сом өлчөмүндө моралдык зыянды компенсациялайт. Мында Асанов оңдоо иштерине жумшаган сумма материалдык зыяндын ордун толтуруу деп эсептелинип, Сыдыковдун кирешесине кирбейт, ал эми 10000 сом өлчөмүндөгү компенсациянын суммасы Сыдыковдун кирешеси болуп саналат жана киреше салыгы салынууга жатат.
57. 159-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндөрдү кошпогондо, алынган пенсиялардын, стипендиялардын, жөлөкпулдардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга ылайык, төлөнгөн өлкөдө гана салык салынган, чет мамлекетте алынган пенсиялардын суммасы көрсөтүлөт.
Мисал: Россия Федерациясынын жараны Иванов Кыргызстанда туруктуу жашайт жана Россиянын мыйзамдарына ылайык пенсия алып, ал анын банктык эсебине түшөт. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун шарты боюнча Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык төлөнгөн пенсияга бир гана Россия Федерациясында салык салынгандыктан, бул пенсия анын салык салынуучу кирешеси болуп саналбайт жана бул уячага киргизилбейт.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган, жогоруда көрсөтүлгөн пенсия 2-тиркеменин 270-уячасында көрсөтүлөт.
Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасы менен Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу жок чет мамлекеттин (мисалы, Америка Кошмо Штатынын) Кыргызстанда туруктуу жашаган жана АКШ мыйзамдарына ылайык пенсия алган жараны бул уячага бир жылда алган пенсиясынын бардык суммасын киргизиши жана андан киреше салыгын төлөшү керек болот.
58. 160-уячада утуш түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан алынган, утуштун суммасы же наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашкан, утуш түрүндө алынган бардык кирешелер чагылдырылат. Эгерде утуштун суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн, башкача айтканда 1000 сомдон аз болсо, ал салык салынбоочу болуп саналат жана 2-тиркеменин 264-уячасына киргизилет.
59. 161-уячада Декларация тапшыруучунун милдеттенмесин токтотуудан түшкөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү учурларда пайда болот:
а) кредит берүүчү карызды кечкенде;
б) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси тарабынан белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгарганда;
в) жеке адамдын милдеттенмелери, анын ичинде үчүнчү тараптан салык милдеттенмелери аткарылганда.
Эскертүү. Эгерде, жарандык мыйзам тарабынан белгиленген, доонун эскирүү мөөнөтү - үч жыл өткөндөн улам анын төлөө боюнча милдеттенмелери токтотулган же карызы кечирилген болсо же үчүнчү тарап утурлама талаптарын койбостон, Декларация тапшыруучу үчүн ал төлөй турган сумманы төлөгөн болсо, анда кайтарылбаган же үчүнчү жакка төлөнбөгөн карыздын суммасы Декларация тапшыруучунун кирешеси болуп саналат. Көрсөтүлгөн кирешенин суммасын ушул уячада көрсөтүү зарыл.
Мисал: ижара келишиминин шарты боюнча ижарачы өз каражатынан ижара берүүчү - жеке адам үчүн киреше салыгын, төлөнгөн ижара суммасынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүсүн, жер салыгын, мүлк салыгын төлөйт. Мындай учурда бардык бул төлөмдөрдүн суммасы ижара берүүчү-жеке адамдын салык салынуучу кирешеси деп эсептелинет жана толугу менен 161-уячага киргизилет.
60. 162-уячада отчеттук жылда камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмү түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Кирешенин суммасы жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун пайдасына түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жумушчу тарабынан алынган камсыздандыруучу төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандырылган адам тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдүн суммасынын жана камсыздандырылган ордун толтуруунун алынган суммасынын ортосундагы айырма катары эсептелинет.
Мисал: Декларация тапшыруучу Айдаров 2010-жылдын 1-январынан тартып 5 жылга турак жайын (батирин) ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча келишим түзгөн. Камсыздандыруу келишими боюнча Айдаров ай сайын 200 сомдон төлөп келген. 2013-жылдын ноябрь айында турак жайдын жылуулук тармагынын кыйроого учурашынан Айдаровдун батирин суу каптап кеткен. Камсыздандыруучу компания түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын белгилеген жана Айдаровго 25000 сом төлөп берген. 2010-жылдын январынан тартып, 2013-жылдын ноябрына чейинки 47 айда Айдаров камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу компаниянын камсыздандыруу төгүмүн төлөө эсебине 47х200=9400 сом өлчөмүндө акча төлөгөн. Айдаров тарабынан алынган салык салынуучу киреше камсыздандыруу төлөмүнөн алынган сумманын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөн суммасынын ортосундагы арифметикалык айырма катары эсептелинет: 25000-9400=15600 сом. Ошентип, Айдаров 162-уячада 15600 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.
Эскертүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү салык салынбаган киреше болуп таанылат жана 2-тиркеменин 267-уячасына киргизилет.
61. 198-уячада 150-162-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт. Мындай киреше катары, мисалы, отчеттук жыл ичинде мурда берилген зайымдар, ошондой эле роялти боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган пайыздардын суммасы болушу мүмкүн.
Эскертүү. Роялти бул, сыйлык катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:
- бардык адабий, искусство же илимий чыгармаларга, анын ичинде компьютердик программаларга, кино, теле, видеофильмдерге же радио жана телеберүү үчүн жаздырууларга автордук укугун пайдалануу же укугун пайдаланууга берүү үчүн;
- өнөр-жайлык менчик объектисине, соода маркасына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формула же процесске же өнөр жайлык коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматтарга (ноу-хау), болгон укугун ырастаган бардык патент үчүн.
Роялтиге финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйлыктар кирбейт.
62. 199-уячада отчеттук жылда алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150дөн тартып 198ге чейинки уячалардын бардык жалпы суммасы кирет. 199-уячанын мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
4-глава. "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-100-002) 2-тиркемени толтуруу
63. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча берген баалоосунун негизинде декларация толтуруу мезгилинин аягына карата колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү. Чет өлкөлүк валютадагы мүлктүн наркы декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелинет жана көрсөтүлөт. Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелинет жана көрсөтүлөт.
64. Салык салынбаган кирешелердин суммасы Декларация тапшыруучунун киреше булактарын ырастоо максатында Декларацияда көрсөтүлөт.
65. 250-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонддорунан Декларация тапшыруучу тарабынан төлөм түрүндө алынган киреше көрсөтүлөт.
66. 251-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.
67. 252-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларация тапшыруучу тарабынан алынган пенсия, жөлөкпулдардын суммалары көрсөтүлөт.
68. 253-уячада мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде бюджеттин каражаттардын эсебинен Декларация тапшыруучуга төлөнүп берилген жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.
69. 254-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ага келтирилген материалдык чыгымдын же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ал жеткис күчтөрдүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.
70. 255-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан - аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкерлердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгондугуна жана/же дене-боюнун жаракат алуусуна байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары көрсөтүлөт. Мындай учурда, Декларация тапшыруучу - аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органынын, укук коргоо органынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкерлердин жакын тууганы, алардын курман болгондугуна байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрүнүн жана жөлөкпулдарынын суммасын бул уячада чагылдырат.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асыранды балдар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдары, бир тууган жана аталаш (энелеш) ага-инилер, эже-сиңдилер, чоң ата, чоң энелер, неберелер жакын туугандар болуп саналат.
71. 256-уячада жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу Декларация тапшыруучу жумуш берүүчүдөн алган кайтарымсыз жардамдын суммасы көрсөтүлөт. Каза болгон жумушчунун жумуш берүүчүсүнөн кайтарымсыз жардам алган, каза болгон жумушчунун жакын туугандары - Декларация тапшыруучулар бул уячага алынган жардамынын суммасын көрсөтүшөт.
72. 257-уячада ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу эсебинен, ошондой эле эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда майып болгондо, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясынын жалданма жумушчу - Декларация тапшыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган суммасы көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн жалданма жумушчунун жакын тууганы - Декларация тапшыруучу өзүнүн Декларациясынын бул уячасында жалданма жумушчунун эмгектик милдетин аткаруу учурунда курман болгондугуна байланыштуу, зыяндын ордун толтуруунун, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясынын Декларация тапшыруучу тарабынан алынган суммасын көрсөтөт.
73. 258-уячада ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Алынган дивиденддердин суммасы жөнүндө төлөм булагынан алган маалымкат бул сумманы ырастоо болуп саналат.
74. 259-уячада үчүнчү тараптан алынган киреше көрсөтүлөт:
а) майып тарабынан - майыптардын техникалык каражаттар үчүн төлөм түрүндө;
б) майып тарабынан - майыптыгын профилактикалоо жана аны реабилитациялоо, майыптар үчүн жол көрсөтүүчү-иттерди кармоо үчүн суммалардын өлчөмүндө;
в) майыптар, пенсионерлер, 16 жашка чейинки жетимдер тарабынан - жөлөкпулдар түрүндө.
Ошондой эле, бул уячага жашы жете элек балдардын саны 4 же андан көп баланы түзгөн көп балалуу үй-бүлөгө дайындалган жөлөкпулду алуучу - Декларация тапшыруучу алган жөлөкпулунун суммасын көрсөтөт;
г) социалдык жактан корголбогон адамдар тарабынан - бекер тамактануу түрүндө.
Эскертүү. Декларация тапшыруучунун саналган категориялары үчүн көрсөтүлгөн кирешелер ким тарабынан жана кайсы булактан төлөнбөсүн салык салынбагандарга кирет.
75. 260-уячада жубайлар же мурдагы жубайлардын ортосундагы ажырашууга байланыштуу мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн жана өткөрүп берүүнүн натыйжасында Декларация тапшыруучу тарабынан алынган киреше көрсөтүлөт.
76. 261-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларация тапшыруучу тарабынан алынган алименттердин суммасы көрсөтүлөт. Алименттер жашы жете элек балдарды багууга, ошондой эле, карып калган ата-энесин багууга алынышы мүмкүн.
Эскертүү. Эгерде, алынган алименттин суммасы соттун чечими менен же мыйзамда белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, алынган алименттин бардык суммасы бул уячада көрсөтүлөт жана жакын туугандарынан алынган белектер да салык салынбаган кирешеге киргендигине байланыштуу, салык салынбоочу болуп саналат.
77. 262-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан гуманитардык жардам катарында алынган мүлктүн наркы, ошондой эле, жакын туугандарынан мурастоо же белекке алуу тартибинде алынган мүлктүн жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, жакын туугандары белек берсе, анда анын наркы салык салынбаган киреше болуп саналат. Бирок, эгерде жакын деп саналбаган туугандарынан белек алынса, мисалы, тай акеден, тай эжеден, жээнден, ошондой эле, тууган эместен, анын наркы салык максатында салык салынуучу киреше деп эсептелет жана 1-тиркеменин 152-уячасына киргизилет.
Эгерде, жакын тууганы ишкердик иш жүргүзсө, анда мындай тууган тарабынан берилген кайтарымсыз активдердин наркы менен алган, анын ишкердик ишине катышуучу, активдер берилген адам киреше салыгын же пайда салыгын төлөшү керек.
Мисал. Зер буюмдарын сатуу ишин жүргүзгөн ЖИ ал толугу менен кириштеген товардын тобун алды жана зер буюмдарынын тобун алууга кеткен чыгымдарды ага жараша эсептен чыгарат.
Ишкер алынган товарлардын тобунун жарымын аялына белекке берген. Эгерде, аялы жеке ишкер болуп саналбаса, ал өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зер буюмдарынын тобунан түшкөн кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101-001) 1-тиркемесинин 152-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болсо жана жалпы салык салуу режиминин негизинде салык төлөсө, ал өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 1-тиркемесинин (FORM STI-102-001) 153-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болсо жана атайын салык салуу режиминин негизинде салык төлөсө ал өзүнүн Декларациясына кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 6-тиркемесинин (FORM STI-102-006) кирешелердин тиешелүү уячасына киргизиши керек.
Мында, Декларация тапшыруучу - жеке ишкердин аялы үчүн товарлардын тобун өткөрүп берүү тийиштүү бардык салыктарды төлөнгөн товарларды сатуу катары таанылат.
78. 263-уячада жеке ишкердик иш жүргүзүүнүн чегинде алынган кирешелерди кошпогондо, айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, Декларация тапшыруучу өзүнүн короо-жай участогунда өстүрүлгөн продукцияны сатса, мындай киреше Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесине кирет жана ушул уячада көрсөтүлөт.
79. 264-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө (лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан) алынган кирешенин баардык түрлөрү көрсөтүлөт. Эгерде, утуштун наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашып кетсе, анда мындай киреше салык салынуучу болот жана 1-тиркеменин 160-уячасында көрсөтүлүшү керек.
80. 265-уячада Декларация тапшыруучунун жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик иш жүргүзүү максатында сатып алынбаган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт, төмөнкүлөрдөн алынган кирешени кошпогондо:
а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан аз убакыт менчик укугунда болгон автомототранспорт каражаттарын сатуудан;
б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген жана бул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып катар келген 2 жылдан менчик укугуна таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатуудан.
Эскертүү. Көрсөтүлгөн учурларда Декларация тапшыруучу 1-тиркеменин 155-уячасына киргизилген мүлктү сатуу наркынын сатып алуу наркынан ашып кеткен түрүндөгү салык салынган кирешени таанууга милдеттүү. Сатып алуу наркынын өлчөмүндө мүлктү сатуудан алынган сумма салык салынбоочу болуп саналат жана ушул уячада көрсөтүлөт.
81. 266-уячада катышуучунун мурда киргизилген үлүшүнүн же пайынын же үлүштүк баалуу кагаздарды сатып алуунун наркынын өлчөмүндө аларды кайтарууда Декларация тапшыруучу тарабынан алынган сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, катышуучунун пайы же үлүшү же акциясы отчеттук жылда Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алууга кеткен чыгымдан ашкан нарк боюнча сатылса, анда мындай нарктын өсүшү (алгачкы жумшалган акча каражатынын суммасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма) 1-тиркеменин 156-уячасына киргизилет.
82. 267-уячада Декларация тапшыруучуга кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, башкача айтканда камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандыруучу компаниянын дарегине камсыздандыруу келишими боюнча төлөнгөн сумма көрсөтүлөт. Ошондой эле, бул уячада бул камсыздандыруу келишими ишкердик максатында түзүлбөгөн шартта, Декларация тапшыруучу тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде алынган камсыздандыруучу суммалары жана ордун толтуруу көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларын, сыйакыларды жана ордун толтурууларды төлөөнү кошпогондо, камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдү башка адам же субъект жүргүзсө, кайтарылуучу каражаттар Декларация тапшыруучунун салык салынуучу кирешеси деп таанылат жана 1-тиркеменин 153-уячасына киргизилиши керек. Эгерде Декларация тапшыруучу камсыздандыруунун топтоо түрлөрүнөн пайыздык киреше алса, мындай киреше салык салынуучу болуп саналат жана анын суммасы 1-тиркеменин 153-уячасына киргизилүүгө тийиш.
83. 268-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер көрсөтүлөт.
Эскертүү. Листинг - бул фондулук биржада баалуу кагаздарды расмий сатууга уруксат берүү жол-жобосу. Компаниянын баалуу кагаздарынын эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болушу, мыйзамдардын жана фондулук биржанын талаптарына ылайык компаниянын иши жөнүндө маалыматтын ачылып жаткандыгын, башкача айтканда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын биржалык баалары ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ экендигин билдирет.
Листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржалардын листингинде болбогон баалуу кагаздарды сатуудан алынган сумма, сатып алуунун наркынын өлчөмүндө гана салык салынбаган болуп саналат. Сатып алуунун наркы кыймылдуу мүлк катары ушул тиркеменин 265-уячасында көрсөтүлөт. Сатып алуунун наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча салык салынуучу болуп саналат жана 1-тиркеменин 156-уячасында көрсөтүлөт.
84. 269-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын банктарындагы салымдар боюнча алынган пайыздардын суммасы көрсөтүлөт.
Пайыздык киреше чет өлкөлүк банктардан алынган учурда кирешени 1-тиркеменин 153-уячасына киргизүү керек.
85. 270-уячада Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган пенсия көрсөтүлөт.
85-1. 271-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.
86. 289-уячада Декларация тапшыруучу 250-289-уячаларда көрсөтүлбөгөн, киреше салыгы салынбаган башка кирешелерди көрсөтөт, алар төмөнкүлөр болуп саналат:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыскы чөлкөмдөрдөгү жана бийик тоолуу шарттардагы жумуш үчүн белгиленген кошумчалар жана райондук коэффициенттер;
б) атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, жугушсуздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана тизмедеги мындай жумуштарга ылайык, иштеги зыяндуу жана коркунучтуу эмгек шарттарында иштеген жумушчулардын сүт жана дарылык-профилактикалык тамак-ашынын наркы;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жумушчуларды милдеттүү түрдө медициналык жаран текшерүүнүн жана дарылык-профилактикалык жактан тейлөөнүн наркы;
г) Декларация тапшыруучунун - жумушчунун иш сапарынын чыгымдарынын компенсациясынын, ошондой эле, уюмдун башкаруу органынын мүчөсү катары өз милдетин аткарууда ал тарткан чыгымдардын суммалары:
- берилген документтерге ылайык - белгиленген жерге чейин барып, келүү жол киреси боюнча;
- берилген документтерге ылайык - турак жайды жалдоо боюнча;
- күндөлүк акчалар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде;
д) донор тарабынан кан тапшыргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар;
е) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик күзөт органынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, өрткө каршы кызматтын, Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо аскеринин кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна компенсация жана акчалай көмөк түрүндөгү кирешелери;
ж) бюджеттик каражаттын эсебинен Кыргыз Республикасынын олимпиада оюндарынын чемпиондоруна, байге ээлерине, спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөнүн, Азиянын жана Азия оюндарынын чемпионаттарынын курама командаларынын мүчөлөрүнүн чемпиондоруна, байге ээлерине бир жолку сыйлыктар;
з) жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар адамдарга, (качкындарга, оорусу катууларга) социалдык реабилитациялоого же адаптацияга, медициналык жардамга муктаж болгон адамдарга коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттин атынан кайтарымсыз берилген активдер.
Эскертүү. Эгерде, Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасы кирешелерди жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кампаниянын чегинде валюта түрүндө сакталган болсо, отчёттук мезгилдеги чыгымдалган валюта каражаттарынын суммасынан курстук айырмасы жогору болсо бул уячага киргизилет.
87. 290-уячада отчеттук жыл үчүн Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешелеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 250-289-уячалардын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 290-уячанын мааниси 4-тиркеменин 451-уячасына көчүрүлөт.
88. 291-уячада төлөм булактарында мурда салык салынган пайыздык киреше көрсөтүлөт.
89. 298-уячада ушул тиркеменин 291-уячасында көрсөтүлбөгөн жана жылдык жыйынды кирешеге киргизилбеген, төлөм булактарында салык салынган башка кирешелер көрсөтүлөт.
90. 299-уячада 291 жана 298-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон, төлөм булактарында салык салынган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 299-уячанын мааниси 4-тиркеменин 452-уячасына көчүрүлөт.
5-глава. "Мүлк салыгы жана жер салыгы" (FORM STI-100-003) 3-тиркемени толтуруу
91. 3-тиркемеде Декларация тапшыруучунун менчигиндеги бардык мүлк объекттери, анын ичинде бул объектилерге жана/же участокторго салык салынууга тийиш экендигине же тийиш эместигине карабастан мөөнөттүү же мөөнөтсүз колдонуудагы жер участоктору көрсөтүлөт.
Эскертүү. Мүлк салыгынын/жер салыгынын төлөөчү болуп Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, менчигинде мүлк/жер участогу бар же менчик ээси/жер пайдалануучусу аныкталбаган мүлктү/жер участогун пайдаланган жеке адам саналат.
Мүлккө/жер участогуна болгон укуктарды каттоо болбогон учурда, пайдалануучуну мүлк/жер салыгынын салык төлөөчү катары таанууга негиз болуп, мүлктү/жер участогун иш жүзүндө пайдалануу саналат.
92. Мүлк объекттерине/жер участокторуна аларга салык салынууга тийиш экендигине, төлөө боюнча жеңилдиктердин берилгендигине жана берилбегендигине жараша, коддор ыйгарылат:
Коду | Мүлк объектисинин категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
Эскертүү. Эгерде, мүлк объектиси/жер участогу жалпы негиздерде салык салынууга жатса, ага "С/С " коду ыйгарылат.
Эгерде, мүлк объектиси/жер участогу салык салынууга жатпаса же салык салынуудан бошотулса, ага "С/СТ" коду ыйгарылат.
Эгерде, Декларация тапшыруучу же мүлк объектиси/жер участогу үчүн жеңилдетүү/салык төлөөдөн бошотуу белгиленсе, ага "Ж/Б" коду ыйгарылат.
93. Салык салынууга тийиш болгон мүлк объекттери боюнча көрсөткүчтөр өткөн отчеттук жылдагы 1-топтогу, 2-топтогу жана 4-топтогу объекттердин мүлк салыгы боюнча эсептөөлөрүндө көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн негизинде көрсөтүлөт.
94. Салык салынууга тийиш болгон үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору боюнча көрсөткүчтөр, Салык кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Декларация тапшыруучуга тапшырылган жер салыгынын кошуп эсептелген суммасы жөнүндөгү салык органынын кабарлоосунун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
95. Салык салуудан бошотулган же алар боюнча жеңилдиктер каралган мүлк объекти/жер участогу боюнча көрсөткүчтөр кыймылсыз мүлктүн/жерди пайдалануу актысынын бирдигинин техникалык паспортундагы маалыматтарга ылайык көрсөтүлөт.
96. Эгерде, мүлк объектиси салык салынбаганга кирсе же салык салынууга тийиш болбосо, ошондой эле жеңилдетилген салык салынууга тийиш болсо, 1-бөлүмдүн 7-графасынын тиешелүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдикти эсепке алуу менен төлөнүүгө тийиш салыктын суммасы көрсөтүлөт.
97. Менчик укугунда Декларация тапшыруучуга таандык болгон кыймылсыз мүлк объектисине карата укук белгилөөчү документи жана/же техникалык паспорту болбогон учурда, бул тиркемеде Салык кодексинин 327-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн кыймылсыз мүлк объектисин ченөө актысынын маалыматтары көрсөтүлөт.
98. Декларация тапшыруучунун пайдалануусунда болгон үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участогунун аянты көрсөтүлгөн жер участогуна карата жерди пайдаланууга укукту белгилөөчү документ жана/же акты/күбөлүгү жок болгон учурда, бул тиркемеде Салык кодексинин 336-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн жер участогун ченөө актысынын маалыматтары көрсөтүлөт.
99. Эгерде, мүлк объектисине/жер участогуна үлүштүк биргелешкен менчик укугундагы бир нече менчик ээлери/колдонуучулар ээлик кылышса, алардын ар бири укукту белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн үлүштөргө пропорционалдуу же менчик ээлеринин/колдонуучулардын макулдашуусу боюнча мүлк/жер салыгын төлөөчү болуп саналышат.
Эскертүү. Ар бир менчик ээлеринин/колдонуучулардын үлүшүнө туура келген салыктын бөлүгүн эсептөө жана төлөө алардын ар бири тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ошондой эле менчик ээлеринин/колдонуучулардын макулдашуусу боюнча алардын бирөөсү мүлк объектисине/жер участогуна маалыматтык эсептөөнү тапшырышы жана салыктын толук суммасын төлөшү мүмкүн. Мындай учурда башка менчик ээлери тарабынан мүлк объектисине/жер участогуна салыкты эсептөө жана төлөө тапшырылган менчик ээлеринин/колдонуучулардын бирөөсү бул мүлк объектисин/жер участогун өзүнүн Декларациясында көрсөтөт. Салыкты эсептөө жана төлөө боюнча анын ыйгарым укугун ырастаган документ болуп менчик ээлеринин/колдонуучулардын ортолорундагы макулдашуу (келишим), же болбосо ар бир менчик ээлери/колдонуучулары тарабынан нотариалдык түрдө берилген ишеним кат саналат.
Эгерде, 3-тиркеменин Эгерде 2-тиркеменин кандайдыр бир бөлүмүн толтуруу үчүн бир барак жетишсиз болсо, анда FORM STI-100-003 формасынын бир нече барагы колдонулат. 3-тиркеменин маалыматтык бөлүгүнүн алдындагы уячада тиркеменин барагынын номуру көрсөтүлөт. Декларация тапшыруучуда көрсөткүчтөр жок болгон толтурулбаган бөлүмдөр жана уячалар "Z" белгиси менен чийилип салынат.
§ 5.1. I бөлүмдү толтуруу. "Мүлк"
100. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт.
Эскертүү: Эгерде мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, 3-графа толтурулбайт.
Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылган.
2-графанын уячаларында убактылуу же туруктуу жашоо үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган 1, 2 жана 3-топтордогу мүлктөрдүн түрүнүн (турак жайлар, жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү), ошондой эле пайдаланылбаган турак эмес жайдын коду көрсөтүлөт. 2-графанын уячаларын толтурууда төмөнкүдөй таблицага ылайык мүлктүн коддору пайдаланылат:
№ | Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
1 | 001 | Турак үй |
2 | 002 | Батир |
3 | 003 | Дача үйү |
4 | 004 | Жатакана |
5 | 005 | Пайдаланылбаган турак эмес жай |
101. 3-графанын уячаларында төмөнкү таблицага ылайык Декларация тапшыруучунун коду көрсөтүлөт:
№ | Коду | Мүлктү колдонуучу |
1 | МЭ | Менчик ээси |
2 | ҮМЭ | Үлүштүк менчик ээси |
3 | МЭЭ | Менчик ээси эмес |
Эскертүү. Эгерде, мүлк салыгын төлөөчү болуп мүлктүн менчик ээси саналса, анда бул уячаларда "МЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, мүлк бир нече адамдын менчигинде болсо, "ҮМЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, салык төлөөчү болуп мүлктүн ээси эмес, колдонуучу саналса, анда уячаларда "МЭЭ" коду көрсөтүлөт.
102. 4-графанын уячаларында мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү. Райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтында жайгаштырылат.
103. 5-графанын уячаларында кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт.
Эскертүү. Бул код кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун титулдук барагынын үстүңкү сабында көрсөтүлгөн.
104. 6-графанын уячаларында ушул Тартиптин 92-пунктунда каралган таблицага ылайык мүлк объектисинин категориясынын коду көрсөтүлөт.
Эскертүү.
Эгерде, мүлк объектисине жалпы негиздерде салык салынууга тийиш болсо, ага "С/С" коду ыйгарылат, эгерде, мүлк объектиси Салык кодексинин 324-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу объект болуп саналбаса, анда ага "С/СТ" коду ыйгарылат.
Эгерде, Декларация тапшыруучу же мүлк объектиси үчүн Салык кодексинин 330-беренесине ылайык салык төлөөдө жеңилдик/бошотуу белгиленсе, мындай объектиге "Ж/Б" коду ыйгарылат.
105. 7-графанын уячаларында мүлк объектисинин чарчы метрлерде иш жүзүндөгү параметрлери көрсөтүлөт.
106. 8-графада ар бир мүлк объектиси боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк объектиси Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча мүлк салыгы төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 8-графадагы салыктын суммасын мүлк салыгы төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчун жоготту)
107. Бул бөлүмгө ошондой эле Декларация тапшыруучуга таандык болгон жана ишкердик иш үчүн арналган 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча көрсөткүчтөр алар Декларация тапшыруучу тарабынан аны ишке ашыруу үчүн пайдаланылбаган шартта, мүлктүн 2 жана 3-топтордогу объекттери үчүн тиешелүү коэффициенттерди колдонуу менен киргизилет.
108. Эгерде, Декларация тапшыруучуда ушул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда толтурулбаган саптар узун-туурасынан "Z" белгиси менен чийилет.
Эскертүү. Эгерде Декларация тапшыруучу турак жана/же турак эмес жайларды ишкердик иш үчүн пайдаланса, анда ал Ишкердик ишин жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 4-тиркемесин FORM STI-102-004 толтурууга милдеттүү.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
109. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
110. Эгерде мүлк объектисин салык салынбаганга жана салык салынууга тийиш эмеске кирсе, ошондой эле жеңилдетилген салык салынууга кирсе, 8-графанын тиешелүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
111. Менчик укугу өткөрүлгөн учурда (сатуу, белекке берүү, мурастоо ж.б.) салыкты төлөө төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
а) мүлк объектисине болгон укуктарды мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же каттоо күнүнө карата. Мында мүлк объектисинин алгачкы ээси отчеттук жылдын 1-январынан тартып ал мүлк объектисин өткөрүп берген айдын башталышына чейин эсептелген салыктын суммасын төлөйт. Мүлк салыгынын кийинки ээси анда мүлк объектисине укугу пайда болгон айдын башталышынан берки мезгилге эсептелген салыктын суммасын төлөйт;
б) мүлк объектисин сатуучу менен сатып алуучунун макулдашуусу боюнча, мүлк объектисине болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда салыктын жылдык суммасы бюджетке алардын бири тарабынан төлөнүшү мүмкүн. Андан кийин мүлк объектисине болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт;
в) мүлк объектисине болгон менчик укугун мамлекеттик каттоого чейин же каттоо учурунда мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда, укуктар өткөрүлүп берилген отчеттук жылдын бардыгы үчүн салык төлөө боюнча милдеттенме андан ары жаңы ээсине жүктөлөт;
г) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
112. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
113. 3-тиркеменин "I бөлүм боюнча жыйынтык" сабынын уячасында 3-тиркеменин 8-графасынын уячаларында көрсөтүлгөн маанилердин суммасына барабар болгон 1, 2 жана 3-топтордун объекттери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 5.2. II бөлүмдү толтуруу. "Транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер"
114. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык транспорт каражаты жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт.
II бөлүмдүн 2-графасынын уячаларында транспорт каражатынын кыймылдаткычынын коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштесе, 1-графада "А" коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштебесе "Б" коду көрсөтүлөт. Бул топко транспорт каражаттарынын түрлөрү боюнча 001ден 007ге чейинки коддор менен төмөнкү таблицага ылайык белгиленген транспорт каражаттары киргизилет.
Кыймылдаткычтын тибинин коду | Транспорт каражатынын коду | Транспорт каражатынын аталышы |
"А" (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер) | 001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, микроавтобустар | |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары | |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор | |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери | |
"Б" (башкалар) | 007 | Сатып алган наркы боюнча - 001ден ООбга чейинки коддордогу транспорт каражаттарынан тышкары, башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
115. Транспорт каражатынын түрүнүн коду 3-графада көрсөтүлөт.
116. 4-графанын уячаларында ушул бөлүмдүн 101-пунктуна ылайык Декларация тапшыруучунун - транспорт каражатын колдонуучунун коддорунун бири көрсөтүлөт.
117. 5-графанын уячаларында ушул Тартиптин 92-пунктунда берилген таблицага ылайык тандалып алынган мүлк объектисинин категорияларынын коду көрсөтүлөт.
118. 6-графанын уячаларында транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
119. 7-графанын уячаларында ар бир транспорт каражаты боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 7-графадагы салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.
Транспорт каражаттары төмөнкүчө бөлүнөт:
а) транспорт каражаттары жана/же ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер;
б) башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
Эгерде транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга тиешелүү болсо, 7-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде Декларантта бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же толтурулбаган саптар калса, анда толтурулбай калган саптар узун-туурасынан "Z" белгисинде чийилет.
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
120. "II бөлүм боюнча жыйынтык" сабынын уячасында 3-тиркеменин 7-графасынын уячаларында көрсөтүлгөн маанилеринин суммасына барабар болгон мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 5.3. III бөлүмдү толтуруу. "Жер участогу"
121. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык, жер участогу жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт.
2-графанын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт:
№ | Коду | Жер участогунун аталышы |
1 | 01 | Сугат айдоо жери |
2 | 02 | Кайрак айдоо жери |
3 | 03 | Отургузулган көп жылдык бактар |
4 | 04 | Чөп чабындылар |
5 | 05 | Жайыттар |
6 | 11 | Шаарлар: Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
7 | 12 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
8 | 13 | Башка шаарлар жана поселоктор |
9 | 14 | Айылдык калктуу конуштар |
Эскертүү. Жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө жана жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлгөн жеке жак жер участогун пайдаланганына же пайдаланбаганына карабай, үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участокторуна салык төлөөчү болуп эсептелет.
Жер салыгын эсептөө үчүн салык базасы болуп укукту белгилөөчү жана/же укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты саналат.
Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн жер участогу кайсы калктуу конуштун аймагында жайгашканына жараша 11ден 14кө чейинки коддорду тандоо зарыл.
122. 3-графанын уячаларында Декларация тапшыруучунун - жер участогун пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
а) менчик ээси - МЭ;
б) үлүштүк менчик ээси - ҮМЭ;
в) менчик ээси эмес - МЭ.
123. 4-графанын уячаларында жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү. Райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтында жайгашкан.
124. 5-графанын уячаларында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыда же жер участогун убактылуу пайдалануу күбөлүгүнүн "Жер участогунун планы" же "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди экспликациялоо" кошумча барагында көрсөтүлгөн жер участогуна болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт.
125. 6-графанын уячаларында жер участогунун категориясынын төмөнкү коддорунун бири көрсөтүлөт:
а) эгерде, жер участогуна жалпы негиздерде салык салынууга тийиш болсо, ага "С/С" - коду ыйгарылат;
б) эгерде, жер участогу Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салынуудан бошотулса, ага "С/СТ" - коду ыйгарылат;
в) эгерде, Декларацияга тапшыруучуга/жер участогуна Салык кодексинин 337-беренесинин 5-пунктуна же 344-беренесине ылайык жеңилдик белгиленсе, анда ага "Ж/Б" - коду ыйгарылат.
126. 7-графанын уячаларында жер участогунун жалпы аянты көрсөтүлөт:
а) үйдүн жанындагы, короо-жай; жанындагы жана бак-чарба участогунун жерлерине же айыл чарба багытында эмес жерлерге - чарчы метрде;
б) айыл чарба багытындагы жер участокторуна - гектар менен.
127. 8-графанын уячаларында отчеттук жыл үчүн кошуп эсептелген жер салыгынын суммасы:
а) үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба участоктору боюнча эсептелген жер салыгынын суммасы жөнүндө салык органына кабарлоого;
б) өткөн отчеттук жыл үчүн айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча эсептөөлөр.
Эскертүү. Кабарлоо салык органы тарабынан салыкты төлөө мөөнөтүнөн кеч эмес - 1-сентябрга чейин жиберилет.
Кабарлоону албай калуу салыкты төлөбөй коюу үчүн негиз болуп саналбайт. Салык милдеттерин туура жана өз убагында эсептөө үчүн жоопкерчилик Декларация тапшыруучуга жүктөлөт. Декларация тапшыруучу салык органы салыктын суммасын туура эсептелгендигин текшерүүгө тийиш, ал эми кандайдыр бир себептер менен кабарлоо алынбаса, ал салыктын тиешелүү суммасын өз алдынча эсептөөгө жана төлөөгө тийиш. Мында Декларация тапшыруучу салыктын суммасын туура эсептөөгө жана бул уячаны туура толтурууга жардам алуу үчүн салык органына кайрыла алат.
Эгерде, жер участогу салык салынбаганга, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга кирсе, 7-графанын тийиштүү уячаларында "0" цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөөгө тийиш болгон салык суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде, Декларация тапшыруучуда бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөрү жок болсо же толтурулбай калган саптар калса, анда толтурулбаган саптар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
128. "III бөлүм боюнча жыйынтык" сабынын уячасында 8-графанын уячаларында көрсөтүлгөн маанилердин суммасына барабар болгон жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
6-глава. "Активдердин кыймылы" (FORM STI-100-004) 4-тиркемени толтуруу
129. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан укукту бекитүүчү документтердин негизинде көрсөтүлөт, ал эми ал жок болсо, же аларда активдердин наркы көрсөтүлбөсө - Декларация тапшыруучунун жеке баалоосунун негизинде декларациялануучу мезгилдин аягындагы колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү. Активдер - бул курамына негизги каражаттар, башка узак мөөнөттүү салымдар (анын ичинде материалдык эмес активдер), жүгүртүү каражаттары, финансылык активдер жана дебитордук карыздар кирген мүлк.
Мүлк кыймылсыз жана кыймылдуу болуп бөлүнөт.
Кыймылсыз мүлккө үй, батир, жер участогу жана жер менен бекем байланышкан башка мүлктөр кирет.
Кыймылдуу мүлккө акча, транспорт каражаттары, эмерек, тиричилик техникасы, баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар, баалуу кагаздар, үй жаныбарлары жана кыймылсыз болуп саналган башка мүлктөр кирет.
Активдердин көбөйүшү, акчалай наркка ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда алуу, ошондой эле Декларация тапшыруучунун милдеттенмелеринин азайышы киреше катары таанылат.
Чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларациялоочу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларациялоочу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада көрсөтүлөт.
§ 6.1. I бөлүмдү толтуруу. "Жеке адамдын кирешелери жана активдери"
130. 450-уячада Декларация тапшыруучунун салык салынгандан кийинки таза кирешеси көрсөтүлөт, ал бул уячага Декларациянын 081-уячасынан көчүрүлөт.
131. 451-уячада 2-тиркеменин 290-уячасынан көчүрүлгөн, Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесинин суммасы көрсөтүлөт.
132. 452-уячада 2-тиркеменин 299-уячасынан көчүрүлгөн, мурда төлөм булактарында салык салынган Декларация тапшыруучунун кирешесинин суммасы көрсөтүлөт.
133. 453-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан иш жүзүндө алынган кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын суммасы көрсөтүлөт.
134. 454-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучуга иш жүзүндө кайтарылган кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын негизги суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Декларация тапшыруучу тарабынан берилген кредит жана зайымдар боюнча кайтарылган пайыздардын суммасы ал тарабынан "Башка кирешелер" катары 1-тиркеменин 198-уячасында көрсөтүлөт.
135. 469-уячада 450-469-уячаларда көрсөтүлбөгөн, отчеттук жыл ичинде жеке адам тарабынан алынган башка кирешелер жана активдер көрсөтүлөт.
136. 470-уячада 450-469-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасына барабар болгон, Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жыл ичинде алынган кирешелердин жана активдердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 6.2. II бөлүмдү толтуруу. "Жеке адамдын чыгашалары"
137. 471-уячада бул бөлүктүн 472-490-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасы көрсөтүлөт.
138. 472-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үйдүн (үйлөрдүн) наркы жана/же үйдүн (үйлөрдүн) курулушуна инвестицияланган акча каражаттары көрсөтүлөт.
139. 473-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган батирдин (батирлердин) наркы жана/же үйдүн (үйлөрдүн) курулушуна инвестицияланган акча каражаттары көрсөтүлөт.
140. 474-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган жер участогунун (жер участокторунун) наркы жана/же жер участогунун курулушуна инвестицияланган акча каражаттары көрсөтүлөт.
141. 475-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган транспорт каражатынын (транспорт каражаттарынын) наркы көрсөтүлөт.
142. 476-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.
143. 477-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үй жаныбарларынын наркы көрсөтүлөт.
144. 490-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн башка түрлөрүнүн наркы көрсөтүлөт.
145. 491-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан кредит берүүчүлөргө иш жүзүндө кайтарылган пайыздарын кошкондогу кредиттердин жана зайымдардын, ошондой эле ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
146. 492-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан башка субъекттерге берилген кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
147. 498-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу жүргүзгөн башка чыгашалардын толук суммасы көрсөтүлөт. Мындай чыгашаларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн: коммуналдык төлөмдөр, тамак-ашка, жол киреге, кийим-кечекке, белектерди ж.б. сатып алууга кеткен чыгымдар.
148. 499-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан жүргүзүлгөн чыгашалардын: 499=471+491+492+498 жалпы суммасы көрсөтүлөт.
7-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-005) 5-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-006) 6-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-007) 7-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-008) 8-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-009) 9-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу тартибинин 1-тиркемеси |
Мамлекеттик эмес фондго чегерүүлөрдүн эсептен чыгарууларын алуу үчүн Декларация тапшыруучу тарабынан салык органына берилүүчү документтердин ТИЗМЕСИ
1. Арыз.
2. Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
3. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен түзүлгөн пенсиялык келишимдин көчүрмөсү.
4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөсү.
5. Мамлекеттик эмес фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун маалымкаты.
6. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүү боюнча салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкаттын түп нускасы.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу тартибинин 2-тиркемеси |
Социалдык эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларация тапшыруучу тарабынан салык органына берилүүчү документтердин ТИЗМЕСИ
1. Арыз.
2. Декларация тапшыруучу менен мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызматтарды көрсөткөн билим берүү мекемесинин ортосунда түзүлгөн, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү контрактынын көчүрмөсү.
3. Кириштөө кассалык ордерине жана/же билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөнгөн акы үчүн төлөм тапшырмасынын квитанциясынын көчүрмөсү.
4. Багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн/багып алуу тууралуу документинин көчүрмөсү.
5. Эгерде багылуучу орто же жогорку кесиптик билим алуучу мекемелерде окуп жаткан болсо, стипендия албайт деген маалымкаты.
6. Багуудагы адамдын паспортунун (бар болсо) көчүрмөсү.
7. Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
8. Декларация тапшыруучунун жубайынын паспортунун көчүрмөсү.
9. Никелешүү же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөсү.
10. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
11. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун жубайынын иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
12. Айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, шериктеш турак жай менчик ээлеринен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен жана башка турак-жай коммуналдык уюмдарынан үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу тартибинин 3-тиркемеси |
Мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларация тапшыруучу тарабынан салык органына бериле турган документтердин ТИЗМЕСИ
1. Арыз.
2. Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
3. Сатып алган кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортунун көчүрмөсү.
4. Ипотекалык кредит алууга банктык жана/же финансы-кредиттик мекеме менен түзүлгөн ипотека келишиминин көчүрмөсү.
5. Күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү.
6. Ипотекалык кредитти төлөө тууралуу төлөм документтеринин көчүрмөсү.
7. Алынган, кайтарылган кредиттердин жана алар боюнча ипотекалык кредиттин төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкаты.
8. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мүлктүк салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу тартибинин 4-тиркемеси |
DOC STI-162
Социалдык эсептен чыгаруу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө салык төлөөчүнүн АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу тартибинин 5-тиркемеси |
DOC STI-161
Эмгек акысы жөнүндө МААЛЫМКАТ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
3-тиркеме
FORM STI-101
УЮМДУН БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
4-тиркеме
Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 571, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658, 2019-жылдын 18-июнундагы № 297, 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2020-жылдын 29-январындагы № 42, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруунун жана берүүнүн эрежелерин аныктайт (мындан ары - Декларация).
2. Декларация туруктуу мекемени түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн ата-мекендик уюм, чет өлкөлүк уюм (мындан ары - салык төлөөчү) тарабынан календардык жыл үчүн түзүлөт жана салыктык катталган жери боюнча отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартына чейин берилет.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 22-беренесине ылайык менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак ата мекендик уюм деп таанылат.
Декларация уюмдун, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка өзүнчө бөлүнүштөрүнүн мүлктүк жана финансылык абалы тууралуу маалыматты камтыйт.
3. Декларация "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясы" (FORM STI-101) формасынан жана анын төмөнкү тиркемелеринен турат:
а) "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-101-001) 1-тиркеме;
б) "Эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар" (FORM STI-101-002) 2-тиркеме;
в) "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булагында салык салынган кирешелер" (FORM STI-101-003) 3-тиркеме;
г) "Салыктан бошотулган пайда" (FORM STI-101-004) 4-тиркеме;
д) "Мүлк салыгы" (FORM STI-101-005) 5-тиркеме жана ушул тиркемеге карата чечмелөөлөр (FORM STI-101-005-1), (FORM STI-101-005-02).
Эскертүү. 1, 2 жана 3-топтогу мүлк объектилерине карата чечмелөөдө ар бир объект боюнча өзүнчө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- мүлк объектисинин тобунун коду;
- мүлктүн түрүнүн коду;
- мүлктү пайдалануучунун коду;
- мүлк жайгашкан райондун коду;
- мүлктүн идентификациялык коду;
- мүлк объектисинин коду;
- жалпы аянты (чарчы метр);
- салыктын суммасы;
4-топтогу объекттерге карата чечмелөөдө ар бир объект боюнча өзүнчө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- транспорт каражатынын кыймылдаткычынын түрү;
- транспорт каражатынын түрүнүн коду;
- транспорт каражатын пайдалануучунун коду;
- объекттин коду;
- транспорт каражатынын маркасы;
- салыктын суммасы;
"Жер салыгы" (FORM STI-101-006) 6-тиркемеси жана ушул тиркемеге карата чечмелөөлөр (FORM STI-101-006-1).
Эскертүү. Жер участокторуна карата чечмелөөдө ар бир участок боюнча өзүнчө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участогунун багытталышынын коду;
- жер участогун пайдалануучунун коду;
- жер участогунун түрүнүн коду;
- жер участогу жайгашкан райондун коду;
- жер участогунун идентификациялык коду;
- объекттин коду;
- жалпы аянты (чарчы метр);
- салыктын суммасы;
е) "Атайын салык режимдери" (FORM STI-101-007) 7-тиркеме;
ж) "Алтын жана алтын камтылган продукцияларды өндүрүү жана сатуу боюнча кен казуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишкана" (FORM STI-101-008) 8-тиркеме;
з) "Экономикалык иштин айрым көрсөткүчтөрүн чечмелөө" (FORM STI-101-009) 9-тиркеме;
и) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
к) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
л) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
м) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
н) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
о) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Эгерде салык төлөөчүнүн тиркемелердин ичинен кайсы бирин толтуруу үчүн көрсөткүчтөрү болбосо, андай тиркеме толтурулбайт жана салык органына тапшырылбайт.
5. Толтурулган тиркемелерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр Декларациянын формасынын тиешелүү уячаларына көчүрүлөт.
6. Декларациянын 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр тиркемелердеги бул уячаларда көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болууга тийиш.
7. 5 жана 6-тиркемелерден тышкары, тиешелүү уячаларда көрсөткүчтөр жок болсо, "0" цифрасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Киреше алынгандыгын, төлөм булагынан салык кармалгандыгын, салык төлөөчү тарабынан салыктын төлөнүшүн, ошондой эле салык төлөөчүнүн эсептен чыгарууга, жеңилдиктерге жана/же салыкты төлөөдөн бошотууга укуктарын ырастаган документтер Декларация тапшыруучунун сактоосунда болот жана Декларацияга тиркелбейт. Салык төлөөчү тарабынан салыкты эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгын ырастоочу көрсөтүлгөн жана башка документтер салык контролун жүргүзүү учурунда салык кызматынын органынын кызмат адамына берилет.
8. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы көрсөтүлөт. Декларацияга жана анын тиркемелерине:
а) уюмдун жетекчиси кол коёт жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
б) Декларация ишеним каттын негизинде уюмдун кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлгөн жана берилген учурда ишенимдүү адам/уюмдун-өкүлдүн жетекчиси кол коёт жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Декларацияга ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык ишенимдүү адам/уюмдун-өкүлдүн жетекчиси кол койгон учурда, Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө уюмдун-өкүлдүн аталышы, Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы, анын негизде салык өкүлчүлүгү жүргүзүлгөн ишеним каттын маалым даректери көрсөтүлөт.
9. Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
10. Декларация баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат. Декларациянын биринчи нускасы салык органына калат, Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат жана анын сактоосунда калат.
11. Декларация почта аркылуу берилген учурда, Декларация салык органына кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча эки нускада жөнөтүлөт.
Салык төлөөчү заказдык каттын жеткирилгендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Декларация берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
12. Электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
Эскертүү. Салык органына электрондук түрдө берилген Декларация юридикалык күчкө ээ, ал эми Декларацияны электрондук түрдө берген салык төлөөчү отчетту берген болуп саналат жана аны кагаз жүзүндө кайталоодон бошотулат.
Эгерде, салык төлөөчүдө төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөр болсо, отчеттун бергендигинин фактысы болуп таанылат:
- сервистин адистештирилген операторунун ырастоосу (салык төлөөчү тарабынан салык отчету жөнөтүлгөн убакытты жана датаны камтыган электрондук документ);
- салык кызматынын отчетту алгандыгы жөнүндө ырастоосу (кирүү контролунун протоколу).
2-глава. Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасын толтуруу
13. 001-уячада "Х" түрүндөгү белги коюлат:
а) эгерде, Декларация календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "Алгачкы" уячасына коюлат;
б) эгерде, Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Декларацияда оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "Такталган" уячасына коюлат;
в) эгерде, Декларация уюмдун жоюлушуна байланыштуу тапшырылса, белги "Жоюлуучу" уячасына коюлат.
14. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
15. 103-уячада уюштуруучулук документтерине ылайык салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт.
16. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
17. 107-уячада салык төлөөчүнүн каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
18. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
19. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун (облус, шаар, айыл, поселок ж.б.) аталышы көрсөтүлөт.
20. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, батирдин, кеңсенин номери) көрсөтүлөт.
21. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефонунун номери көрсөтүлөт.
22. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
23. 201-уячада салык төлөөчү үчүн отчеттук салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт:
а) эгерде салык төлөөчү мурдагы жылдары иш жүргүзсө, отчеттук жыл башталган дата көрсөтүлөт: 01/01/20__;
б) эгерде салык төлөөчү отчеттук жылда салык төлөөчү катары катталса, уюмдун салык органында катталган датасы көрсөтүлөт.
24. 202-уячада отчеттук салык мезгили аяктаган дата көрсөтүлөт:
а) эгерде салык төлөөчү отчеттук календардык жылдын ичинде иш жүргүзсө, отчеттук жыл аяктаган дата көрсөтүлөт: 31/12/20__;
б) эгерде салык төлөөчү календардык жылдын аягына чейин жоюлса же кайра уюштуруу, түзүмүн өзгөртүү жол-жоболорунан өтсө, жылдын башталышынан баштап жоюлуунун, кайра уюштуруунун, түзүмүн өзгөртүүнүн аякташына чейинки убакыт аралыгы ал үчүн салык мезгилинин аяктаган датасы болуп саналат. Декларация берүү максатында жоюлуунун, түзүмүн өзгөртүүнүн аяктаган күнү катары, нөлдүк көрсөткүчү менен жоюлуучу баланс бекитилген дата таанылат. Акыркы салык мезгили үчүн Декларация жоюлуунун, кайра уюштуруунун, түзүмүн өзгөртүүнүн аякташынан кийинки айдын аягына чейин берилет.
112, 113, 114, 115 жана 116-уячалардын көрсөткүчтөрү Декларация берилген датага карата толтурулат.
25. 1-бөлүмдүн төмөнкү бөлүгү "X" белгиси менен белгиленет:
а) бухгалтердик эсепти жүргүзүү методу;
б) пайда салыгынын салыктык базасын эсептөө тартиби;
в) бекитилген эсеп саясатынын уюмда болушу жана/же болбошу.
Эскертүү. Салык төлөөчү отчеттук мезгилде ал тарабынан колдонулган эсептөөнү жүргүзүү жана пайда салыгынын салыктык базасын эсептөө методун, ошондой эле белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген салыктык саясаттын болушун ырастаган тиешелүү уячасын "X" белгиси менен белгилейт.
26. Декларациянын формасын толтуруу үчүн алгач уюмдун көрсөткүчтөрү бар Декларациялардын тиркемелерин толтуруу зарыл.
Декларацияны толтуруу толтурулган тиркемелердеги көрсөткүчтөрдү көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
27. 050-уячага 1-тиркеменин 199-уячасында жана 9-тиркеменин 959-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көчүрүлөт.
28. 051-уячага 2-тиркеменин 299-уячасында жана 9-тиркеменин 959-уячасында көрсөтүлгөн, эсептен чыгарууга тийиш чыгымдарынын жалпы суммасы көчүрүлөт.
29. 052-уячада пайда же чыгым (052=050-051 уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы) көрсөтүлөт.
Эскертүү. Арифметикалык айырма салык төлөөчүнүн пайда же чыгым алгандыгына же болбосо нөлгө барабар болгондугуна жараша оң же терс болушу мүмкүн.
Эгерде, чыгаша алынса, 052-уячанын сол тарабында жайгашкан атайын уячага "-" кемитүү белгиси коюлат.
Эгерде, пайда алынса, 052-уячанын сол тарабында жайгашкан атайын уячага белги коюлбайт.
30. 053-уячада 4-тиркеменин 499-уячасында каралган салыктык жеңилдиктердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдиктерге укугу жок салык төлөөчү ал уячага "0" цифрасын көрсөтөт.
31. 054-уячада жөнөкөй шериктештик келишими менен шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү-жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык, салыктык мезгилдин жыйынтыгы боюнча жөнөкөй шериктештиктин катышуучуларына өткөрүлүп берилген пайдасынын бир бөлүгүн кемитүү (-) белгиси менен же чыгашанын бир бөлүгүн кошуу (+) белгиси менен көрсөтөт. Бул үчүн III бөлүмдүн 9-тиркемесиндеги 963-уячадагы көрсөткүч ушул уячага көчүрүлөт.
32. 055-уячада жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзбөгөн салык төлөөчү-жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык, салыктык мезгилдин жыйынтыгы боюнча алган пайдасынын бир бөлүгүн кошуу (+) белгиси менен же чыгашанын бир бөлүгүн кемитүү (-) белгиси менен көрсөтөт.
33. 056-уячада отчеттук салык мезгилине 9-тиркеменин I бөлүмүнүн көрсөткүчүнө ылайык мурдагы салык мезгилинен көчүрүлүүгө тийиш болгон чыгымдын суммасы көрсөтүлөт. Бул уяча 052-055-уячалардын маанилерин суммалоонун жыйынтыгы болуп саналган пайданын калдыгы болгондо гана жана бул жыйынтыктын суммасынын чегинде гана толтурулушу мүмкүн. Эгерде, өткөн жылда чыгымдар жок болсо же 052-уячада чыгым көрсөтүлгөн болсо, же 052-055-уячалардын суммасы нөлгө барабар же нөлдөн кем болсо, анда 056-уячада "0" цифрасы көрсөтүлөт.
Мисал. Өткөн жылдагы чыгым 30000 сомду түзгөн, ал эми 052-055-уячалардагы сумманын жыйынтыгы 20000 сомго барабар. Декларацияга 20000 сомду киргизүүгө болот, чыгымдын калган 10000 сом өлчөмүндөгү суммасы кийинки жылдардын Декларациясына, бирок чыгымдын пайда болгон убактысынан 5 жылдан көп эмес мезгилге киргизилиши мүмкүн. Маселен, эгерде чыгым 2013-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча пайда болсо, анда салык төлөөчү аны 2014, 2015, 2016, 2017 жана 2018-жылдардагы салык салынган пайданы эсептөө учурунда эсептен чыгарууга укуктуу. Салык төлөөчү бул чыгымды 2019-жылга жана андан кийинки жылдарга салык салынуучу пайданы эсептөө учурунда эсептен чыгаруу укугуна ээ боло албайт.
34. 057-уяча пайдалуу кендерди өндүрүү боюнча иш алып барган уюм тарабынан толтурулат. Бул уячада Салык кодексинин 197-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ишкананын атайын фондунда резервделген кен иштетүүчү ишкананын салык салынуучу пайдасын 15 пайызга азайтуунун суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. 057-уяча 052-055-уячалардын суммаларынын жыйынтыгы болуп саналган уюмдун пайдасы болгон учурда толтурулат. Эгерде, 052-055-уячалардын жыйынтык суммасы нөлгө барабар же терс маани болсо, 057-уячада да "0" цифрасы көрсөтүлөт.
35. 058-уячада уячалардын алдындагы белгилерди эске алуу менен 058=052-053-054+055-056-057 формула боюнча салык төлөөчүнүн салык салынуучу пайдасынын же чыгымынын суммасы көрсөтүлөт. Эгерде 058-уячада алынган маани оң болсо, анда салык төлөөчү пайда алган болот.
36. Эгерде, 058-уячанын мааниси терс болсо, анда салык төлөөчү зыян тарткан болот жана 058-уячадагы маани 059-уячага көчүрүлөт.
37. 060-уячада Салык кодексинин 213-беренесине ылайык, пайда салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. 2013-жылдын 1-январынан баштап алтын камтыган кенди, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүнүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген. Иштин бул түрү боюнча салык төлөөчү өз-өзүнчө эсеп жүргүзөт, бул иштин кирешелеринен Салык кодексинин 221-1-беренесине ылайык киреше салыгы төлөнөт. Иштин бул түрү боюнча көрсөткүчтөр 8-тиркемеде көрсөтүлөт. Иштин башка түрлөрү боюнча көрсөткүчтөр 1, 2, 3, 4-тиркемелерде көрсөтүлөт жана Декларацияда чагылдырылат.
38. 061-уячада төмөнкү формула боюнча эсептелген пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт: 058 х 060 / 100.
39.062-уячада пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча эсептөөгө (FORM STI-107) ылайык отчеттук жылдын ичинде кошуп эсептелген сумманын жыйынтыгы көрсөтүлөт.
40. 063-уячада чет мамлекетте төлөнгөн жана чегерүүгө жаткан пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Чегерилген суммалардын өлчөмү, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнө турган салыктын суммасынан ашып түшпөшү керек.
Эскертүү. Салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болгон учурда, эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга жатса, салык милдеттенмелерин эсептөө учурунда чегерилет.
Салык төлөөчү чегерүүнү алышы үчүн белгиленген жол-жобого ылайык төмөнкү ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен салык органына арыз берет:
- чет мамлекеттеги булактардан алынган кирешелердин суммалары жана чет мамлекеттеги салык органынан күбөлөндүрүлүп төлөнгөн салыктар жөнүндө;
- салыкты төлөө жөнүндө.
Мисал. Уюм Кыргыз Республикасы кош салык салууну жоюу жөнүндөгү макулдашууга кол койгон чет мамлекетте 500 миң сомго барабар суммада киреше алды. Кирешени төлөө учурунда уюмдан 80 миң сомго барабар өлчөмдө алынган кирешеден салык кармап калышты. Декларацияны толтуруу учурунда уюм, чет мамлекетте төлөнгөн салык катары 500 х 10% = 50 формуласы боюнча эсептелген 50 миң сомго барабар сумманы гана көрсөтө алат.
40-1. 064-уячада 100 эсептик көрсөткүчүнөн ашпаган өлчөмдө контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) же фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүчү түзүлүштөрдү сатып алууга кеткен чыгымдар көрсөтүлөт.
41. 065-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 197-беренесине ылайык түзүлгөн атайын фонддун 9-тиркеменин IV бөлүмүн чечмелөөнүн маалыматтарына ылайык 5 жыл ичинде өз багыты боюнча пайдаланбаган суммасы көрсөтүлөт.
42. 066-уячада уячалардын маанилеринин оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырмасы түрүндө пайда салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт: 066 = (061 - 062 - 063 + 064 - 065). Эгерде мааниси терс болсо, анда 066-уячанын сол тарабында жайгашкан атайын уячада кемитүү белгиси "-" көрсөтүлөт.
43. Эгерде, Декларациянын 066-уячасынын мааниси терс болсо, анда ал "Кайтаруу салыгы" 067-уячасына көчүрүлөт, эгерде оң болсо, "төлөнүүчү салык" 068-уячага көчүрүлөт.
44. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө салык төлөөчү тарабынан толтурулган тиркемелер "X" белгиси менен белгиленет, ал тигил же бул тиркеменин берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
3-глава. "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-101-001) 1-тиркемени толтуруу
45. Декларацияны толтурууда салык төлөөчүлөр салык эсебинин эрежелерин жетекчиликке алуулары тийиш.
Эскертүү. Салык эсеби - бухгалтердик эсеп жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана Салык кодексинде каралган тартипте топтоштурулган алгачкы документтердин маалыматтарынын негизиндеги салык боюнча салык базасын аныктоо үчүн маалыматты жалпылаштыруунун кабыл алынган системасы.
Салык кодексинин 154-беренеси жетекчинин тиешелүү буйругу (буйрутмасы) менен бекитилген салык салуу максаты үчүн эсептик саясаттагы салык эсебин жүргүзүүнүн тартиби салык төлөөчү тарабынан белгиленээрин карайт, буга ылайык баардык салык төлөөчүлөр эсеп саясатын бухгалтердик эсептин максаты үчүн эле эмес, салык салуу үчүн да иштеп чыгуулары зарыл.
Салык кодексинин 155-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык салык төлөөчү, эгерде салык кодексинде башка талаптар белгиленбесе, бухгалтердик эсепте колдонулган ыкмалар жана эрежелер боюнча салык салуу максатында активдердин наркын, милдеттенмелердин чоңдугун, кирешелерди жана чыгымдарды аныктайт.
46. Салык эсеби үчүн көрсөткүчтөрдүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) баштапкы эсептик документтер (бухгалтердин маалымкатын кошо);
б) бухгалтердик жана салыктык эсепке алуунун аналитикалык регистрлери;
в) салык базасынын эсеби.
Эскертүү. Салыктык эсептин аналитикалык регистрлери эсепке алынган баштапкы документтеринде, салык базасынын эсебинде чагылдыруу үчүн салык эсебинин аналитикалык дайындарында камтылган маалыматтарды системага салуу жана топтоо үчүн арналган.
Салыктык эсептин регистрлери, кагазга жазылган түрүндө, электрондук түрдө жана/же башка баардык алып жүрүүчүлөрдө атайын форма түрүндө жүргүзүлөт жана салык төлөөчүнүн өзү тарабынан анын салыктык эсептик саясатында белгиленет.
47. 150-198-уячаларда бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык аныкталган салык төлөөчүнүн ишинен түшкөн кирешелердин баардык түрлөрү көрсөтүлөт.
Эскертүү. Активдердин (акча каражаттарынын, башка мүлктөрдүн) келип түшүшү, өсүшү же катышуучулардын салымдарын кошпогондо, салык төлөөчүнүн менчик капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы киреше катары таанылат.
48. 150-уячада салык амортизациясынын максаттарында салык тобуна киргизилген негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчадан сырткары, товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча катары таанылган жалпы сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кошумча нарк салыгы жана сатуудан түшкөн салык сыяктуу кыйыр салыктарды эсептен чыгаргандан кийинки, бухгалтердик эсептин белгиленген стандарттарына жана тандалып алынган методуна ылайык салык төлөөчү тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан алынган же алына турган акча каражаттары түшкөн акча катары таанылат.
Товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча төмөнкү учурларда түзөтүлүүгө: тийиш:
- товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;
- бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө;
- бүтүмдүн шарттары толук же жарым-жартылай аткарылбаганда.
Кирешенин мындай түзөтүлүшү отчеттук салык мезгилинде болуп өткөн операциялар боюнча жүргүзүлөт жана жылдык жыйынды кирешенин өлчөмүн кайтарылуучу суммага же бүтүм шарттарын өзгөртүүнүн суммасына өзгөртөт.
49. 151-уячада амортизациялоого жатпаган активдерди сатуудан түшкөн киреше, ошондой эле пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды демонтаждоодон же жоюуда алынган материалдардын же башка мүлктүн наркы түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт.
Эскертүү. Жер жана суу, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жаратылышты пайдалануунун башка объектилери, ошондой эле товардык-материалдык запастар, бүтпөгөн капиталдык курулуштун объекттери, баалуу кагаздар, финансылык аспаптар, орнотулбаган жабдуулар, салык төлөөчү тарабынан өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө колдонулбаган негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, өтүп жаткан салык жылында наркы толук түрдө аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын даяр продукциянын наркына өтүп кеткен мүлктөр амортизациялоого жатпайт.
Активдерди сатып алуунун наркы жана пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды монтаждан чыгарууга же жоюуга кеткен чыгымдар, киреше алууга багытталган чыгымдар катары 2-тиркеменин 250-уячасында көрсөтүлөт.
50. 152-уячада экономикалык ишти чектөөгө же токтотууга макулдук үчүн алынган киреше көрсөтүлөт.
51. 153-уячада кайтарымсыз алынган активдерден түшкөн баасы көрсөтүлөт.
Бул уячада төмөнкүлөр көрсөтүлбөйт:
а) үлүштүк салым жана/же уставдык капиталга салым катары алынган мүлктүн наркы, ошондой эле, уюмда катышкан үлүштү сатуудан түшкөн киреше;
б) көрсөтүлгөн объекттерди иш багыты боюнча колдонгон жана пайдаланган адистештирилген уюмдарга кайтарымсыз берилген объекттердин (социалдык-маданий, тиричилик жана турак жай-коммуналдык багыттагы жолдор, электр тармактары, көмөк чордондор, буу казан жана жылуулук тармактары, суу топтоочу курулмалар, тоо-шахта жабдуулары, жарандык коргонуу объектилери) наркы, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайтарымсыз берилген негизги каражаттардын наркы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери боюнча өздөрүнүн өндүрүштүк базаларын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга берилген акча каражаттары;
в) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:
- мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;
- уставдык максаттарда колдонуу шартында берилген гуманитардык жардамдар жана гранттар;
- уставдык максаттарда колдонуу шартында берилген кайтарымсыз активдердин наркы;
- көп батирлүү үйлөрдү жана аларды тейлеген имараттарды жана курулуштарды техникалык жактан кармоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акы;
- суу пайдалануучулардын ассоциациялары тарабынан уставдык иштин чегинде өздөрүнүн мүчөлөрү үчүн көрсөтүлгөн сугат суусун берүү боюнча кызмат акысы;
г) салык төлөөчүлөр тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер;
д) шериктештердин салымы катары жөнөкөй шериктештик тарабынан алынган мүлктүн наркы;
е) ишенимдүү башкаруучу ишеним башкарууга алган мүлктүн наркы;
ж) өз акцияларынын наркы алардын номиналдык наркынан ашкан түрдөгү киреше;
з) өз акцияларын сатууда нарктын өсүшүнөн түшкөн киреше;
и) сатуу күнү эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки листингдин категориялары боюнча фонддук биржалардын листингинде болгон баалуу кагаздардын пайыздык кирешеси жана алардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше;
н) негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижара (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.
Эскертүү. Жогоруда саналган кирешелер 3-тиркемеде көрсөтүлүүгө тийиш.
Киреше катары кайтарымсыз жана өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн баа боюнча, аларды кимден алынгандыгына карабастан же эсеп саясатында тандалып алынган таануу методунан көз каранды базар баасы боюнча алынган ар кандай активдер (акча каражаттары, компьютер, эмерек, мекеме, машина, баалуу кагаздар, товарлар, дебитордук карыздар ж.б.) таанылат.
Мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү болуп, коммерциялык эмес уюмдун мүчөсү тарабынан бул уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте бериле турган активдер саналат. Мындай берүү ушул уюмдун мүчөсүнө товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бекер же өздүк наркынан төмөнкү баада берүү, аткаруу, көрсөтүү менен шартталбай турган шарттарда жүргүзүлөт.
Гранттар болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик органдарга, ошондой эле, саясий максатты көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттер, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер саналат.
Гуманитардык жардам болуп калктын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аскердик, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн аларды андан ары керектөө жана/же акысыз бөлүштүрүү шарттарында азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, башка мүлк түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж адамдарга мамлекеттер, уюмдар тарабынан кайтарымсыз берилген активдер саналат.
52. 154-уячада отчеттук жылдын ичиндеги жыйындыда курстук оң айырманын суммасынын курстук терс айырманын суммасынан ашкан суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Курстук айырма болуп валюталык мүлктү сомдук баалоонун же эсептөө датасындагы сомго карата колдонулган чет өлкөлүк валюта үчүн же отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчетту түзгөн жана отчеттук мезгилде бухгалтердик эсепти кабыл алган датага же мурдагы отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчетту түзгөн датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча милдеттенменин ортолорундагы айырма саналат.
Кассадагы чет өлкөлүк валютанын калдыгы, банктардын жана башка кредиттик мекемелердин эсептериндеги чет өлкөлүк валюта (чет өлкөлүк валютадагы төлөм эсеби жана алуу эсеби), чет өлкөлүк валютадагы финансылык салымдар, эсептешүүдөгү каражаттар (чет өлкөлүк валютадагы карыз милдеттенмелери) кайра эсептелет.
Бул уяча курстук оң айырманын суммасы курстук терс айырманын суммасынан ашып түшкөн учурда гана толтурулат.
53. 155-уячада пайыздык киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү. Пайыздык киреше болуп карыз талаптарынын бардык түрлөрүнөн түшкөн киреше, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн тартуу жана финансылоо операцияларынан алынган, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешени кошуп, облигациялар, векселдер жана башка карыз алуулардын түрлөрү боюнча кирешелер саналат.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн кредиттөөнүн ислам принциптери боюнча ишке ашырылган операцияларды тартуу жана финансылоо операциялары деп түшүндүрүлөт.
Бул уячаны толтурууда пайыздык кирешеден төлөм булагынын пайыздарынан салык кармалгандыгына көңүл буруу зарыл.
Салык кодексинин 221-беренесинин 3-бөлүгүнүн шарты боюнча пайыздардын салык салынган суммасына киреше булагына мурда салынган салыктардын пайыздары киргизилбейт.
Эгерде, киреше булагынан пайыздык кирешеге салык кармалбаса, анда ал толугу менен 155-уячада көрсөтүлөт.
Эгерде, салык агенти - ата мекендик уюм же жеке ишкер тарабынан кармалса, кармалган салыкты эсептен чыгаруу үчүн пайыздык кирешенин алынган суммасы булакта салык салынган кирешелер катары 3-тиркеменин 391-уячасында көрсөтүлөт.
Киреше булагынан кармалган салыктын суммасы тиешелүү документтер менен ырасталышы керек.
Эгерде пайыз салыгы салык агенти - чет өлкөлүк уюм тарабынан кармалса, анда эл аралык макулдашууга кайрылуу зарыл. Салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, кош салык салууну жоюу жөнүндөгү макулдашуу болгон учурда, эгерде мындай салыктын суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга жатса, салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат. Эсептелген пайыздык кирешенин суммасы (анын ичинде кармалган салык) 155-уячага киргизилет. Макулдашууга ылайык эсепке алынуучу салык Декларациянын 063-уячасында көрсөтүлөт.
Эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки листингдин категориялары боюнча фонддук биржалардын листингинде сатуу күнүндө болгон баалуу кагаздардын пайыздык кирешеси жана алардын өсүшүнүн кирешеси 1-тиркемеде көрсөтүлбөйт. Бул киреше салык салынбаган киреше деп эсептелип, 3-тиркемеге киргизилет.
54. 156-уячада алынган дивиденддер, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Салык төлөөчү тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддердин суммасы салык салынбаган кирешелерге кирет жана 3-тиркеменин 358-уячасында көрсөтүлөт.
Эскертүү. Дивиденд - төмөнкүлөрдү кошкондо салык төлөөчүнүн пайдасынын бир бөлүгү болуп саналат:
- уюмду жоюу учурунда адам тарабынан ага таандык акциялардан киреше түрүндө алынган нарктын өсүшү;
- жеке ишкердин пайда салыгын төлөгөндөн кийин анын бөлүштүрүүсүндө калган пайда;
- адамдын капиталдагы үлүшүнө ылайык төлөнгөн бардык төлөмдөр;
- айыл чарба товардык-сервистик кооперативдердин мүчөлөрүнө төлөнүүчү кооперативдик төлөмдөр;
- инвестициялык фонддогу үлүшүнө ылайык төлөмдөр.
55. 157-уячада отчеттук жылдын ичинде алынган роялтинин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Роялтиге сыйакы катары алынган төлөмдүн бардык түрлөрү кирет:
- компьютердик программаларды, кино, теле, видео фильмдерди же радио жана теле көрсөтүү үчүн жазмалар менен кошо, адабияттын, искусствонун же илимдин бардык чыгармаларын пайдалангандыгы же аларга автордук укуктарды пайдаланууга укук бергендиги үчүн;
- өнөр жай менчигинин объекттерине, соода маркасына, жасалгалоого же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматка (ноу-хау) болгон укугун ырастоочу бардык патенттер үчүн.
56. 158-уячада уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар жана компенсациялар түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп мисалы, Директорлор кеңешинин, Башкаруунун, Байкоочу Кеңешинин, башкача айтканда, башка уюмдун аткаруучулук эмес, башкаруучулук иштерине катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар жана компенсациялар саналат.
Мисал: бир юридикалык жак экинчи юридикалык жактын уюштуруучусу болуп саналат. Юридикалык жактын-уюштуруучунун бир кызматкери экинчи юридикалык жактын Директорлор кеңешинде уюштуруучунун кызыкчылыгын көздөөгө ыйгарым укуктуу. Директорлор кеңешинин жыйындары болгондо юридикалык жак-уюштуруучу жол киресин, күнүмдүк чыгымын, жатчу жерин төлөө менен өзүнүн кызматкерин иш сапарга жиберет. Мындан сырткары, экинчи юридикалык жак Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө финансылык жылдын аякташына карата сыйакы жана бонус төлөөнү белгилеген. Уюштурган юридикалык жактан сыйакылар, бонустар, жол киреге, күндөлүк чыгымдарга, жашаган жерине, өкүлчүлүк чыгымдарга компенсациялык төлөм түрүндөгү уюм-уюштуруучу тарабынан алынган суммалар 158-уячада көрсөтүлөт.
57. 159-уячада кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелер: ижара үчүн, ижарачыларды электр кубаты, суу, күзөт жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу үчүн төлөмдөр, ошондой эле ижарага байланыштуу башка кирешелер көрсөтүлөт.
58. 160-уячада ишкердик иш жүргүзгөн учурда колдонулбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, тактап айтканда, ишкердик максаттарында колдонулбаган социалдык багыттагы объекттерди - балдар бакчаларын, профилакторияларды, пансионаттарды, турак жайларды жана башка мүлктөрдү сатуу учурунда нарктын өсүшүнөн алынган кирешелер көрсөтүлөт.
59. 161-уячада баалуу кагаздарды жана катышуу үлүшүн сатуудан алынган кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт, анда төмөнкүлөрдү сатуу наркы чагылдырылат:
а) сатып алуунун наркын кемиткендеги акциялардын;
б) туунду баалуу кагаздардын;
в) сатуу күнүнө карата дисконттун амортизациясын жана/же сыйакыны эске алуу менен сатып алуунун наркын кемиткендеги купондорду эсепке албагандагы бересе баалуу кагаздардын;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сатып алуунун наркын кемитүү менен баалуу кагаздар деп таанылган мүлктүк укуктун башка объекттеринин;
д) салымдын, пайдын наркын кемиткендеги чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун, фонддордун капиталына, кооперативдердеги пайларга катышуу үлүшүнүн.
Эскертүү. Баалуу кагаздын кармоочусунун (акционеринин) акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн дивиденддер түрүндө алуу, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышуу жана ал жоюлгандан кийинки калган мүлктүн бир бөлүгүн алуу укугун ырастаган баалуу кагаз акция болуп саналат.
Туунду баалуу кагаздар - туунду баалуу кагаздардын базалык маалыматтык активине карата укуктарды ырастоочу баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарга төмөнкүлөр кирет: опциондор, своптор, форварддар, фьючерстер, депозитардык тилкаттар, варранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туунду баалуу кагаздар деп таанылган башка баалуу кагаздар. Товарлардын стандартташтырылган партиялары, баалуу кагаздар, валюта жана финансылык шаймандар базалык активдер болушу мүмкүн.
Акцияларды сатуудагы кирешелер катары сатуу баасынын жана сатып алуу баасынын ортосундагы оң айырма таанылат, ал ушул уячага киргизилет.
Туунду баалуу кагаздарды сатууга байланышкан чыгымдар киреше алууга багытталган чыгымдар катары 2-тиркеменин 250-уячасында көрсөтүлөт.
Бересе баалуу кагаздар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан чыгарылган же кепилденген мамлекеттик ички жана жергиликтүү зайымдардын баалуу кагаздары.
Бересе баалуу кагаздар боюнча киреше - дисконт же купон (дисконтту же баштапкы жайгаштыруунун наркынан алынган сыйакыларды жана/же сатып алуунун наркын эсепке алуу менен) векселдер боюнча төлөмдөр.
Бересе баалуу кагаздар боюнча купон - чыгаруунун шарттарына ылайык бересе баалуу кагаздардын номиналдык наркынан ашык эмитент тарабынан төлөнүүчү (төлөнүүгө жаткан) сумма.
Бересе баалуу кагаздар боюнча дисконт - номиналдык нарк менен бересе баалуу кагаздарын баштапкы жайгаштыруунун наркынын (купонду эсепке албаганда) же бересе баалуу кагаздарын сатып алуунун наркынын (купонду эсепке албаганда) ортолорундагы айырма.
60. 162-уячада субсидиялар (салык төлөөчүнүн экономикалык иши менен байланышкан белгилүү шарттарды буга чейинки же келечекте аткаруусунун ордуна активдерди өткөрүп берүү түрүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан берилүүчү жардам) көрсөтүлөт.
Субсидиялардан түшкөн киреше, субсидияларды пайдаланууга байланыштуу кеткен чыгымдардын ченеминде таанылат.
Субсидиянын пайдаланылбай калган бөлүгү кийинки мезгилдерге калтырылган киреше катары эсепте көрсөтүлөт.
61. 163-уячада салык мезгилинин аягына карата амортизацияланган активдердин топтору боюнча салыктык эсептөөнүн терс суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Амортизациялоого жаткан негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешеге киргизилбейт, ал Салык кодексинин 200-беренесинин жоболоруна ылайык, топтун салыктык наркын аныктоодо эске алынат. Эгерде, амортизацияланган активдердин топторунун салыктык наркы жылдын аягында нөлдөн аз болсо, салык төлөөчү өзүнүн кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.
62. 164-уячада инвентаризациялоонун натыйжасында аныкталган активдердин ашыкча наркы көрсөтүлөт. Инвентаризациялоонун негизги максаты болуп активдердин эсебин тактоо саналат. Ашыкча активдер табылган учурда, алардын эсептик наркын ушул уячаны толтуруу үчүн киреше катары таануу зарыл.
63. 165-уячада 166 жана 167-уячаларда чагылдырылган салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
64. 166-уячада кредитор тарабынан эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт. Эгерде кредиттик карыз боюнча милдеттенме карызды кечүү сыяктуу себеп менен жокко чыгарылган болсо, жабылбаган сумма киреше деп таанылышы жана Декларацияга киргизилиши керек. Эгерде карызды эсептен чыгаруу атайын мыйзамга ылайык, мисалы, бюджет алдындагы карызды реструктуризациялоо жөнүндөгү мыйзам менен ишке ашырылса, эсептен чыгарылган карыздын суммасы кирешеге киргизилбейт.
65. 167-уячада салык төлөөчүнүн милдеттенмесинин, анын ичинде үчүнчү жак тарабынан салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт. Милдеттенменин кайсыл түрү болбосун үчүнчү жак тарабынан аткарылышы мүмкүн, бирок жыйынтыгында салык төлөөчүдө бул карызды жоюу милдети келип чыкпаса, анда үчүнчү жак тарабынан төлөнгөн сумма салык төлөөчүнүн кирешеси деп таанылат.
66. 168-уячада карызды талап кылуу укугуна эпке келүүдөн түшкөн киреше көрсөтүлөт. Эгерде карызды которуунун натыйжасында салык төлөөчү киреше алса (алууга белгиленген төлөмдүн суммасы менен берилген карыздын суммасынын ортолорундагы оң айырма), анда көрсөтүлгөн айырма киреше деп таанылат жана ушул уячага киргизилет.
67. 169-уячада камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммаларынын ордун толтуруудан тышкары, камсыздандыруу келишимдери боюнча ордун толтуруунун камсыздандырылган суммалары көрсөтүлөт. Эгерде камсыздандыруу учурунун келишинин натыйжасында салык төлөөчү камсыздандыруу келишимине ылайык ордун толтуруу каражатын алса, анда камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммаларынын ордун толтуруудан башка көрсөтүлгөн сумма киреше деп таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Эскертүү. Салыктык амортизациянын топторуна киргизилбеген камсыздандырылган негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандырылган ордун толтуруулардын суммасы киреше деп таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Негизги каражаттарды камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган, салыктык амортизациянын топторуна киргизилген камсыздандырылган төлөмдөр бул уячага киргизилбейт, ал салык кодексинин 201-беренесинин жоболоруна ылайык, негизги каражаттардын топторунун салыктык наркын аныктоо учурунда эске алынат.
68. 170-уячада 171 жана 172-уячаларда көрсөтүлгөн шектүү милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Шектүү милдеттенме - салык төлөөчү тарабынан төлөнө турган сумма, аны ал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган соттун чечими боюнча милдеттенмелерин токтотуунун, банкрот болуунун, жоюлуунун же кредит берүүчүнүн өлүмүнүн, же доонун мөөнөтүнүн эскиришинин кесепеттеринен улам төлөгөн эмес.
69. 171-уячада Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген доонун мөөнөтүнүн эскиришине байланыштуу эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык доонун эскирүү мөөнөтү үч жылга аныкталат. Доонун эскириши кредит берүүчүнүн милдеттенмени аткаруу тууралуу талап коюу укугу пайда болгон учурдан башталат. Бул эгерде карызкорго милдеттенмени аткаруу боюнча жеңилдетилген убакыт берилсе, доонун эскириши көрсөтүлгөн убакыт аяктаган күндөн кийинки күндөн баштап эсептелинет дегенди түшүндүрөт.
70. 172-уячада соттун чечими боюнча эсептен чыгарылган милдеттенменин суммасы көрсөтүлөт.
71. 173-уячада социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдаланууда алынган кирешелердин чыгымдардан ашып түшүшү көрсөтүлөт:
а) эгерде, аталган же багыты боюнча окшош объекттердин пайдалануудан чыгарылган кирешеси бул объекттерди колдонууга байланышкан чыгымдардан ашышы, ашып түшүүнүн суммасы киреше катары таанылат жана бул уячада көрсөтүлөт;
б) эгерде, социалдык объекттерди пайдаланууга кеткен чыгым андан түшкөн киреше менен тең болсо же ашып түшсө, 173-уячада "0" цифрасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Социалдык чөйрөнүн объекттерине төмөнкүлөр кирет:
- мектепке чейинки мекемелер (бала бакчалар, яслилер);
- медициналык мекемелер (ооруканалар, санаторийлер, эмканалар, профилакториялар);
- маданий объекттер (маданият үйлөрү, клубдар, кинотеатрлар, китепканалар);
- мейманканалар жана эс алуу объекттери (пансионаттар, балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлери, эс алуу базалары, туристтик базалар);
- спорт комплекстери жана курулмалар;
- турак жай фонду (турак жай үйлөрү жана жатаканалар);
- коммуналдык кызмат көрсөтүүгө багытталган объекттер (суу менен жабдуу, канализация, электр кубаты, ысык суу жана жылуулук менен жабдуу, жолдор, жашылдандыруу, тазалоочу курулмалар жана башка коомдук кызмат көрсөтүүлөр).
72. 174-уячада мурда эсептен чыгарылган деп саналган чыгымдар боюнча компенсациялар көрсөтүлөт. Мурунку мезгилдердеги чыгашасы, чыгымы же кайтарылгыс карыздары бар жана аларды эсептен чыгаруу түрүндө мурунку мезгилдердин Декларациясына киргизген, ал эми отчеттук жылы ордун толтурууну алган салык төлөөчү, ордун толтуруунун алынган суммасын киреше катары таанышы жана бул уячага киргизиши керек.
Мисал. Подрядчы турак үйүнүн курулушуна түзүлгөн келишим боюнча андагы сметада каралбаган кошумча чыгымдарга туш болду, ал аны өткөн жылдагы чыгымдар менен көрсөткөн. Отчеттук жылда бул чыгымдардын ордун толтуруу тууралуу заказчы менен макулдашылган. Алынган ордун толтурууну подрядчы отчеттук жылдын кирешеси катары таанууга милдеттүү.
73. 198-уячада отчеттук жыл ичинде алынган, 3-тиркемеде көрсөтүлгөн салык салынбаган кирешелерге кирбеген жана жогоруда саналып өтпөгөн башка кирешелер, анын ичинде Декларация тапшыруучунун жөнөкөй шериктештиктин ишинен алган пайдасынын үлүшү көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп төмөнкүлөр таанылышы мүмкүн:
а) жөнөкөй шериктештиктин келишими боюнча алынган, келишимге ылайык катышуучулардын ортолорунда бөлүштүрүлгөн жана ар бир шериктеште өз өзүнчө эске алынган пайда;
б) мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында ишенимдүү башкаруучу ала турган сыйакы;
в) алынган туумдардын, айыптардын жана санкциялардын суммасы.
Мисалы, эгерде мурда резервди түзүүгө багытталган суммалар эсептен чыгарууга кошулуп, андан кийин резерв кыскарса, мындай кыскартуу Декларацияны толтуруу максатында киреше катары таанылат жана бул уячада көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамына ылайык, резервдин көрсөтүлгөн кыскаруусу кирешени көбөйтүү же чыгымды азайтуу мүмкүндүгүнө карабастан, жогоруда аталган эреженин белгилениши 2-тиркеменин формасынын түзүмүнүн өзгөчөлүгү менен шартталган.
74. 199-уячада отчеттук жыл ичинде уюм тарабынан алынган жылдык жыйынды кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150-198-уячага чейинки бардык уячалардын маанилеринин жалпы суммасы киргизилет. Тиркеменин бул уячасында алынган маани Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
4-глава. "Эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар" (FORM STI-101-002) 2-тиркемени толтуруу
75. Салык төлөөчүнүн чыгымдары, эгерде бул чыгымдар отчеттук жылдын ичинде салык төлөөчүнүн ишкердик ишинен алынган кирешелер менен байланышса, бул тиркемеде көрсөтүлөт.
Эскертүү. 3 жана 7-тиркемелерде көрсөтүлгөн кирешелер менен байланышкан чыгымдар бул тиркемеде көрсөтүлбөйт.
76. 250-уячада киреше алууга багытталган чыгымдар көрсөтүлөт. Салык төлөөчү киреше алуу менен байланышкан документтик түрдө ырасталган бардык чыгымдарды, ошондой эле курстук айырманын терс суммасынын курстук айырманын оң суммасынан ашып түшүшүн эсептен чыгарууга укуктуу. Салык кодексинин 209-беренесинде көрсөтүлгөн эсептен чыгарууга тийиш болбогон чыгымдар буга кирбейт.
Эскертүү. Документтик түрдө ырасталган чыгымдар катары, документтик түрдө ырасталган чыгымдар таанылат, алардын тизмеги, формасы жана маалымдаректери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген жана бүтүмдүн өлчөмүн, бүтүмдүн мүнөзүн аныктоого жана анын катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берет.
Бул уячага төмөнкүлөр киргизилбейт:
- негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан чыгымдар жана башка капиталдык чыгымдар, анткени алар салык амортизациясы аркылуу эсептен чыгарылат;
- бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине төлөнүп жаткан, салык салуудан кийинки уюмдун пайдасынын булагы болуп саналган салык санкциялары, туумдар жана пайыздар;
- Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкү салыктар:
пайда салыгы;
Салык кодексине ылайык чегерилбеген КНСтен тышкаркы КНС, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу учурунда жеткирүүчүлөргө төлөнө турган сатуудан алынуучу салыктан тышкаркы сатуудан алынуучу салык, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
Салык кодексине ылайык эсептен чыгарууга тийиш болбогон акциздик салыктан башка акциздик салык, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
Салык кодексинин 207-беренесинде белгиленген резервден башка резервдерге чегерүү түрүндөгү чыгымдар;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмек боюнча социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу учурунда келтирилген чыгымдардын, бул объекттерди пайдалануу учурунда алынган кирешелерден ашып түшүшү;
бул чыгымдар көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө максатында жүргүзүлгөндүктөн жана өндүрүштүк зарылдыктан улам келип чыккандыгынын фактысын ырастагандан башка учурларда, башка адам тарткан ар кандай чыгымдар;
Салык кодексине ылайык кирешесине салык салынбай турган менчиктин ар кандай түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө кеткен чыгымдар;
өз ара көз каранды субъект менен уюмдун менчигин сатуу же алмаштыруу менен түз же кыйыр байланышкан ар кандай чыгымдар;
бул уюмдун ишкердик иш менен байланышпаган үчүнчү жактарга карата уюмдун чыгымы;
салык агенти тарабынан киреше салыгы салынгандан бөлөк, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатуу учурунда баанын айырмасын төлөөгө кеткен чыгымдар;
Эгерде уюм товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатуу учурунда баанын айырмасына киреше салыгын кошуп эсептесе, анда ал көрсөтүлгөн чыгымдарды эсептен чыгарууга укуктуу;
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ченемдик укуктук актылар менен белгиленген ченемдерден ашык табигый жоготуулардын жана азаюулардын суммасы;
Салык кодекси менен белгиленген учурлардан тышкары, мүнөзүн жана өлчөмүн ырастоочу документтер менен аныктоого мүмкүн болбогон чыгымдар;
киреше алуу менен байланышпаган чыгымдардын суммасы;
пайда салыгы салынбаган кирешелерге байланышпаган чыгымдар;
киреше салыгы салынган ашып түшүүнүн суммасынан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектен ашып түшкөн өлчөмдө уюмдун кызматкерлери кызматтык иш сапарында болгон мезгил үчүн төлөнүүчү күнүмдүк акча.
Эгерде уюм өздөрүнүн кызматкерлерине белгиленген чектен ашык төлөгөн күнүмдүк акчага киреше салыгын кошуп эсептесе, уюм көрсөтүлгөн чыгымдарды эсептен чыгарууга укуктуу, ал 251-уячада көрсөтүлөт;
банкеттерге, көңүл ачууларга же эс алууларга кеткен чыгымдар;
уюм-эмитент тарабынан акцияларды (үлүштөрдү, пайларды) жайгаштыруу үчүн акы катары мүлктөрдү алуу учурунда келип чыккан чыгымдар.
минималдык эсептелген кирешеден төлөнгөн сумма менен иш жүзүндөгү эмгек акыдан кошуп эсептелген киреше салыгынын суммасынын ортосундагы айрыма.
77. 251-уячада кызматтык иш сапарлар жана өкүлчүлүк чыгымдары боюнча чыгымдардын суммасынан эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт. Кызматтык иш сапары боюнча эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
а) ырастоочу документтерге ылайык иш сапарынын ордуна барууга жана кайра келүүгө, анын ичинде резервге коюлуучу акы төлөөгө кеткен чыгымдар. Ырастоочу документтер болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегиндеги жол жүрүүгө кеткен чыгымдар эсептен чыгарылууга тийиш;
б) ырастоочу документтерге ылайык жашоого, анын ичинде резервге коюлуучу чыгымдарга акы төлөөгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар. Ырастоочу документтер болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегиндеги турак жайды жалдоо боюнча кеткен чыгымдар эсептен чыгарылууга тийиш;
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегиндеги Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан сырткары болгон мезгилге төлөнүүчү күндөлүк акчалар. Ошондой эле, эсептен чыгарууга өз кызматкерлерине белгиленген чектен ашык төлөнгөн күндөлүк акчанын суммасы жатат, эгерде салык төлөөчү бул суммага киреше салыгынын ашып түшүшүн кошуп эсептесе.
Эскертүү. Иш сапардын чыгымдары салык төлөөчүлөрдүн кызматкерлеринин дарегине гана жүргүзүлүшү мүмкүн, бул Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен каралган. Иш сапар үчүн кызматкерлерге төлөнгөн акчалардан тышкары, салык төлөөчү уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрүнө, алар өздөрүнүн милдеттерин аткаруу учурунда тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу менен байланышкан чыгымдарга туш болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн чыгымдар: берилген документтерге ылайык жол жүрүү, жашаган жери боюнча жана иш сапары үчүн белгиленген ченемдердин чегиндеги күндөлүк акчалар дагы эсептен чыгаруулар деп таанылат жана киреше алууга багытталган чыгымдар катары 2-тиркеменин 250-уячасында көрсөтүлөт.
Өкүлчүлүк чыгымдарына уюм тарабынан адамдарды кабыл алууга жана тейлөөгө багытталган чыгымдар кирет:
- өз ара кызматташтыкты белгилөө же колдоо көрсөтүү үчүн сүйлөшүүлөргө катышкандарды;
- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн директорлор кеңешинин жыйынына келишкен катышуучуларды. Бул чыгымдар киреше алуу менен байланыштуу болушу жана документтер менен ырасталышы керек.
78. 252-уячада кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого кеткен эсептен чыгарылган чыгымдардын суммасы көрсөтүлөт. Кадрларды даярдоого, кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган чыгымдар төмөнкү шарттарды сактоо учурунда, уюмдун кирешесин алууга байланышкан эсептен чыгаруулар катары таанылат:
а) эгерде, даярдоо жана/же кайра даярдоо программасы окутулуп жаткан адисти салык төлөөчүнүн ишинин алкагында квалификациясын жогорулатууга же алда канча натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшсө: квалификациясынын деңгээлине болгон талаптардын жогорулашына байланыштуу адистердин теориялык жана практикалык билимдеринин жаңыланышына, кесиптик ишти аткаруу үчүн зарыл болгон кесипкөйлүк милдеттерди, кошумча билимди, ык жана көнүгүүлөрдү чечүүнүн азыркы ыкмаларын өздөштүрүүнүн зарылдыгына;
б) эгерде, даярдоодон жана/же кайра даярдоодон салык төлөөчүнүн штатында турушкан, толук жумуш күнүн иштешкен, жаш курактары 23 жана андан жогору жумушчулар өтүп жатышкан болсо;
в) эгерде, билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ата мекендик уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жатса.
79. 253-уячада кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздык чыгымдар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизүүгө чейин алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгымдарга байланыштуу төлөнгөн пайыздардын суммасы жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга жатпайт, тескерисинче, салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартибин колдонгон учурда алардын наркын жогорулатат. Салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби колдонулган учурда, амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө байланышкан же алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгымдар менен байланышкан пайыздык чыгымдар, ушул каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга жатат.
Эгерде алынган сумма ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылган болсо, салык төлөөчүнүн карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды төлөөнүн чыгымдары эсептелген же төлөнгөн пайыздардын өлчөмүндө эсептен чыгарылууга тийиш.
80. 254-уячада инновациялык ишке кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:
- илимий-изилдөө иштери;
- тажрыйбалык-конструктордук иштер;
- долбоордук-иликтөө иштери;
- илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;
- колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;
- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.
Негизги каражаттарды сатып алууга жана/же өндүрүүгө байланышкан чыгымдар негизги каражаттардын тийиштүү топторунун наркына кошулат жана амортизацияланат.
81. 255-уячада Салык кодексинин 200-беренесине ылайык амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Уюмдун менчигинде болгон, пайдаланууга киргизилген жана киреше алуу үчүн колдонулган, наркы 100 эседен көбүрөөк эсептик көрсөткүчтү түзгөн негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер амортизацияланууга жатат.
Ошондой эле, уюм тарабынан лизинг келишимдери боюнча алынган жана киреше алуу үчүн колдонулган негизги каражаттар амортизацияланууга жатат.
Суу, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жерлер жана жаратылышты пайдалануунун башка объекттери, ошондой эле товардык-материалдык запастар, капиталдык курулуштун аягына чыкпаган объекттер, баалуу кагаздар, финансылык аспаптар, орнотула элек жабдуулар, негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, салык төлөөчү тарабынан өндүрүүдө жана/же сатып алууда пайдаланылбаган товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр амортизациялоого жатпайт. Мындан сырткары, отчеттук жыл ичинде наркы толук бойдон даяр продукциянын, аткарылган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына көчүрүлгөн мүлктөр амортизациялоого жатпайт.
Бул уячаны толтуруу үчүн амортизациялана турган мүлктүн курамынан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылат:
- келишимдер боюнча кайтарымсыз колдонууга берилгендер;
- консервацияга которулгандар;
- 12 айдан ашык убакыт реконструкцияланып жана модернизацияланып жаткандар.
Киреше алууга катышкан негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан чыгымдар жана башка капиталдык чыгымдар эсептен чыгаруулар катары таанылбайт.
Салык амортизациясынын эсеби үчүн негизги каражаттардын наркына төмөнкүлөр киргизилбейт:
- негизги каражаттарды түзүүгө катышкан кызматкерлердин эмгек акы фондуна кошуп эсептелген камсыздоо төгүмдөрүнүн суммасы;
- жаңы негизги каражаттарды түзүүгө катышкан негизги каражаттардын оңдоосуна кеткен амортизация жана чыгымдар.
Стандарттык тартип боюнча пайда салыгынын салыктык базасын эсептеп чыгуу учурунда амортизациялоого жаткан бардык негизги каражаттар Салык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 6-топ боюнча классификацияланат.
Бул учурда тоо кен ишиндеги уюштуруу чыгымдарын караган 6-топ боюнча амортизациянын төмөндөтүлгөн ченемин колдонууга жол берилет. Эгерде, уюм амортизациянын төмөндөтүлгөн ченемин колдонууну чечсе, анда ал кийинки салыктык мезгил ичинде амортизациялоонун тандалып алынган ставкасын өзгөртүүгө укуксуз.
Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн негизги каражаттарды кайра баалоо топтун салыктык наркын көбөйтпөйт жана азайтпайт.
82. Уюмдун кирешесинен төмөнкүлөр эсептен чыгарылууга тийиш:
а) Салык кодексинин жоболоруна ылайык эсептелип чыккан, амортизациялана турган негизги каражаттарга амортизациялык кошуп эсептөөлөр;
б) отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркынын суммасы, эгерде ал 100 эсептик көрсөткүчтөн азды түзсө;
в) топтун калган салыктык наркы, эгерде топтогу бардык негизги каражаттар сатылса, башка адамга берилсе же жоюлса.
83. 256-уячада салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартиби колдонулган учурда төмөнкү негизги каражаттарды оңдоо иштерине кеткен чыгымдардын эсептен чыгаруулары көрсөтүлөт:
а) уюмдун менчик укугунда болгондор, ошондой эле финансылык ижаранын (лизингдин) предмети болуп саналгандар. Эсептен чыгарылууга тийиш болгон оңдоого кеткен чыгымдардын суммасы, өткөн жылдын аягына карата топтун салыктык наркы катары аныктала турган, негизги каражаттардын ар бир тобуна карата мурунку жылы эсептелген амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасына азайтылган, жылдын башына карата топтун салыктык наркынын 15 пайызы менен чектелет. 15 пайыздык чектөөдөн ашып түшкөн сумма топтун наркына кошулган негизги каражаттардын наркы катары каралат жана отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркын жогорулатат;
б) ижарага алынган негизги каражаттар. Ижарага алынган негизги каражаттарды оңдоо учурунда, ижарачы ар бир ижарага алынган негизги каражаттар боюнча оңдоого кеткен чыгымдардын негизинде топ түзүүгө жана амортизациялык чегерүүлөр түрүндө оңдоого кеткен чыгымдарды кармап калууга милдеттүү. Ар бир топ боюнча амортизациянын ченеми, уюм тарабынан ижара келишиминин иштөө мөөнөтүнө жараша белгиленет. Ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы топтун калган салык наркын эсептен чыгарууга жана аны бул уячага киргизүүгө укуктуу.
Эскертүү. Салык кодексинин 199-беренесине ылайык, амортизацияны эсептөө үчүн топко 100 эседен кем эмес эсептик көрсөткүчтүн наркы бар негизги каражаттар киргизилет, ал эми оңдоого кеткен чыгымдар 100 эседен кем болгон эсептик көрсөткүчтөрдү түзгөндө, анда топ түзүлбөйт жана сумма толук өлчөмүндө эсептен чыгарууга кирет.
Салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби колдонулган учурда, негизги каражаттарга карата оңдоого кеткен чыгым чектелбеген эсептен чыгарууларга кирет.
84. 257-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүнү эсептен чыгаруу көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы эсептен чыгарууга кирет. Салык төлөөчү бул уячага, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамы менен белгиленген өлчөмдө, жумуш берүүчүнүн каражаттарынан жумушчуларга берилген төлөмдөрдүн баардык түрлөрүнөн эсептеп чыгарылган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын киргизүүгө укуктуу.
85. 258-уячада баалуу кагаздарды сатуу учурунда келип чыккан чыгымдар көрсөтүлөт:
а) бересе баалуу кагаздардан тышкары, баалуу кагаздар боюнча сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортолорундагы терс айырма;
б) дисконттун амортизациясын жана/же бересе баалуу кагаздарды сатуу датасына карата сыйакыны эсепке алып сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма.
Эскертүү. Салык кодексинин 205-беренесине ылайык, баалуу кагаздарды сатууда тартылган чыгым, башка баалуу кагаздарды сатуу учурунда алынган кирешелердин эсебинен компенсацияланат, мындай учурда бул уячада көрсөтүлгөн чыгымдын суммасы "0"гө барабар болушу мүмкүн же 1-тиркеменин 161-уячасында көрсөтүлгөн суммадан ашык болбошу керек. Баалуу кагаздарды сатуудагы чыгымдар баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелерди азайтат.
Эгерде чыгымдар, алар пайда болгон жылы компенсацияланбай турган болсо, анда алар 5 жылдык мөөнөткө узартылышы жана ушул 5 жылдын ичинде баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин эсебинен орду толтурулушу керек.
86. 259-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) потенциалдуу кредиттик, кепилдик жана лизингдик жоготууларды жана чыгашаларды жабуу үчүн банк же кепилдик фонд тарабынан резервге жиберилүүчү, берилген банктык кредиттерди жана аларга теңдештирилген активдерди, анын ичинде кепилдик фонддор берген кепилдиктерди камсыз кылуу максаттарында гана пайдаланылуучу сумма, ошондой эле Депозиттерди коргоо фондуна жиберилүүчү банктардын төгүмдөрү. Резервге чегерүүлөрдүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет;
б) отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык камсыздандыруу резервдик фонддоруна камсыздандыруу ишин жүргүзгөн ата мекендик уюм тарабынан жиберилген чегерүүлөрдүн суммасы.
Эскертүү. Жогоруда саналгандардан башка, бардык уюмдар үчүн резервдерге чегерүү түрүндөгү чыгымдар эсептен чыгарылбайт.
87. 260-уячада кайрымдуулукка кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт, алар акча каражаттарын жана мүлктү кошкондо (баланстык наркы боюнча) төмөнкү даректерге кайтарымсыз берилген активдерди камтыйт:
а) кайрымдуулук уюмдарына;
б) жеке менчик формасына карабастан маданият жана спорт уюмдарына.
Эскертүү. Кайрымдуулук уюму - коммерциялык эмес уюм:
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин жүргүзгөн;
- акциздик товарларды өндүрбөгөн жана/же сатпаган;
- саясий партияларды же шайлоо өнөктүктөрүн колдоого катышпаган.
Маданияттын жана спорттун уюмдары катары, иштин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү, маданий байгерчиликти, ошондой эле дене тарбия жана спорт тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо болуп саналган, менчик формасына карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар таанылат.
Отчеттук мезгил ичиндеги эсептен чыгаруунун суммасы, бул активдер аларды берген салык төлөөчүнүн пайдасы үчүн колдонулбаган шартта, Декларациянын 057-уячасында көрсөтүлгөн салык салынган пайданын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
88. 261-уячада отчеттук жыл ичинде төлөнүүгө жана эсептен чыгарылууга тийиш болгон салыктардын суммасы көрсөтүлөт:
а) жер салыгынын;
б) мүлк салыгынын;
в) чегерүүгө жатпаган КНСтин;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктардын.
89. 298-уячада Салык кодексинин 209-беренесинде саналып өткөндөрдөн жана ушул тиркеменин 250-261-уячаларында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, башка эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Мындай эсептен чыгаруулар болуп маселен, жамааттык келишимге ылайык жумушчуларга социалдык жеңилдиктердин чыгымдары (материалдык жардам, ысык тамак, жолдомолор ж.б.), башкаруу органынын мүчөлөрүнө төлөнө турган компенсациялар саналышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн төлөмдөр, эгерде аларга киреше салыгы салынган болсо, эсептен чыгарылууга тийиш болот.
90. 299-уячада 250-298-уячалардын маанилеринин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. Бул уячанын мааниси Декларациянын 051-уячасына көчүрүлөт.
5-глава. "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булагында салык салынган кирешелер" (FORM STI-101-003) 3-тиркемени толтуруу
91. 3-тиркеме эки бөлүмдөн турат:
I. Салык салынбаган кирешелер;
II. Төлөм булагында салык салынган кирешелер.
92. 350-уячада төмөнкү сумма көрсөтүлөт:
а) үлүштүк салым катарында алынган мүлктүн наркынын;
б) уставдык капиталга төгүмдүн;
в) уюмга катышуунун үлүшүн анын алгачкы наркынын өлчөмүндө сатуудан түшкөн кирешенин.
93. 351-уячада төмөнкү суммалар көрсөтүлөт:
а) уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен өзүнүн жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз алынган негизги каражаттардын жана акча каражаттарынын нарктары;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизменин негизинде, төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине акысыз алынган объекттердин (гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын, гидротехникалык курулмалардын, суу топтоочу курулмалардын, тоо кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин, ошондой эле жер участокторун пайдалануу укугунун) нарктары.
94. 352-уяча коммерциялык эмес уюм тарабынан гана толтурулат жана 353-357-уячалардын маанилеринин жыйынтыгы болгон сумманы камтыйт.
95. 353-уячада Салык кодексинин 153-беренесинде каралган алардын аныктамаларына ылайык, жыл ичинде келип түшкөн мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрүнүн суммасы көрсөтүлөт.
96. 354-уячада уставдык максаттарда пайдалануу шартында алынган гуманитардык жардамдардын жана гранттардын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячаны толтуруу үчүн Салык кодексинин 153-беренесинде каралган аныктамаларды пайдалануу керек.
97. 355-уячада уставдык максаттарда пайдалануу шартында кайтарымсыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Коммерциялык эмес уюм наркы салык салынбаган кирешелерге кирген жабдууларды, имараттарды, курулуштарды, эмеректи, техниканы жана башка активдерди кайтарымсыз ала алат.
98. 356-уячада көп батирлүү үйлөрдү техникалык жактан күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн, имараттарды жана курулмаларды тейлөөгө батирлердин менчик ээлеринен коммерциялык эмес уюм тарабынан алынган төлөм акы көрсөтүлөт.
99. 357-уячада суу пайдалануучуларынын ассоциациясы тарабынан, уставдык иштин чегинде сугат суусун берүү боюнча кызматы үчүн алынган төлөм акы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Пайда салыгы салынбаган кирешелерди алуу менен байланышкан чыгымдар эсептен чыгарууга тийиш эмес жана 2-тиркемеде көрсөтүлбөйт.
100. 358-уячада ата мекендик уюмдарда катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддер киреше болуп саналат жана 1-тиркеменин 156-уячасына киргизилет.
101. 359-уячада эгерде уюмга шериктештер тарабынан жөнөкөй шериктештиктин эсебин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсе, шериктештердин салымы катары жөнөкөй шериктештик тарабынан алынган мүлктүн наркы көрсөтүлөт. Жөнөкөй шериктештиктен кайтарылган салымдар шериктештердин кирешеси болуп саналбайт.
102. 360-уячада ишенимдүү башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкарууга кабыл алынган мүлктүн наркы көрсөтүлөт. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, башкаруучу менчик ээсинен түшкөн каражаттардын (негизги каражаттар, мүлк комплекстери жана башкалар) ушул уячада чагылдырыла турган наркын башкарууга алат. Ошол эле учурда, ишенимдүү башкаруучудан мүлктөрдүн менчик ээсине кайтарылышы, менчик ээсинин кирешеси болуп саналбайт.
103. 361-уячада баалардын өйдө-төмөн болушунун натыйжасында өзүнүн акцияларынын наркынын алардын номиналдык наркынан ашып кетиши түрүндөгү киреше көрсөтүлөт.
104. 362-уячада өзүнүн акцияларын сатууда нарктын өсүшүнөн түшкөн киреше көрсөтүлөт. Эгерде уюм өзүнүн акцияларын алардын эсептик наркынан ашкан наркта сатса, анда ашыкча сумма салык салынбаган киреше катары таанылат.
105. 363-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фонддук биржанын листингинде болгон баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше жана пайыздык киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү. Листинг - бул фондулук биржада баалуу кагаздарды расмий сатууга уруксат берүү жол-жобосу. Компаниянын баалуу кагаздарынын эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болушу, мыйзамдардын жана фондулук биржанын талаптарына ылайык компаниянын иши жөнүндө маалыматтын ачылып жаткандыгын, башкача айтканда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын биржалык баалары ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ экендигин билдирет.
Эгерде пайыздык киреше жана баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше баалуу кагаздардын ушул категориясынан алынса, алар салык салынбай тургандар деп таанылат.
106. 364-уячада финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча, негизги каражаттарды сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү. Финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешени салык салынбаган кирешелердин курамына киргизүү иштин бул түрүн өбөлгөлөөгө багытталган убактылуу чара катары киргизилген жана ал 2017-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
106-1. 365-уячада объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык уюмдун менчигинин түрүнө карабай, аталган объектилерди багыты боюнча пайдаланган, эксплуатациялаган жана тейлеген социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объектилеринен, жолдордун, суу менен камсыз кылуу жана канализация, электр тармактарынын жана эсепке алуу приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсепке алуу приборлорунун объектилеринен адистештирилген уюмдар акысыз алган негизги каражаттарынын наркы көрсөтүлөт.
107. 389-уячада белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык макулдашууларга, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык, салык салынбаган киреше катары таанылган, 3-тиркеменин 350-365-уячаларында көрсөтүлбөгөн башка салык салынбаган кирешелер көрсөтүлөт.
108. 390-уячада 350-389-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон бардык салык салынбаган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт.
109. 391-уячада төлөм булактарында мурда салык салынган пайыздык киреше көрсөтүлөт. Пайыздык кирешени аныктоо жана аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү ушул Тартиптин 53-пунктунда берилген.
110. 398-уячада төлөм булактарында салык салынган, ушул Тиркеменин 391-уячасында көрсөтүлбөгөн башка кирешелер көрсөтүлөт.
111. 399-уячада төлөм булактарында салык салынган, 391 жана 398-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт.
6-глава. "Салыктан бошотулган пайда" (FORM STI-101-004) 4-тиркемени толтуруу
112. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу салык төлөөчүнү Декларация берүү милдетинен бошотпойт.
113. 450-уячада кайрымдуулук уюмдарынын кайрымдуулук ишинен алган пайдасы көрсөтүлөт. Кайрымдуулук уюм тарабынан коммерциялык иштен алынган пайда пайда салыгынан бошотулбайт.
Эскертүү. Кайрымдуулук иши - жарандарга жана юридикалык жактарга активдерди чын дилден берүү (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды сатууга кеткен чыгымдардан ашпаган акыга кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын ыктыярдуу иш-аракети.
Кайрымдуулук уюму - коммерциялык эмес уюм:
а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин жүргүзгөн;
б) акциздик товарларды өндүрбөгөн жана/же сатпаган;
в) саясий партияларды же шайлоо өнөктүктөрүн колдоого катышпаган.
114. 451-уячада I жана II топтогу майыптар коомдорунун, ошондой эле Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жылдык эмгек акы фондунун кеминде 50 пайызын түзгөн уюмдарынын пайдасы көрсөтүлөт.
115. 452-уячада айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн пайдасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчү уюмдар же жеке адамдар салык максаттарында айыл чарба өндүрүүчүсү деп таанылат, мында бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат календардык жыл ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем болбошу керек.
116. 453-уячада Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин пайдасы көрсөтүлөт.
117. 454-уячада айыл чарба кооперативдеринин пайдасы көрсөтүлөт.
118. 455-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесине ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объектилерин эксплуатацияга киргизген күндөн тартып 5 жылдын ичинде пайда салыгынан бошотулган, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрүнүн пайдасы көрсөтүлөт.
119. 456-уячада кредиттик союздар тарабынан алынган пайда көрсөтүлөт.
120. 457-уячада Салык кодексинин 212-беренесине ылайык пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш товарлардын акцизделүүчү тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары, айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын пайдасы көрсөтүлөт.
121. 458-уячада машина-трактордук станциялардын пайдасы көрсөтүлөт.
122. 459-уячада жеке менчик формасында түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдары-бала бакчалардын пайдалары көрсөтүлөт.
123. 460-уячада кардиохирургия багытындагы жеке медициналык мекемелердин пайдалары көрсөтүлөт.
124. 461-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221-2-беренесине ылайык 0 пайыздык өлчөмдөгү ставка боюнча салык салынган пайда көрсөтүлөт.
124-1. 462-уячада жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын пайдасы көрсөтүлөт.
124-2. 463-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык "0" ставка боюнча салык салынуучу пайда көрсөтүлөт.
124-3. 464-уячада айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун пайдасы көрсөтүлөт.
125. 498-уячада Салык мыйзамдарында каралган, ошондой эле анын катышуучусу Кыргыз Республикасы болуп саналган эл аралык келишимдер менен мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, пайда салыгы боюнча башка жеңилдиктер таркатылган пайда көрсөтүлөт. Эгерде, уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган пайдага же анын кандайдыр бир бөлүгүнө салык салууга милдеттүү болбосо, анда бул уячада бошотууга жаткан сумма көрсөтүлөт.
126. 499-уячада 450-498-уячалардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячанын мааниси Декларациянын 053-уячасына көчүрүлөт.
Бул суммадан пайда салыгы келип чыкпайт, анткени салык салынган пайданын өлчөмүн аныктоодо 053-уячада көрсөтүлгөн сумма пайданын жалпы суммасынан эсептен чыгарылууга тийиш.
7-глава. "Мүлк салыгы" (FORM STI-101-005) 5-тиркемени толтуруу
127. 5-тиркемеде салык төлеөчү менчик укугунда ага таандык болгон, анын ичинде салык салынууга тийиш болбогон/бошотулган, ошондой эле өткөн отчеттук жыл үчүн 1-топтогу, 2-топтогу, 3-топтогу жана 4-топтогу объекттер боюнча мүлк салыгын эсептөөлөрдүн маалыматтарынын, ошондой эле салык салынууга тийиш болбогон/бошотулган, же жеңилдетилген салык салууга жаткан мүлк объекттери боюнча укукту белгилөөчү жана/же укукту күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматтарынын негизинде жеңилдетилген салык салууга жаткан бардык мүлк объектилери жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтөт.
128. Мүлк салыгын төлөөчү болуп менчигинде салык салынуучу мүлкү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, финансылык ижара же ипотекалык кредит келишиминин чегинде сатып алынган мүлкү бар субъект саналат. Эгерде, мүлктүн менчик ээсинин кайсыл жерде экенин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгынын салык төлөөчү болуп, бул мүлктү колдонгон субъект саналат.
129. Тиркеменин I бөлүмүн толтуруу үчүн алгач 5-тиркеменин төмөнкү чечмелөөлөрү толтурулат:
а) 1, 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча;
б) 4-топтогу (транспорт каражаттары) мүлк объекттери боюнча.
130. 1, 2, 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча чечмелөөлөрдүн жана 4-топтун мүлк объекттери боюнча чечмелөөлөрдүн көрсөткүчтөрү 5-тиркеменин 1-бөлүмүнө көчүрүлөт.
131. 5-тиркеменин II бөлүмүндө чечмелөөлөрдүн аталыштарынын оң жагында жайгашкан уячаларда "X" белгиси көрсөтүлөт, бул белгиленген чечмелөөнүн берилгенин түшүндүрөт, ошондой эле ар бир чечмелөөлөрдүн барактарынын саны көрсөтүлөт.
§ 7.1. 1, 2 жана 3-топтордун мүлк объекттери боюнча (FORM STI-101-005-01) 5-тиркеменин чечмеленишин толтуруу
132. 1-графанын уячаларында төмөнкү таблицага ылайык, мүлк объектисинин тобунун коду көрсөтүлөт:
Коду | Мүлк объектисинин тобу |
01 | 1-топ |
02 | 2-топ |
03 | 3-топ |
04 | 4-топ |
Эскертүү: 1-топтогу мүлк объекттерине туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн колдонулбаган турак-жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү кирет.
2-топтогу мүлк объекттерине ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган турак жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаториялар, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле башка капиталдык курулуштар кирет.
3-топтогу мүлк объекттерине ишкердик ишин жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар кирет.
133. 1-графанын уячаларын толтуруу төмөнкүдөй иретте жүргүзүлөт:
а) ишкердик ишинде колдонулбаган мүлктүн бардык объекттери 01 коду менен көрсөтүлөт;
б) ишкердик ишинде колдонулган же колдонуу үчүн арналган мүлктүн бардык объекттери 02 коду менен көрсөтүлөт;
в) ишкердик ишинде колдонулган же колдонуу үчүн арналган мүлктүн бардык объекттери 03 коду менен көрсөтүлөт.
134. 2-графанын уячаларында тиешелүү мүлктүн түрлөрүнүн коду көрсөтүлөт. Уячалардын көрсөткүчтөрүн толтуруу үчүн төмөнкү таблицадан колдонулуучу мүлктүн кодун тандап алуу зарыл:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак жай үйү |
002 | Батир |
003 | Дача |
004 | Пансионаттар |
005 | Эс алуу үйлөрү |
006 | Санаториялар |
007 | Курорттор |
008 | Өндүрүштүк курулуш |
009 | Администрациялык курулуш |
010 | Өнөр жайлык курулуш |
011 | Башка капиталдык курулуш |
012 | Күркө |
013 | Контейнер |
014 | Башка убактылуу жайлар |
135. 3-графанын уячаларында мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
Код | Мүлктү пайдалануучу |
МЭ | Менчик ээси |
Ү/МЭ | Үлүштүү менчик ээси |
МЭ/Э | Менчик ээси эмес |
Эгерде, мүлк салыгын төлөөчү болуп мүлктүн менчик ээси саналса, анда бул уячаларда "МЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, мүлк бир нече адамдардын менчигинде болсо, "Ү/МЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, салыкты төлөөчү болуп мүлктүн ээси эмес, колдонуучу саналса, "М/Э" коду көрсөтүлөт.
136. 4-графанын уячаларында мүлктүн жайгашкан районунун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү. Райондун кодун ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтынан табууга болот.
137. 5-графанын уячаларында кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Бул код кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун титулдук барагынын жогорку уячасында көрсөтүлөт.
138. 6-графанын уячаларында төмөнкү таблицадан тандалып алына турган мүлк объектисинин категориясынын коду көрсөтүлөт:
Код | Мүлк объектисинин категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
- эгерде, мүлк объекти жалпы негиздерде салык салынууга жатса, "С/С" коду ыйгарылат;
- эгерде, мүлк объекти Салык кодексинин 324-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык салуу объектиси болуп саналбаса, ага "С/СТ" коду ыйгарылат;
- эгерде, салык төлөөчү же мүлк объектиси үчүн Салык кодексинин 330-беренесине ылайык салык төлөөгө жеңилдик/бошотуу белгиленсе, анда мындай объектиге "Ж/Б" коду ыйгарылат.
139. 7-графанын уячаларында мүлк объектисинин жалпы аянты чарчы метрде көрсөтүлөт.
140. 8-графанын уячаларында, ар бир мүлк объектиси боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк объектиси салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 8-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
141. Эгерде, чечмелөөдө салык төлөөчүнүн менчигиндеги 1, 2, 3-топтогу мүлк объектилери боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин саптар толтурулбай калса, анда алар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет. Андан кийин "Жыйынтык" уячасында чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларынын толтурулган маанилеринин суммасына барабар болгон 1, 2, 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 7.2. 4-топтогу (транспорт каражаттары) мүлк объекттери боюнча 5-тиркеменин чечмеленишин (FORM STI-101-005-02) толтуруу
142. Бул чечмелөөнү менчигинде транспорт каражаттары бар салык төлөөчү төмөнкү таблицага ылайык толтурат.
Кыймылдаткычтын түрү | Транспорттун коду | Транспорттун аталышы |
А (ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштегендер) | 001 | Фургон жеңил автомобилдери жана жеңил автомобилдердин базасындагы пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар | |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол курулуш машиналары | |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор | |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери | |
Б (башкалар) | 007 | Сатып алган наркы боюнча - 001ден 006га чейинки коддору бар транспорт каражаттарынан башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
Эскертүү. Транспорт каражатында иштеген кыймылдаткыч ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болуп саналабы же жокпу, ушуга жараша транспорт каражатына тамгалуу коду, ошондой эле транспорт каражатынын түрүнүн коду ыйгарылат.
143. 1-графанын уячаларында транспорт каражатынын кыймылдаткычынын түрүнүн коду көрсөтүлөт:
а) эгерде, транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштесе, "А" коду көрсөтүлөт. Бул топко 001-006 коддору менен белгиленген транспорт каражаттары киргизилет;
б) эгерде, транспорт каражаты ички күйүүчү кыймылдаткыч менен иштебесе "Б" коду көрсөтүлөт. Бул код 007 коду менен белгиленген транспорт каражаттары үчүн көрсөтүлөт.
144. 2-графанын уячаларында транспорт каражатынын түрүнүн 001-007 коду көрсөтүлөт.
145. 3-графанын уячаларында мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 135-пунктунда мүлктү пайдалануучунун коддорунун таблицасы берилген.
146. 4-графанын уячаларында ушул Тартиптин 138-пунктуна ылайык объекттердин категорияларынын коду көрсөтүлөт.
147. 5-графанын уячаларында транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
148. 6-графанын уячаларында, ар бир транспорт каражаты боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде, транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 6-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
149. Эгерде чечмелөөдө салык төлөөчүнүн менчигинде болгон 4-топтун мүлк объекттери боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар баардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
150. Чечмелөөнүн "Жыйынтык" уячасында 6-графасынын уячаларынын толтурулган маанилеринин суммасына барабар болгон 4-топтун мүлк объекттери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
8-глава. "Жер салыгы" (FORM STI-101-006) 6-тиркемени толтуруу
151. 6-тиркемеде салык төлөөчү менчик укугундагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануудагы, ошондой эле салык салуудан бошотулган/салык салууга тийиш эмес, ошондой эле жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон ыкчам башкаруу укугунда пайдалануудагы баардык жер участоктору тууралуу маалымат берет.
Эскертүү. Жер салыгынын салык төлөөчүсү болуп жердин менчик ээси же жерди пайдалануучу таанылат, эгерде анын жер участогун пайдаланууга менчик укугу жер участогун иш жүзүндө пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө жана жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлсө.
Укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты жер салыгын эсептөө үчүн салык базасы болуп саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча жер салыгын төлөөчү болуп укукту күбөлөндүрүүчү документте белгиленген же тараптардын макулдашуусу менен аныкталган үлүштөгү ошол адамдардын ар бири саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча ар бир төлөөчү үчүн салык базасы болуп укукту күбөлөндүрүүчү документтерде белгиленген же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) макулдашуусу менен аныкталган жер участогунун үлүшү саналат.
152. Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер жок болгон учурда, жер пайдалануучуну жер салыгын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп мындай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же аны пайдалануу саналат.
153. Жер участогунун багытына жараша төмөнкү таблицага ылайык ага жер участогунун багытынын коду ыйгарылат:
Код | Жер участогунун багыты |
А/ЧБ | Айыл чарба багытындагы |
А/ЧБЭ | Айыл чарба багытындагы эмес, калктуу конуштардын жерлерин кошкондо |
ҮК/Б | Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак |
154. Жер участогунун багытына жана жайгашкан жерине жараша ага төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун түрүнүн атайын коду ыйгарылат:
Код | Участоктун аталышы |
001 | Сугат айдоо жери |
002 | Кайрак айдоо жери |
003 | Отургузулган көп жылдык бактар |
004 | Чөп чабындылар |
005 | Жайыттар |
111 | Шаарлар: Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
112 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
113 | Башка шаарлар жана шаарчалар |
114 | Айылдык калктуу конуштар |
155. Салык салынган жер участоктору боюнча бул тиркеме отчеттук жыл үчүн жер салыгы боюнча эсептөөлөрдүн негизинде толтурулат. Салык салуудан бошотулган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жаткан жер участогу боюнча бул тиркеме жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү жана/же укукту белгилөөчү документте көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде толтурулат.
156. Жер участогуна салык салынууга тийиштигине же тийиш эместигине жараша төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун категориясынын коду киргизилген:
Коду | Жер участогунун категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
Эскертүү. Эгерде, жер участогу салык салынууга тийиш болсо, ага "С/С" коду ыйгарылат.
Эгерде, жер участогу Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулса, ага "С/СТ" коду ыйгарылат.
Эгерде, салык төлөөчүгө же жер участогуна Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө жана/же 344-беренесине ылайык жеңилдик берилсе, анда мындай жер участогуна "Ж/Б" коду ыйгарылат.
157. Тиркеменин I бөлүмүн толтуруу үчүн алгач жер участоктору боюнча 6-тиркеменин чечмелениши (FORM STI-102-006-01) төмөнкү тартипте толтурулат:
а) айыл чарба багытындагы;
б) айыл чарба багытындагы эмес, анын ичинде калктуу конуштардын жерлери;
в) үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору.
158. Чечмелөөнүн 1-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 153-пунктуна ылайык жер участогунун багытынын коду көрсөтүлөт.
159. Чечмелөөнүн 2-графасынын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 154-пунктундагы таблицадан жер участогунун түрүнүн тийиштүү коду тандалат.
160. Чечмелөөнүн 3-графасынын уячаларында жер участогун пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
а) менчик ээси - МЭ;
б) үлүштүк менчи ээси - ҮМЭ;
в) менчик ээси эмес - МЭЭ.
161. Чечмелөөнүн 4-графасынын уячаларында жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү. Райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылган.
162. Чечмелөөнүн 5-графасынын уячаларында жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыда же "Жер участогунун планы" же "Айыл чарба багытындагы жерлерди экспликациялоо" кошумча барактарындагы жер участогун убактылуу пайдалануунун күбөлүгүндө көрсөтүлгөн жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт.
163. Чечмелөөнүн 6-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 156-пунктуна ылайык жер участогунун категориясынын коду көрсөтүлөт.
164. Чечмелөөнүн 7-графасынын уячаларында жер участогунун жалпы аянты көрсөтүлөт:
а) айыл чарба багытындагы жерлер үчүн - гектар менен;
б) айыл чарба багытындагы эмес жерлер, анын ичинде калктуу конуштардын жерлери, ошондой эле үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн - чарчы метрде.
165. "Чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларында жер участоктору боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.
166. Эгерде, чечмелөөдө салык төлөөчүнүн менчигиндеги жер участоктору боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин саптар толтурулбай калса, анда алар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
167. "Жыйынтык" уячасында чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларындагы маанилеринин суммасына барабар болгон салык төлөөчүнүн жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, жер участогу салык төлөөчүнүн менчик же отчеттук жылдын ичинде пайдалануу укугунда болсо, анда салык төлөөчү тиешелүү уячалардагы жер салыгынын баардык эсептик суммасын көрсөтөт. Эгерде, жер участогу Декларацияны бергенден кийин бир жылдын ичинде сатып алынса же сатып жиберилсе, сатуучуларга жана сатып алуучуларга төлөөнүүчү жана алар тарабынан тийиштүү уячаларда көрсөтүлгөн жер салыгынын суммасы Салык кодекси тарабынан белгиленген тартипке ылайык аныкталат.
Бул укуктарды берип жаткан тараптын жер участогуна ээлик кылуусунун жана/же пайдалануусунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөнүүчү салыктын суммасы укукту мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же ошол күнгө карата бюджетке киргизилиши керек. Мында жер салыгынын баштапкы төлөөчүсү үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап, ал жер участогун өткөрүп берген айдын башталышына чейин салыктын суммасын төлөйт.
Жер салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү, анын жер участогуна укугу пайда болгон айдын башталышынан берки мезгилде эсептелген жер салыгынын суммасын төлөйт.
Жер участогуна укуктарды мамлекеттик каттоого алууда салыктын жылдык суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири бюджетке киргизиши мүмкүн. Андан кийин, жер участогуна болгон укуктарды мамлекеттик каттоого алууда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.
Салык кодексинин талаптарына ылайык, жер участогуна болгон менчик же аны пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо убагында же ага чейин жер салыгын төлөбөгөн учурларда, укуктар өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн жер салыгын төлөө боюнча милдеттенме жер участогун сатып алуучуга жүктөлөт.
168. Салык төлөөчүгө таандык же пайдалануусунда болгон жер участоктору боюнча чечмелөөнүн көрсөткүчтөрү 6-тиркеменин I бөлүмүнө көчүрүлөт.
169. 6-тиркеменин II бөлүмүндө чечмелөөдөгү барактардын саны көрсөтүлөт.
9-глава. "Атайын салык режимдери" (FORM STI-101-007) 7-тиркемени толтуруу
170. 7-тиркеме бир же бир нече атайын салык режимдери боюнча салыктарды төлөгөн салык төлөөчү тарабынан толтурулат:
а) эгерде, салык төлөөчү бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ал Салык кодексинин талаптарына ылайык, ар бир режим боюнча өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү;
б) эгерде, салык төлөөчү жалпы салыктык режим боюнча, ошондой эле бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ар бир салыктык режимдер боюнча уюмдун ишинин натыйжасы Декларациянын тиешелүү тиркемелеринде чагылдырылат.
7-тиркеме беш бөлүмдөн турат:
I. Бирдиктүү салык.
II. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык.
III. Салыктык контракттын негизиндеги салык.
IV. Эркин экономикалык зоналардагы салыктык режим.
V. Жогорку технологиялардын паркы.
171. 750-уячада салык төлөөчү тарабынан отчеттук жылдын аралыгында салык органына ар квартал сайын берилип келген "Чакан ишкердик субъекттеринин бирдиктүү салык боюнча отчетундагы" (FORM STI-091) дайындарга ылайык, КНСти эсепке албагандагы түшкөн акча көрсөтүлөт.
172. 751-уячада женөкөйтүлгөн салык режими боюнча жүргүзүлгөн иштин түрү боюнча өз-өзүнчө бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык салык төлөөчүгө келтирилген чыгымдар көрсөтүлөт.
173. 752-уячада 752=750-751-уячаларынын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
174. 753-уячада мурдагы отчеттордо көрсөтүлгөн бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
175. 754-уячада милдеттүү патенттин негизиндеги салык төлөөчүнүн иш күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
176. 755-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча отчеттук жыл ичинде милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзүүдөн алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Жогоруда аталган кирешенин суммасынын көрсөтүлүшү кошумча салык салууга алып келбейт.
177. 756-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча отчеттук жыл ичинде милдеттүү патенттин негизинде уюмдардын иши боюнча иштетилген чыгымдардын суммасы көрсөтүлөт.
178. 757-уячада 757=755-756 уячаларынын маанилеринин айырмачылыгы көрсөтүлөт.
179. 758-уячада отчеттук жылдын ичинде төлөнгөн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Патент - салык төлөөчүгө иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүү укугун жана иштин бул түрү боюнча салыктардын төлөнүшүн күбөлөндүргөн, ошондой эле патент иштеген мезгилдин аралыгында кирешелердин алынышын ырастаган салык кызматынын органдары тарабынан берилүүчү документ болуп саналат. Патенттин бланктары так отчеттуулуктун документи болуп саналат жана доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде башкача айтканда, 6 жыл сакталууга тийиш.
Патент берилген аймакта (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарамдуу. Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердик ишин жүргүзүү максаттарында башка кишиге берүүгө тыюу салынат.
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (мындан ары - салык) Салык кодексинин 348-беренесинде белгиленген иштин түрлөрүнө карата милдеттүү негизде төлөнөт.
Милдеттүү патенттин наркы төмөндөгү салыктардын түрлөрүнүн суммасын камтыйт:
- пайда салыгынын;
- салык салынган жеткирип берүүлөргө КНС;
- сатуу салыгынын.
Эгерде, салык төлөөчүдө жер салыгы, мүлк салыгы боюнча салык салынуучу объекттери болсо же ал бир нече салык режимдери боюнча иштесе, ал тийиштүү салыктарды эсептеп чыгууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө көрсөткүчтөрү бар Декларациянын тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
180. 759-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык, отчеттук жылдын ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
181. 760-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык, отчеттук жылдын ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча кеткен чыгымдардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
182. 761-уячада 761=759-760 уячаларынын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
183. 762, 763, 764-уячаларында Отчеттук жылдын ичинде Белгиленген төлөм түрүндөгү салыктарды төлөө тууралуу контрактта (FORM STI-057) жана Турак жай куруучулар менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө тууралуу контрактта (FORM STI-126) көрсөтүлгөн пайда салыгынын, КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын суммалары көрсөтүлөт.
Эскертүү. Салыктык контракт уюм менен салык кызматынын ортолорундагы төмөнкү салыктардын белгиленген суммаларынын өлчөмүндө макулдашылган салыктык милдеттенмени аныктайт:
- пайда салыгынын;
- салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС;
- сатуудан алынуучу салыктын.
Салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөгөн уюм, Салык кодексинин талаптарына ылайык калган салыктарды: жер салыгын, мүлк салыгын жана башкаларды төлөөгө жана тийиштүү тиркемелерди толтурууга милдеттүү.
Контракттын шарттарына жараша ар бир салык боюнча ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн белгиленген сумма аныкталат.
184. 765-уячада бул салык режиминдеги иштен иш жүзүндө алынган акча көрсөтүлөт.
185. 766-уячада бул салык режиминдеги иштен иш жүзүндө алынган акча көрсөтүлөт.
10-глава. "Алтын жана алтын камтылган продукцияларды өндүрүү жана сатуу боюнча кен казуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишкана" (FORM STI-101-008) 8-тиркемени толтуруу
186. 8-тиркеме Салык кодексинин 221-1-беренесине ылайык алтын камтыган кенди, алтын камтыган концентратты, аффинаждалган алтындын алтын эритмесин казып алуу жана сатуу боюнча иштерге тиешелүү бөлүгүндө, иштин бул түрлөрү боюнча өз-өзүнчө эсептин маалыматтары боюнча киреше салыгын төлөгөн кен казуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан толтурулат.
187. 850-уячада аффинаждалган алтынды жана алтын эритмесин сатуудан алынган КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албагандагы түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
188. 851-уячада дүйнөлүк баага жараша эсептелген алтын камтылган рудадагы, алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы көрсөтүлөт.
189. 852-уячада Салык кодексинин 221-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, ставка боюнча эсептелген киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
11-глава. "Экономикалык иштин айрым көрсөткүчтөрүн чечмелөө" (FORM STI-101-009) 9-тиркемени толтуруу
190. 9-тиркеме акыркы беш жылдын аралыгында зыян тарткан, жалпы режим боюнча салык милдеттенмелерин эсепке алган жана эсептелген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кирешелерди алышкан салык төлөөчүлөр тарабынан толтурулат.
9-тиркеме төрт бөлүмдөн турат:
I. Экономикалык иш менен байланышкан чыгашаларды көчүрүүнү чечмелөө.
II. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган кирешелерди чечмелөө.
III. Жөнөкөй шериктештик иштин көрсөткүчтөрүн чечмелөө.
IV. Атайын фонддун каражаттарын чечмелөө.
191. 950-уячада 951-955-уячалардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.
192. 951-955-уячаларда мурунку отчеттук беш жылдык мезгилдин ар бир жылынын башталышына карата көчүрүлбөгөн чыгашалардын калдыктары көрсөтүлөт.
193. 956-уячада отчеттук жылда көчүрүлүүгө тийиш, Декларациянын 056-уячасынан көчүрүлгөн чыгашанын суммасы көрсөтүлөт.
194. 957-уячада 957=950-956 уячаларынын маанилеринин айырмасы катары эсептелген, отчеттук жылдын аягына карата көчүрүлбөгөн чыгашанын калдыгы көрсөтүлөт.
195. 9-тиркеменин II бөлүмү чет мамлекеттерден киреше алуучу салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
196. II бөлүмдүн 1-графасында киреше алынган мамлекеттин аталышы көрсөтүлөт.
197. 2-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык өлкөнүн цифралык коду көрсөтүлөт.
Эскертүү. Өлкөнүн цифралык коду жана Кыргыз Республикасы кош салык салууну четтетүү тууралуу макулдашуу түзгөн өлкөлөрдүн тизмеси, ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылган. Коддун мисалдары: Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы - 112, Казакстан Республикасы - 398, Кыргыз Республикасы - 417.
198. 3-графада киреше алган күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен чет мамлекеттен кошуп эсептелген салык төлөөчүнүн кирешесинин суммасы көрсөтүлөт.
199. 4-графада салык төлөгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен кошуп эсептелген кирешеден чет мамлекетте кармалган же төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлөт.
200. 958-уячада Кыргыз Республикасы киреше/пайда салыгы боюнча кош салык салууну четтетүү тууралуу макулдашуу түзгөн мамлекеттерде кармалган же төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлөт. 958-уячанын мааниси Декларациянын 063-уячасынын маанисин аныктоо үчүн эсептөөдө катышат.
Эскертүү. Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамында белгиленген ставка боюнча төлөнүүчү салыктын суммасынын өлчөмүндө төлөнгөн киреше/пайда салыгынын суммасы чегерилет.
201. 9-тиркеменин III бөлүмү жөнөкөй шериктештик келишими менен, жөнөкөй шериктештиктин эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу болуп эсептелген салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
202. 959-уячада жөнөкөй шериктештик иштин өз-өзүнчө салыктык эсепке алуу маалыматтарына ылайык, жөнөкөй шериктештиктин жылдык жыйынды кирешеси көрсөтүлөт. 959-уячанын мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
203. 960-уячада жөнөкөй шериктештик иштин өз-өзүнчө салыктык эсепке алуу маалыматтарына ылайык, эсептен чыгарууга тийиш болгон жөнөкөй шериктештиктин чыгымдары көрсөтүлөт. 960-уячанын мааниси Декларациянын 051-уячасына көчүрүлөт.
204. 961-уячада кошуу (+) белгиси менен салык салынганга чейинки пайда же кемитүү (-) белгиси менен чыгаша көрсөтүлөт.
205. 962-уячада жөнөкөй шериктештик келишими боюнча жөнөкөй шериктештиктин башка катышуучуларына тиешелүү пайданын/чыгашанын үлүшү бөлүнгөндөн кийин салык төлөөчүдө калган жөнөкөй шериктештиктин пайдасынын/чыгашасынын бөлүгү көрсөтүлөт.
206. 963-уячада жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык карама-каршы белги менен салык төлөөчү тарабынан жөнөкөй шериктештиктин башка катышуучуларына өткөрүлүп берилген, жөнөкөй шериктештиктин пайдасынын/чыгашасынын бөлүгү көрсөтүлөт. 963-уячанын мааниси Декларациянын 054-уячасына көчүрүлөт.
Эскертүү. Жөнөкөй шериктештиктин кирешесин жана чыгымын бөлүп эсепке алуу, жөнөкөй шериктештик келишими менен шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн адам тарабынан салык салуунун жалпы режими боюнча эсепке алуу чегинде ишке ашырылат. Салык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн адам башка шериктештер менен салык салынганга чейинки кирешелерди эсептегенден кийин киреше салыгы боюнча өз милдеттенмелеринин эсебин жүргүзөт.
207. 9-тиркеменин IV бөлүмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 197-беренесине ылайык, жоюлган запастарды кайра өндүрүү максатында киреше салыгы боюнча салык салынуучу базаны 15 пайызга азайтуунун эсебинен атайын фондду түзгөн кен казуучу ишканалар тарабынан толтурулат.
208. 1-графада отчеттук мезгилди кошуу менен өткөн 5 жыл көрсөтүлөт. Эгерде ишкана көрсөтүлгөн мезгилде 5 жылдан азыраак убакыт иштеген болсо, тийиштүү саптар толтурулбайт.
209. 2-графада үстүбүздөгү жылдын башындагы абалы боюнча ар бир салыктык мезгилдин жыйынтыгы боюнча атайын фонддо резервге коюлган суммалар көрсөтүлөт. Үстүбүздөгү жылдын башындагы абал боюнча ар бир отчёттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча атайын фонддо резервге коюлган суммалар өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун суммаларынын жана үстүбүздөгү жылда резервге коюлган суммалардын калдыгынан түзүлөт.
210. 3-графада отчеттук мезгилде жоюлган запастарды кайра өндүрүү максатында чыгымдалган суммалар көрсөтүлөт.
211. 4-графада 4 гр. = 2 гр. - 3 гр. маанилеринин айырмасына барабар болгон, ар бир отчеттук жылдагы резервдик сумманын калдыгы көрсөтүлөт. Эгерде, көрсөтүлгөн айырма терс белги менен чыгып калса, анда 4-графанын мааниси "0" гө барабар деп көрсөтүлөт.
212. 964-уячада отчеттук мезгилдин аягындагы абалы боюнча 5 жыл ичинде чыгымдалбаган атайын фонддун каражатынын калдыгынын суммасы көрсөтүлөт. 964-уячанын мааниси Декларациянын 064-уячасына көчүрүлөт.
12-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-010) 10-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-011) 11-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14-глава. "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-012) 12-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-013) 13-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-014) 14-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-015) 15-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5-тиркеме
FORM STI-102
Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
6-тиркеме
Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658, 2019-жылдын 31-майындагы № 258, 2019-жылдын 18-июнундагы № 297, 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип кирешелер жана/же түшкөн акча жөнүндө, ошондой эле ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын мүлк объекттери тууралуу маалыматтарды камтыган Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) (мындан ары -Декларация) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт, анын ичинде:
а) салык салуунун жалпы режиминин негизинде салык төлөө жөнүндө;
б) атайын салыктык режимдин негизинде салык төлөө;
в) жеке адам тарабынан ишкердик ишинде пайдаланылган мүлк объекттери жөнүндө;
г) мүлк объекттерине/жер участокторуна ээ болууну жана/же пайдаланууну кошкондо, ишкердик болуп саналбаган экономикалык ишти ишке ашыруу жөнүндө;
д) киреше булактары жөнүндө.
2. Жеке ишкер болуп катталган же катталууга милдеттүү болгон, ошондой эле патент алган же алууга милдеттүү болгон жеке адам (мындан ары - Декларация тапшыруучу) Декларация түзүүгө жана берүүгө милдеттүү.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 92-беренесинин ченемдерине ылайык экономикалык иш жүргүзгөн жеке адамдардын төмөнкү категориялары Декларация берүүгө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары иш жүзүндө жашаган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке адам;
- Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адам;
- туруктуу мекемени түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн резидент эмес - жеке адам.
Ишкердик жана башка иштер экономикалык иш деп саналат.
Мыйзамда белгиленген тартипте ишкер катары катталган же катталууга милдеттүү болгон адамдар тарабынан пайда алууга багытталган, тобокелдикке салып өз алдынча жүргүзүлгөн иш ишкердик деп саналат.
Башка экономикалык иштер болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү;
- банктарга акча каражаттарын салуу;
- жеке же юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштөрүн, баалуу кагаздарын сатып алуу, берүү же сатуу;
- жеке же юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшүнө жараша бардык төлөмдөрдү алуу;
- үстөк айыпты, жазапулдарды алуу, моралдык зыяндын ордун толтуруу;
- камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын алуу (ордун толтурууну);
- ишкердик иш болуп саналбаган башка иш.
Башка экономикалык ишке, мисалы, пенсия, стипендия, жөлөкпул, алимент, мурас, кредиттер жана зайымдар түрүндөгү кирешелерди алуу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн, анын ичинде жер участокторунун салык салынуучу жана/же салык салынбаган объекттерине ээ болуу кирет.
Кыргыз Республикасында ишкердик иш жүргүзгөн жеке адам жарандыгына карабастан Декларация тапшыруучу болуп саналат жана Декларация түзүүгө жана берүүгө милдеттүү.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын жараны отчеттук жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгондугуна же болбогондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик иш жүргүзбөгөн Кыргыз Республикасынын резиденти Декларация тапшыруучу болуп саналат жана Декларация түзүүгө жана берүүгө милдеттүү.
Салык кодексинин 24-беренесине ылайык жеке ишкер (мындан ары - ЖИ) деп төмөнкүлөр түшүндүрүлөт:
- патенттин негизиндеги ишти кошо алганда, уюм түзбөстөн ишкердик иш жүргүзгөн жана Салык кодексинде белгиленген милдеттерди аткаруу жүктөлгөн резидент - жеке адам;
- Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүргүзгөн резидент эмес - жеке адам.
Эскертүү. Республиканын аймагында ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок Кыргыз Республикасында катталган кыймылсыз мүлк объекттерине, анын ичинде жер участокторуна, ошондой эле транспорт каражаттарына ээ болгон чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жарандыгы жок адам Декларация тапшырбайт, бирок мүлк салыгын жана/же жер салыгын төлөөгө, салык боюнча маалыматтык эсептөөнү түзүүгө жана мүлк жайгашкан/катталган орду боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.
3. Декларация Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынан (FORM STI-102) жана анын төмөнкү тиркемелеринен турат:
а) "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-102-001) 1-тиркеме;
б) "Эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар, салык жеңилдиктери жана ишкердик иш боюнча салык салынбаган кирешелер" (FORM STI-102-002) 2-тиркеме;
в) "Жеке адамдын салык салынбаган кирешелери жана төлөм булагында салык салынган кирешелер" (FORM STI-102-003) 3-тиркеме;
г) "Мүлк салыгы" (FORM STI-102-004) 4-тиркеме жана ушул тиркемеге карата чечмелөөлөр (FORM STI-102-004-01), (FORM STI-102-004-02);
Эскертүү. 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттерине карата чечмелөөдө ар бир объект боюнча төмөнкүлөр өзүнчө көрсөтүлөт:
- мүлк объектисинин тобунун коду;
- мүлктүн түрүнүн коду;
- мүлктү пайдалануучунун коду;
- мүлк жайгашкан райондун коду;
- мүлктүн идентификациялык коду;
- мүлк объектисинин коду;
- жалпы аянты (чарчы метр);
- салыктын суммасы;
4-топтогу объекттерге карата чечмелөөдө ар бир объект боюнча төмөнкүлөр өзүнчө көрсөтүлөт:
- транспорт каражатынын кыймылдаткычынын түрү;
- транспорт каражатынын түрүнүн коду;
- транспорт каражатын пайдалануучунун коду;
- транспорт каражатынын категориясынын коду;
- транспорт каражатынын маркасы;
- салыктын суммасы;
д) "Жер салыгы" (FORM STI-102-005) 5-тиркемеси жана ушул тиркемеге карата чечмелөөлөр (FORM STI-102-005-01).
Эскертүү: жер участогу боюнча чечмелөөдө ар бир участок өз-өзүнчө көрсөтүлөт:
- жер участогунун багытынын коду;
- жер участогунун түрүнүн коду;
- жер участогун пайдалануучунун коду;
- жер участогу жайгашкан райондун коду;
- жер участогунун идентификациялык коду;
- жер участогунун категориясынын коду;
- жалпы аянты (чарчы метр);
- салыктын суммасы;
е) "Атайын салык режимдери" (FORM STI-102-006) 6-тиркеме;
ж) "Активдердин кыймылы" (FORM STI-102-007) 7-тиркеме. Бул тиркеме бардык Декларация тапшыруучулар тарабынан толтурулушу керек;
з) "Экономикалык иштин айрым көрсөткүчтөрүн чечмелөө" 8-тиркеме;
и) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
к) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
л) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
м) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
о) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
п) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Мисал. Декларация тапшыруучу Абдылдаев отчеттук салык мезгилинде компанияда кароолчу болуп эмгектенген жана ошол эле убакта базарда чарба буюмдарын сатуу боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн. Абдылдаевдин Бишкек шаарындагы менчик үйү, ага катарлаш жер участогу жана автомобили бар. Мындан тышкары, анын жеке ээлигинде Бишкек шаарынын базарларынын биринде товар сатылуучу контейнери бар. Автомобили боюнча Абдылдаев 1-майга чейин мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин көрсөтүү менен салык органына 4-топтун объектилери боюнча мүлк салыгынын маалыматтык эсебин (FORM STI-090) тапшырган. Соода кылуучу контейнери жөнүндө салык органына 1-мартка чейин 3-топтун объектилери боюнча мүлк салыгынын маалыматтык эсебин (FORM STI-088) берген. Мындан тышкары Декларация тапшыруучунун "Кыргызстан" АКБда депозити бар, ал боюнча квартал сайын пайыздардын суммасын алат.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Абдылдаев Декларация толтурат жана ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органына төмөндөгү документтерди тапшырат:
- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102);
- "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-102-001) 1-тиркеме, анда "Жеке адамдын жылдык жыйынды кирешеси" II бөлүмүн толтурат;
- "Мүлк салыгы" (FORM STI-102-004) 4-тиркеме, ошондой эле 1, 2 жана 3-топтордогу объекттер боюнча (FORM STI-102-004-01) жана 4-топтогу объекттер боюнча (FORM STI-102-004-02) 4-тиркеменин чечмелөөсүн;
- "Жер салыгы" (FORM STI-102-005) 5-тиркемени жер участоктору боюнча 5-тиркеменин чечмелөөсү (FORM STI-102-005-01) менен;
- "Атайын салык режимдери" (FORM STI-102-006) 6-тиркеме, андагы "Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык" III бөлүмүн толтурат.
Эскертүү. Декларацияны толтуруу ага тиркелген тиркемелерди толтуруудан башталат.
Эгерде, Декларация тапшыруучуда тиркемелердин ичинен кайсыл бирин толтуруу үчүн көрсөткүчтөрү болбосо, мындай тиркеме толтурулбайт жана салык органына берилбейт. Декларацияга көрсөткүчтөрү бар гана тиркемелер тиркелет.
3-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Толтурулган тиркемелерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр Декларациянын тийиштүү уячаларына көчүрүлөт.
5. Декларациянын 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында чагылдырылган көрсөткүчтөр, тиркемелердин бул уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болууга тийиш.
6. 1-бөлүмдүн төмөнкү бөлүгүндө Декларация тапшыруучу, ал тарабынан отчеттук мезгил ичинде колдонулган пайда салыгынын салык базасын эсептөө жана эсептеп чыгуу методуна туура келген уячаны "X" белгиси менен белгилейт.
7. 4 жана 5-тиркемелерден башка тийиштүү уячаларда көрсөткүчтөр жок болсо, "0" цифрасы көрсөтүлөт. 4 жана 5-тиркемелерде бардык саптар үчүн көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, алар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
8. Декларация тапшыруучунун салык милдеттенмелерин эсептеп чыгуу менен байланышкан документтер төмөнкү тартипте берилет:
а) социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларга болгон укугун ырастаган документтерди, чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын чегерүүнү, ошондой эле ыктыярдуу патенттин көчүрмөлөрүн кошпогондо, Декларация тапшыруучу тарабынан салыктын төлөнгөндүгүн, киреше алуусун, төлөм булагынан салыкты кармоону, ошондой эле, Декларация тапшыруучунун эсептен чыгарууга, салыкты төлөөдөн бошотууга жана/же жеңилдиктерге болгон укугун ырастаган документтер Декларация тапшыруучунун сактоосунда болот жана Декларацияга тиркелбейт;
б) социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды, ошондой эле, чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын чегерүүнү каалаган Декларация тапшыруучу, Декларацияга анын эсептен чыгарууга/чегерүүгө болгон укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү менен эсептен чыгарууну алууга арызын тиркейт. Социалдык эсептен чыгарууну алууга арыз DOCSTI-162 формасы боюнча берилет.
Эскертүү. Ырастоочу документтердин түп нускалары эсептен чыгарууну берүү жөнүндө чечим чыгаруу үчүн салык төлөөчүнүн документтерин караган, салык кызматынын кызмат адамына берилет жана Декларация тапшыруучунун сактоосунда калат.
9. Акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
10. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы көрсөтүлөт. Декларацияга жана анын тиркемелерине:
а) Декларация тапшыруучу тарабынан кол коюлат, эгерде ал өз алдынча түзүлсө жана Декларация тапшыруучунун мөөрү болсо аны менен күбөлөндүрүлөт;
б) Декларация тапшыруучу тарабынан кол коюлат, эгерде эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдин негизинде Декларация тапшыруучунун кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлсө жана берилсе;
в) Декларация тапшыруучу тарабынан кол коюлат же ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык, ишеним каттын негизинде Декларация тапшыруучунун кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан Декларация түзүлгөн жана берилген учурларда, ишенимдүү адам/субъекттин-өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан кол коюлат. Коюлган кол Декларацияга кол койгон адамдын/уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Эскертүү. Декларацияга ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык, ишенимдүү адам/уюмдун жетекчиси-өкүлү тарабынан кол коюлган учурда, Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө уюм-өкүлчүлүгүнүн аталышы, Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызматы, салык өкүлчүлүгү ишке ашырган ишеним каттын негизиндеги маалымдареги көрсөтүлөт.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген 6-тиркеменин 10-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт.
11. Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:
а) Декларация баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат. Салык органынын кызмат адамы уячаларга Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин толтурат, салык органынын штампын коёт. Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси менен Декларация тапшыруучуга кайтарылат жана анын сактоосунда калат;
б) Декларация салык органына кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча эки нускада жөнөтүлөт. Декларация тапшыруучу заказдык каттын жеткендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Декларация берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн тапшырык катын алгандан кийин уячаларга Декларацияны алган күнүн, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин толтурат, салык органынын штампын коёт Декларациянын бир нускасы салык органынын белгиси менен Декларация тапшыруучуга кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилет.
Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн заказдык катын алгандан кийин тийиштүү уячаларга Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин толтурат жана салык органынын штампын коёт. Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси менен кабарлоо аркылуу заказдык кат менен салык төлөөчүгө жөнөтүлөт;
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген 6-тиркеменин 11-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт.
в) электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Декларацияны электрондук документ түрүндө берүү тартибине тийиштүү толук маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылган.
2-глава. Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) формасын толтуруу
12. 001-уячасында:
а) эгерде, Декларация календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "Алгачкы" уячасына коюлат;
б) эгерде, Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Декларацияда оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "Такталган" уячасына коюлат;
в) эгерде, Декларация ЖИ ишинин жоюлушуна байланыштуу тапшырылып жаткан болсо, "X" түрүндөгү белги "Жоюлуучу" уячасына коюлат.
§ 2.1. I бөлүмүн толтуруу. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат"
13. Бул бөлүмдүн уячаларын толтуруу ЖИ тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) 102-уячада ЖИнин ИСНи көрсөтүлөт;
б) 103-уячада ЖИнин толук аты-жөнү көрсөтүлөт;
в) 104-уячада ЖИнин салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
г) 107-уячада статистика органы тарабынан ЖИнин каттоо учурунда ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
д) 108-уячада ЖИнин катталган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
е) 110-уячада ЖИ каттоодо турган калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл) аталышы көрсөтүлөт;
ж) 111-уячада ЖИнин катталган жери боюнча дареги (кичи району/көчөсү, үйүнүн, кеңсесинин, батиринин номуру) көрсөтүлөт;
з) 112-уячада ЖИнин кеңсесинин жайгашкан жери же иш жүргүзгөн жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
и) 113-уячада ЖИнин кеңсеси жайгашкан же иш жүргүзгөн аймактагы калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл) аталышы көрсөтүлөт;
к) 114-уячада ЖИнин катталган жери боюнча дареги (кичи району/көчөсү, үйүнүн, кеңсесинин, батиринин номуру) көрсөтүлөт;
л) 115-уячада ЖИнин байланыш телефонунун номуру көрсөтүлөт;
м) 116-уячада ЖИнин электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт, эгерде бар болсо.
Эскертүү. 108, 110, 111, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячалардын көрсөткүчтөрү Декларация берилген датага карата толтурулат;
н) 201-уячада ЖИ үчүн отчеттук салык мезгилинин башталган датасы көрсөтүлөт:
- эгерде, ЖИ мурдагы жылдары иш жүргүзгөн болсо, отчеттук жылдын башталган датасы көрсөтүлөт: "01.01.20__-ж.";
- эгерде, ЖИ катары жылдын башында катталбаса, ЖИнин салык органында катталган датасы көрсөтүлөт;
о) 202-уячада отчеттук салык мезгилинин аяктаган датасы көрсөтүлөт:
- эгерде, ЖИ отчеттук календардык жылдын ичинде иш жүргүзгөнү, жүргүзбөгөндүгүнө карабастан каттоодо турган болсо, отчеттук жылдын аяктаган күнү көрсөтүлөт: "31.12.20__-ж.";
- эгерде, ЖИ календардык жылдын аягына чейин жоюлган же кайрадан түзүлгөн болсо, ал үчүн жылдын башталышынан тартып жоюлганга же кайра уюшулганга чейинки мезгил акыркы салык мезгили болуп эсептелинет. Акыркы салык мезгили үчүн декларация, жоюлуунун же кайра уюштуруунун аяктаган айынан кийинки айдын аягына чейин берилет.
Эскертүү. Эгерде ЖИ календардык жылдын аягына чейин ишин токтотуу боюнча каттоодон өтсө же кайра уюмдаштыруу жол-жобосунан өтсө, анда Декларацияны түзүү жана тапшыруу учурунда акыркы салык мезгили үчүн ал ишкердик ишине тийиштүү гана бөлүмдөрдү жана формаларды толтурат. Жеке адам катары анын ишине тиешелүү бөлүмдөрдү жана формаларды Декларация тапшыруучу толтурбайт жана бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийет. Календардык жылдын аягында Декларация тапшыруучу бардык салык мезгили үчүн ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жак катары Бирдиктүү салык декларациясын түзөт жана тапшырат.
14. 1-бөлүмдүн аягында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) бухгалтердик эсепти жүргүзүү методу;
б) пайда салыгынын салыктык базасын эсептөө тартиби;
в) бекитилген эсеп саясатынын ЖИ болушу жана/же болбошу.
Эскертүү. ЖИ отчеттук мезгилде, ал тарабынан колдонулган эсептөөнү жүргүзүү жана пайда салыгынын салыктык базасын эсептеп чыгуу методун, ошондой эле белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген салыктык саясаттын болушун ырастаган тиешелүү уячасын "X" белгиси менен белгилейт.
§ 2.2. II бөлүмдү толтуруу. "Пайда салыгы"
15. Эгерде, Декларация тапшыруучу жалпы салык салуу режиминин негизинде салыктарды эсептесе жана төлөсө, бул бөлүм толтурулат.
16. Бул бөлүмдү толтуруу ЖИнин көрсөткүчтөрү бар тиркемелеринин бөлүмдөрүн толтуруудан жана тиркемелердин толтурулган тийиштүү бөлүмдөрүнөн маалыматтарды Декларацияга көчүрүүдөн башталат.
17. 050-уячага 1-тиркеменин 179-уячасында жана 8-тиркеменин 859-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көчүрүлөт.
18. 051-уячага 2-тиркеменин 279-уячасында жана 8-тиркеменин 860-уячасында көрсөтүлгөн эсептен чыгарууга жаткан чыгымдардын жалпы суммасы көчүрүлөт.
19. 052-уячада пайда же чыгаша көрсөтүлөт. Уячанын мааниси 052=050-051-уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы катары аныкталат.
Эскертүү. Арифметикалык айырма ЖИнин пайда тапкандыгына же чыгаша тарткандыгына жараша оң же терс болушу же нөлгө барабар болушу мүмкүн.
Эгерде, чыгаша тартылса, анда 052-уячанын алдыңкы сол жагында жайгашкан атайын уячада "-" кемитүү белгиси коюлат.
Эгерде, пайда алынган болсо, анда 052-уячанын алдыңкы сол жагында жайгашкан атайын уячада "-" кемитүү белгиси коюлбайт.
20. 053-уячада 2-тиркеменин 289-уячасынан көчүрүлгөн, салык салуудан бошотулган ЖИнин пайдасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдик алууга укугу жок ЖИ бул уячада "0" цифрасын көрсөтөт.
21. 054-уячада жөнөкөй шериктештик келишими менен шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү - жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу келишимге ылайык салык мезгилинин жыйынтыктары боюнча шериктештерге өткөрүлүп берилген пайда бөлүгүн (-) кемитүү белгиси менен же чыгаша бөлүгүн (+) кошуу белгиси менен көрсөтөт.
22. 055-уячада жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзбөгөн салык төлөөчү - жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу, жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык салык мезгилинин жыйынтыктары боюнча алынган пайда бөлүгүн (+) кошуу белгиси менен же чыгаша бөлүгүн (-) кемитүү белгиси менен көрсөтөт.
23. 056-уячада 8-тиркеменин 1-бөлүмүндөгү көрсөткүчтөргө ылайык отчеттук салык мезгилине мурдагы салык мезгилдеринен көчүрүүгө жаткан чыгашанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уяча 052-053-уячалардын суммаланган маанилеринин жыйынтыгы болуп саналган, салык салынуучу пайданын калдыгы болгондо жана ушул сумманын чегинде гана толтурулушу мүмкүн.
Мисал. Өткөн жылдын чыгашасы 30000 сомду түзгөн, ал эми 052-053-уячалардын суммаларынын жыйынтыгы 20000 сомго барабар. Декларацияга 20000 сомду киргизсек болот, чыгашанын калган 10000 сомун чыгаша пайда болгон күндөн тартып 5 жылдан ашпаган кийинки жылдардын Декларациясына кошууга болот. Мисалы, чыгымдар 2013-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча пайда болсо, ЖИ аны 2014, 2015, 2016, 2017 жана 2018-жылдардын салык салынган пайдаларын эсептөө учурунда эсептен чыгарууга кошууга укуктуу. ЖИ бул чыгашаны 2019-жылдын жана андан кийинки жылдардын салык салынган пайдаларын эсептөөдө эсептен чыгарууга кошууга укуксуз болот.
24. 057-уяча пайдалуу кендерди казуу боюнча иш жүргүзгөн ЖИ тарабынан толтурулат. Бул уячада Салык кодексинин 197-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык атайын фонддо резервделүүчү, ЖИнин пайдасына салынуучу салыктын 15 пайызга азайтылган суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. 057-уяча 052-055-уячалардын суммасынын жыйынтыгы болгон ЖИнин пайдасы болгондо гана толтурулат. Эгерде, 052-055-уячалардын суммасынын жыйынтыгы 0гө барабар же терс маанини көрсөткөн учурда, 057-уячага дагы "0" саны көрсөтүлөт.
25. 058-уячада салык салынуучу пайда же чыгаша көрсөтүлөт. 058-уячанын мааниси уячалардын алдындагы белгилерди эске алуу менен 058=052-053-054 + 055-056-057-уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы катары аныкталат. Эгерде 058-уячада алынган маани оң болуп калса, анда салык төлөөчү пайда тапкан болуп эсептелет.
26. Эгерде, айырмасы терс болуп калса, башкача айтканда ЖИ чыгаша тартса, 058-уячанын алдындагы сол жагында жайгашкан атайын уячага "-" кемитүү белгиси коюлат жана 058-уячанын мааниси 059-уячага көчүрүлөт.
27. 060-уячада Салык кодексинин 213-беренесине ылайык пайда салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. 2013-жылдын 1-январынан баштап алтын камтыган кенди, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүнүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Иштин бул түрү боюнча салык төлөөчү өзүнчө эсеп жүргүзөт, бул иштин кирешелеринен Салык кодексинин 221-1-беренесине ылайык киреше салыгы төлөнөт.
28. 061-уячада (058х060)/100% формуласы боюнча эсептелүүчү пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
29. 062-уячада пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча эсептөөлөргө (FORM STI-107) ылайык, отчеттук жылдын ичинде кошуп эсептелинген суммалардын жыйынтыгы көрсөтүлөт.
30. 063-уячада ЖИ тарабынан чет өлкөдө төлөнгөн жана чегерүүгө жаткан пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, мындай кирешенин суммасына макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынса, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болгон учурда, ЖИ тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы салык милдеттенмесин эсептөөдө чегерилет.
Чегерилген сумманын өлчөмү, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча Кыргыз Республикасында төлөнө турган салыктын суммасынан ашпоого тийиш.
Мисал. ЖИ Кыргыз Республикасы кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашууда кол койгон чет мамлекеттен 500000 сом суммасына барабар болгон киреше алды. Кирешени төлөп берүүдө ЖИдин алган кирешесинен 80000 сомго барабар өлчөмдө салык кармап калышты. ЖИ Декларация толтурууда чет мамлекетте төлөнгөн салык катары 500000x10%=50000 формуласы боюнча эсептелинген 50000 сомго барабар сумманы гана көрсөтө алат, анткени Кыргыз Республикасында пайда салыгынын ставкасы 10%ды түзөт.
31. Чегерүү алуу үчүн ЖИ бекитилген жол-жоболорго ылайык, ырастоочу төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен салык органына арыз берет:
а) чет өлкөдөгү булактардан алынган кирешелердин суммалары жана чет өлкөнүн салык органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөнгөн салыктар тууралуу;
б) салыктын төлөнгөндүгү тууралуу.
31-1. 064-уячада 100 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө контролдук-кассалык машинаны (мындан ары - ККМ) же фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүчү түзүлүштү сатып алууга кеткен чыгымдар көрсөтүлөт.
Эскертүү: Эгерде төмөнкү шарттар сакталса салык төлөөчү пайда салыгынын суммасын 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө ККМди же фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүчү түзүлүштү сатып алуу чыгымдарына азайтууга укуктуу:
1) ККМ же фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүчү түзүлүш отчеттук салык мезгилинде сатып алынат;
2) салык төлөөчү өз ишинде ККМди же фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүчү түзүлүштү ККМ же фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүчү түзүлүш катталган күндөн тартып салык мезгили аяктаганга чейинки мезгилдин ичинде үзгүлтүксүз пайдаланган;
3) салык төлөөчү ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопко тартылган эмес.
32. 065-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 197-беренесине ылайык түзүлгөн, 8-тиркемесинин IV бөлүмүнүн чечмеленишиндеги маалыматтарга ылайык, 5 жыл ичинде өз багыты боюнча пайдаланылбаган атайын фондлун суммасы көрсөтүлөт. 064-уячага 8-тиркеменин 864-уячасынын мааниси көчүрүлөт.
33. 066-уячада уячалардын маанилеринин оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырмасы түрүндөгү пайда салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт: 065 = (061 - 062 - 063 - 064) + 065. Эгерде мааниси терс болсо, анда 066-уячанын алдында сол жагында жайгашкан атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт.
34. Эгерде, Декларациянын 066-уячасынын мааниси терс болсо, анда ал "Кайтарылуучу салык" 067-уячасына көчүрүлөт. Мындай учурда ЖИ төмөнкүлөргө укуктуу:
а) пайда салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасын ошол мезгил үчүн анын башка салыктарын төлөөнүн эсебине жана/же келечектеги салыктардын, мисалы, жер салыгынын же мүлк салыгынын эсебине чегерүүгө;
б) пайда салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасын анын салык карызынын төлөм эсебине, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкциясынын төлөмүн чегерүүгө;
в) бул сумманы бюджеттен алууга, ал үчүн ЖИ салыктык катталган жери боюнча салык органына салык төлөмүн ырастаган документтердин тиркемеси менен салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып алуу тууралуу арыз менен кайрылуу керек. Арыз салык органы тарабынан каралат жана кайтарып алуу тууралуу арыз түшкөн күндөн кийинки 40 календардык күндүн ичинде кайтаруу ишке ашырылат. Ашыкча төлөнгөн салыктын кайтарылган суммасы акчалай берилбейт, ЖИнин эсеп-чотуна акча каражатын накталай эмес которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Эскертүү. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын кайтаруу же чегерүү тууралуу арыз ЖИ тарабынан ашыкча төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийин алты жылдан кечикпей берилиши керек.
35. Эгерде, Декларациянын 066-уячасынын мааниси оң болсо "Төлөнүүчү салык" 068-уячага көчүрүлөт. Бул сумманы Декларация берилген күнгө чейин төлөө зарыл.
36. 069-уячада 069 = 058 - 061 - 063 + 065 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасына барабар болгон, пайда салыгын төлөгөндөн кийин ЖИнин карамагында калган кирешенин суммасы чагылдырылат. 069-уячанын мааниси 7-тиркеменин 750-уячасына көчүрүлөт.
§ 2.3. III бөлүмдү толтуруу. "Киреше салыгы"
37. Декларациянын бул бөлүмү ишкердикке кирбеген, Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердик ишинин алкагынан сырткары жеке адам катары жүргүзгөн башка экономикалык ишине карата толтурулат.
Эскертүү. Декларациянын бул бөлүмүн толтуруу үчүн алгач Декларация тапшыруучунун көрсөткүчтөрү бар тиркемелеринин бөлүмдөрүн толтуруу зарыл.
Декларациянын бул бөлүмүн толтуруу тиркеменин толтурулган тийиштүү бөлүмдөрүнөн маалыматтарды көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын бул бөлүмүнүн көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
38. 070-уячага 1-тиркеменин 199-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин суммасы көчүрүлөт.
39. 071-уячада отчеттук жылдын ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндөгү жеке эсептен чыгаруулардын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Киреше салыгы салынган киреше алган Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде иштеген же иштебегенине же жыл ичиндеги бардык айларда толук иштебегенине карабастан отчеттук жылдын ар бир айы үчүн 6,5 эсептик көрсөткүчкө (6,5 х 100 сом = 650 сом) барабар жеке эсептен чыгарууларды алууга укуктуу. Мындай эсептен чыгаруулар жыл үчүн 7800 сомго (650 сом х 12 ай) барабар.
40. 072-уячада отчеттук жылдын ар бир айы үчүн Декларация тапшыруучунун багуусундагы ар бир адамга бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт:
а) эгерде, Декларация тапшыруучунун багуусундагы адамдары болсо, ал бул уячага алардын ар бирине отчеттук жылдын ар бир айы үчүн 100 сом өлчөмүндөгү (жылына бирөөнүн эң чоң өлчөмү 1200 сом) эсептен чыгаруулардын суммасын киргизүүгө укуктуу, бул үчүн ырастоочу документтердин болушу зарыл;
б) Декларация тапшыруучу эсептен чыгарууну алган багуусундагы адам Декларация тапшыруучунун асыранды баласы болсо, ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк/баланы жашы жеткенге чейин асырап алуу тууралуу документ. 18 жаштан кийин багып алуу документ түрүндө ырасталышы керек;
- эгерде, асыранды бала окуу жайында окуса жана анын жаш курагы 24 жаштан ашпаса, анын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдан маалымкат;
- Декларация тапшыруучунун каражатынын эсебинен жашашкан жана эч кандай киреше албаган башка адамдарга карата маалымкат.
Мисалы, мындай адамдар болуп пенсия албаган ата-энелери, жубайы-үй кожейкеси, камкордугунда болгон адамдар саналышы мүмкүн. Багуудагы адам тууралуу маалымкат төмөнкү органдардын бири тарабынан берилиши мүмкүн: айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, турак жай ээлеринин шериктештигинен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен, башка турак жай-коммуналдык уюмдарынан;
- эгерде багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда багуудагы адамга карата эсептен чыгарууларды жеке адамдардын бирине гана алууга уруксат берилет.
Эскертүү. Салык салуу максатында багуудагы адам катары өзүнүн кирешеси жок, салык төлөөчүнүн кирешесинин эсебинен жашаган жакын тууганы таанылат.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асырандылар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдар, толук бир тууган жана толук эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар, чоң аталар, чоң энелер, неберелер жакын туугандары деп таанылат.
41. 073-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн эсептен чыгарууларынын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага жумуш берүүчү жумушчунун эмгек акысынан кармап калган суммалар киргизилет. Бул сумманы төлөө Декларация тапшыруучу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн башка субъектинин жумуш берүүчүдөн алган маалымкаты менен ырасталат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн адамдар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу квитанцияларды сактоолору зарыл.
42. 074-уячада мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгарууларды берүү үчүн салык базасы эсептөө жолу менен аныкталат: 074 = 070 - 071 - 072 - 073.
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу келишимин түзгөн жана мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төгүмдөрдү төлөгөн Декларация тапшыруучу бул чегерүүлөрдү эсептен чыгарууга укуктуу. Уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасы Декларация тапшыруучунун салык салынган кирешесинин 8 пайызы менен чектелет.
Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалаган Декларация тапшыруучу, ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн Декларацияга тиркейт.
Мисал. Декларация тапшыруучу Искаков мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен келишим түзгөн. Отчеттук жылдын ичинде бул фондго төлөнгөн чегерүүлөрдүн суммасы 22000 сомду түздү. Бир жыл үчүн ага 300000 сом суммасында эмгек акы эсептелген. Декларация тапшыруучу иштеген салык агенти-жумуш берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулар 37800 сомду түздү, анын ичинде:
1) 7800 сому - бир жыл үчүн жеке эсептен чыгаруулар;
2) 30000 сому - эсептелген эмгек акынын 10 пайыз өлчөмүндө жумуш берүүчү тарабынан кармалган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр.
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылууга эсептен чыгарууларды жана кийинки эсептен чыгарууларды эсепке албагандагы киреше салыгынын суммасын эсептөө үчүн салык базасы 262200 сомду (300000-37800) түзөт.
262200 сом суммасынын 8 пайызын эсептөө зарыл, ал 20976 сом болот. Бул сумма Декларация тапшыруучу тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасын чектөө катары кызмат кылат. Бул төлөнгөн 22000 сомдун ичинен 20976 сому гана эсептен чыгарылат дегенди түшүндүрөт.
43. Эгерде Декларант мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөмдөрдү жүргүзсө жана бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгаруу алууну кааласа, анда:
а) 075-уячада Декларант тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууну чектөө суммасы эсептөө жолу менен аныкталат: 075 = 074 х 8/100;
б) 076-уячада Декларант тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн иш жүзүндөгү сумма көрсөтүлөт;
в) 077-уячада 077 = 075 - 076 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы эсептелет;
г) эгерде 077-уячасынын мааниси терс болсо, 077-уячанын алдындагы атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 075-уячанын мааниси 078-уячага көчүрүлөт;
д) эгерде 077-уячанын мааниси оң болсо, 077-уячанын алдындагы атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 076-уячанын мааниси 079-уячага көчүрүлөт;
ж) 080-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн салык базасынын өлчөмү эсептөө жолу менен аныкталат:
080 = 074 - 078, эгерде 078-уяча толтурулган болсо;
080 = 079, эгерде 079-уяча толтурулган болсо.
44. Эгерде Декларант жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалабаса же мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөмдөрдү жүргүзбөсө, анда 075, 076, 077, 078, 079-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт жана 074-уячанын мааниси 080-уячага көчүрүлөт.
45. Ушул Тартиптин 42 жана 43-пункттарына ылайык алынган 080-уячанын мааниси социалдык эсептен чыгаруулардын суммасын аныктоо үчүн салык базасы катары кызмат кылат.
Эскертүү. Декларация тапшыруучу өзүнүн жеке окуусуна жана/же жаш курактары 24 жаштан ашпаган өзүнүн багуусундагы адамдардын окууларына жумшаган сумма социалдык эсептен чыгаруулар болуп саналат. Бул эгерде, балдар бакчалары, мектептер, жогорку окуу жайлары Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болушса, алар үчүн төлөнгөн төлөмдөр болушу мүмкүн.
Демек, эгерде Декларация тапшыруучуну жана/же анын багуусундагы адамды окутуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ата мекендик уюмда жүргүзүлсө, анда мындай окуу жана тарбиялоо мекемелерине төлөнгөн суммалар эсептен чыгарууга жатпайт.
Билим берүү үчүн эсептен чыгарууга болгон укук ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын жана Декларацияга тиркелген, кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде Декларация берген учурда берилет.
Ошону менен бирге, эгерде окуп жаткан багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда анын окуусуна кеткен чыгашаларды эсептен чыгарууну жеке адамдардын биринин гана алуусуна уруксат берилет.
Эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууну жана мүлктүк эсептен чыгарууларды кошпогон салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет, ал эми багуусунда үч же андан көп адам бар салык төлөөчүлөр үчүн эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууну кошпогон салык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызы менен чектелет.
Эгерде окууга эсептен чыгарууларынын суммасы чектөө суммасынан ашып кетсе, анда кийинки жылдарда Декларация берген учурда бул ашып түшүү эсептен чыгарылбайт.
1-мисал. Ушул Тартиптин 42-пунктунда мисал келтирилген Декларация тапшыруучу Искаков өзүнүн билим деңгээлин жогорулатуу чечимин кабыл алган жана Салык консультанттарынын палатасына үч айлык курска барган. Искаков өз каражатынан окууга 15000 сом төлөгөн. Салык консультанттарынын палатасынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген окутууга лицензиясы бар. Ушул Тартиптин 42-пунктундагы мисалга ылайык Искаковдун киреше салыгы боюнча салык базасы стандарттуу эсептен чыгарууларын эске алуу менен 241224 сомду (262200-20976) түзгөн, андан билим алууга эсептен чыгаруунун суммасын чектөө өлчөмүн эсептеп чыгуу зарыл. Социалдык эсептен чыгаруу боюнча чектөөнүн суммасы 24122 сомду (241224х10%) түзөт. Анткени, Искаков окуу үчүн төлөгөн 15000 сом эсептеп чыгарылган чектөөдөн (24122 сом) аз, анда билим алуу үчүн төлөнгөн баардык сумма эсептен чыгарылат.
2-мисал. Ушул Тартиптин 42-пунктунда мисал келтирилген декларация тапшыруучу Искаков өткөн жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген окутуу үчүн лицензиясы бар университеттин жана орто мектептин камкордук кеңешинин дарегине өздүк каражаттарынан 56000 сом суммада жашы 24төн ашпаган багуусундагы үч баласынын окуулары үчүн төлөгөн. Ушул Тартиптин 42-пунктундагы мисалда стандарттык эсептен чыгарууларды эсепке алуу менен Искаковдун киреше салыгы боюнча салыктык базасы 241224 сомду (262200-20976) түздү, көрсөтүлгөн салык базасынан билим алууга эсептен чыгаруу суммасынын чектөө өлчөмүн эсептен чыгарып салуу зарыл. Социалдык эсептен чыгаруу боюнча чектөөнүн суммасы 60306 сомду түзөт (241224x25%). Анткени, Искаков 56000 сом өлчөмүндө окуу акысын төлөгөн, ал эсептелген чектөө өлчөмүнөн (60306 сом) аз болгондуктан, окутуу үчүн төлөнгөн бардык сумма эсептен чыгарылууга тийиш.
46. Эгерде Декларант билим алуу үчүн төлөмдөрдү жүргүзсө жана бул төлөм боюнча эсептен чыгарууларын алууга укугу болсо жана алууну кааласа, анда:
а) 081-уячада эсептөө жолу менен социалдык эсептен чыгаруу үчүн чектөө көрсөтүлөт: 080=079x10/100 же 079x25/100;
б) 082-уячада Декларант тарабынан ата мекендик билим берүү мекемесине төлөнгөн иш жүзүндөгү сумма көрсөтүлөт;
в) 083-уячада 083=081-082 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт;
г) эгерде 083-уячанын мааниси терс болсо, 083-уячанын алдындагы атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 081-уячанын мааниси 084-уячага көчүрүлөт;
д) эгерде 083-уячанын мааниси оң болсо, 083-уячанын алдындагы атайын уячада белги көрсөтүлбөйт жана 082-уячанын мааниси 085-уячага көчүрүлөт.
47. Эгерде, Декларация тапшыруучу билим алуу үчүн төлөмдөрдү жүргүзбөсө, бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларын алууга укугу жок болсо же алууну каалабаса, анда 081, 082, 083, 084, 085-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
48. 086-уячада Салык кодекси тарабынан белгиленген мүлктүк эсептен чыгаруулары үчүн чектөө көрсөтүлөт.
Ипотекалык кредит алып, Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз турак жай мүлкүн сатып алган жана/же турак жай объектисинин курулушун жүргүзгөн Декларация тапшыруучу бул эсептен чыгарууну ала алат. Ипотекалык кредит сатып алынган же курулуп жаткан мүлктөр күрөөгө коюлган учурда берилет. Уруксат берилген мүлктүк эсептен чыгаруулардын өлчөмү жылына 230000 сом сумма менен чектелет.
Мүлктүк эсептен чыгаруулар, эгерде сатып алынган үйлөр, батирлер, бөлмөлөр же алардагы үлүштөр жакын туугандар, жумуш берүүчү сыяктуу өз ара көз каранды адамдардын ортолорундагы бүтүмгө келүүгө байланышпаган учурларда берилет.
Билим алууга эсептен чыгаруулар сыяктуу эле, мүлктүк эсептен чыгарууларга укук Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын негизинде жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык Декларацияга тиркелген, кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрү берилген учурда берилет.
Эскертүү. Мүлктүк эсептен чыгаруу Декларация тапшыруучунун-мүлк ээсинин алган ипотекалык кредитине сатып алынган каражатына берилет.
Мисал: ушул Тартиптин 42 жана 45-пункттарында мисал келтирилген Искаков 2012-жылдын январында турак үйдүн курулушуна банктан 1000000 сом өлчөмүндө 5 айлык мөөнөткө ипотекалык кредит алган. Ипотекалык кредиттөөгө келишимдин шарты боюнча алгачкы эки жыл жеңилдетилген жылдар болуп кредиттин негизги суммасы төлөнгөн эмес. Мына ошондуктан Искаков 2012 жана 2013-жылдары кредит боюнча жыл сайын 150000 сом өлчөмүндө пайыздарды гана төлөп турган.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация берген учурда Декларация тапшыруучу 2013-жылда төлөнгөн пайыздардын толук суммасын эсептен чыгарууга укуктуу, анткени ал ипотекалык кредит боюнча эсептен чыгаруулардын белгиленген максималдуу чегинен аз.
Ушул Тартиптин 42 жана 45-пункттарында келтирилген мисалдардагы маалыматтарга ылайык, Искаковдун киреше салыгынын салык базасы билим алууга эсептен чыгарууларды эске алуу менен 241224-15000=226224 сомду түзгөн.
2013-отчеттук жыл үчүн Декларацияларды толтуруунун жыйынтыгы боюнча Искаковдун төлөмгө карата киреше салыгын эсептеп чыгуу үчүн салык базасы 226224-150000=76224 сомду түзөт. Кошуп эсептелген киреше салыгынын суммасы 76224 * 10% / 100% = 7622 сомго барабар болгон.
Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде жумуш берүүчүнүн бухгалтериясына мамлекеттик эмес пенсиялык фондуна өзүнүн чегерүүлөрү боюнча документтерди бербегенин эске алып, жумуш берүүчү салык агенти катары отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу үчүн 262200 х 10% / 100% = 26220 сом өлчөмүндө жеке эсептен чыгарууларды жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча эсептен чыгарууларды эске алуу менен гана эсептелип чыккан салык базасынан киреше салыгынын суммасын төлөгөн.
Декларация берүүнүн жыйынтыгы боюнча Искаков мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга, өзүнүн квалификациясын жогорулатууга кеткен чыгымдар боюнча, ошондой эле ипотекалык кредит боюнча пайыздарды төлөөгө кеткен эсептен чыгарууларды алып, 2013-жыл үчүн төлөй турган киреше салыгынын кошуп эсептелген суммасын 26220-7622=18598 сомго азайткан.
Декларация берүүнүн жыйынтыгы боюнча 18598 сом өлчөмүндөгү сумма Искаковдун киреше салыгы боюнча ашык төлөгөн суммасы болуп саналат жана:
- Декларация тапшыруучу тарабынан жер салыгын, кыймылсыз мүлк салыгын, транспорт каражаттарынын салыгын төлөө үчүн пайдаланылышы;
- Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери, башкача айтканда катталган жери боюнча салык органына берген арызынын негизинде ага кайтарылып берилиши мүмкүн.
Кайтарып алуу үчүн Декларация тапшыруучу кеткен чыгымдарын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн арызына тиркейт.
49. Эгерде Декларант мүлктүк эсептен чыгарууга укуктуу болсо жана аны алууну кааласа, анда:
а) 087-уячада Декларант тарабынан ипотекалык насыя боюнча отчеттук жылдын аралыгында төлөнгөн пайыздардын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт;
б) 088-уячада 088=086-087 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт;
в) эгерде 088-уячанын мааниси терс болсо, 088-уячанын алдындагы атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 086-уячанын мааниси 089-уячага көчүрүлөт;
г) эгерде 088-уячанын мааниси оң болсо, 088-уячанын алдындагы атайын уячада белги көрсөтүлбөйт жана 087-уячанын мааниси 090-уячага көчүрүлөт.
50. Эгерде Декларант жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларын алууну каалабаса же ипотекалык насыя боюнча төлөмдөрдү ишке ашырбаса, анда 087, 088, 089 жана 090-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
51. 091-уячада Декларанттын киреше салыгынын салык базасынан уруксат берилген эсептен чыгаруунун толук суммасы көрсөтүлөт:
091 = 071 + 072 + 073 + (078 же 079) + (084 же 085) + (089 же 090).
52. 092-уячада Декларанттын ишкердик алкагынан сырткары экономикалык иши боюнча декларация толтуруунун натыйжасында анын салык салынуучу кирешеси көрсөтүлөт: 092 = 070 - 091. 092-уячанын мааниси оң же терс, ошондой эле нөлгө барабар болушу мүмкүн.
Эгер мааниси терс болсо, анда 092-уячанын алдында сол жагында жайгашкан атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт.
Эгерде мааниси терс болсо же "0" гө барабар болсо, анда 093-101-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
Эгерде мааниси оң болсо, анда атайын уячага белги коюлбайт жана 093-101-уячалар толтурулат.
53. 093-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 173-беренесине ылайык киреше салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
54. 094-уячада (092 х 093) / 100% формуласы боюнча эсептелип чыккан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
55. 095-уячада отчеттук жыл үчүн салык агенттери тарабынан (сыйакы, пайыздык жана башка кирешелерди төлөшкөн жумуш берүүчүлөр, субъекттер) кармалган киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Бул сумманы ырастоочу болуп, кирешени төлөп жаткан жумуш берүүчүнүн/субъекттин төлөгөн суммасы жана кармалган киреше салыгынын суммасы жөнүндөгү маалымкаты саналат.
Маалымкатта көрсөтүлгөн киреше салыгынын суммасы ушул уячада чагылдырылат жана төлөөнүүчү салыктын суммасын азайтат.
56. 096-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жылдын ичинде өз алдынча төлөнгөн киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумманы төлөө төлөмдү кабыл алгандыгы жөнүндөгү белгиси бар квитанция/төлөм тапшырыгы менен ырасталат. Бул төлөм документтери Декларация тапшыруучуда сакталат.
57. 097-уячада чет мамлекетте төлөнгөн жана эсепке алууга жаткан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Декларация тапшыруучу тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет өлкөлүк мамлекетте салык салынууга жатса, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорунда түзүлгөн кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда, киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесин эсептөө учурунда чегерилет.
Чегерилген сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоосу керек.
Чегерүүнүн суммасын ырастоо болуп:
а) чет мамлекеттин булактарынан алынган кирешелердин жана чет мамлекеттин салык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөнгөн киреше салыгынын суммалары жөнүндө маалымкат;
б) салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтери саналат.
Эскертүү. Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун бар экендиги тууралуу маалыматты Декларация тапшыруучу Декларациясын тапшырган салык органынан, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.qov.kq) расмий сайтынан алууга болот.
Мисал. Декларация тапшыруучу Россия Федерациясында 100000 сом суммасында киреше алган, андан 13% киреше салыгынын ставкасы боюнча 13000 сомго барабар өлчөмдөгү киреше салыгы кармалган. Кыргыз Республикасында төлөнгөн киреше салыгынын эсебине Россия Федерациясында төлөнгөн киреше салыгынын бардык суммасы эмес, Кыргыз Республикасында колдонулган ставка боюнча төлөнө турган бөлүгү 10%, б.а. 10000 сом гана чегерилет. 10000 сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгын азайтат.
58. 098-уячада 098 = 094 - 095 - 096 - 097-уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортолорундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндөгү киреше салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт:
098-уячанын терс мааниси мурда кармалган же төлөнгөн киреше салыгынын бөлүгүн кайтарып алууга Декларанттын укугу бар экенин көрсөтөт. 098-уячанын алдындагы атайын уячада "-" минус белгиси көрсөтүлөт.
098-уячанын "0"гө барабар мааниси толтуруунун натыйжасында Декларантгын бюджет алдындагы милдеттенмелери аткарылганын көрсөтөт.
098-уячанын оң мааниси Декларант отчеттук жыл үчүн киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесине кошуп төлөөнү ишке ашырууга милдеттүү экенин көрсөтөт.
59. Декларациянын 099-уячасына "Кайтарылуучу салык" 098-уячанын терс мааниси көчүрүлөт.
Декларация тапшыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын учурдагы мезгил үчүн анын башка салыктарын төлөөнүн эсебине жана/же келечектеги салыктардын, мисалы, жер салыгынын же мүлк салыгынын эсебине чегерүүгө;
б) киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын анын салык карыздарын төлөөнүн, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөнүн эсебине чегерүүгө;
в) бул сумманы бюджеттен алууга, ал үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына салык төлөмүн ырастаган документтердин тиркемеси менен салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып алуу тууралуу арыз менен кайрылуу керек. Арыз салык органы тарабынан каралат жана кайтарып алуу тууралуу арыз түшкөн күндөн кийинки 40 календардык күндүн ичинде кайтаруу ишке ашырылат. Ашыкча төлөнгөн салыктын кайтарылган суммасы акчалай берилбейт, Декларация тапшыруучунун эсеп-чотуна акча каражатын накталай эмес которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Эскертүү: салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздардын туумдарын жана салык санкцияларын эсепке алуу же кайтаруу жөнүндөгү арыз Декларация тапшыруучу тарабынан ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки алты жылдан кечиктирилбей берилиши мүмкүн.
60. "Төлөнүүчү салык" 100-уячасына Декларация берген күнгө чейин төлөө зарыл болгон 098-уячанын оң мааниси көчүрүлөт.
61. 101-уячада Декларанттын ишкердиктин алкагынан тышкаркы экономикалык ишинен түшкөн кирешесинин киреше салыгын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү, мамлекеттик эмес пенсиялык фондго взносторду төлөгөндөн кийин анын карамагында калган суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй жол менен аныкталат: 101 = 070 - 073 - 076 - 094. 101-уячанын мааниси 7-тиркеменин 760-уячасына көчүрүлөт.
62. Декларация тапшыруучу тарабынан толтурулган Декларациянын формасынын ылдыйкы бөлүгүндө тиркемелер "X" белгиси менен белгиленет, бул тигил же бул тиркеменин берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
3-глава. "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-102-001) 1-тиркемени толтуруу
§ 3.1. I бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик иш боюнча жеке адамдын жылдык жыйынды кирешеси"
63. 1-тиркеменин бул бөлүмү салык салуунун жалпы режиминин негизинде салыктарды эсептеген жана төлөгөн ЖИ тарабынан толтурулат.
64. Декларацияны толтурууда ЖИ салык эсебинин эрежелерин жетекчиликке алышы керек.
Эскертүү. Салык эсеби - бул Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп тууралуу мыйзамына жана Салык кодексинде каралган тартипке ылайык топтолгон баштапкы документтердин маалыматтарынын негизинде салык боюнча салык базасын аныктоо үчүн маалыматты жалпылоонун кабыл алынган тутуму.
Салык кодексинин 154-беренесинде каралгандай, салык эсебин жүргүзүү тартиби жетекчинин тийиштүү буйругу (буйрутма) менен бекитилүүчү салык салуу максаттары үчүн эсептик саясатта салык төлөөчү тарабынан белгиленет, мындан улам, баардык салык төлөөчүлөр эсептөө саясатын бухгалтердик эсептөө максатында эле эмес, салык салуу максатында да иштеп чыгуусу керек.
Салык кодексинин 155-беренесинде Салык кодексинде башка талаптар белгиленбесе, ЖИ активдердин наркын, милдеттердин көлөмүн, бухгалтердик эсептөөдө колдонулуучу методдор жана эрежелер боюнча салык салуу максаттарында кирешелерди жана чыгымдарды аныктаары белгиленген.
65. Салыктык эсептөөлөр үчүн маалыматтар булагы болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) баштапкы эсепке алуу документтери (анын ичинде бухгалтердик маалымкат);
б) бухгалтердик жана салыктык эсепке алуунун талдоо регистри;
в) салык базасынын эсеби.
Эскертүү. Салыктык эсептөөлөрдү талдоо регистри эсепке алууга кабыл алынган баштапкы документтерде, салык базасынын эсебинде көрсөтүү үчүн салыктык эсепке алуунун талдоо маалыматтарында камтылган кабарларды системалаштыруу жана чогултуу үчүн багытталган.
Салыктык эсепке алуунун регистри кагаз жүзүндө, электрондук түрдө жана/же башка бардык булактарда жана салык салуу максатындагы эсеп саясатына ылайык салык төлөөчү тарабынан белгиленген атайын формалар түрүндө жүргүзүлөт.
66. 150-178-уячаларда бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык аныкталуучу ЖИнин ишинен алынган кирешенин бардык түрлөрү көрсөтүлөт.
Эскертүү. Киреше деп активдердин кошулушу, өсүшү (акча каражаттары, башка мүлктөр) же катышуучулардын салымдарын эсепке албаганда, салык төлөөчүлөрдүн өз капиталынын көбөйүүсүнө алып келүүчү милдеттемелердин төмөндөшү таанылат.
67. 150-уячада салыктык амортизация максатында салыктык топко кошулган негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчадан тышкары, товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акчанын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кошумча нарк салыгы жана сатуудан алынуучу салык сыяктуу кыйыр салыктарды эсепке киргизбегенде, белгиленген стандарттарга жана бухгалтердик эсептин тандалып алынган методуна жараша товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн салык төлөөчү алган же алууга тийиш болгон акча каражаттары түшкөн акча деп таанылат.
68. Товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча төмөнкү учурларда оңдолуп-түзөтүлөт:
а) товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;
б) бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө;
в) бүтүмдүн шарттары толук же жарым-жартылай аткарылбаганда.
Кирешени мындай оңдоп-түзөтүү отчеттук салык мезгилинде пайда болгон операциялар боюнча жүргүзүлөт жана жылдык жыйынды кирешенин өлчөмүн кайтаруу суммасына же бүтүмдүн шарттарын өзгөртүүнүн суммасына өзгөртөт.
69. 151-уячада амортизациялоого жатпаган активдерди сатуудан түшкөн кирешелер, ошондой эле пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды демонтаждоодо же жоюуда алынган материалдардын жана башка мүлктөрдүн наркы түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт.
Эскертүү. Жер жана суу, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жаратылышты пайдалануунун башка объекттери, ошондой эле товардык-материалдык запастар, капиталдык курулуштун аягына чыкпаган объекттер, баалуу кагаздар, финансылык аспаптар, орнотула элек жабдуулар, негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, салык төлөөчү тарабынан өндүрүүдө жана/же сатып алууда пайдаланылбаган товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр амортизациялоого жатпайт. Мындан сырткары, отчеттук жылдын ичинде наркы толук бойдон даяр продукциянын, аткарылган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына көчүрүлгөн мүлктөр амортизациялоого жатпайт.
Активдерди сатып алуунун жана пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды демонтаждоо же жоюу учурунда келтирилген чыгымдардын наркы 2-тиркеменин 250-уячасында киреше алууга багытталган чыгашалар катары көрсөтүлөт.
70. 152-уячада экономикалык ишти чектөө же токтотуу макулдугу үчүн алынган киреше көрсөтүлөт.
71. 153-уячада өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн баа боюнча же эсепке алуу саясатында иргелип алынган тандап алуу методуна жараша базар баасы боюнча кимден алынгандыгына карабастан, кайтарымсыз алынган активдердин наркы (акча каражаттары, компьютерлер, эмеректер, имарат, автотранспорт, баалуу кагаздар, товарлар, дебитордук карыздар ж.б.) көрсөтүлөт.
Эскертүү. Төмөндө саналган активдер боюнча көрсөткүчтөр киргизилбейт:
- пайлык салым жана/же уставдык капиталга салым катары алынган мүлктүн наркы, ошондой эле уюмга катышуу үлүшүн сатуудан алынган киреше;
- ата мекендик уюмдарга катышуудан ЖИнин алган дивиденддери;
- шериктердин салымы катары жөнөкөй шериктештик тарабынан алынган мүлктүн баасы;
- ишеним башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкарууга кабыл алынган мүлктүн баасы;
- пайыздык киреше жана сатуу күнүндө фонддук биржалардын листингинде листингдин эң жогору жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча баалуу кагаздардын наркынын өсүүсүнөн алынган киреше;
- финансылык ижара келишими (лизинг) боюнча негизги каражаттарды сатуудан алынган киреше.
Жогоруда көрсөтүлгөн кирешелер 2-тиркемеде салык салынбаган киреше катары көрсөтүлүшү керек.
72. 154-уячада отчеттук жылдын ичиндеги жыйындыда оң курстук айырманын суммасынын терс курстук айырманын суммасынан ашкан суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Курстук айырма болуп, валюталык мүлктү сомдук баалоонун же эсептөө датасындагы сомго карата колдонулган чет өлкөлүк валюта үчүн же отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчетту түзгөн жана отчеттук мезгилде бухгалтердик эсепти кабыл алган датага же мурдагы отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчетту түзгөн датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча милдеттенменин ортолорундагы айырма саналат.
Кассадагы чет өлкөлүк валютанын калдыгы, банктардын жана башка кредиттик мекемелердин эсептериндеги чет өлкөлүк валюта (чет өлкөлүк валютадагы төлөм эсеби жана алуу эсеби), чет өлкөлүк валютадагы финансылык салымдар, эсептешүүдөгү каражаттар (чет өлкөлүк валютадагы карыз милдеттенмелери) кайра эсептелет.
Бул уяча оң курстук айырманын суммасы терс курстук айырманын суммасынан ашып түшкөн учурда гана толтурулат.
73. 155-уячада ишкердик иштен түшкөн пайыздык киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү. Пайыздык киреше болуп, карыздык талаптардын кайсы гана түрүнөн болбосун алынган киреше, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу тартуу жана каржылоо операцияларынан алынган, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешелерди кошкондо, облигация, вексель жана өздөштүрүүнүн башка түрлөрү боюнча кирешелер саналат.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн кредиттөөнүн ислам принциптери боюнча ишке ашырылган операциялары тартуу жана финансылоо операциялары деп түшүндүрүлөт.
Бул уячаны толтурууда пайыздык кирешеден төлөм булагынын пайыз салыгы кармалгандыгына көңүл буруу зарыл.
Салык кодексинин 221-беренесинин 3-бөлүгүнүн шарттары боюнча пайыздардын салык салынуучу суммасына киреше булагынан мурда салык алынган пайыздар киргизилбейт.
Эгерде, киреше булагынан пайыздык кирешеге салык кармалбаса, ал толугу менен 155-уячага киргизилет.
Эгерде салык, салык агенти - ата мекендик уюм же ЖИ тарабынан кармалган болсо, кармалган салыкты эсепке киргизбегенде алынган пайыздык кирешенин суммасы 3-тиркеменин 390-уячасында булакта салык салынган киреше катары көрсөтүлөт.
Киреше булагынан кармалган салыктын суммасы тиешелүү документтер менен ырасталышы керек.
Эгерде пайыз салыгы салык агенти - чет өлкөлүк уюм тарабынан кармалса, анда эл аралык макулдашууга кайрылуу зарыл. Салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорундагы кош салыкты жоюу тууралуу макулдашуу бар учурда, эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык, чет мамлекетте салык салынууга жатса, салык милдеттенмелерин эсептөө учурунда эсепке алынат.
Кошуп эсептелген пайыздык кирешенин суммасы (кармалган салыкты кошуп) 155-уячага киргизилет.
Макулдашууга ылайык, эсепке алынууга жаткан салык Декларациянын 060-уячасына киргизилет.
Бул тиркемеге пайыздардан алынган киреше жана сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингинде жаткан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше киргизилбейт. Бул киреше салык салынбай турган болуп саналат жана 3-тиркемеге киргизилет.
74. 156-уячада роялтинин алынган суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Роялтиге сыйакы катары алынган төлөмдөрдүн бардык түрү кирет:
а) компьютердик программаларды, кино, теле, видео фильмдерди же радио жана теле көрсөтүү үчүн жазмалар менен кошо, адабияттын, искусствонун же илимдин бардык чыгармаларын пайдалангандыгы же аларга автордук укуктарды пайдаланууга укук бергендиги үчүн;
б) өнөр жай менчигинин объекттерине, соода маркасына, жасалгалоого же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматка (ноу-хау) болгон укугун ырастоочу бардык патенттер үчүн.
75. 157-уячада кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелер: ижара үчүн, ижарачыларды электр кубаты, суу, кайтаруу жана башка коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу үчүн төлөмдөр, ошондой эле ижарага байланыштуу башка кирешелер көрсөтүлөт.
76. 158-уячада алынган субсидиялар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Субсидия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан Декларация тапшыруучуга анын экономикалык ишине байланыштуу, өткөн же келечекте белгилүү шарттарды аткаруусунун ордуна активдерди берүү түрүндөгү жардам.
Субсидиялардан түшкөн киреше, субсидияларды пайдаланууга байланыштуу кетирилген чыгымдардын ченеминде таанылат.
Субсидиянын пайдаланылбай калган бөлүгү кийинки мезгилдерге калтырылган киреше катары эсепте көрсөтүлөт.
77. 159-уячада Субсидиянын пайдаланылбай калган бөлүгү кийинки мезгилдерге калтырылган киреше катары эсепте көрсөтүлөт.
Эскертүү. Амортизациялоого жаткан негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешеге киргизилбейт, ал Салык кодексинин 200-беренесинин жоболоруна ылайык, топтун салыктык наркын аныктоо учурунда эске алынат.
Эгерде, амортизацияланган активдердин топторунун салыктык наркы нөлдөн аз болсо, салык төлөөчү өзүнүн кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.
78. 160-уячада инвентаризациялоонун натыйжасында аныкталган активдердин ашыкча наркы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Инвентаризациялоонун негизги максаты болуп активдердин эсебин тактоо саналат. Артып калган активдер табылган учурларда алардын эсептик наркын ушул уячаны толтуруу үчүн киреше катары таануу зарыл.
79. 161-уячада 162, 163-уячаларда чагылдырылган ЖИнин милдеттенмесинин токтотулушунан алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
80. 162-уячада кредит берүүчү тарабынан эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде кредиттик карыз боюнча милдеттенме карызды кечүү сыяктуу себептер боюнча жокко чыгарылса, жабылбаган суммалар ЖИнин кирешеси катары таанылышы жана декларацияга киргизилиши керек.
81. 163-уячада ЖИнин милдеттенмесинин, анын ичинде үчүнчү тараптын салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кайсы гана милдеттенмелер болбосун үчүнчү тарап ишке ашырышы мүмкүн, бирок жыйынтыгында ЖИде бул карызды жабуу милдети келип чыкпаса, анда үчүнчү тарап төлөгөн сумма анын кирешеси катары таанылат.
82. 164-уячада карызды талап кылуу укугуна эпке келүүдөн түшкөн киреше көрсөтүлөт.
Эгерде, которуунун натыйжасында ЖИ киреше ала турган болсо (карызды алууга карата белгиленген сумманын жана берилген карыздын сумманын ортолорундагы оң айырма), анда көрсөтүлгөн айырма киреше катары таанылат жана ушул уячага киргизилет.
83. 165-уячада камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммаларынын ордун толтуруудан тышкары, камсыздандыруу келишимдери боюнча орду толтурулган камсыздоо суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Салык амортизациясынын тобуна киргизилбеген, камсыздандырылган негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылган ордун толтуруунун алынган суммасы киреше катары таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Салыктык амортизациянын тобуна киргизилген камсыздандырылган негизги каражаттарды камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү, бул уячага киргизилбейт, ал Салык кодексинин 201-беренесине ылайык негизги каражаттардын тобунун салыктык наркын аныктоо учурунда эске алынат.
84. 166-уячада 167 жана 168-уячаларда көрсөтүлгөн шектүү милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: Шектүү милдеттенме - салык төлөөчү тарабынан төлөнө турган сумма, аны ал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган соттун чечими боюнча милдеттенмелерин токтотуунун, банкрот болуунун, жоюлуунун же кредит берүүчүнүн өлүмүнүн, же доонун мөөнөтүнүн эскиришинин кесепеттеринен улам төлөгөн эмес.
85. 167-уячада Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык доонун эскирүү мөөнөтү үч жылга аныкталат. Доонун эскиришинин жүрүшү кредит берүүчүдө милдеттенмени аткаруу тууралуу талап коюу укугу пайда болгон учурдан башталат. Бул эгерде карызкорго милдеттенмени аткаруу боюнча жеңилдетилген мезгил берилсе, доонун эскиришинин эсептелиши көрсөтүлгөн мезгил аяктаган күндөн кийинки күндөн башталат дегенди түшүндүрөт.
86. 168-уячада соттун чечими боюнча эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
87. 169-уячада мурда эсептен чыгарылган катары таанылган, чыгашалар боюнча компенсациялар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Отчеттук жылда алынган чыгымдардын ордун толтуруунун суммасы же мурунку мезгилдердин Декларациясына эсептен чыгаруулар түрүндө киргизилген кайтарылгыс карыздарды кайтаруудан алынган сумма киреше катары таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Мисал: ЖИ-подрядчы турак үйүнүн курулушуна түзүлгөн келишим боюнча андагы сметада каралбаган кошумча чыгымдарга туш болду, ал аны өткөн жылдагы чыгымдардын курамында чагылдырган. Отчеттук жылда бул чыгымдардын ордун толтуруу тууралуу заказчы менен макулдашылган. Алынган ордун толтурууну ЖИ отчеттук жылдын кирешеси катары таанууга милдеттүү.
88. 178-уячада отчеттук жылдын ичинде алынган, салык салынбаган кирешелерге, кирбеген башка кирешелер көрсөтүлөт. Мындай кирешелер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
а) жөнөкөй шериктештик келишими боюнча алынган, келишимге ылайык катышуучулардын ортолорунда бөлүштүрүлгөн жана ар бир шериктештикте өзүнчө эске алынган пайда;
б) мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган мөөнөттө ишеним башкаруучу ала турган сыйакы;
в) ишкердик ишинин алкагындагы туумдан, жазапулдардан жана санкциялардан алынган сумма.
Мисалы, эгерде мурда резервди түзүү үчүн багытталган суммалар эсептен чыгарууга кошулуп, андан кийин резерв кыскартылса, анда мындай кыскартуу Декларацияны толтуруу максатында киреше катары таанылат жана ушул уячада көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамына ылайык, резервдин көрсөтүлгөн кыскаруусу кирешени көбөйтүүсү же чыгымды азайтуусу мүмкүн экендигине карабастан, жогоруда аталган Эреженин белгилениши 2-тиркеменин формасынын түзүмүнүн өзгөчөлүгү менен шартталган.
89. 179-уячада ЖИ тарабынан отчеттук жылдын ичинде ишкердик ишинен алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150-170-уячалардын маанилеринин жалпы суммасы киргизилет.
90. 1-тиркеменин 179-уячасынын алынган мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
§ 3.2. II бөлүмдү толтуруу. "Жеке адамдын жылдык жыйынды кирешеси"
91. 1-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан, ишкердикке тиешеси болбогон, анын башка экономикалык ишине карата толтурулат.
92. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарынан тышкаркы активдердин наркы, Декларация тапшыруучу тарабынан ырасталган документтердин негизинде, ал эми алар жок учурда - Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларация мезгилинин аягына карата учурдагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү. Чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эсептелинет жана көрсөтүлөт.
Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эсептелинет жана көрсөтүлөт.
93. 180-уячада Декларация тапшыруучунун иш берүүчү менен болгон эмгек мамилелеринен алынган кирешелери көрсөтүлөт:
а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акы, анын ичинде сыйлыктар, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;
б) эмгектик компенсация катарында жумушчуга көрсөтүлгөн кызмат, жумушчу үчүн аткарылган иш, жумушчу тарабынан алынган товарлардын наркы;
в) жумушчу тарабынан үчүнчү жактан алынган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын жумуш берүүчү тарабынан төлөнүшү;
г) киреше салыгы салынбаган жана 3-тиркеменин 388-уячасына киргизилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдердин чегинде суткалык жана дайындалган жерге чейин барып, кайра келүү, турак жай жалдоо боюнча өз милдеттерин аткарууда уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарткан чыгымдардын компенсациясынан тышкары, башкаруу уюмуна катышкандыгы үчүн алынган сыйакы жана компенсация түрүндөгү кирешелер;
д) 3-тиркеменин 364-уячасына киргизилген жана киреше салыгы салынбаган, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүчү сыйакыдан тышкары, өзүнүн жумушчуларына камсыздандыруу келишими боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнгөн камсыздандыруучу сыйакылардын суммасы.
94. 181-уячада материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт:
а) жумуш берүүчү жумушчуга берген товарлардын арзандатылган суммасы;
б) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн пайызда же пайызсыз кредиттерден жана зайымдардан алынган киреше.
Мисал: ЖИ жеке адам катары отчеттук жылдын 1-мартында 6 айга 50000 сом суммада пайызсыз зайым алган. Зайым алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы 8% түзгөн. Зайым отчеттук жылдын 31-августунда толук өлчөмдө кайтарылган.
Жеке адам тарабынан алынган пайданын суммасын эсептейбиз:
50000 сомду х 8% / 100% / жылдын 365 күнү х зайым колдонулган 184 күн = 2016 сом.
Демек, жеке адам зайымды колдонгондугу үчүн төлөнбөгөн 2016 сом суммасында материалдык пайда алган. Бул сумма1 1-тиркеменин 151-уячасына киргизилиши керек жана Декларация тапшыруучунун кирешесин көбөйтөт. Эгерде, материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынса, анда салыкты жумуш берүүчү кармайт. Кармалган жана төлөнгөн салыктын суммасы жумуш берүүчүнүн Декларацияны толтуруу үчүн жумушчуга берген маалымкатында көрсөтүлөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынбаса, анда материалдык пайданын суммасындагы киреше Декларацияга өз алдынча киргизилиши керек.
95. 182-уячада кайтарымсыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Бул жерде жакын туугандарынан алынбаган (мисалы, кесиптештеринен же уюмдан алынган) товарлар жана башка активдер түрүндөгү белектер чагылдырылышы керек. Жакын туугандарынан калган мурастар же белектердин наркы салык салынбай турган киреше катары 3-тиркеменин 359-уячасында көрсөтүлөт.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген 6-тиркеменин 95-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт.
96. 183-уячада Салык салынбаган кирешелерден жана Кыргыз Республикасындагы төлөм булагында мурда салык салынган кирешелерден тышкары, камсыздандыруу келишимдери боюнча киреше көрсөтүлөт. Бул уячаны толтурууда ата мекендик банктан жана чет өлкөлүк банктан алынган, анын ичинде киреше булактарынан мурда салык салынган жана салык салынбаган пайыздык кирешелерди өзүнчө кароо зарыл.
Эскертүү. Ата мекендик банктарга салынган салымдардан алынган пайыздык киреше салык салынбаган болуп саналат, ошондуктан бул уячада чагылдырылбай, 3-тиркеменин 366-уячасында көрсөтүлөт.
Эгерде, мындай пайыздык кирешени алуучу алуучулардын жеңилдетилген категориясына кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынган болсо, анда киреше салыгынын алынган суммасы 3-тиркеменин 390-уячасында төлөм булактарында салык салынган кирешелер катары көрсөтүлөт.
Эгерде, пайыздык киреше Кыргыз Республикасынын башка булактарынан алынса жана киреше салыгы төлөм булактарынан кармалса, жана бул жөнүндө ырастоочу документтер бар болсо, Декларация тапшыруучу тарабынан алынган кармалган салыкты чыгарып салгандан кийинки пайыздык кирешенин суммасы 3-тиркеменин 390-уячасында төлөм булактарынан салык салынган киреше катары көрсөтүлөт. Эгерде мындай киреше боюнча төлөм булактарынан пайыздык салык кармалбаса, анда алынган пайыздык сумма ушул уячага киргизилет.
Эгерде пайыздык киреше чет өлкөлүк уюмдардан (анын ичинде банктардан) алынган болсо, ал салык салынуучу болуп саналат. Мындай учурда бул уячага пайыздык кирешенин кошуп эсептелинген толук суммасы киргизилет.
Эгерде, чет өлкөлүк уюмдан алынган пайыздык кирешеге киреше булактарында салык салынса же салык төлөөчү салыкты өз алдынча чет өлкөдө төлөсө, киреше булактарынан кармалган салык же өз алдынча төлөнгөн салык ушул Тартиптин 57-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты кармоо же төлөө тууралуу документтер тарабынан ырасталышы керек.
Салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда, эгерде мындай макулдашуунун суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, салык милдеттенмесин эсептөөдө чегерилет.
Кошуп эсептелинген пайыздык кирешенин суммасы, анын ичинде кармалган салык ушул уячада чагылдырылат. Макулдашууга ылайык чегерүүгө тийиштүү салык Декларациянын 092-уячасына киргизилет, бирок Кыргыз Республикасында бекитилген киреше салыгынын ставкасынан ашпаган ставка боюнча. Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөө эсебине чегерилүүгө тийиштүү жана чет мамлекетте төлөнгөн/кармалган салыктын суммасынын эсебинин мисалы ушул Тартиптин 57-пунктунда келтирилген.
Декларациянын 092-уячасында көрсөтүлгөн салык суммасы төлөөгө тийиштүү киреше салыгынын суммасын төмөндөтөт.
Бул тиркемеге пайыздан түшкөн киреше жана сатуу күнүндө листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингинде жаткан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше киргизилбейт. Бул киреше салык салынбаган болуп саналат жана 3-тиркеменин 365-уячасына киргизилет.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген 6-тиркеменин 96-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт.
97. 184-уячада дивиденд түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт.
Бул уячада ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер, Салык кодексине ылайык салык салынбагандыктан көрсөтүлбөйт. Ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер 3-тиркеменин 356-уячасында салык салынбаган кирешелер катары көрсөтүлөт.
Бул уячада чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддердин толук суммасы, бул суммадан салык кармалганына/төлөнгөнүнө карабай көрсөтүлөт.
Эгерде чет өлкөдө алынган дивиденддердин суммасынан салык кармалган/төлөнгөн болсо, анда салыктын бул суммасы Декларацияга Декларация тапшыруучу дивиденд алган мамлекет менен Кыргыз Республикасынын кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу бар болсо, чет мамлекетте төлөнгөн салык катарында киргизилиши мүмкүн. Башка мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасында бекитилген ставка боюнча гана эсептелиниши мүмкүн.
Салык суммасын кармоону же аны төлөөнү ырастоочу катары ушул Тартиптин 31-пунктунда көрсөтүлгөн, салыкты кармоо же төлөө тууралуу документ кызмат кылат.
Кыргыз Республикасынын киреше салыгын төлөө эсебинде чегерүүгө тийиштүү жана чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасы Декларациянын 096-уячасында көрсөтүлөт жана төлөнүүчү киреше салыгынын суммасын төмөндөтөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөө эсебине чегерилүүгө тийиштүү жана чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасынын эсебинин мисалы ушул Тартиптин 57-пунктунда келтирилет.
98. 185-уячада роялтинин алынган суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Роялти - бул сыйакы катары алынган төлөмдүн бардык түрү:
а) бардык адабий, искусство же илимий чыгармаларга, анын ичинде компьютердик программаларга, кино, теле, видеофильмдерге же радио жана телеберүү үчүн жаздырууларга автордук укугун пайдалануу же укугун пайдаланууга берүү үчүн;
б) өнөр-жайлык менчик объектисине, соода маркасына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формула же процесске же өнөр жайлык коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматтарга (ноу-хау), болгон укугун ырастаган бардык патент үчүн.
Роялтиге финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйлыктар кирбейт.
99. 186-уячада кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешенин өсүшүнүн суммасы көрсөтүлөт. Бул жерде сатуунун наркы менен сатып алуунун наркынын ортосундагы арифметикалык айырма түрүндө алынган киреше чагылдырылат:
а) жеке пайдалануу үчүн эмес жана мурда сатуучу тарабынан ишкердикте колдонулбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан;
б) автомашинаны сатуудан, эгерде ал менчигинде бир жылдан аз болсо;
в) турак жай фондуна таандык (батир, үй, дача) деп эсептелген кыймылсыз объектилерди сатуудан, эгерде ал менчигинде эки жылдан аз болсо.
Бул мүлктү сатып алуу наркына барабар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн сумма, салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 362-уячасында чагылдырылат.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлктү менчиктөө укугуна ээ болуунун негизи болуп сатуу-сатып алуу келишими, алмашуу, белекке берүү жана башка бул мүлктөн ажыратуу тууралуу бүтүмдөр саналат.
Мисал: 2012-жылы Декларация тапшыруучу ата-энесинен бир бөлмөлүү батирди белекке алган. Ал батирди ата-энеси 2008-жылы сатуу-сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн 1000000 сом өлчөмүндөгү суммага сатып алышкан. Эгерде, Декларация тапшыруучу 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация толтурса, ал 2-тиркемеде 1000000 сом өлчөмүндөгү салык салынбаган киреше деп көрсөтмөк, анткени, жакын туугандарынан алынган белектер салык салынбаган кирешеге тиешелүү болот.
Декларация тапшыруучунун менчик үйү болгондуктан, белекке алган, сатуу убагында баасы 1700000 сомду түзгөн батирин ал отчеттук 2013-жылы сатууну чечти. Батирди белекке алган (ээ болгон) убактан бери эки жылга жетпеген убакыт өткөндүгүн эске алып, батирдин өсүшүнүн наркы Декларация тапшыруучунун салык салынуучу кирешеси болуп саналат.
Батирди сатуудан түшкөн 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларация тапшыруучу төмөндөгүдөй үлгүдө Декларацияда чагылдырат:
- Декларация тапшыруучу 1-тиркеменин 155-уячасында батирди сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы арифметикалык айырмага барабар 700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт;
- батирди сатып алуу наркына барабар, документтер менен ырасталган 1000000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларация тапшыруучу салык салынбаган киреше катары 2-тиркеменин 265-уячасында көрсөтөт.
Белекке берүүчүнүн (Декларация тапшыруучунун ата-энесинин) чыгымын, белектин наркын ырастаган документтер жок болсо, анда батирди сатып алуу нөлгө барабар болот. Ошондуктан, эки жылга жетпеген мөөнөттө батирди сатууда Декларация тапшыруучу ушул тиркеменин 155-уячасында батирди сатуудан алынган бардык 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтүүгө жана анын киреше салыгын төлөөгө тийиш.
Эгерде, киреше Декларация тапшыруучунун менчигинде тиешесине жараша бир жылдан ашык жана эки жылдан ашык болгон, турак жай фондуна караган автомашинаны же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган болсо, анда бул кирешелер салык салынбоочу болуп саналат жана толугу менен 3-тиркеменин 362-уячасына киргизилет.
100. 187-уячада субсидия түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: субсидия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан салык төлөөчүгө, анын экономикалык ишине байланыштуу, өткөн же келечекте белгилүү шарттарды аткаруунун ордуна активдерди берүү түрүндө көргөзүлгөн жардам.
101. 188-уячада сатып алуу наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: Сатуу күнүндө листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категориясы боюнча фондулук биржанын листингинде турган баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше буга кирбейт. Бул киреше салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 365-уячасында көрсөтүлөт.
Үлүштүк баалуу кагаздардын баштапкы наркынын жана/же катышуучунун киргизген үлүшүнүн жана/же пайынын өлчөмүндөгү баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн сумма, башкача айтканда аларды сатып алуу наркы салык салынбай турган болуп саналат 3-тиркеменин 363-уячасына киргизилет.
102. 189-уячада моралдык зыяндын компенсациясы түрүндө алынган сумма көрсөтүлөт, ал соттун чечими боюнча же тараптардын өз ара келишими боюнча төлөнүшү мүмкүн.
Мисал. Көп кабаттуу турак жайдын 4-кабатында жайгашкан батирдин ээси Асанов ылдыйкы кабатта жашаган Сыдыковго таандык батирге суу каптатып алат. Өз ара келишим боюнча Асанов Сыдыковдун батирин оңдотуп берет жана оңдоо иштеринин наркына кошумча Сыдыковго келтирилген 10000 сом өлчөмүндө моралдык зыянды компенсациялайт. Мында Асанов оңдоо иштерине жумшаган сумма материалдык зыяндын ордун толтуруу деп эсептелинип, Сыдыковдун кирешесине кирбейт, ал эми 10000 сом өлчөмүндөгү компенсациянын суммасы Сыдыковдун кирешеси болуп саналат жана киреше салыгы салынууга тийиш
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талабына ылайык жумуш берүүчү тарабынан төлөнгөн моралдык зыяндын суммасы салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 355-уячасына киргизилет.
103. 190-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндөрдү кошпогондо, алынган пенсиялардын, стипендиялардын, жөлөкпулдардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга ылайык, төлөнгөн өлкөдө гана салык салынган, чет мамлекетте алынган пенсиялардын суммасы көрсөтүлөт.
Мисал: Россия Федерациясынын жараны Иванов Кыргызстанда туруктуу жашайт жана Россиянын мыйзамдарына ылайык пенсия алып, ал анын банктык эсебине түшөт. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун шарты боюнча Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык төлөнгөн пенсияга бир гана Россия Федерациясында салык салынгандыктан, бул пенсия анын салык салынуучу кирешеси болуп саналбайт жана бул уячага киргизилбейт.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган, өлкөдө салык салынбай турган пенсия 3-тиркеменин 367-уячасына киргизилет.
Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасы менен Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу жок чет мамлекеттин (мисалы, Америка Кошмо Штатынын) Кыргызстанда туруктуу жашаган жана АКШ мыйзамдарына ылайык пенсия алган жараны бул уячага бир жылда алган пенсиясынын бардык суммасын киргизиши жана андан киреше салыгын төлөшү керек болот.
104. 191-уячада утуш түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан алынган, утуштун суммасы же наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашкан, утуш түрүндө алынган бардык кирешелер чагылдырылат. Эгерде утуштун суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн, башкача айтканда 1000 сомдон аз болсо, ал салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 361-уячасына киргизилет. Эгерде утуштун наркы же суммасы 1000 сомдон көп болсо, анда утуштун наркы бул уячага киргизилет жана киреше салыгы салынууга жатат.
105. 192-уячада Декларация тапшыруучунун милдеттенмесин токтотуудан түшкөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү учурларда пайда болот:
а) кредит берүүчү карызды кечкенде;
б) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси тарабынан белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгарганда;
в) жеке адамдын милдеттенмелери, анын ичинде үчүнчү тараптан салык милдеттенмелери аткарылганда.
Эскертүү. Эгерде, жарандык мыйзам тарабынан белгиленген, доонун эскирүү мөөнөтү - үч жыл өткөндөн улам анын төлөө боюнча милдеттенмелери токтотулган же карызы кечирилген болсо же үчүнчү тарап утурлама талаптарын койбостон, Декларация тапшыруучу үчүн ал төлөй турган сумманы төлөгөн болсо, анда кайтарылбаган же үчүнчү жакка төлөнбөгөн карыздын суммасы Декларация тапшыруучунун кирешеси болуп саналат. Көрсөтүлгөн кирешенин суммасын ушул уячада көрсөтүү зарыл.
Мисал: ижара келишиминин шарты боюнча ижарачы өз каражатынан ижара берүүчү - жеке адам үчүн киреше салыгын, төлөнгөн ижара суммасынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүсүн, жер салыгын, мүлк салыгын төлөйт. Мындай учурда бардык бул төлөмдөрдүн суммасы ижара берүүчү-жеке адамдын салык салынуучу кирешеси деп эсептелинет жана толугу менен 184-уячага киргизилет.
106. 193-уячада отчеттук жылда камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмү түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Кирешенин суммасы жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун пайдасына түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жумушчу тарабынан алынган камсыздандыруучу төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандырылган адам тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдүн суммасынын жана камсыздандырылган ордун толтуруунун алынган суммасынын ортосундагы айырма катары эсептелинет.
Мисал: Декларация тапшыруучу Айдаров 2010-жылдын 1-январынан тартып 5 жылга турак жайын (батирин) ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча келишим түзгөн. Камсыздандыруу келишими боюнча Айдаров ай сайын 200 сомдон төлөп келген. 2013-жылдын ноябрь айында турак жайдын жылуулук тармагынын кыйроого учурашынан Айдаровдун батирин суу каптап кеткен. Камсыздандыруучу компания түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын белгилеген жана Айдаровго 25000 сом төлөп берген. 2010-жылдын январынан тартып, 2013-жылдын ноябрына чейинки 47 айда Айдаров камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу компаниянын камсыздандыруу төгүмүн төлөө эсебине 47х200=9400 сом өлчөмүндө акча төлөгөн. Айдаров тарабынан алынган салык салынуучу киреше камсыздандыруу төлөмүнөн алынган сумманын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөн суммасынын ортосундагы арифметикалык айырма катары эсептелинет: 25000-9400=15600 сом. Ошентип, Айдаров 193-уячада 15600 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.
Эскертүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү салык салынбаган киреше болуп таанылат жана 3-тиркеменин 364-уячасына киргизилет.
107. 194-уячада уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн сыйакылардын жана компенсациялардын алынган суммаларынын өлчөмүндөгү киреше көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп мисалы, директорлор кеңешинин, башкармалыктын, байкоочу кеңештин башкача айтканда, башка уюмдун аткаруучулук эмес, башкаруучулук иштерине катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар жана компенсациялар саналат.
108. 198-уячада 180-194-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт.
109. 199-уячада Отчеттук жылда Декларация тапшыруучу тарабынан башка экономикалык ишинен алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 180-198-уячалардын бардык жалпы суммасы киргизилет. 199-уячанын мааниси Декларациянын 069-уячасына көчүрүлөт.
4-глава. "Эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар, салык жеңилдиктери жана ишкердик иш боюнча салык салынбаган кирешелер" (FORM STI-102-002) 2-тиркемени толтуруу
§ 4.1. I бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик иш боюнча эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар"
110. 2-тиркеменин бул бөлүмү салык салуунун жалпы режиминин негизинде салыктарды эсептөөнү жана төлөөнү ишке ашырган ЖИ тарабынан толтурулат.
111. Эгерде, ЖИнин чыгымдары отчеттук жылдын ичинде ишкердик ишинен алынган кирешелер менен байланышкан болсо, бул чыгымдар ушул бөлүмгө киргизилет.
Эскертүү. Ушул тиркеменин II, III бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн салык салынбаган кирешелер менен байланышкан чыгымдар бул бөлүмгө киргизилбейт.
112. 250-уячада киреше алууга багытталган чыгымдар көрсөтүлөт. Салык төлөөчү, киреше алуу менен байланышкан бардык документтин негизинде ырасталган чыгымдарды, ошондой эле курстук айырманын терс суммасынын курстук айырманын оң суммасынан ашып түшүшүн эсептен чыгарууга укугу бар. Салык кодексинин 209-беренесинде көрсөтүлгөн эсептен чыгарууга тийиш эмес чыгымдар буга кирбейт.
Эскертүү. Документ түрүндө ырасталган чыгымдар катары, документтер менен ырасталган чыгымдар таанылат, алардын тизмеги, формасы жана маалым даректери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет жана келишүүнүн өлчөмүн, келишүүнүн мүнөзүн аныктоого жана анын катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берет. Бул уячага төмөнкүлөр киргизилбейт:
- негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан жана башка капиталдык чыгымдар, анткени алар салык амортизациясы аркылуу эсептен чыгарылат;
- бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине төлөнүп жаткан, салык салуудан кийинки ЖИнин пайдасынын булагы болуп саналган салык санкциялары, туумдар жана пайыздар;
- Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө жаткан төмөнкү салыктар:
пайда салыгы;
Салык кодексине ылайык чегерүүгө жатпаган КНСтен башка КНС, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу учурунда жеткирүүчүлөргө төлөнө турган сатуудан алынуучу салыктан тышкары, сатуудан алынуучу салык, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
- Салык кодексине ылайык эсептен чыгарууга жатпаган акциздик салыктан тышкаркы акциз салыгы, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
- резервдерге чегерүү түрүндөгү чыгымдар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган тизмек боюнча социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу учурунда келтирилген чыгымдардын бул объекттерди пайдалануу учурунда алынган кирешелерден ашып түшүшү;
- башка адам үчүн тартылган ар кандай чыгымдар, бул чыгымдар көрсөтүлгөн кызматтарды төлөө максатында жана өндүрүштүк зарылчылыктан улам жүргүзүлгөндүгү ырасталгандан башка учурлар;
- менчиктин бардык түрүн сатып алууга, башкарууга же кармоого кеткен чыгымдар, алардан алынган кирешеге Салык кодексине ылайык салык салынбайт;
- өз ара көз каранды субъект менен ЖИнин менчигин сатуу же алмаштыруу менен түз же кыйыр байланышкан ар кандай чыгашалар;
- бул ЖИнин ишкердик иши менен байланышы жок үчүнчү жактарга карата ЖИнин чыгымдары;
- салык агенти тарабынан киреше салыгы салынгандан башка, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатуу учурунда баанын айырмасын төлөөгө кеткен чыгымдар.
Эгерде ЖИ товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатууда баанын айырмасына киреше салыгын кошуп эсептесе, анда ЖИ көрсөтүлгөн чыгымдарды эсептен чыгарууга укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ченемдик укуктук актылар менен белгиленген ченемдерден ашык табигый жоготуулардын жана чыгымдардын суммасы;
- Салык кодекси менен белгиленген учурлардан тышкары, мүнөзүн жана өлчөмүн ырастоочу документтер менен аныктоого мүмкүн болбогон чыгымдар;
- киреше алуу менен байланышпаган чыгымдардын суммасы;
- пайда салыгы салынбаган кирешелерди алуу менен байланышпаган чыгымдар;
- киреше салыгы салынган ашып түшүүнүн суммасынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектен ашып түшкөн өлчөмдө ЖИнин кызматкерлери кызматтык иш сапарында болгон мезгил үчүн төлөнүүчү күнүмдүк акча.
Эгерде ЖИ өздөрүнүн кызматкерлерине белгиленген чектен ашык төлөгөн күнүмдүк акчага киреше салыгын кошуп эсептесе, ал көрсөтүлгөн чыгымдарды эсептен чыгарууга укуктуу, ал 250-уячада чагылдырылат;
- банкеттерге, көңүл ачууларга же эс алууларга кеткен чыгымдар;
- кирешенин минималдык эсебинен төлөнгөн киреше салыгынын суммасы менен иш жүзүндөгү эмгек акыдан кошуп эсептелген киреше салыгынын суммасынын ортосундагы айырма.
113. 251-уячада кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого эсептен чыгарылган чыгымдардын суммасы көрсөтүлөт. Кадрларды даярдоого, кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган чыгымдар төмөнкү шарттар сакталган учурда, ЖИнин киреше алууга байланышкан эсептен чыгаруулар катары таанылат:
а) эгерде даярдоонун жана/же кайра даярдоонун программасы кесипкөйлүктү жогорулатууга же ЖИнин ишинин алкагында окутулуп жаткан адисти көбүрөөк натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшсө: кесипкөйлүгүнүн деңгээлине карата талаптардын жогорулашына байланыштуу адистердин теоретикалык жана практикалык билимдеринин жаңыланышына, кесиптик ишти аткаруу үчүн зарыл болгон милдеттерди, кошумча билимди, ыктарды жана көнүгүүлөрдү чечүүнүн азыркы методдорун өздөштүрүүнүн зарылчылыгы;
б) эгерде даярдоодон жана/же кайра даярдоодон ЖИнин штатында турушкан, толук жумуш күнүн иштешкен, жаш курактары 23 жана андан жогорулар өтүп жатышкан болсо;
в) эгерде билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ата мекендик уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жатса.
114. 252-уячада кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө боюнча чыгымдардын эсептен чыгаруулары көрсөтүлөт. ЖИнин карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды төлөөнүн чыгымдары, эгерде алынган сумма ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылса, кошуп эсептелген же төлөнгөн пайыздардын өлчөмүндө эсептен чыгарылат.
Эскертүү. Амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө же аларды пайдаланууга киргизүүгө чейин алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгымдарга байланыштуу төлөнгөн пайыздардын суммасы, жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга жатпайт, тескерисинче, салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартибин колдонгон учурда алардын наркын жогорулатат. Салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин колдонгон учурда, амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө байланышкан же алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгымдар менен байланышкан пайыздык чыгымдар, ушул каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга тийиш.
115. 253-уячада инновациялык ишке кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:
- илимий-изилдөө иштери;
- тажрыйба-конструктордук иштер;
- долбоордук-иликтөө иштери;
- илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;
- колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;
- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.
Негизги каражаттарды сатып алууга жана/же өндүрүүгө байланышкан чыгымдар негизги каражаттардын тийиштүү топторунун наркына кошулат жана амортизацияланат.
116. 254-уячада Салык кодексинин 200-беренесине ылайык эсептелген амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасы көрсөтүлөт:
а) киреше алууга катышкан негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан чыгымдар жана башка капиталдык чыгымдар эсептен чыгаруулар катары таанылбайт;
б) уюмдун менчигинде болгон, пайдаланууга киргизилген жана киреше алуу үчүн колдонулган, наркы 100 эседен ашык эсептик көрсөткүчтү түзгөн негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер амортизацияланууга жатат;
в) ошондой эле, лизинг келишимдери боюнча ЖИ алган жана киреше алуу үчүн пайдаланылган негизги каражаттар амортизацияланууга жатат;
г) суу, жер асты жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жерлер жана жаратылышты пайдалануунун башка объекттери, ошондой эле товардык-материалдык запас, капиталдык курулуштун бүтө элек объекттери, баалуу кагаздар, финансылык инструменттер, орнотула элек жабдуулар, негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, салык төлөөчү тарабынан өндүрүүдө жана/же сатып алууда пайдаланылбаган товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр амортизациялоого жатпайт. Мындан башка, отчеттук жылдын ичинде наркы толук бойдон даяр продукциянын, аткарылгын жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына өткөн мүлктөр амортизациялоого жатпайт;
д) ушул уячаны толтуруу үчүн амортизациялана турган мүлктүн курамынан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылат:
- келишимдер боюнча кайтарымсыз колдонууга берилгендер;
- консервацияга которулгандар;
- 12 айдан ашык убакка реконструкциялоодо жана модернизациялоодо тургандар.
Эскертүү. Салык амортизациясынын эсеби үчүн негизги каражаттардын наркына төмөнкүлөр киргизилбейт:
- негизги каражаттарды түзүүгө катышкан жумушчулардын эмгек акы фондуна кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;
- жаңы негизги каражаттарды түзүүгө катышкан негизги каражаттардын амортизациясы жана оңдоого кеткен чыгымдар.
Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн негизги каражаттарды кайра баалоо, топтун салыктык наркын көбөйтпөйт жана азайтпайт.
ЖИнин кирешесинен төмөнкүлөр эсептен чыгарылууга тийиш:
- Салык кодексинин жоболоруна ылайык эсептелинген, амортизациялана турган негизги каражаттарга амортизациялык кошуп эсептөөлөр;
- отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркынын суммасы, эгерде ал 100 эсептик көрсөткүчтөн азды түзсө;
- топтун калган салыктык наркы, эгерде топтогу баардык негизги каражаттар сатылса, башка адамга берилсе же жоюлса.
117. 255-уячада салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартиби колдонулган учурда төмөнкү негизги каражаттарга карата оңдоо иштерине кеткен чыгымдардын эсептен чыгаруулары көрсөтүлөт:
а) ЖИнин менчик укугунда болгондор, ошондой эле финансылык ижаранын (лизингдин) предмети болуп саналгандар. Эсептен чыгарууга жаткан оңдоого кеткен чыгымдардын суммасы, мурдагы жылдын аягына карата топтун салыктык наркы катары аныктала турган, негизги каражаттардын ар бир тобуна карата мурунку жылы эсептелген амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасына азайтылган, жылдын башына карата топтун салыктык наркынын 15 пайызы менен чектелет.
15 пайыздык чектөөдөн ашып түшкөн сумма топтун наркына кошулган негизги каражаттардын наркы катары каралат жана отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркын жогорулатат;
б) ижарага алынган негизги каражаттар. Ижарага алынган негизги каражаттарды оңдоону ишке ашыруу учурунда, ижарачы ар бир ижарага алынган негизги каражаттар боюнча оңдоого кеткен чыгымдардын негизинде топ түзүүгө жана амортизациялык чегерүүлөр түрүндө оңдоого кеткен чыгымдарды кармап калууга милдеттүү. Ар бир топ боюнча амортизациянын ченеми, уюм тарабынан ижара келишиминин иштөө мөөнөтүнө жараша белгиленет. Ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы топтун калган салык наркын эсептен чыгарууга жана аны бул уячага киргизүүгө укуктуу.
Салык кодексине ылайык, амортизацияны эсептөө үчүн топко наркы 100 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес негизги каражаттар киргизилет, ал эми оңдоого кеткен чыгымдар 100 эсептик көрсөткүчтөн азын түзгөндө, анда топ түзүлбөйт жана сумма толук өлчөмдө эсептен чыгарылат.
Салык төлөөчү пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин колдонгон учурда, негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдар чектелбеген эсептен чыгарууларга тийиштүү болот.
118. 256-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруу көрсөтүлөт. Эсептен чыгарууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы кирет. ЖИ бул уячага мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө, жумуш берүүчүнүн каражаттарынан жумушчуларга төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн эсептелген камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын киргизүүгө укуктуу.
119. 257-уячада баалуу кагаздарды сатуу учурунда келип чыккан чыгашалар көрсөтүлөт:
а) карыздык баалуу кагаздардан сырткары, баалуу кагаздар боюнча сатуунун наркы менен сатып алуунун наркынын ортосундагы терс айырма;
б) дисконттун амортизациясын жана/же бересе баалуу кагаздарды сатуу күнүнө карата сыйакыны эсепке алып сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортолорундагы терс айырма.
Анткени, Салык кодексинин 205-беренесине ылайык, баалуу кагаздарды сатуудан алынган чыгым, башка баалуу кагаздарды сатуу учурунда алынган кирешелердин эсебинен компенсацияланат, мында бул уячада көрсөтүлгөн чыгымдын суммасы "0"гө барабар болушу мүмкүн же баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин суммасынан ашык болбошу керек. Баалуу кагаздарды сатуудан алынган чыгымдар баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелерди азайтат.
Эгерде чыгашалар, алар пайда болгон жылы компенсацияланбай турган болсо, анда алар 5 жылдык мөөнөткө узартылышы жана ушул 5 жылдын аралыгында баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин эсебинен орду толтурулушу керек.
120. 258-уячада ЖИнин кайрымдуулугуна кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт, алар өзүнө акча каражаттарын жана мүлктү кошкондо (эсептик наркы боюнча) төмөнкү дарекке кайтарымсыз берилген активдерди камтыйт:
а) кайрымдуулук уюмдарына.
Эскертүү: кайрымдуулук уюму - коммерциялык эмес уюм:
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин ишке ашырган;
- акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу ишин жана букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишин жүргүзбөгөн;
- саясий партияларды же шайлоо өнөктүктөрүн колдоого катышпаган;
б) жеке менчик формасына карабастан маданият жана спорт уюмдары.
Эскертүү. Маданият жана спорт уюмдары катары, иштин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, маданий убайды, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо болуп саналган, менчик формасына карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар таанылат.
Отчеттук мезгил аралыгындагы эсептен чыгаруунун суммасы, ал активдер аларды берген салык төлөөчүнүн пайдасы үчүн колдонулбаган шартта, Декларациянын 055-уячасында көрсөтүлгөн салык салынган пайданын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
121. 259-уячада отчеттук жылдын ичинде төлөнгөн жана эсептен чыгарууга тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт:
а) жер салыгынын;
б) мүлк салыгынын;
в) чегеримге жатпаган КНСтин;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктардын.
122. 278-уячада Салык кодексинин 209-беренесинде саналып өткөндөрдү жана ушул тиркеменин 250-259-уячаларында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, башка эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Мындай эсептен чыгаруулар болуп маселен, жамааттык келишимге ылайык жумушчуларга социалдык жеңилдиктерге кеткен чыгымдар (материалдык жардам, ысык тамак, жолдомолор ж.б.), башкаруу органынын мүчөлөрүнө төлөнө турган компенсациялар саналышы мүмкүн.
123. 279-уячада 250-278-уячалардын маанилеринин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. Бул уячадагы маалыматтар Декларациянын 051-уячасына көчүрүлөт.
§ 4.2. II бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик иш боюнча салык жеңилдиктери"
124. 2-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан анын ишкердик ишине карата толтурулат.
125. 280-уячада ЖИ-айыл чарба өндүрүүчүсүнүн пайдасынын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Салык максаттарында айыл чарба өндүрүүчүсү катары, айыл чарба продукцияларын өндүрүшкөн ЖИ же жеке адам, ошондой эле акцизделүүчү товарлардан тышкары, календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнөн бул продукцияларды сатуудан түшкөн акча 75 пайыздан кем эмесин түзгөн шартта өз өндүрүшүнүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү продуктулары таанылат.
126. 288-уячада Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары же мыйзам тартибинде күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык Келишимдер тарабынан каралган пайда салыгы боюнча башка жеңилдиктер таралган ЖИнин пайдасынын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде, ЖИ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган пайдага же анын бөлүгүнө салык төлөөгө милдеттүү болбосо, бул уячага бошотулган пайданын суммасы киргизилет. Мисалы, бул уячада негизги өндүрүштүк каражаттарды сатып алууга, реконструкциялоого, модернизациялоого багытталган бөлүгүндө, кайра иштетилүүсү салык төлөөчүнүн менчигинде болгон өндүрүштүк кубаттуулугунда ишке ашырылган, салык төлөөчүнүн өз сырьесунан жер-жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүүнүн товарларын сатуудан алынган пайда көрсөтүлүшү мүмкүн.
127. 289-уячада 280 жана 288-уячалардын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячанын мааниси Декларациянын 053-уячасына, ошондой эле 7-тиркеменин 751-уячасына көчүрүлөт.
Бул суммадан пайда салыгы пайда болбойт, анткени салык салынган пайданын өлчөмүн аныктоо учурунда 053-уячада көрсөтүлгөн сумма пайданын жалпы суммасынан эсептен чыгарылууга тийиш.
§ 4.3. III бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик иш боюнча салык салынбай турган кирешелер"
128. 2-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан анын ишкердик ишинен алынган салык салынбай турган кирешеге карата толтурулат.
129. 290-уячада эгерде ЖИге шериктештери тарабынан жөнөкөй шериктештиктин эсебин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсе, шериктердин салымы катары жөнөкөй шериктештик тарабынан алынган мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
Жөнөкөй шериктештиктен кайтарылган салымдар шериктердин кирешеси болуп саналбайт.
130. 291-уячада ишеним башкаруучу ишеним башкарууга кабыл алган мүлктүн наркы көрсөтүлөт. Ишеним башкармасынын келишимине ылайык, башкаруучу каражаттардын (негизги каражаттар, мүлк комплекстери жана башкалар) менчик ээсинен ушул уячага чагылдырыла турган наркын башкарууга алат.
Ишеним1 башкаруучусунан мүлктөрдүн менчик ээсине кайтарылышы менчик ээсинин кирешеси болуп саналбайт.
131. 298-уячада бул тиркеменин 265 жана 291-уячаларында көрсөтүлбөгөн башка салык салынбаган кирешелер көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп, ЖИ тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары же Кыргыз Республикасынын катышуучусу менен мыйзам чегинде күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген салык салынбаган кирешелер деп таанылгандар болушу мүмкүн.
Ошондой эле, легалдаштыруу жана мүлктөр боюнча 2013-жылы жүргүзүлгөн өнөктүктүн алкагындагы кирешелер жана мүлктөрдүн жалпы суммасы көрсөтүлөт.
132. 299-уячада 290-298-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон бардык салык салынбаган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 299-уячанын мааниси 7-тиркеменин 751-уячасына көчүрүлөт.
5-глава. "Жеке адамдын салык салынбаган кирешелери жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-102-003) 3-тиркемени толтуруу
§ 5.1. I бөлүмдү толтуруу. "Жеке адамдын салык салынбаган кирешелери"
133. Салык салынбаган кирешелердин суммасы Декларация тапшыруучунун ишине байланышпаган, башка экономикалык иши боюнча анын киреше булактарын ырастоо максатында Декларацияга көрсөтүлөт.
134. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларация толтуруу мезгилинин аягына карата колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк валютадагы мүлктүн наркы декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелинет жана көрсөтүлөт.
Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелинет жана көрсөтүлөт.
135. 350-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонддорунан Декларация тапшыруучу тарабынан төлөм түрүндө алынган киреше көрсөтүлөт.
136. 351-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт. Мындай жөлөкпулдар убактылуу эмгекке жараксыз жана кош бойлуулугу боюнча жөлөкпулдар, сөөк коюу жөлөкпулдары болушу мүмкүн.
Ошондой эле, 351-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган жана Декларация тапшыруучу тарабынан алынган пенсиялар, жөлөкпулдар көрсөтүлөт.
137. 352-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ага келтирилген материалдык чыгымдын же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ал жеткис күчтөрдүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка методдордун негизинде аныкталат.
138. 353-уячада Декларация тапшыруучу - аскер кызматындагылар, улуттук коопсуздук органынын, укук коргоо органынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда, денесинен алган жаракатына байланыштуу, мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары көрсөтүлөт.
Андан сырткары, Декларация тапшыруучу - аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органынын, укук коргоо органынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкерлердин жакын тууганы, алардын курман болгондугуна байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрүнүн жана жөлөкпулдарынын суммасын бул уячада көрсөтөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асыранды балдар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдары, бир тууган жана аталаш (энелеш) ага-инилер, эже-сиңдилер, чоң ата, чоң энелер, неберелер жакын туугандар болуп саналат.
139. 354-уячада жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу, жумуш берүүчүдөн Декларация тапшыруучу тарабынан алынган кайтарымсыз жардамдын суммасы көрсөтүлөт.
Ошондой эле, каза болгон жумушчунун жумуш берүүчүсүнөн кайтарымсыз жардам алган, каза болгон жумушчунун жакын тууганы -Декларация тапшыруучулар бул уячага алынган жардамдын суммасын көрсөтүшөт.
140. 355-уячада ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу эсебинен, ошондой эле эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда майып болгондо, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясынын жалданма жумушчу - Декларация тапшыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган суммасы көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жалданма жумушчунун жакын тууганы - Декларация тапшыруучу өзүнүн Декларациясынын бул уячасында жалданма жумушчунун эмгектик милдетин аткаруу учурунда курман болгондугуна байланыштуу, зыяндын ордун толтуруунун, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясынын Декларация тапшыруучу тарабынан алынган суммасын көрсөтөт.
141. 356-уячада ата мекендик уюмга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт.
Алынган дивиденддердин суммасы жөнүндө төлөм булагынан алган маалымкат бул сумманы ырастоо болуп саналат.
142. 357-уячада Декларация тапшыруучунун үчүнчү тараптан алган кирешеси көрсөтүлөт:
а) майып тарабынан - майыптардын техникалык каражаттар үчүн төлөм түрүндө;
б) майып тарабынан - майыптыгын профилактикалоо жана аны реабилитациялоо, майыптар үчүн жол көрсөтүүчү-иттерди кармоо үчүн суммалардын өлчөмүндө;
в) майыптар, пенсионерлер, 16 жашка чейинки жетимдер тарабынан - жөлөкпулдар түрүндө.
Ошондой эле, бул уячага жашы жете элек балдардын саны 4 же андан көп баланы түзгөн көп балалуу үй-бүлөгө дайындалган жөлөкпулду алуучу - Декларация тапшыруучу алган жөлөкпулунун суммасын көрсөтөт;
г) социалдык жактан корголбогон адамдар тарабынан - бекер тамактануу түрүндө.
Декларация тапшыруучулардын саналып чыккан категориялары үчүн көрсөтүлгөн кирешелер, ким тарабынан төлөнбөсүн салык салынбаган кирешеге кирет.
143. 358-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларация тапшыруучу тарабынан алынган алименттер көрсөтүлөт. Алименттер жашы жете элек балдарды багууга, ошондой эле, карып калган ата-энесин багуу үчүн алынышы мүмкүн.
Эгерде, алынган алименттин суммасы, мыйзам тарабынан же соттун чечими менен белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, алынган алименттин бардык суммасы бул уячада көрсөтүлөт жана жакын туугандарынан алынган белектер да салык салынбаган кирешеге киргендигине байланыштуу, салык салынбай турган болуп саналат.
Ошондой эле, 358-уячада жубайлардын же мурдагы жубайлардын ажырашууларына байланыштуу мүлктү бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган киреше көрсөтүлөт.
144. 359-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан гуманитардык жардам катарында алынган мүлктүн наркы, ошондой эле ишкердик ишин жүргүзүү учурунда алынган жумуштардан, кызмат көрсөтүүдөн, мүлктөн тышкары, жакын туугандарынан мурастоо же белекке алуу тартибинде алынган жумуштардын, кызматтын, мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
Эгерде, жакын туугандары белек берсе, анда анын наркы салык салынбаган киреше болуп саналат. Бирок, эгерде жакын деп саналбаган туугандарынан, мисалы, тай акеден, тай эжеден, жээнден, ошондой эле, тууган эместен белек алынса, анын наркы салык салуу максатында салык салынуучу киреше деп эсептелинет жана 1-тиркеменин 182-уячасына киргизилет.
Эгерде, жакын тууганы ишкердик иш жүргүзсө, анда мындай тууган тарабынан берилген кайтарымсыз активдердин наркынан активдерди алган, анын ишине катышуучу адам тарабынан киреше салыгы же пайда салыгы төлөнүшү керек.
Мисал. Зер буюмдарын сатып иш жүргүзгөн жеке ишкер, толугу менен кирешелеген товарлардын тобун алды жана зер буюмдарынын тобун сатып алууга кеткен чыгымдарын эсептен чыгаруу катары эсептеген.
Ишкер алынган товарлардын тобунун жарымын аялына белек кылды.
Эгерде, аялы жеке ишкер болуп саналбаса, ал өзүнүн Декларациясына кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган каражатты киреше деп эсептеп, анын наркын ишкердик ишин жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 1-тиркемесинин 182-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болуп саналса, өл өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан түшкөн кирешени таанууга жана алардын наркын Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 1-тиркемесинин 153-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болсо жана атайын салык салуу режиминин негизинде салык төлөсө ал өзүнүн Декларациясына кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 6-тиркемесинин тийиштүү бөлүмүндөгү кирешелердин уячасына киргизиши керек.
Ошону менен бирге, Декларация тапшыруучу - күйөөсү - жеке ишкер үчүн товарлардын тобун өткөрүп берүү бардык салыктары төлөнгөн товарларды сатуу катары таанылат.
145. 360-уячада жеке ишкердик ишти жүргүзүүнүн чегинде алынган кирешелерден тышкары, айыл-чарба продукциясын сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт.
Мисалы, эгерде Декларация тапшыруучунун менчиктеги же колдонуудагы, анын Ичинде ижаранын негизиндеги айыл-чарба багытындагы бөлүнгөн жери/үлүшү бар болсо, мындагы жер участогунда өстүрүлгөн айыл-чарба продукциясы, Декларация тапшыруучунун ишкердик ишинин натыйжасы болот. Ошондуктан, Декларация тапшыруучу фермердик-дыйкан чарбасынын мүчөсү болуп саналат же жеке ишкер катары катталышы керек, демек, Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын түзүүгө жана тапшырууга милдеттүү. Өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан алган киреше, анын ишкердик ишинен алынган кирешеси болот.
Эгерде, Декларация тапшыруучу өзүнүн короо-жай алдындагы жер участогунда өстүрүлгөн продукцияны сатса, мындай киреше ишкердик ишинен алынбаган катары эсептелип, Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесине кирет жана бул уячада көрсөтүлөт.
146. 361-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган, утуш түрүндө алынган кирешенин бардык түрлөрү көрсөтүлөт.
Бул уячада лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан утуш катары алынган, 1000 сомдон ашпаган бардык кирешелер чагылдырылат. 1000 сомдон ашкан утуштун суммасы салык салынуучу кирешеге кирет жана 1-тиркеменин 183-уячасында чагылдырылат.
147. 362-уячада Декларация тапшыруучунун жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик ишти жүргүзүү максатында сатып алынбаган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт.
Төмөндөгү учурлар эске алынбайт:
а) сатып алган күндөн тартып бир жылга жетпеген убакытта менчик укугунда болгон автомототранспорт каражаттарын сатуу;
б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген жана бул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып катар келген 2 жылдан менчик укугуна таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатуу.
Көрсөтүлгөн учурларда Декларация тапшыруучу 1-тиркеменин 178-уячасына киргизилген мүлктү сатуу наркынын сатып алуу наркынан ашып кеткен түрүндөгү салык салынган кирешени таанууга милдеттүү. Сатып алуу наркынын өлчөмүндө мүлктү сатуудан алынган сумма салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 362-уячасында көрсөтүлөт.
148. 363-уячада катышуучунун мурда киргизилген үлүшүнүн же пайынын же үлүштүк баалуу кагаздарды сатып алуунун наркынын өлчөмүндө аларды кайтарууда же сатууда Декларация тапшыруучу тарабынан алынган сумма көрсөтүлөт.
Демек, эгерде Декларация тапшыруучу акционердик коомдун акциясын, пайын же үлүшүн мурда сатып алса, анда аларды сатып алууга жумшаган сумманын өлчөмүндө бул акцияларды, пайды же үлүштү отчеттук жылда сатуудан түшкөн каражаттардан алынган сумма салык салынбаган кирешеге кирет жана бул уячада көрсөтүлөт.
Эгерде, катышуучунун пайы же үлүшү же акциясы отчеттук жылда Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алууга кеткен чыгымдан ашкан нарк боюнча сатылса, анда мындай нарктын өсүшү (алгачкы жумшалган акча каражатынын суммасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма) 1-тиркеменин 180-уячасына киргизилет.
149. 364-уячада Декларация тапшыруучуга кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, башкача айтканда, камсыздандыруу келишими күчүндөгү кезде камсыздандыруучу компанияга камсыздандыруу келишими боюнча төлөнгөн сумма көрсөтүлөт.
Ошондой эле, бул уячада ушул камсыздандыруу келишими ишкердик максатында түзүлбөгөн шартта, Декларация тапшыруучу тарабынан алынган камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгендеги кайтарым акылар жана камсыздандыруучу суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу суммалардын, сыйакылардын жана кайтарым акылардын төлөмүнөн тышкары, камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдү башка адам же субъект жүргүзсө, кайтарылган каражаттар салык салынуучу киреше деп эсептелинет жана 1-тиркеменин 183-уячасына киргизилиши керек. Ошондой эле, эгерде Декларация тапшыруучу камсыздандыруунун топтолуучу түрүнөн пайыздык киреше алса, мындай киреше салык салынуучу болуп саналат жана анын суммасы 1-тиркеменин 183-уячасына киргизилет.
Жумуш берүүчү менен түзүлгөн, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган камсыздандыруучу сыйакылардын суммасы, ошондой эле, мындай келишим боюнча төлөнгөн төлөмдөр салык салынбаган кирешеге кирет жана 3-тиркеменин 364-уячасында чагылдырылат.
150. 365-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер көрсөтүлөт.
Листинг - бул фондулук биржада баалуу кагаздарды расмий сатууга уруксат берүү жол-жобосу. Компаниянын баалуу кагаздарынын эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болушу, мыйзамдардын жана фондулук биржанын талаптарына ылайык компаниянын иши жөнүндө маалыматтын ачылып жаткандыгын, башкача айтканда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын биржалык баалары ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ экендигин билдирет.
Эгерде, киреше жана пайыздар баалуу кагаздардын ушул категорияларынын наркынын өсүшүнөн алынса, алар салык салынбоочу болуп саналат жана бул уячага киргизилет.
Эскертүү. Листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржалардын листингинде болбогон баалуу кагаздарды сатуудан алынган сумма, сатып алуунун наркынын өлчөмүндө гана салык салынбаган болуп саналат. Сатып алуунун наркы кыймылдуу мүлк катары ушул тиркеменин 363-уячасында чагылдырылат. Сатып алуунун наркын кемиткендеги баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча салык салынган болуп саналат жана 1-тиркеменин 188-уячасында чагылдырылат.
151. 366-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын банктарындагы салымдар боюнча алынган пайыздардын суммасы көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк банктардан пайыздык киреше алынганда, кирешени 1-тиркеменин 183-уячасына киргизүү керек.
152. 367-уячада Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган пенсия көрсөтүлөт.
152-1. 368-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.
153. 388-уячада Декларация тапшыруучу 350-367-уячаларда көрсөтүлбөгөн, киреше салыгы салынбаган башка кирешелерди көрсөтөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерден башка, салык салынбаган кирешелер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн белгиленген кошумчалар жана райондук коэффициенттер;
- атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, жугушсуздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана тизмедеги мындай жумуштарга ылайык, иштеги зыяндуу жана коркунучтуу эмгек шарттарында иштеген жумушчулардын сүт жана дарылык-профилактикалык тамак-ашынын наркы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жумушчуларды милдеттүү түрдө медициналык жактан текшерүүнүн жана дарылык-профилактикалык жактан тейлөөнүн наркы;
- Декларация тапшыруучунун - жумушчунун иш сапарынын чыгымдарынын компенсациясынын, ошондой эле, уюмдун башкаруу органынын мүчөсү катары өз милдетин аткарууда ал тарткан чыгымдардын суммалары:
берилген документтерге ылайык - белгиленген жерге чейин барып, келүү жол киреси боюнча;
берилген документтерге ылайык - турак жайды жалдоо боюнча;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде - күндөлүк акчалар;
- кан тапшыргандыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрү үчүн донор алган сумма;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин, мамлекеттик күзөт органынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, өрткө каршы кызматтын, Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо аскеринин кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна компенсация жана акчалай көмөк түрүндөгү кирешелери;
- бюджеттик каражаттын эсебинен Кыргыз Республикасынын олимпиада оюндарынын чемпиондоруна, байге ээлерине, спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөнүн, Азиянын жана Азия оюндарынын чемпионаттарынын курама командаларынын мүчөлөрүнүн чемпиондоруна, байге ээлерине бир жолку сыйлыктар;
- жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар адамдарга, (качкындарга, оорусу катууларга) социалдык реабилитациялоого же адаптацияга, медициналык жардамга муктаж болгон адамдарга коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттин атынан кайтарымсыз берилген активдер;
- качкындарга;
- оорусу катууларга.
Эскертүү. Эгерде, Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасы кирешелерди жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кампаниянын чегинде валюта түрүндө сакталган болсо, отчёттук мезгилдеги чыгымдалган валюта каражаттарынын суммасынан курстук айырмасы жогору болсо бул уячага киргизилет.
154. 389-уячада отчеттук жылдагы Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесинин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 350-388-уячалардын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 389-уячанын мааниси 7-тиркеменин 751-уячасына көчүрүлөт.
§ 5.2. II бөлүмдү толтуруу. "Төлөм булактарында салык салынган кирешелер"
155. 3-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердикке тиешеси жок, анын башка экономикалык ишине карата толтурулат.
156. 390-уячада төлөм булактарында мурда салык салынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. Пайыздык кирешени жана аны колдонуу өзгөчөлүктөрүн аныктоо ушул Тартиптин 96-пунктунда баяндалган.
157. 398-уячада бул тиркеменин 390-уячасында көрсөтүлбөгөн төлөм булактарында салык салынган башка кирешелер көрсөтүлөт.
158. 399-уячада 390 жана 398-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон төлөм булактарында салык салынган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 399-уячанын мааниси 7-тиркеменин 762-уячасына көчүрүлөт.
6-глава. "Мүлк салыгы" (FORM STI-102-004) 4-тиркемени толтуруу
159. 4-тиркемеде Декларация тапшыруучу менчик укугунда ага таандык болгон, анын ичинде салык салууга жатпаган/бошотулган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга тийиштүү мүлктүн бардык объектилери жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.
160. Мүлк салыгынын төлөөчү болуп менчигинде салык салынуучу мүлкү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, финансылык ижара же ипотекалык кредит келишиминин чегинде сатып алынган мүлкү бар субъект саналат.
Эгерде, мүлктүн менчик ээсинин кайсыл жерде экенин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгынын салык төлөөчүсү болуп, бул мүлктү колдонгон субъект саналат.
4-тиркеме өткөн отчеттук жылдагы 1-топтогу, 2-топтогу, 3-топтогу жана 4-топтогу объекттердин мүлк салыгы боюнча эсептөөлөрдүн, ошондой эле, салык салынууга тийиш болбогон/бошотулган, же жеңилдетилген салык салууга жаткан мүлк объекттери боюнча укукту белгилөөчү жана/же укукту күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
161. Бул тиркеменин I бөлүмүн толтуруу үчүн алгач төмөнкүлөр боюнча 4-тиркемени чечмелөөлөрү толтурулат:
а) 1, 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча;
б) 4-топтогу мүлк объекттери (транспорт каражаттары) боюнча.
§ 6.1. 1, 2, 3-топтордогу объекттер боюнча (FORM STI-102-004-01) 4-тиркемени чечмелөөнү толтуруу
162. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык, мүлк жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт. Эгерде мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, анда 4-графа толтурулбайт.
2-графанын уячаларында мүлк объектинин тобунун коду төмөнкү таблицага ылайык көрсөтүлөт:
Коду | Мүлк объектинин тобу |
01 | 1-топ |
02 | 2-топ |
03 | 3-топ |
04 | 4-топ |
Эскертүү. 1-топтогу мүлк объектилерине туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган, ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулбаган турак-жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү кирет.
2-топтогу мүлк объектилерине ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган турак жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле башка капиталдык курулуштар кирет.
3-топтогу мүлк объектилерине ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар кирет.
163. 2-графанын уячаларын толтуруу төмөнкүдөй ирээтте жүргүзүлөт:
а) ишкердик ишинде колдонулбаган мүлктүн бардык объекттери 01 коду менен көрсөтүлөт;
б) ишкердик ишинде колдонулган же колдонуу үчүн арналган мүлктүн бардык объекттери 02 коду менен көрсөтүлөт;
в) ишкердик ишинде колдонулган же колдонуу үчүн арналган мүлктүн бардык объекттери 03 коду менен көрсөтүлөт.
164. 3-графанын уячаларында тийиштүү мүлк түрүнүн коду көрсөтүлөт. Бул уячаларды толтуруу үчүн төмөнкү таблицадан колдонуудагы мүлктүн кодун тандоо керек:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001-1 | Жеке жашоо үчүн колдонулуучу турак үй (турак-үйдүн бөлүгү) |
001-2 | Ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу турак үй (турак-үйдүн бөлүгү) |
002-1 | Жеке жашоо үчүн колдонулуучу батир (батирдин бөлүгү) |
002-2 | Ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу батир (батирдин бөлүгү) |
003-1 | Жеке жашоо үчүн колдонулуучу дача үйү |
003-2 | Ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу дача үйү |
004 | Пансионаттар |
005 | Эс алуу үйү |
006 | Санаторий |
007 | Курорт |
008 | Өндүрүштүк курулуш |
009 | Административдик курулуш |
010 | Өнөр жайлык курулуш |
011 | Башка капиталдык курулуштар |
012 | Киоск |
013 | Контейнер |
014 | Башка убактылуу имараттар |
165. 4-графанын уячаларында мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
Коду | Мүлктү пайдалануучу |
МЭ | Менчик ээси |
ҮЭ | Үлүш ээси |
МЭЭ | Менчик ээси эмес |
Эгерде, мүлк салыгын төлөөчү болуп мүлктүн менчик ээси саналса, анда бул уячаларда "МЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, мүлк бир нече адамдардын менчигинде болсо, "Ү/МЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, салыкты төлөөчү болуп мүлктүн ээси эмес, колдонуучу саналса, "М/Э" коду көрсөтүлөт.
166. 5-графанын уячаларында мүлктүн жайгашкан районунун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү. Райондун кодун ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтынан табууга болот.
167. 6-графанын уячаларында кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Бул код кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун титулдук барагынын жогорку уячасында көрсөтүлөт.
168. 7-графанын уячаларында төмөнкү таблицадан тандалып алынган мүлк объектисинин категориясынын коду көрсөтүлөт:
Код | Мүлктүн объектисинин категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
- эгерде, мүлк объекти жалпы негиздерде салык салынууга жатса, "С/С" коду ыйгарылат;
- эгерде, мүлк объекти Салык кодексинин 324-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык салуу объектиси болуп саналбаса, ага "С/СТ" коду ыйгарылат;
- эгерде, салык төлөөчү же мүлк объектиси үчүн Салык кодексинин 330-беренесине ылайык салык төлөөгө жеңилдик/бошотуу белгиленсе, анда мындай объектиге "Ж/Б" коду ыйгарылат.
169. 8-графанын уячаларында мүлк объектисинин жалпы аянты чарчы метрде көрсөтүлөт.
170. 8-графанын уячаларында, ар бир мүлк объектиси боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк объектиси салык салынбоочу болуп эсептелсе, салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 8-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
171. Эгерде чечмелөөдө Декларация тапшыруучунун менчигинде болгон 1, 2, 3-топтордун мүлк объектилери боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет. Андан кийин "Баардыгы" уячасында чечмелөөнүн 9-графасынын уячаларынын маанилеринин суммасына барабар болгон 1, 2, 3-топтордун мүлк объектилери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк объекти Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча мүлк салыгы төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 9-графада салыктын суммасын мүлк салыгы төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.
§ 6.2. 4-топтогу мүлк объекттери (транспорт каражаттары) боюнча 4-тиркеменин чечмеленишин (FORM STI-102-005-02) толтуруу
172. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык транспорт каражаты жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, анда 4-графа толтурулбайт.
Менчигинде транспорт каражаттары бар Декларация тапшыруучу бул чечмелөөнү төмөнкү таблицага ылайык толтурат:
Кыймылдаткычтын тибинин коду | Транспорт каражатынын коду | Транспорт каражатынын аталышы |
"А" (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер) | 001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасында иштеген фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, микроавтобустар | |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол курулуш машиналары | |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор | |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери | |
"Б" (башкалар) | 007 | Сатып алган наркы боюнча - 001ден 006га чейинки коддору бар транспорт каражаттарынан башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
Эскертүү. Транспорт каражаты иштеген кыймылдаткыч ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болуп саналабы же жокпу, ушуга байланыштуу транспорт каражатына тамгалуу коду, ошондой эле транспорт каражатынын түрүнүн коду ыйгарылат.
173. 2-графанын уячаларында транспорт каражатынын кыймылдаткычынын түрүнүн коду көрсөтүлөт:
а) эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштесе, "А" коду көрсөтүлөт. Бул топко 001ден 006га чейинки коддор менен белгиленген транспорт каражаттары киргизилет;
б) эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштебесе "Б" коду көрсөтүлөт. Бул код 007 коду менен белгиленген транспорт каражаттары үчүн көрсөтүлөт.
174. 3-графанын уячаларында 001ден 007ге чейинки транспорт каражатынын түрүнүн коду көрсөтүлөт.
175. 4-графанын уячаларында мүлктү колдонуучунун коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 164-пунктунда мүлктү колдонуучунун коддорунун таблицасы берилген.
176. 5-графанын уячаларында ушул Тартиптин 167-пунктуна ылайык участканын мүлкүнүн объекттеринин категорияларынын коду көрсөтүлөт.
177. 5-графанын уячаларында транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
178. 7-графанын уячаларында ар бир транспорт каражаты боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе, салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 6-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 7-графада салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.
179. Эгерде, чечмелөөдө Декларация тапшыруучунун менчигинде транспорт каражаттары боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар баардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
180. Чечмелөөнүн "Жыйынтыгы" уячасында 7-графанын уячаларынын маанилеринин суммасына барабар болгон 4-топтун мүлк объектилери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
181. 1, 2, 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча чечмелөөнүн жана 4-топтун мүлк объектилери боюнча чечмелөөнүн көрсөткүчтөрү 4-тиркеменин 1-бөлүмүнө көчүрүлөт.
182. 4-тиркеменин II бөлүмүндө чечмелөөнүн аталыштарынын оң жагында жайгашкан уячаларда "X" белгиси көрсөтүлөт, бул белгиленген чечмелөөнүн берилгендигин түшүндүрөт, ошондой эле ар бир чечмелөөнүн барактарынын саны көрсөтүлөт.
7-глава. "Жер салыгы" (FORM STI-102-005) 5-тиркемени толтуруу
183. 5-тиркемеде Декларация тапшыруучу менчик укугундагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануудагы, ошондой эле салык салуудан бошотулган/салык салууга тийиш эмес, ошондой эле жеңилдетилген салык салынууга тийиш ыкчам башкаруу укугунда пайдалануудагы баардык жер участоктору тууралуу маалымат берет.
Эскертүү. Жер салыгынын салык төлөөчү болуп жердин менчик ээси же жерди пайдалануучу таанылат, эгерде анын жер участогун пайдаланууга менчик укугу жер участогун иш жүзүндө пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө жана жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлсө.
Укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты жер салыгын эсептөө үчүн салык базасы болуп саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча жер салыгын төлөөчү болуп укукту күбөлөндүрүүчү документте белгиленген же тараптардын макулдашуусу менен аныкталган үлүштөгү ошол адамдардын ар бири саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча ар бир төлөөчү үчүн салык базасы болуп укукту күбөлөндүрүүчү документтерде белгиленген же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) макулдашуусу менен аныкталган жер участогунун үлүшү саналат.
184. Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер жок болгон учурда, жер пайдалануучуну жер салыгынын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп мындай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же аны пайдалануу саналат.
185. Жер участогунун пайдаланылышына карата ага төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун багытынын коду ыйгарылат:
Код | Жер участогунун багыты |
А/ЧБ | Айыл чарба багытындагы |
А/ЧБЭ | Айыл чарба багытындагы эмес, калктуу конуштардагы жерлерди кошкондо |
ҮК/Б | Үйдүн жанындагы, короо жай, бак-чарбак |
186. Жер участогунун багытына жана орун алган жерине жараша ага төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун түрүнүн атайын коду ыйгарылат:
Коду | Участоктун аталышы |
01 | Сугат айдоо жери |
02 | Кайрак айдоо жери |
03 | Көп жылдык отургузуулар |
04 | Чөп чабындылар |
05 | Жайыттар |
11 | Шаарлар: Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
12 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
13 | Башка шаарлар жана поселкалар |
14 | Айыл калктуу конуштары |
187. Салык салынган жер участоктору боюнча бул тиркеме отчеттук жыл үчүн жер салыгы боюнча эсептөөлөрдүн негизинде толтурулат. Салык салуудан бошотулган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жаткан жер участогу боюнча бул тиркеме жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү жана/же укукту белгилөөчү документте көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде толтурулат.
188. Жер участогу салык салынууга тийиштигине же тийиш эместигине жараша төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун категориясынын коду киргизилген:
Коду | Жер участогунун категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
Эскертүү: эгерде жер участогуна жалпы түрдө салык салынса, ага С/С коду ыйгарылат.
Эгерде жер участогу Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулса, ага "С/СТ" коду ыйгарылат.
Эгерде Декларация тапшыруучуга жер участогуна Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө жана/же 344-беренесине ылайык жеңилдик берилсе, анда мындай жер участогуна "Ж/Б" коду ыйгарылат.
189. Тиркеменин 1-бөлүгүн толтуруу үчүн алгач төмөнкүдөй ирээтте жер участогу боюнча 5-тиркеменин чечмелениши (FORM STI-102-005-01) төмөнкү тартипте толтурулат:
а) айыл чарба багытындагы;
б) айыл чарба багытындагы эмес, анын ичинде калктуу конуштардын жерлери;
в) үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору.
189-1. 1-графанын уячаларында жер участогу жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт. Эгерде жер участогу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, анда 4 жана 5-графалар толтурулбайт.
190. Чечмелөөнүн 2-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 184-пунктуна ылайык жер участогунун багытынын коду көрсөтүлөт.
191. Чечмелөөнүн 3-графасынын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 185-пунктундагы таблицадан жер участогунун түрүнүн тийиштүү коду тандалат:
а) айыл чарба багытындагы жерлер үчүн 01ден 05ке чейинки коддор тандалышы мүмкүн;
б) айыл чарба багытындагы эмес жерлер (анын ичинде калктуу конуштардагы жерлер) үчүн 11ден 14кө чейинки коддор тандалышы мүмкүн;
в) үйдүн жанындагы, короо жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн ошол эле 11ден 14ке чейинки коддор тандалат.
192. Чечмелөөнүн 4-графасынын уячаларында жер участогун пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
а) менчик ээси - МЭ;
б) үлүштүк менчи ээси - ҮМЭ;
в) менчик ээси эмес - МЭЭ.
Чечмелөөнүн 4-графасынын уячаларында жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү. Райондун коду ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтында жайгаштырылган.
193. Чечмелөөнүн 6-графасынын уячаларында Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысында же "Жер участогунун планы" же "Айыл чарба багытындагы жерлерди экспликациялоо" кошумча барактарындагы убактылуу пайдалануунун күбөлүгүндө көрсөтүлгөн жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт.
194. Чечмелөөнүн 7-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 187-пунктуна ылайык жер участогунун категориясынын коду көрсөтүлөт:
а) салык салынуучу - С/С;
б) салык салынбай турган - С/СТ;
в) жеңилдетилген же бошотулган - Ж/Б.
195. Чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларында жер участогунун жалпы аянты көрсөтүлөт:
а) айыл чарба багытындагы жер участоктору үчүн - гектар менен;
б) айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору, анын ичинде калктуу конуштардагы жерлер, үйдүн жанындагы, короо жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн - чарчы метрде.
196. Чечмелөөнүн 9-графасынын уячаларында жер участоктору боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт. Салык салынган жер участоктору боюнча төмөндө көрсөтүлгөн сумма көрсөтүлөт:
а) айыл чарба багытындагы жер участоктору үчүн - өткөн отчеттук жыл үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы боюнча эсептөөдө;
б) айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору үчүн, калктуу конуштардагы жерлерди кошкондо - өткөн отчеттук жыл үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы боюнча эсептөөдө;
в) үйдүн жанындагы, короо жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн - Жер салыгынын кошуп эсептелген суммасы жөнүндөгү кабарлоодо. Кабарлоо салык органы тарабынан салыкты төлөө мөөнөтүнөн кеч эмес, башкача айтканда үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин жиберилет.
Эскертүү. Кабарлоону албай калуу салык төлөөчүдөн салыкты төлөө милдетин алып салбайт. Салыкты туура эсептөөгө жана өз учурунда төлөөгө жоопкерчилик да салык төлөөчүгө жүктөлөт. Эгерде кабарлоо алынбаса салык төлөөчү жер салыгын өз алдынча эсептөөгө жана Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
Маалыматтык эсептөө Салык кодексинин 342-беренесинде белгиленген мөөнөттө салык органына берилет, жыл аралыгында кайсы бир өзгөрүүлөр болгон учурда маалыматтык эсептөө өзгөрүүлөрдү эске алуу менен берилет.
Салык салуудан бошотулган же жеңилдетилген салык салууга жаткан жер участогу боюнча 9-графанын уячаларында "0" цифрасы же салыктын суммасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөнгөн салыктын тиешелүү суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде жер участогу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 9-графада салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.
197. Эгерде чечмелөөдө Декларация тапшыруучунун менчигинде болгон жер участогу боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
198. "Жыйынтыгы" уячасында чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларындагы маанилердин суммасына барабар болгон Декларация тапшыруучунун жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, жер участогу салык төлөөчүнүн менчик же отчеттук жылдын ичинде пайдалануу укугунда болсо, анда салык төлөөчү тиешелүү уячалардагы жер салыгынын баардык эсептик суммасын көрсөтөт. Эгерде, жер участогу Декларацияны бергенден кийин бир жылдын ичинде сатып алынса же сатып жиберилсе, сатуучуларга жана сатып алуучуларга төлөөнүүчү жана алар тарабынан тийиштүү уячаларда көрсөтүлгөн жер салыгынын суммасы Салык кодекси тарабынан белгиленген тартипке ылайык аныкталат.
Бул укуктарды берип жаткан тараптын жер участогуна ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөнүүчү салыктын суммасы, укукту мамлекеттик каттоого чейин же ошол күнгө карата бюджетке киргизилиши керек. Бул учурда жер салыгынын баштапкы төлөөчүсү үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап, ал жер участогун өткөрүп берген айдын башталышына чейин эсептелген салыктын суммасын төлөйт.
Жер салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү, анын жер участогуна укугу пайда болгон айдын башталышынан берки мезгилде эсептелген жер салыгынын суммасын төлөйт.
Жер участогуна укуктарды мамлекеттик каттоого алууда салыктын жылдык суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири бюджетке киргизиши мүмкүн. Андан кийин, жер участогуна болгон укуктарды мамлекеттик каттоого алууда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.
Салык кодексинин талаптарына ылайык, жер участогуна болгон менчик же аны пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо убагында же ага чейин жер салыгын төлөбөгөн учурларда, укуктар өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн жер салыгын төлөө боюнча милдеттенме жер участогун сатып алуучуга жүктөлөт.
199. Декларация тапшыруучуга таандык же пайдалануусунда болгон жер участоктору боюнча чечмелөөнүн көрсөткүчтөрү 5-тиркеменин I бөлүмүнө көчүрүлөт.
200. 5-тиркеменин II бөлүмүндө чечмелөөнүн аталышынын оң жагында жайгашкан уячаларда "X" белгиси көрсөтүлөт, бул белги чечмелөөнү түшүндүрөт, ошондой эле ар бир чечмелөөнүн барактарынын саны көрсөтүлөт.
8-глава. "Атайын салык режимдери" (FORM STI-102-006) 6-тиркемени толтуруу
201. 6-тиркемени бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөгөн ЖИ толтурат:
а) эгерде, ЖИ, бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ал Салык кодексинин талаптарына ылайык, ар бир режим боюнча өз өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү;
б) эгерде, ЖИ жалпы салыктык режим боюнча, ошондой эле бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ар бир салыктык режимдер боюнча анын ишинин натыйжасы тиешелүү тиркемелерде көрсөтүлөт.
§ 8.1. I бөлүмдү толтуруу. "Бирдиктүү салык"
202. 650-уячада ЖИ тарабынан отчеттук жылдын аралыгында ар квартал сайын тапшырылып келген Чакан ишкердиктин субъекттеринин бирдиктүү салык боюнча отчетунун (FORM STI-091) маалыматтарына ылайык, КНСти эсепке албагандагы түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
203. 651-уячада жөнөкөйтүлгөн салык режими боюнча жүргүзүлгөн иш боюнча өз өзүнчө бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык ЖИ келтирилген чыгымдары көрсөтүлөт.
204. 652-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 652=650-651.
205. 653-уячада мурда ар бир кварталдагы отчеттордо көрсөтүлгөн бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
206. 654-уячага ЖИ тарабынан салык төлөнгөндөн кийинки анын колунда калган кирешеси көрсөтүлөт: 654=652-653.
§ 8.2. II бөлүмдү толтуруу. "Милдеттүү патенттин негизиндеги салык"
207. 655-уячада милдеттүү патенттин негизиндеги иш күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
208. 656-уячада бухгалтердик эсептөөнүн маалыматтары боюнча отчеттук жылдын ичинде милдеттүү патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзүүдөн алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кирешенин суммасынын чагылтылышы кошумча салык салууга алып келбейт.
209. 657-уячада бухгалтердик эсептөөнүн маалыматтары боюнча отчеттук жылдын ичинде милдеттүү патенттин негизинде ЖИ иши боюнча жумшалган чыгымдарынын суммасы көрсөтүлөт.
210. 658-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 658=659-657.
211. 659-уячада отчеттук жылдын ичинде төлөнгөн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
212. 660-уячага ЖИнин салык төлөнгөндөн кийинки анын колунда калган кирешеси көрсөтүлөт: 660=658-659.
Эскертүү. Салык органдары тарабынан салык төлөөчүгө иштин белгилүү бир түрүн ишке ашыруу укугун жана иштин бул түрү боюнча салыктардын төлөнүшүн күбөлөндүргөн, ошондой эле патентти колдонуу мезгилинин аралыгында кирешелердин алынышын күбөлөндүргөн документ патент болуп саналат. Патенттин бланктары так отчеттуулуктун документтери болуп саналат жана доонун эскирүү мөөнөтүнүн аралыгында, башкача айтканда, 6 жыл сакталууга тийиш.
Патент берилген аймагында (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу. Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердик иш жүргүзүү максатында башка жеке адамга берүүгө тыюу салынат.
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык Салык кодексинин 348-беренесинде белгиленген иштин түрлөрүнө карата милдеттүү негизде төлөнөт.
Милдеттүү патенттин наркы төмөнкү салыктардын түрлөрүнүн суммасын камтыйт:
- пайда салыгынын;
- салык салынган жеткирүүлөргө КНС;
- сатуу салыгынын.
Эгерде, ЖИдин жер салыгы, мүлк салыгы боюнча салык салынуучу объекттери болсо же ал бир нече салык режимдери боюнча иштесе, ал тийиштүү салыктарды эсептеп чыгууга жана тийиштүү салыктарды төлөөгө жана көрсөткүчтөрү бар болгон Декларациянын тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
§ 8.3. III бөлүмдү толтуруу. "Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык"
213. ЖИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге кирген иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укуктуу.
214. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн салыктын суммасы, төмөнкү салыктарды төлөөнү алмаштырат:
- пайда салыгын;
- сатуу салыгын.
Эскертүү. Эгерде, ЖИдин жер салыгы, мүлк салыгы боюнча салык салынуучу объекттери бар болсо же ал бир канча салык режимдери боюнча иштесе, анда ал тиешелүү салыктарды эсептеп чыгууга жана төлөөгө жана көрсөткүчтөрү болгон Декларациянын тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
215. 661-уячада ЖИдин ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзгөн күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
216. 662-уячада отчеттук жылдын ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзүүдөн алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги ЖИнин иши боюнча алынган кирешелердин суммасы бухгалтердик эсептөөнүн маалыматтары боюнча көрсөтүлөт.
Көрсөтүлгөн кирешенин суммасынын чагылтылышы кошумча салык салууга алып келбейт.
217. 663-уячада бухгалтердик эсептөөнүн маалыматтары боюнча отчеттук жылдын ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде ЖИ ишине байланыштуу кеткен чыгымдардын суммасы көрсөтүлөт.
218. 664-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 664=662-663.
219. 665-уячада отчеттук жылдын ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
220. 666-уячага ЖИ тарабынан салык төлөнгөндөн кийинки анын колунда калган кирешеси көрсөтүлөт: 666=664-665.
§ 8.4. III бөлүмдү толтуруу. "Салыктык контракттын негизиндеги салыктар"
221. 667-уячада бухгалтердик эсептөөнүн маалыматтарына ылайык, отчеттук жылдын ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
222. 668-уячада бухгалтердик эсептөөнүн маалыматтарына ылайык, отчеттук жылдын ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча алынган чыгымдардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
223. 669-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 669=667-668.
224. 670, 671, 672-уячаларда отчеттук жылдын ичинде белгиленген төлөм түрүндөгү салыктарды төлөө тууралуу контрактта (FORM STI-057) белгиленген пайда салыгынын, КНСтин жана сатуу салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
225. 673-уячага ЖИ тарабынан салык төлөнгөндөн кийинки анын колунда калган кирешеси көрсөтүлөт: 673=669-670.
Эскертүү. Салыктык контракт, ЖИ менен салык кызматынын ортолорундагы төмөнкү салыктардын белгиленген суммасынын өлчөмүндө макулдашылган салыктык милдеттенмени аныктайт:
- пайда салыгын;
- салык салынган жеткирүүлөрдүн КНС;
- сатуу салыгын.
Салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөгөн ЖИ Салык кодексинин талаптарына ылайык калган салыктарды: жер салыгын, мүлк салыгын жана башкаларды төлөөгө жана Декларациянын тийиштүү тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
Контракттын шарттарына жараша ар бир салык боюнча бул бөлүмдө көрсөтүлгөн белгиленген сумма аныкталат.
§ 8.5. V бөлүмдү толтуруу. "Жогорку технологиялардын паркы"
226. 674-уячада ЖИдин "Жогорку технологиялардын паркы" атайын режими боюнча иш жүзүндө алынган кирешелери көрсөтүлөт.
227. 675-уячага ЖИ тарабынан атайын салык режимдери боюнча салык төлөнгөндөн кийинки анын колунда калган кирешеси көрсөтүлөт: 675=654+660+666+673+674.
9-глава. "Активдердин кыймылы" (FORM STI-102-007) 7-тиркемени толтуруу
228. Бул тиркеме Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жылдын ичинде ишке ашырылган анын активдеринин жана чыгымдарынын кыймылы жөнүндө маалыматты берүүнүн негизиндеги анын кирешелеринин булактарын ырастоо максатында толтурулат.
Эскертүү. Активдер - бул курамына негизги каражаттар, башка узак мөөнөттүү салымдар (анын ичинде материалдык эмес активдер), жүгүртмө каражаттар, финансылык активдер жана дебитордук карыздар кирген мүлк.
Мүлк кыймылсыз жана кыймылдуу болуп бөлүнөт.
Кыймылсыз мүлккө жер менен бекем байланышкан үй, батир, жер участогу жана башка мүлктөр кирет.
Кыймылдуу мүлккө кыймылсыз болуп саналбаган акча, транспорт каражаттары, эмерек, тиричилик техникасы, баалуу металлдардан жана таштардан жасалган буюмдар, баалуу кагаздар, үй жаныбарлары жана башка мүлктөр кирет.
Активдердин көбөйүшү, акчалай наркка ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда алуу, ошондой эле Декларация тапшыруучунун милдеттенмелеринин азайышы киреше катары таанылат.
229. Ушул тиркемени толтуруу учурунда акча каражаттарынан башка активдердин наркы, Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болгон учурда, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларациялоочу мезгилдин аягына карата колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларациялоочу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада көрсөтүлөт.
Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада көрсөтүлөт.
§ 9.1. I бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик ишинен алынган кирешелер жана активдер"
230. 7-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан анын ишкердик ишине карата толтурулат.
231. 750-уячада ЖИнин салык салуудан кийинки таза пайдасы көрсөтүлөт. Бул уячанын мааниси Декларациянын 068-уячасынан көчүрүлөт.
232. 751-уячада жеке ишкердин салык салынбаган кирешелери көрсөтүлөт, анын суммасы 2-тиркеменин 289 жана 299-уячаларынан көчүрүлөт.
233. 752-уячада Декларанттын атайын салык режимдерине тиешелүү ишинен алынган, салык салуудан кийинки анын бөлүштүрүүсүндө калган кирешеси көрсөтүлөт. 752-уячага 6-тиркеменин 675-уячасынын мааниси көчүрүлөт.
234. 753-уячада отчеттук жылдын ичинде ишкердик ишинен Декларация тапшыруучуга келип түшкөн активдердин наркы көрсөтүлөт.
235. 758-уячада 750-753-уячаларда көрсөтүлбөгөн Декларация тапшыруучунун ишкердик ишинен алынган башка таза кирешелери көрсөтүлөт.
236. 759-уячада 750-758-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасына барабар болгон Декларация тапшыруучунун таза кирешелеринин жана активдеринин өсүшү чагылдырылат.
§ 9.2. II бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик иш менен байланышпаган кирешелер жана активдер"
237. 7-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердикке тиешеси жок башка экономикалык ишине карата толтурулат.
238. 760-уячада Декларация тапшыруучунун салык салуудан кийинки таза кирешеси чагылдырылат. Бул уячага Декларациянын 100-уячасынын мааниси көчүрүлөт.
239. 761-уячада 3-тиркеменин 389-уячасынан көчүрүлгөн, Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесинин толук суммасы көрсөтүлөт.
240. 762-уячада 3-тиркеменин 399-уячасынан көчүрүлгөн, мурда төлөм булактарында салык салынган Декларация тапшыруучунун кирешесинин суммасы көрсөтүлөт.
241. 763-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан иш жүзүндө алынган кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
242. 764-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучуга иш жүзүндө кайтарылган кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын негизги суммасы көрсөтүлөт. Декларация тапшыруучу тарабынан берилген кредиттер жана зайымдар боюнча кайтарылган пайыздардын суммасы ал тарабынан башка кирешелер катары 1-тиркеменин 178-уячасында көрсөтүлөт.
243. 768-уячада 760-764-уячаларда көрсөтүлгөн суммадан сырткары, отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан иш жүзүндө алынган башка кирешелердин жана активдердин толук суммасы көрсөтүлөт.
244. 769-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жылдын ичинде алынган, 760-768-уячалардын арифметикалык суммасына барабар болгон кирешелердин жана активдердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 9.3. III бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик иш менен байланышпаган чыгымдар"
245. 7-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердикке тиешеси жок башка экономикалык ишке карата толтурулат.
246. 770-уячада бул бөлүмдүн 771-790-уячаларынын маанисинин суммасы көрсөтүлөт.
247. 771-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үйдүн (үйлөрдүн) наркы жана/же үйдүн (үйлөрдүн) курулушуна жумшалган акча каражаты көрсөтүлөт.
248. 772-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган батирдин (батирлердин) наркы жана/же батирдин (батирлердин) курулушуна жумшалган акча каражаты көрсөтүлөт.
249. 773-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган жер участогунун (жер участокторунун) наркы жана/же жер участогун (жер участокторун) сатып алууга жумшалган акча каражаты көрсөтүлөт.
250. 774-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган транспорт каражатынын (транспорт каражаттарынын) наркы көрсөтүлөт.
251. 775-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.
252. 776-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үй жаныбарларынын наркы көрсөтүлөт.
253. 790-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган жана 771-776-уячаларда көрсөтүлбөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн башка түрлөрүнүн наркы көрсөтүлөт.
254. 791-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан кредит берүүчүгө иш жүзүндө кайтарылган кредиттердин жана зайымдардын, анын ичинде пайыздардын, ошондой эле ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
255. 792-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан башка субъекттерге берилген кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын суммасы көрсөтүлөт.
256. 798-уячада 770, 791, 792-уячаларда көрсөтүлбөгөн, отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан кетирилген башка чыгымдардын толук суммасы көрсөтүлөт.
257. 799-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан жумшалган, 770, 791, 792 жана 798-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон чыгымдардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
10-глава. "Экономикалык иш менен байланышкан айрым көрсөткүчтөрдү чечмелөө" (FORM STI-102-008) 8-тиркемени толтуруу
258. Бул тиркеме акыркы беш жылдын аралыгында чыгаша тарткан, салык салуунун жалпы режими боюнча салык милдеттенмелерин эсепке алган жана эсептеп чыккан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кирешелерди алышкан жеке ишкерлер тарабынан толтурулат.
§ 10.1. l бөлүмдү толтуруу. "Экономикалык иш менен байланышкан чыгашаларды которууну чечмелөө"
259. 850-уячада 851-855-уячалардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.
260. 851, 852, 853, 854, 855-уячаларда мурунку отчеттук беш жылдык мезгилдин ар бир жылынын башталышында которулбаган чыгашалардын калдыктары көрсөтүлөт.
261. 856-уячада отчеттук жылда которулуучу, Декларациянын 056-уячасынан көчүрүлгөн чыгашанын суммасы көрсөтүлөт.
262. 857-уячада 857=850-856-уячалардын маанилеринин айырмачылыгына барабар болгон, отчеттук жылдын аягына которулбаган чыгашанын калдыгы эсептелинет.
§ 10.2. II бөлүмдү толтуруу. "Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган кирешелерди чечмелөө"
263. 8-тиркеменин II бөлүмү чет мамлекеттерден киреше алган салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
264. II бөлүмдүн 1-графасында киреше алынган мамлекеттин аталышы көрсөтүлөт.
265. 2-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык өлкөнүн цифралык коду көрсөтүлөт.
Эскертүү. Өлкөнүн цифралык коду жана кош салык салууну четтетүү тууралуу Кыргыз Республикасы келишим түзгөн өлкөлөрдүн тизмеси, ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылган. Коддун мисалдары: Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы - 112, Казакстан Республикасы - 398, Кыргыз Республикасы - 417.
266. 3-графада киреше алган күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада чет мамлекетте кошуп эсептелген салык төлөөчүнүн кирешесинин суммасы көрсөтүлөт.
267. 4-графада киреше алган күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кошуп эсептелген кирешеден чет мамлекетте кармалган же төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлөт.
268. 858-уячада Кыргыз Республикасы киреше/пайда салыгы боюнча кош салык салууну четтетүү тууралуу макулдашуу түзгөн мамлекеттерде кармалган же төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлөт. 858-уячанын мааниси Декларациянын 063-уячасындагы маанини аныктоо үчүн эсептөөдө катышат.
Эскертүү. Чет өлкөдө төлөнгөн киреше/пайда салыгынын суммасы Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамында белгиленген ставка боюнча төлөнүүчү салыктын суммасынын өлчөмүндө чегерилет.
§ 11.3. III бөлүмдү толтуруу. "Жөнөкөй шериктештик иштин көрсөткүчтөрүн чечмелөө"
269. 8-тиркеменин III бөлүмү жөнөкөй шериктештик келишими менен, жөнөкөй шериктештиктин эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу болуп эсептелген салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
270. 859-уячада жөнөкөй шериктештик иштин өз өзүнчө салыктык эсептөө маалыматтарына ылайык, жөнөкөй шериктештиктин жылдык жыйынды кирешеси көрсөтүлөт.
859-уячанын мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
271. 860-уячада жөнөкөй шериктештик иштин өз өзүнчө салыктык эсептөө маалыматтарына ылайык, эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдары көрсөтүлөт.
860-уячанын мааниси Декларациянын 051-уячасына көчүрүлөт.
272. 861-уячада кошуу (+) белгиси менен салык салынганга чейинки пайдасы же кемитүү (-) белгиси менен келтирилген чыгашасы көрсөтүлөт.
273. 862-уячада жөнөкөй шериктештик келишими боюнча жөнөкөй шериктештиктин башка катышуучуларына тиешелүү пайданын/чыгашанын үлүшү бөлүнгөндөн кийин салык төлөөчүдө калган жөнөкөй шериктештиктин пайдасы/чыгашасынын бөлүгү көрсөтүлөт.
274. 863-уячада жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык карама-каршы белги менен салык төлөөчү тарабынан жөнөкөй шериктештиктин башка катышуучуларына өткөрүлүп берилген, жөнөкөй шериктештиктин пайдасынын/чыгашасынын бөлүгү көрсөтүлөт.
863-уячанын мааниси Декларациянын 054-уячасына көчүрүлөт.
Эскертүү. Жөнөкөй шериктештиктин кирешесин жана чыгымын бөлүп эсептөө, жөнөкөй шериктештик келишими менен шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн адам тарабынан салык салуунун жалпы режими боюнча эсепке алуу чегинде ишке ашырылат.
Салык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, шериктештиктин бухгалтердик эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн адам башка шериктештер менен салык салынганга чейинки кирешелерди эсептегенден кийин киреше салыгы боюнча өз милдеттенмелеринин эсебин жүргүзөт.
§ 11.4. IV бөлүмдү толтуруу. "Атайын фонддун каражаттарын чечмелөө"
275. 8-тиркеменин IV бөлүмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 197-беренесине ылайык, жабылган запастарын кайра өндүрүү максатында пайда салыгы боюнча салык салынуучу базаны 15 пайызга азайтуунун эсебинен атайын фондду түзүүчү салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
276. 4-бөлүмдүн 1-графасында өткөн 5 жыл, анын ичинде отчёттук мезгил да көрсөтүлөт. Эгерде, салык төлөөчүнүн иши көрсөтүлгөн мезгилде 5 жылдан аз болсо, тийиштүү саптар толтурулбайт.
277. 2-графада үстүбүздөгү жылдын башталышына карата ар бир отчёттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча атайын фонддо резервделген суммалар көрсөтүлөт. Үстүбүздөгү жылдын башталышына карата ар бир отчёттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча атайын фонддо резервделген суммалар өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун суммаларынын жана үстүбүздөгү жылда резервге коюлган суммалардын калдыгынан түзүлөт.
278. 3-графада отчёттук мезгилде жабылган запастарды кайра өндүрүү максатында чыгымдалган суммалар көрсөтүлөт.
279. 4-графада 4 гр. = 2 гр. - 3 гр. маанисинин айырмасына барабар болгон, ар бир отчёттук жылдагы резервдик сумманын калдыгы көрсөтүлөт.
Эгерде көрсөтүлгөн айырма терс белги менен чыгып калса, анда 4-графанын мааниси "0" гө барабар деп көрсөтүлөт.
280. 864-уячада отчёттук мезгилдин аягына карата 5 жылдын ичинде чыгымдалбаган атайын фонддун каражатынын калдыгынын суммасы көрсөтүлөт. 864-уячанын мааниси Декларациянын 064-уячасына көчүрүлөт.
11-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-009) 9-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-010) 10-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13-глава. "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-011) 11-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-012) 12-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-013) 13-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-014) 14-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу тартибинин 1-тиркемеси |
Мамлекеттик эмес фондго чегерүүнүн эсептен чыгарууларын алуу үчүн Декларация тапшыруучу тарабынан салык органына бериле турган документтердин ТИЗМЕСИ
1. Арыз.
2. Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
3. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен түзүлгөн пенсиялык келишимдин көчүрмөсү.
4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөсү.
5. Мамлекеттик эмес фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун маалымкаты.
6. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүү боюнча салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкаттын түп нускасы.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу тартибинин 2-тиркемеси |
Социалдык эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларация тапшыруучу тарабынан салык органына бериле турган документтердин ТИЗМЕСИ
1. DOC STI-162 формасы боюнча арыз.
2. Декларация тапшыруучу менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызматтарды көрсөткөн билим берүү мекемесинин ортосунда түзүлгөн, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү контрактынын көчүрмөсү.
3. Кириштөө кассалык ордерине жана/же билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөнгөн акы үчүн төлөм тапшырмасынын квитанциясынын көчүрмөсү.
4. Багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн/асырап алуу тууралуу документинин көчүрмөсү.
5. Эгерде багуусундагы бала орто же жогорку кесиптик билим алуучу мекемелерде окуп жаткан болсо, баланын/асырап алынган баланын стипендия албагандыгы тууралуу окуу жайдын маалымкаты.
6. Багуудагы адамдын паспортунун (бар болсо) көчүрмөсү.
7. Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
8. Декларация тапшыруучунун жубайынын паспортунун көчүрмөсү.
9. Нике жөнүндө же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөсү.
10. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат DOC STI-161.
11. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун жубайынын иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
12. Айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, шериктеш турак жай менчик ээлеринен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен жана башка турак-жай коммуналдык уюмдарынан үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу тартибинин 3-тиркемеси |
Мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларация тапшыруучу тарабынан салык органына бериле турган документтердин ТИЗМЕСИ
1. Арыз.
2. Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
3. Сатып алган кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортунун көчүрмөсү.
4. Ипотекалык кредит алууга банктык жана/же финансы-кредиттик мекеме менен түзүлгөн ипотека келишиминин көчүрмөсү.
5. Күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү.
6. Ипотекалык кредитти төлөө тууралуу төлөм документтеринин көчүрмөсү.
7. Алынган, кайтарылган кредиттердин жана алар боюнча ипотекалык кредиттин төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкаты.
8. Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мүлктүк салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу тартибинин 4-тиркемеси |
DOC STI-162
Социалдык эсептен чыгаруу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө салык төлөөчүнүн АРЫЗЫ'
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу тартибинин 5-тиркемеси |
DOC STI-161
Эмгек акысы жөнүндө МААЛЫМКАТ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
7-тиркеме
FORM STI-103
Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (жөнөкөйлөтүлгөн)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
8-тиркеме
Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658, 2019-жылдын 31-майындагы № 258, 2020-жылдын 23-январындагы № 25, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95, 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруунун жана берүүнүн эрежелерин аныктайт, ал төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
а) экономикалык иш, анын ичинде мүлк объектилерине/жер участокторуна ээ болуу жана/же аларды пайдалануу тууралуу финансылык жана башка маалыматтарды берүү жөнүндө;
б) киреше булактары жөнүндө.
2. Жеке адам Декларацияны (FORM STI-100) (Декларация тапшыруучунун тандоосу боюнча FORM STI-100 же FORM STI-103) түзүүгө жана берүүгө милдеттүү Декларация тапшыруучу (мындан ары - Декларация тапшыруучу) болуп саналат, Декларация тапшыруучу:
а) отчеттук жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгонуна же болбогондугуна карабастан ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок ошол эле учурда бул экономикалык иш Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сырткары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш болбогон башка экономикалык иштин бир жана андан көп түрлөрүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
б) ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок ошол эле учурда бул экономикалык иш Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сырткары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш болбогон башка экономикалык иштин бир жана андан көп түрлөрүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын резиденти - чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болсо.
Эскертүү. Резиденттикке карабастан, республиканын аймагында ишкердик жүргүзгөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жеке ишкер (мындан ары - жеке ишкер) катары каттоодон өтүүгө жана ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын Декларациясын түзүүгө жана тапшырууга милдеттүү.
Республиканын аймагында ишкердик жүргүзбөгөн, бирок Кыргыз Республикасында катталган жер участокторун кошкондо, мүлк объекттерине, ошондой эле транспорт каражаттарына ээлик кылган Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам мүлк салыгын жана/же жер салыгын төлөөгө, салык боюнча маалыматтык эсептөөнү түзүүгө жана мүлк катталган/жайгашкан жер боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү.
3. Декларация отчеттук жыл үчүн түзүлөт жана Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин, Декларация тапшыруучунун тандоосу боюнча: катталган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча салык органына берилет.
4. Декларациянын FORM STI-103 формасы төмөнкү тиркемелерди өзүнө камтыйт:
а) "Салык салынбай турган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-103-001) 1-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок учурда тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
б) "Мүлк салыгы жана жер салыгы" (FORM STI-103-002) 2-тиркеме. Бул тиркеме эгерде, Декларация тапшыруучунун ишкердик иште колдонулбаган мүлкү жана жер участоктору болгон учурда толтурулат жана берилет;
в) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
г) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
д) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
е) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ж) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Декларациянын 102, 103, 104, 201 жана 202-уячаларында, ошондой эле тиркемелердин ушуларга окшош уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар бирдей болууга тийиш.
6. Декларациянын жана 1-тиркеменин тиешелүү уячаларында көрсөткүчтөр жок болсо, "0" цифрасы көрсөтүлөт. 2-тиркемеде эгерде Декларация тапшыруучунун менчигиндеги мүлк объектилери жана жер участоктору боюнча көрсөткүчтөр көрсөтүлгөндөн кийин толтурулбаган саптар же бөлүмдөр калса, анда алар узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
7. Киреше алууну, салыкты төлөм булагынан кармоону, ошондой эле анын жеңилдиктерге жана/же салыкты төлөөдөн бошотууга укуктарын ырастаган документтер Декларация тапшыруучунун сактоосунда болот жана Декларацияга тиркелбейт.
8. Ырастоочу документтердин түп нускалары салыктык контролдоо процессинде салык органынын кызмат адамынын суроо-талабы боюнча көрсөтүлөт.
9. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү көрсөтүлөт. Декларацияга жана анын тиркемелерине төмөнкүлөр кол коюшат:
а) Декларацияны өз алдынча берген учурда, Декларация тапшыруучу;
б) жашы жете элек балдардын жана аракетке жөндөмсүз башка адамдардын ата-энесинин же камкорчуларынын бири;
в) Салык кодексинин 46-беренесине ылайык Декларация тапшыруучу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берген Декларация тапшыруучунун салык өкүлү. Декларация тапшыруучунун кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан Декларация түзүлгөн жана берилген учурда, Декларацияга Декларация тапшыруучунун өзү же ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык ишенимдүү адам/уюмдун-өкүлдүн жетекчиси кол коёт. Мөөрү болгон учурда, коюлган кол Декларацияга кол койгон адамдын/уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
10. Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:
а) Декларация баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат. Салык органынын кызмат адамы Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин жана салык органынын штампын коюу менен тийиштүү уячаларды толтурат. Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси менен Декларация тапшыруучуга кайтарылат жана анын сактоосунда калат;
б) Декларация салык органына кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда эки нускада жөнөтүлөт. Мында:
- салык төлөөчү заказдык каттын жеткендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Декларация берилгендигинин ырастоосу болуп саналат;
- салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн заказдык катын алгандан кийин Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин коюу менен тийиштүү уячаларды толтурат жана салык органынын штампын коёт;
- Декларациянын бир нускасы (салык органынын белгиси менен) кабарлоо аркылуу заказдык кат менен салык төлөөчүгө жөнөтүлөт;
в) электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Декларацияны электрондук документ түрүндө берүү тартибине тийиштүү толук маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылган.
2-глава. Ишкердик иш жүргүзбөгөн жана салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-103) формасын толтуруу
§ 2.1. I бөлүмдү толтуруу. "Салык төлөөчү тууралуу маалымат"
11. Декларациянын 001-уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) эгерде, Декларация календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "Алгачкы" уячасына коюлат;
б) эгерде, Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Декларацияда оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "Такталган" уячасына коюлат.
12. Декларациянын уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) 102-уячада Декларация тапшыруучунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган ИСНи көрсөтүлөт. Эгерде декларация тапшыруучунун ИСНи жана социалдык коргоо күбөлүгү жок болсо, салык органы ИСНди ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген регламентке ылайык ыйгарат;
б) 103-уячада Декларация тапшыруучунун паспортундагы маалыматтарына ылайык аты-жөнү көрсөтүлөт;
в) 104-уячада Декларация тапшырган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
г) 106-уячада Декларация тапшыруучунун паспортунун номери жана сериясы көрсөтүлөт. Эгерде Декларация тапшыруучунун паспорту жок болсо, уячага "жок" деп көрсөтүлөт. Эгерде Декларация жашы жете элек өспүрүмдүн атынан ата-энеси же камкорчусу тарабынан тапшырылса, бул уячага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн маалымдаректери көрсөтүлөт;
д) 107-уячада Декларация тапшыруучунун паспортун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн берген өлкө көрсөтүлөт;
е) 108-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган (катталган) жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт;
ж) 110-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган (катталган) жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
з) 111-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери (катталган) боюнча дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт;
и) 112-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт;
м) 113-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
н) 114-уячада Декларация тапшыруучу иш жүзүндө жашаган жердин дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт;
о) 115-уячада Декларация тапшыруучунун байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
п) 116-уячада эгерде болсо, Декларация тапшыруучунун электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
Эскертүү. 108, 111, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячалардын көрсөткүчтөрү декларация берилген датага карата толтурулат.
13. 201-уячада Декларация тапшыруучу үчүн салык мезгили кайсыл айдан башталгандыгы көрсөтүлөт:
а) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка экономикалык ишти жүргүзүүнү улантса, бул уячада салык мезгили отчеттук жылдын башталышынан тартып көрсөтүлөт: "01.01.20__-ж.";
б) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылга чейин башка экономикалык иш жүргүзбөсө, ал эми отчеттук жылда аны жүргүзө баштаса, анда бул уячада салык мезгили башка экономикалык иштин жүргүзүлө баштаган күнүнөн тартып көрсөтүлөт.
Эскертүү. Башка экономикалык иштин жүргүзүлө башташына мисал катары Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин, жер участогун сатып алуу, Кыргыз Республикасынын жаранынан мурас алуу боло алат;
в) эгерде Декларация тапшыруучу жарандыкты же Кыргыз Республикасынын резиденти статусун салыктык мезгил ичинде алган болсо, анда бул уячада салыктык мезгил жарандыкты же резиденттик статусту алган күндөн тартып көрсөтүлөт.
14. 202-уячада салык мезгили аяктаган дата көрсөтүлөт:
а) эгерде Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка экономикалык ишин жүргүзүүнү уланткан болсо, бул уячада отчеттук жылдын аякташы көрсөтүлөт: "31.12.20__-ж.";
б) эгерде Декларация тапшыруучу - Кыргыз Республикасынын жараны отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо жана өлкөнүн чегинен чыгып кетсе, бул уячада жарандыгын жоготкон дата көрсөтүлөт;
в) эгерде Декларация тапшыруучу - Кыргыз Республикасынын жараны отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо, бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасында жашап жатса, бул уячада өлкөдөн иш жүзүндө чыккан дата же отчеттук жылдын аягы көрсөтүлөт.
§ 2.2. II бөлүмдү толтуруу. "Жылдык жыйынды киреше"
15. Декларацияны толтуруу Декларациянын формасынын II бөлүмүнүн 050-уячасында "0" маанисин көрсөтүү менен башталат. Бул Декларация тапшыруучунун отчеттук жылдын ичинде жылдык жыйынды кирешесинин болбогонун билдирет.
16. Эгерде жылдык жыйынды (салык салынуучу) киреше нөлгө барабар болбосо, Декларация тапшыруучу бул форма боюнча Декларация толтурууга укугу жок жана Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын декларациясын (FORM STI-100) толтурууга милдеттүү.
§ 2.3. III бөлүмдү толтуруу. "Жеке адамдын кирешелери жана активдери"
17. Декларациянын формасынын III бөлүмүн толтурууда акча каражаттарынан тышкары, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан укукту аныктоочу документтердин негизинде, алар жок болсо же аларда активдердин наркы көрсөтүлбөсө - Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларациялоо мезгилинин аягына карата колдонулуп жаткан базар баасы менен көрсөтүлөт.
Мүлк кыймылсыз жана кыймылдуу болуп бөлүнөт.
Кыймылсыз мүлккө үй, батир, жер участогу жана башка жер менен тыгыз байланышкан башка мүлктөр кирет.
Кыймылдуу мүлккө акча, транспорт каражаттары, эмерек, тиричилик техникасы, кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган буюмдар, баалуу кагаздар, үй жаныбарлары жана кыймылсыз мүлккө кирбеген башка мүлктөр кирет.
Киреше деп активдердин көбөйүүсү, акчалай наркка ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайдаларды алуу, ошондой эле Декларация тапшыруучунун милдеттенмелеринин азайышы таанылат.
Чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча кайра эсептелет жана көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
18. Декларациянын III бөлүмүн толтураардан мурда, Декларациянын I тиркемесин (FORM STI-103-001) толтуруу зарыл.
19. Декларациянын III бөлүмүн толтуруу 1-тиркемеде толтурулган көрсөткүчтөрдү көчүрүүдөн башталат.
20. 051-уячада 1-тиркеменин 189-уячасынан көчүрүлүүчү Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешелеринин толук суммасы көрсөтүлөт.
21. 052-уячада 1-тиркеменин 199-уячасынан көчүрүлүүчү, мурда төлөм булактарында салык салынган Декларация тапшыруучунун кирешелеринин толук суммасы көрсөтүлөт.
22. 053-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан иш жүзүндө алынган кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт
Эскертүү. Эгерде Декларация тапшыруучу кредит, зайым жана ссуда берсе жана көрсөтүлгөн кредит, зайым жана ссуда боюнча отчеттук жылдын ичинде пайыздарды алса, ал Декларацияны ушул форма боюнча толтурууга укугу жок, анткени пайыздардан алынган сумма салык салынуучу киреше болуп эсептелет.
23. 054-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучуга иш жүзүндө кайтарылган кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын негизги суммасы көрсөтүлөт.
24. 068-уячада отчеттук жылдын ичинде жеке адам тарабынан алынган жана 051-054-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка кирешелер жана активдер көрсөтүлөт.
25. 069-уячада 051-068-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасына барабар болгон, Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жылдын ичинде алынган кирешелердин жана активдердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 2.4. IV бөлүмдү толтуруу. "Жеке адамдын чыгымдары"
26. 070-уячада бул бөлүмдүн 071-089-уячаларынын маанилеринин арифметикалык суммасы көрсөтүлөт.
27. 071-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үйдүн (үйлөрдүн) наркы жана/же үйдүн (үйлөрдүн) курулушуна инвестицияланган акча каражаттары көрсөтүлөт.
28. 072-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган батирдин (батирлердин) наркы жана/же алардын курулушуна инвестицияланган акча каражаттары көрсөтүлөт.
29. 073-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган жер участогунун (жер участокторунун) наркы жана/же участогун (жер участокторун) көрктөндүрүүгө жана/же жер кыртышын калыбына келтирүүгө инвестицияланган акча каражаттары көрсөтүлөт.
30. 074-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган транспорт каражатынын (транспорт каражаттарынын) наркы көрсөтүлөт.
31. 075-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.
32. 076-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үй жаныбарларынын наркы көрсөтүлөт.
33. 089-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн башка түрлөрүнүн наркы көрсөтүлөт.
34. 090-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан кредит берүүчүлөргө пайыздары менен кошо иш жүзүндө кайтарылган кредиттердин, зайымдардын, ошондой эле ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
35. 091-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан башка субъекттерге берилген кредиттердин, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
36. 098-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан жүргүзүлгөн башка чыгымдардын толук суммасы көрсөтүлөт. Мындай чыгымдар ырастоочу документтерисиз эле Декларация тапшыруучунун жеке баалоосу боюнча киргизилиши мүмкүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, тамак-аш, кийим-кечек, белектер ж.б.).
37. 099-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан жүргүзүлгөн чыгымдардын жалпы суммасы көрсөтүлөт: 099=070+090+091+098.
38. Декларация тапшыруучу тарабынан толтурулган Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө тиркеме "X" белгиси менен белгиленет, бул тигил же бул тиркеменин берилгендигин ырастоо болуп саналат.
3-глава. "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-103-001) 1-тиркемени толтуруу
39. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча берген баалоосунун негизинде декларация толтуруу мезгилинин аягына карата колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү. Чет өлкөлүк валютадагы мүлктүн наркы декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелинет жана көрсөтүлөт. Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелинет жана көрсөтүлөт.
40. Салык салынбаган кирешелердин суммасы Декларация тапшыруучунун киреше булактарын ырастоо максатында Декларацияда көрсөтүлөт.
41. 150-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонддорунан Декларация тапшыруучу тарабынан төлөм түрүндө алынган киреше көрсөтүлөт.
42. 151-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.
43. 152-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган жана Декларация тапшыруучу тарабынан алынган пенсиялар, жөлөкпулдар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген пенсия, жөлөкпул алган болсо, ал Декларациянын бул формасын толтурууга укугу жок, анткени мындай кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынуучу кирешелерге кирет жана ал FORM STI-100 формасын толтурушу керек.
44. 153-уячада мамлекеттик органдар жана жергиликтуү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде бюджеттин каражаттарынын эсебинен Декларация тапшыруучуга дайындалган жана төлөнүп берилген жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка негиздер боюнча дайындалган жөлөкпулдарды жана компенсацияларды алган болсо, ал Декларациянын бул формасын толтурууга укугу жок, анткени мындай кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынуучу кирешелерге кирет.
45. 154-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ага келтирилген материалдык чыгашанын же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ал жеткис күчтөрдүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү. Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.
46. 155-уячада жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу Декларация тапшыруучу жумуш берүүчүдөн алган кайтарымсыз жардамдын суммасы көрсөтүлөт. Каза болгон жумушчунун жумуш берүүчүсүнөн кайтарымсыз жардам алган, каза болгон жумушчунун жакын туугандары - Декларация тапшыруучулар бул уячага алынган жардамынын суммасын көрсөтүшөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асыранды балдар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдары, бир тууган жана аталаш (энелеш) ага-инилер, эже-сиңдилер, чоң ата, чоң энелер, неберелер жакын туугандар болуп саналат.
47. 156-уячада 258-уячада ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Алынган дивиденддердин суммасы жөнүндө төлөм булагынан алган маалымкат бул сумманы ырастоо болуп саналат.
48. 157-уячада үчүнчү тараптан алынган киреше көрсөтүлөт:
а) майып тарабынан - майыптардын техникалык каражаттары үчүн төлөм түрүндө;
б) майып тарабынан - майыптыгын профилактикалоо жана аны реабилитациялоо, майыптар үчүн жол көрсөтүүчү-иттерди кармоо үчүн суммалардын өлчөмүндө;
в) майыптар, пенсионерлер, 16 жашка чейинки жетимдер тарабынан - жөлөкпулдар түрүндө.
Ошондой эле бул уячага жашы жете элек балдардын саны 4 же андан көп баланы түзгөн көп балалуу үй-бүлөгө дайындалган жөлөкпулду алуучу - Декларация тапшыруучу алган жөлөкпулунун суммасын көрсөтөт;
г) социалдык жактан корголбогон адамдар тарабынан - бекер тамактануу түрүндө.
Эскертүү. Декларация тапшыруучунун саналган категориялары үчүн көрсөтүлгөн кирешелер ким тарабынан жана кайсы булактан төлөнбөсүн салык салынбагандарга кирет.
49. 158-уячада жубайлар же мурдагы жубайлардын ортосундагы ажырашууга байланыштуу мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн жана өткөрүп берүүнүн натыйжасында Декларация тапшыруучу тарабынан алынган киреше көрсөтүлөт.
50. 159-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларация тапшыруучу тарабынан алынган алименттер көрсөтүлөт. Алименттер жашы жете элек балдарды багууга, ошондой эле, карып калган ата-энесин багууга алынышы мүмкүн.
Эскертүү. Эгерде, алынган алименттин суммасы мыйзамдар же соттун чечими менен белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, алынган алименттердин бардык суммасы бул уячада көрсөтүлөт жана жакын туугандарынан алынган белектер да салык салынбаган кирешеге киргендигине байланыштуу салык салынбоочу болуп саналат.
51. 160-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан гуманитардык жардам катарында алынган мүлктүн наркы, ошондой эле жакын туугандарынан мурастоо же белекке алуу тартибинде алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде жакын туугандары белек берсе, анда анын наркы салык салынбаган киреше болуп саналат. Бирок, эгерде салык максаттарында жакын деп саналбаган туугандарынан, мисалы, тай акеден, тай эжеден, жээнден, ошондой эле тууган эместен белек алынса, анын наркы салык салынуучу киреше деп эсептелет. Аталган учурда ушул себеп боюнча Декларация тапшыруучу Декларациянын бул формасын толтурбайт, ал эми Декларацияны (FORM STI-100) формасы боюнча толтурат жана берет.
Эгерде, жакын тууганы ишкердик иш жүргүзсө, анда мындай тууган тарабынан берилген кайтарымсыз активдердин наркы менен алган, анын ишкердик ишине катышуучу, активдер берилген адам киреше салыгын же пайда салыгын төлөшү керек.
Мисал. Зер буюмдарын сатуу ишин жүргүзгөн ЖИ ал толугу менен кириштеген товардын тобун алды жана зер буюмдарынын тобун алууга кеткен чыгымдарды ага жараша эсептен чыгарат.
Ишкер алынган товарлардын тобунун жарымын аялына белекке берген. Эгерде, аялы жеке ишкер болуп саналбаса, ал өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зер буюмдарынын тобунан түшкөн кирешени таанууга жана Декларациянын FORM STI-100 формасын толтурууга жана тапшырууга милдеттүү.
52. 161-уячада жеке ишкердик иш жүргүзүүнүн чегинде алынган кирешелерди кошпогондо, айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, Декларация тапшыруучу өзүнүн короо-жай участогунда өстүрүлгөн продукцияны сатса, мындай киреше Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесине кирет жана ушул уячада көрсөтүлөт.
53. 162-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө (лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан) алынган кирешенин баардык түрлөрү көрсөтүлөт. Эгерде, утуштун наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашып кетсе, анда мындай киреше салык салынуучу болот жана Декларация тапшыруучу Декларациянын FORM STI-100 формасын толтурууга жана тапшырууга милдеттүү.
54. 163-уячада Декларация тапшыруучунун жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик иш жүргүзүү максатында эмес сатып алынбаган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт, төмөнкүлөрдөн алынган кирешени кошпогондо:
а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан аз убакыт менчик укугунда таандык болгон автомототранспорт каражатын сатуудан;
б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген жана бул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып катар келген 2 жылдан аз менчик укугуна таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатуудан.
Эскертүү. Эгерде мүлктү сатуу наркы Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган нарктан ашып кетсе, анда көрсөтүлгөн ашыкча сумма салык салынуучу кирешеге кирет. Мындай учурда Декларация тапшыруучу Декларациянын бул формасын толтурбайт, Декларация FORM STI-100 формасы боюнча толтурат жана тапшырат.
55. 164-уячада катышуучунун мурда киргизилген үлүшүнүн же пайынын же үлүштүк баалуу кагаздарды сатып алуунун наркынын өлчөмүндө аларды кайтарууда Декларация тапшыруучу тарабынан алынган сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, катышуучунун үлүшү же пайы же акциялар отчеттук жылда Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алууга кеткен чыгымдан ашкан нарк боюнча сатылса, анда мындай нарктын өсүшү (алгачкы жумшалган акча каражатынын суммасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма) салык салынуучу кирешеге кирет. Мындай учурда Декларация тапшыруучу Декларациянын бул формасын толтурбайт жана Декларациянын FORM STI-100 формасы боюнча толтурат жана тапшырат.
56. 165-уячада Декларация тапшыруучуга кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, башкача айтканда камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандыруучу компаниянын дарегине камсыздандыруу келишими боюнча төлөнгөн сумма көрсөтүлөт. Ошондой эле бул уячада бул камсыздандыруу келишими ишкердик максатында түзүлбөгөн шартта, Декларация тапшыруучу тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде алынган камсыздандыруучу суммалары жана ордун толтуруу көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларын, сыйакыларды жана ордун толтурууларды төлөөнү кошпогондо, камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдү башка адам же субъект жүргүзсө, кайтарылуучу каражаттар Декларация тапшыруучунун салык салынуучу кирешеси деп таанылат. Ошондой эле эгерде Декларация тапшыруучу камсыздандыруунун топтоо түрлөрүнөн пайыздык киреше алса, мындай киреше салык салынуучу деп таанылат. Мындай учурда Декларация тапшыруучу Декларациянын бул формасын толтурбайт жана Декларациянын FORM STI-100 формасы боюнча толтурат жана тапшырат.
57. 166-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча фондулук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер көрсөтүлөт.
Эскертүү. Листинг - бул фондулук биржада баалуу кагаздарды расмий сатууга уруксат берүү жол-жобосу. Компаниянын баалуу кагаздарынын эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болушу, мыйзамдардын жана фондулук биржанын талаптарына ылайык компаниянын иши жөнүндө маалыматтын ачылып жаткандыгын, башкача айтканда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын биржалык баалары ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ экендигин билдирет.
Листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржалардын листингинде болбогон баалуу кагаздарды сатуудан алынган сумма, сатып алуунун наркынын өлчөмүндө гана салык салынбаган болуп саналат. Эгерде ушул категориядагы баалуу кагаздар сатып алуу наркынан жогору сатылган болсо, анда наркынан ашкан сумма салык салынуучу кирешелерге кирет. Мындай учурда Декларация тапшыруучу Декларациянын бул формасын толтурбайт жана Декларациянын FORM STI-100 формасы боюнча толтурат жана тапшырат.
58. 167-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын банктарындагы салымдар боюнча алынган пайыздардын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде пайыздык кирешелер чет өлкөлүк банктардан алынса, киреше салык салынуучу болуп эсептелет. Декларация тапшыруучу Декларациянын бул формасын толтурбайт жана Декларациянын FORM STI-100 формасы боюнча толтурат жана тапшырат.
58-1. 168-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.
59. 188-уячада Декларация тапшыруучу киреше салыгы салынбаган жана 150-167-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка кирешелерди көрсөтөт, алар төмөнкүлөр болуп саналат:
а) бюджеттик каражаттын эсебинен Олимпиада оюндарынын чемпиондоруна, байге ээлерине, Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпион курама командаларынын мүчөлөрүнө жана байге ээлерине, бир жолу берилүүчү сыйлыктар;
б) социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон адамдарга, кирешеси жашоо деңгээлинен төмөн болгон адамдарга (качкындарга, оорусу катууларга) мамлекеттен, коммерциялык эмес уюмдардан кайтарымсыз берилген активдер.
Эскертүү. Эгерде кирешелерди жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кампаниянын чегинде кирешелер жана мүлктөр жөнүндө Декларацияда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасы валютада сакталса, отчеттук мезгилде чыгымдалган валюта менен каражаттын суммасынан оң курстук айырма болсо, бул уячага киргизилет.
60. 189-уячада отчеттук жылга Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешелеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 150-188-уячалардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт. 189-уячанын мааниси 051-уячасына көчүрүлөт.
61. 190-уячада мурда төлөм булактарында салык салынган пайыздык киреше көрсөтүлөт.
62. 198-уячада ушул тиркеменин 190-уячасында көрсөтүлбөгөн төлөм булактарында салык салынган башка кирешелер көрсөтүлөт.
63. 199-уячада 190 жана 198-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасына барабар болгон, төлөм булактарында салык салынган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 199-уячанын мааниси 052-уячага көчүрүлөт.
4-глава. "Мүлк салыгы жана жер салыгы" (FORM STI-103-002) 2-тиркемени толтуруу
64. 2-тиркемеде Декларация тапшыруучунун менчигиндеги бардык мүлк объекттери, анын ичинде бул объектилерге жана/же участокторго салык салынууга тийиш экендигине же тийиш эместигине карабастан мөөнөттүү же мөөнөтсүз колдонуудагы жер участоктору көрсөтүлөт.
Эскертүү. Мүлк салыгынын/жер салыгынын төлөөчү болуп Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, менчигинде мүлк/жер участогу бар же менчик ээси/жер пайдалануучусу аныкталбаган мүлктү/жер участогун пайдаланган жеке адам саналат.
Мүлккө/жер участогуна болгон укуктарды каттоо болбогон учурда, пайдалануучуну мүлк/жер салыгынын салык төлөөчү катары таанууга негиз болуп, мүлктү/жер участогун иш жүзүндө пайдалануу саналат.
65. Мүлк объекттерине/жер участокторуна алардын салык салынууга жатканына, төлөө боюнча жеңилдиктеринин бар-жогуна жараша, коддор ыйгарылат:
Коду | Мүлк объектисинин категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбоочу |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
Эскертүү. Эгерде, мүлк объектисине/жер участогуна жалпы негиздерде салык салынууга тийиш болсо, ага "С/С" коду ыйгарылат.
Эгерде, мүлк объектисине/жер участогуна салык салынууга тийиш болбосо же салык салынуудан бошотулса, ага "С/СТ" коду ыйгарылат.
Эгерде, Декларация тапшыруучу же мүлк объектиси/жер участогу үчүн жеңилдетүү/салык төлөөдөн бошотуу белгиленсе, ага "Ж/Б" коду ыйгарылат.
66. Салык салынууга тийиш болгон мүлк объекттери боюнча көрсөткүчтөр өткөн отчеттук жылдагы 1-топтогу, 2-топтогу жана 4-топтогу объекттердин мүлк салыгы боюнча эсептөөлөрүндө көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн негизинде көрсөтүлөт.
67. Салык салынууга тийиш болгон үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак жер участоктору боюнча көрсөткүчтөр Салык кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Декларация тапшыруучуга тапшырылган жер салыгынын кошуп эсептелген суммасы жөнүндөгү салык органынын кабарлоосунун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
68. Салык салуудан бошотулган же алар боюнча жеңилдиктер каралган мүлк объекти/жер участогу боюнча көрсөткүчтөр кыймылсыз мүлктүн/жерди пайдалануу актысынын бирдигинин техникалык паспортундагы маалыматтарга ылайык көрсөтүлөт.
69. Эгерде, мүлк объектиси салык салынбаганга кирсе же салык салынууга тийиш болбосо, ошондой эле жеңилдетилген салык салынууга тийиш болсо, 1-бөлүмдүн 8-графасынын тиешелүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдикти эсепке алуу менен төлөнүүгө тийиш салыктын суммасы көрсөтүлөт.
70. Менчик укугунда Декларация тапшыруучуга таандык болгон мүлк объектисине карата укук белгилөөчү документ жана/же техникалык паспорту жок болгон учурда, бул тиркемеде Салык кодексинин 327-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн мүлк объектисин ченөө актысынын маалыматтары көрсөтүлөт.
71. Декларация тапшыруучунун пайдалануусунда болгон үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбактык жер участогунун аянты көрсөтүлгөн жер участогуна карата жерди пайдаланууга укукту белгилөөчү документ жана/же акты/күбөлүгү жок болгон учурда, бул тиркемеде Салык кодексинин 336-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн жер участогун ченөө актысынын маалыматтары көрсөтүлөт.
72. Эгерде, мүлк объектисине/жер участогуна үлүштүк биргелешкен менчик укугундагы бир нече менчик ээлери/колдонуучулар ээлик кылышса, алардын ар бири укукту белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн үлүштөргө пропорционалдуу же менчик ээлеринин/колдонуучулардын макулдашуусу боюнча мүлк/жер салыгын төлөөчү болуп саналышат.
Эскертүү. Ар бир менчик ээлеринин/колдонуучулардын үлүшүнө туура келген салыктын бөлүгүн эсептөө жана төлөө алардын ар бири тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ошондой эле менчик ээлеринин/колдонуучулардын макулдашуусу боюнча алардын бирөөсү мүлк объектисине/жер участогуна маалыматтык эсептөөнү тапшырышы жана салыктын толук суммасын төлөшү мүмкүн. Мындай учурда башка менчик ээлери тарабынан мүлк объектисине/жер участогуна салыкты эсептөө жана төлөө тапшырылган менчик ээлеринин/колдонуучулардын бирөөсү бул мүлк объектисин/жер участогун өзүнүн Декларациясында көрсөтөт. Салыкты эсептөө жана төлөө боюнча анын ыйгарым укугун ырастаган документ болуп менчик ээлеринин/колдонуучулардын ортолорундагы макулдашуу (келишим), же мүлктү башкарууга келишим же болбосо ар бир менчик ээлери/колдонуучулары тарабынан нотариалдык түрдө берилген ишеним кат саналат.
Эгерде 2-тиркеменин кандайдыр бир бөлүмүн толтуруу үчүн бир барак жетишсиз болсо, анда FORM STI-100-003 формасынын бир нече барагы колдонулат. 2-тиркеменин маалыматтык бөлүгүнүн алдындагы уячада тиркеменин барагынын номуру көрсөтүлөт. Декларация тапшыруучуда көрсөткүчтөр жок болгон толтурулбаган бөлүмдөр жана уячалар "Z" белгиси менен чийилип салынат.
§ 4.1. I бөлүмдү толтуруу. "Ишкердик жүргүзүү үчүн колдонулбаган мүлк"
73. 1-графанын уячаларында мүлк жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.
Эскертүү: Эгерде мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, анда 3-графа толтурулбайт.
Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылган.
2-графанын уячаларында убактылуу же туруктуу жашоо үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган 1, 2 жана 3-топтордогу мүлктөрдүн түрүнүн (турак жайлар, жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү), ошондой эле пайдаланылбаган турак эмес жайдын коду көрсөтүлөт. 1-графанын уячаларын толтурууда төмөнкүдөй таблицага ылайык мүлктүн түрүнүн коддору пайдаланылат:
№ | Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
1 | 001 | Турак үй |
2 | 002 | Батир |
3 | 003 | Дача үйү |
4 | 004 | Жатакана |
5 | 005 | Пайдаланылбаган турак эмес жай |
74. 3-графанын уячаларында төмөнкү таблицага ылайык Декларация тапшыруучунун коду көрсөтүлөт:
№ | Коду | Мүлктү колдонуучу |
1 | МЭ | Менчик ээси |
2 | ҮМЭ | Үлүштүк менчик ээси |
3 | МЭЭ | Менчик ээси эмес |
Эскертүү. Эгерде, мүлк салыгын төлөөчү болуп мүлктүн менчик ээси саналса, анда бул уячаларда "МЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, мүлк бир нече адамдын менчигинде болсо, "ҮМЭ" коду көрсөтүлөт.
Эгерде, салык төлөөчү болуп мүлктүн ээси эмес, колдонуучу саналса, анда уячаларда "МЭЭ" коду көрсөтүлөт.
75. 4-графанын уячаларында мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү. Райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылат.
76. 5-графанын уячаларында кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт.
Эскертүү. Бул код кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун титулдук барагынын үстүңкү сабында көрсөтүлгөн.
77. 6-графанын уячаларында мүлк объектисинин категориясынын коду көрсөтүлөт:
а) эгерде, мүлк объектисине жалпы негиздерде салык салынууга тийиш болсо, ага "С/С" коду ыйгарылат, эгерде, мүлк объектиси Салык кодексинин 324-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу объект болуп саналбаса, анда ага "С/СТ" коду ыйгарылат;
б) эгерде Декларация тапшыруучу же мүлк объектиси үчүн Салык кодексинин 330-беренесине ылайык салык төлөөдө жеңилдик/бошотуу белгиленсе, мындай объектиге "Ж/Б" коду ыйгарылат.
78. 8-графанын уячаларында мүлк объектисинин чарчы метрлерде иш жүзүндөгү параметрлери көрсөтүлөт.
79. 8-графада ар бир мүлк объектиси боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк объектиси Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча мүлк салыгы төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 8-графадагы салыктын суммасын мүлк салыгы төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
80. Бул бөлүмгө ошондой эле Декларация тапшыруучуга таандык болгон жана ишкердик иш үчүн арналган 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча көрсөткүчтөр алар Декларация тапшыруучу тарабынан аны ишке ашыруу үчүн пайдаланылбаган шартта киргизилет, салык мүлктүн 2 жана 3-топтордогу объекттери үчүн тиешелүү коэффициенттерди колдонуу менен эсептелинет.
81. Эгерде Декларация тапшыруучуда ушул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда толтурулбаган саптар узун-туурасынан "Z" белгиси менен чийилет.
Эскертүү. Эгерде Декларация тапшыруучу турак жана/же турак эмес жайларды ишкердик иш үчүн пайдаланса, ал бул форманы толтурбайт, ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын Декларациясын (FORM STI-102) толтурат.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
82. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
83. Эгерде мүлк объектиси салык салынбаганга жана салык салынууга тийиш эмеске кирсе, ошондой эле жеңилдетилген салык салынууга кирсе, 8-графанын тиешелүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
84. Менчик укугу өткөрүлгөн учурда (сатуу, белекке берүү, мурастоо ж.б.) салыкты төлөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) мүлк объектисине болгон укуктарды мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же каттоо күнүнө карата. Мында мүлк объектисинин алгачкы ээси отчеттук жылдын 1-январынан тартып ал мүлк объектисин өткөрүп берген айдын башталышына чейин эсептелген салыктын суммасын төлөйт. Мүлк салыгынын кийинки ээси анда мүлк объектисине укугу пайда болгон айдын башталышынан берки мезгилге эсептелген салыктын суммасын төлөйт;
б) мүлк объектисин сатуучу менен сатып алуучунун макулдашуусу боюнча, мүлк объектисине болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда салыктын жылдык суммасы бюджетке алардын бири тарабынан төлөнүшү мүмкүн. Андан кийин мүлк объектисине болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт;
в) мүлк объектисине болгон менчик укугун мамлекеттик каттоого чейин же каттоо учурунда мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда, укуктар өткөрүлүп берилген отчеттук жылдын бардыгы үчүн салык төлөө боюнча милдеттенме андан ары жаңы ээсине жүктөлөт;
г) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
85. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
86. 2-тиркеменин 1-бөлүмүнүн "Жыйынтык" сабынын уячасында 2-тиркеменин 8-графасынын уячаларында көрсөтүлгөн маанилердин суммасына барабар болгон 1, 2 жана 3-топтордогу объекттер боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 4.2. II бөлүмдү толтуруу. "Транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер"
87. 1-графанын уячаларында транспорт каражаты жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.
II бөлүмдүн 2-графасынын уячаларында транспорт каражатынын кыймылдаткычынын тибинин коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштесе, 1-графада "А" белгисинин коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштебесе "Б" коду көрсөтүлөт.
88. Унаа каражатынын түрүнүн коду 3-графада көрсөтүлөт.
Бул топко төмөнкү таблицага ылайык унаа каражаттарынын түрлөрү боюнча 001ден 007ге чейинки коддор менен белгиленген унаа каражаттары киргизилет.
Кыймылдаткычынын тибинин коду | Транспорт каражатынын түрүнүн коду | Транспорттун аталышы |
А (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер) | 001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар | |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары | |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор | |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери | |
Б (башкалар) | 007 | Сатып алган наркы боюнча - 001ден 006га чейинки коддордогу транспорт каражаттарынан тышкары, башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
89. 4-графанын уячаларында ушул Тартиптин 74-пунктуна ылайык Декларация тапшыруучунун - транспорт каражатын колдонуучунун коддорунун бири көрсөтүлөт.
90. 5-графанын уячаларында ушул тартиптин 77-пунктунда берилген таблицага ылайык тандалып алынган мүлк объектисинин категорияларынын коду көрсөтүлөт.
91. 6-графанын уячаларында транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
92. 7-графанын уячаларында ар бир транспорт каражаты боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 7-графадагы салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.
Эскертүү. Бул бөлүм менчик укугунда транспорт каражаты бар Декларация тапшыруучу тарабынан толтурулат.
Транспорт каражаттары төмөнкүчө бөлүнөт:
а) транспорт каражаттары жана/же ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
Эгерде транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга тийиш болсо, 7-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде Декларация тапшыруучуда бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда толтурулбаган саптар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
- эгерде, маалыматтык эсептөө берилген транспорт каражаты отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучунун менчигинде болгон болсо, эсептелген салыктын суммасы ар бир транспорт каражаты боюнча маалыматтык эсептөөдөн бул тиркемеге көчүрүлөт;
- эгерде, транспорт каражаты маалыматтык эсептөө берилгенден кийин, отчеттук жылдын ичинде сатып алынса же сатылса, анда ал транспорт каражатын сатып алуунун же чыгаруунун фактысы боюнча Декларация тапшыруучунун кошумча маалыматтык эсептөөлөрүндө көрсөтүлүшү керек. Эгерде, маалыматтык эсептөө белгиленген мөөнөттө берилбесе, ал Декларация менен чогуу берилет;
- эгерде, транспорт каражаты салык салынбаганга же салык салынууга тийиш эмеске, ошондой эле жеңилдетилген салык салынууга тийишке кирсе, 7-графанын тиешелүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт;
- эгерде, Декларация тапшыруучуда бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда толтурулбаган саптар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
93. 2-тиркеменин "II бөлүм боюнча жыйынтык" сабынын уячасында 2-тиркеменин 7-графасынын уячаларында көрсөтүлгөн маанилердин суммасына барабар болгон 4-топтогу объектилер боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
§ 5.3. III бөлүмдү толтуруу. "Жер участогу"
94. 1-графанын уячаларында жер участогу жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.
2-графанын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт:
№ | Коду | Жер участогунун аталышы |
1 | 01 | Сугат айдоо жери |
2 | 02 | Кайрак айдоо жери |
3 | 03 | Отургузулган көп жылдык бактар |
4 | 04 | Чөп чабындылар |
5 | 05 | Жайыттар |
6 | 11 | Шаарлар: Бишкек, Чүй-Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
7 | 12 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
8 | 13 | Башка шаарлар жана поселоктор |
9 | 14 | Айылдык калктуу конуштар |
Эскертүү. Жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө жана жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлгөн жеке жак жер участогун пайдаланганына же пайдаланбаганына карабай, үйдүн . жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участокторуна салык төлөөчү болуп эсептелет.
Жер салыгын эсептөө үчүн салык базасы болуп укукту белгилөөчү жана/же укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты саналат.
Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн жер участогу кайсы калктуу конуштун аймагында жайгашканына жараша 11ден 14кө чейинки коддорду тандоо зарыл.
95. 3-графанын уячаларында Декларация тапшыруучунун - жер участогун пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
а) менчик ээси - МЭ;
б) үлүштүк менчик ээси - ҮМЭ;
в) менчик ээси эмес - МЭ.
96. 4-графанын уячаларында жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү: райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгашкан.
97. 5-графанын уячаларында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыда же жер участогун убактылуу пайдалануу күбөлүгүнүн "Жер участогунун планы" же "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди экспликациялоо" кошумча барагында көрсөтүлгөн жер участогуна болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт.
98. 6-графанын уячаларында жер участогунун категориясынын төмөнкү коддорунун бири көрсөтүлөт:
а) эгерде, жер участогуна жалпы негиздерде салык салынууга тийиш болсо, ага "С/С" - салык салынуучу коду ыйгарылат;
б) эгерде, жер участогу Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салынуудан бошотулса, ага "С/СТ" - салык салынуучу коду ыйгарылат;
в) эгерде, Декларацияга тапшыруучуга/жер участогуна Салык кодексинин 337-беренесинин 5-пунктуна же 344-беренесине ылайык жеңилдик белгиленсе, анда ага "Ж/С" - жеңилдетилген салык салуу коду ыйгарылат.
99. 7-графанын уячаларында үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба участогу үчүн аныкталуучу чарчы метр менен аныкталуучу жер участогунун жалпы аянты көрсөтүлөт. Декларация тапшыруучунун менчигинде айыл чарба жана/же айыл чарба багытында эмес жер участоктору болсо, анда ал бул форманы толтурбайт, Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын декларациясын (FORM STI-102) толтурат.
100. 8-графанын уячаларында жер салыгынын эсептелген суммасы жөнүндө кабардоодо көрсөтүлгөн отчеттук жыл үчүн кошуп эсептелген жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кабарлоо салык органы тарабынан салыкты төлөө мөөнөтүнөн кеч эмес - 1-сентябрга чейин жиберилет.
Кабарлоону албай калуу салыкты төлөбөй коюу үчүн негиз болуп саналбайт. Салык милдеттенмесин туура жана өз убагында эсептөө үчүн жоопкерчиликти Декларация тапшыруучу тартат. Декларация тапшыруучу салык органы салыктын суммасын туура эсептеп чыккандыгын текшерүүгө, ал эми кандайдыр бир себептер менен кабарлоо алынбаса, салыктын тиешелүү суммасын өз алдынча эсептеп чыгууга жана төлөөгө тийиш. Мында Декларация тапшыруучу салыктын суммасын туура эсептетүүгө жана бул уячаны туура толтурууга жардам алуу үчүн салык органына кайрыла алат.
Эгерде, жер участогу салык салынбаганга, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга кирсе, 8-графанын тийиштүү уячаларында "0" цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөөгө тийиш болгон салык суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде, Декларация тапшыруучуда бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда алар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.
101. III бөлүмдүн "Жыйынтык" сабынын уячасында 8-графанын уячаларында көрсөтүлгөн маанилердин суммасына барабар болгон жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
5-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-003) 3-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-004) 4-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-005) 5-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-103-006) 6-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-103-007) 7-тиркемени толтуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)