Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика төмөнкүлөрдүн ишин баалоонун тартибин белгилейт:
1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - райондордун акимдеринин;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн;
4) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашырууга аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин салымы боюнча иштери баалоо объектиси болуп саналат.
3. Баалоо предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында белгиленген жыйынтыктарга жетишүү даражасы (жыйынтыктардын салмактык маанилери колдонулушу мүмкүн);
2) жетекчинин жеке планында белгиленген жыйынтыктарга жетишүү даражасы;
3) калктын ишеним индекси;
4) аткаруучулук тартиптин деңгээли.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана алардын жетекчилеринин ишин баалоо объективдүү жана текшерилүүгө тийиш болгон маалыматка негизделет. Ал иштин бекитилген багыттарын эске алуу менен дифференциялуу жүргүзүлөт жана төмөнкүлөргө багытталган:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин иш процессин эмес, жыйынтыктарын баалоого;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин ишинин бааларын салыштырууну жана салыштырып текшерүүнү камсыздоого.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоонун көрсөткүчтөрү
5. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо көрсөткүчтөрү 1, 2 жана 3-таблицаларда көрсөтүлгөн.
1-таблица
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун көрсөткүчтөрү
№ | Көрсөткүч | Жалпыланган индикатор | Булагы | Балл |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашырууга аткаруу бийлик органынын салымы | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын отчёттук мезгилге аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына бекитилген иш-чараларын аткаруу даражасы (%) | Маморгандар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЭМ, КРӨА | 50 |
2 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишине калктын мамилеси | Калктын ишеним индекси | УСК, УСИИ | 40 |
3 | Аткаруучулук тартип | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана толук аткарылган документтердин санынын катышы, % | Маморгандар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, КРӨА | 10 |
Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | |||
2-таблица
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун көрсөткүчтөрү
№ | Көрсөткүч | Жалпыланган индикатор | Булагы | Балл |
1 | Жетекчинин ишинин натыйжалуулук көрсөткүчү | Жетекчинин жеке планынын аткарылышынын даражасы (%) | Маморгандар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, КРӨА | 50 |
2 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун көрсөткүчү | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун иш жүзүндөгү маанисинин анын максималдуу маанисине карата катышы (%) | ЭМ | 50 |
Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | |||
3-таблица
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишин баалоонун көрсөткүчтөрү
№ | Көрсөткүч | Жалпыланган индикатор | Булагы | Балл |
1 | Жетекчинин ишинин натыйжалуулук көрсөткүчү | Жетекчинин жеке планынын аткарылуу даражасы (%) | Мамлекеттик органдар, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, КРӨА | 50 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - райондордун акимдеринин ишине калктын мамилеси | Калктын ишеним индекси | УСК | 50 |
Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | |||
3. Баалоо жүргүзүүнү уюштуруу
6. Баалоо жүргүзүү төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоонун индикаторлорунун пландык маанилерин аныктоо.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун пландык индикаторлору учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын көрсөткүчтөрү жана индикаторлору болуп саналат, алардын маселелерин чечүүдө жана чараларын ишке ашырууда мамлекеттик органдар жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жооптуу аткаруучулар жана/же тең аткаруучулар болуп чыгышат.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоонун пландык индикаторлору болуп учурдагы мезгилге белгиленген тартипте бекитилген, алардын ишинин жеке планын көрсөткүчтөрү кызмат кылат.
"Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишине калктын мамилеси" жана "Аткаруучулук тартип" көрсөткүчтөрүнүн пландык маанилери 100%га барабар деп кабыл алынат;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн ишин баалоо индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанилерин аныктоо;
3) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана алардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулуктун бир түргө келтирилген формасын даярдоо.
4. Баалоо көрсөткүчтөрүн эсептөөнү жүргүзүү
7. Отчеттук мезгилге аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын иш-чараларын аткаруу даражасынын (%)" жалпыланган индикаторун эсептөө үчүн 4-таблица колдонулат.
4-таблица
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашырууда аткарууга бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын салымын баалоонун көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар
Жалпыланган индикатордун аталышы | Индикатордун аталышы (ИА) | Индикатордун пландык мааниси (ИПМ) | Индикатордун иш жүзүндөгү мааниси (ИИМ) | Индикаторго жетишүүнүн даражасы % (ИЖД) | Натыйжалуулук көрсөткүчүн баалоо (НКБ) |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын отчёттук мезгилде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына бекитилген иш-чараларды аткаруунун даражасы (%) | ИА 1 | ИПМ 1 | ИИМ 1 | ИЖД 1 | НКБ1 |
ИА 2 | ИПМ 2 | ИИМ 2 | ИДЖ 2 | ||
*** | *** | *** | *** | ||
ИА n | ИПМ n | ИИМ n | ИДЖ n |
Индикаторлордун аталышы жана мааниси учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын көрсөткүчүнүн негизинде түзүлөт.
8. Калктын ишеним индексинин (мындан ары - КИИ) мааниси төмөнкүлөргө ылайык аныкталат:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишине карата "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобого (мындан ары - Калктын ишеним индекси жөнүндө жобо);
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишине калктын ишениминин деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн типтүү анкетага.
Калктын ишеним индекси жөнүндө жобого ылайык КИИнин мааниси "+100дөн" "-100гө" чейинки интервалда өзгөрөт. Мында, индекстин "0дөн" жогорку мааниси коомчулуктун пикиринде аткаруу бийлигинин органдарынын ишинин "оң" баасы басымдуулук кылганын, ал эми индекстин "0дөн" төмөнкү мааниси - "терс" баасын билдирет.
КИИнин маанисин ушул Методиканын форматына келтирүү үчүн "+100дөн" "-100гө" чейинки маанилердин шкаласын төмөнкүдөй формула боюнча нөлдөн бирге чейинки шкалага өзгөртүү керек:
КИИ = 0,50 плюс "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобого ылайык КИИнин сандык мааниси, 200гө бөлүнгөн, эгерде КИИнин мааниси оң болсо.
КИИ = 0,50 минус "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобого ылайык КИИнин сандык мааниси, 200гө бөлүнгөн, эгерде КИИнин мааниси терс болсо.
9. "Жетекчинин жеке планын аткаруу даражасы (%)" жалпыланган индикаторду эсептөө үчүн 5-таблица колдонулат.
5-таблица
Жалпыланган индикатордун аталышы | Индикатордун аталышы (ИА) | Индикаторго жетишүүнүн пландык мааниси (ИПМ) | Индикаторго жетишүүнүн иш жүзүндөгү мааниси (ИИМ) | Индикаторго жетишүү даражасы % менен (ИЖД) | Натыйжалуулук көрсөткүчүн баалоо (НКБ) |
Жетекчинин жеке планын аткаруу даражасы (%) | ИА 1 | ИПМ 1 | ИИМ 1 | ИЖД1 | НКБ2 |
ИА 2 | ИПМ 2 | ИИМ 2 | ИЖД 2 | ||
*** | *** | *** | *** | ||
ИА n | ИПМ n | ИИМ n | ИЖД n |
Индикаторлордун аталышы жана мааниси аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин белгиленген тартипте бекитилген жеке планынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлөт.
10. 4 жана 5-таблицаларды толтурууда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органын жана анын жетекчисинин ишин баалоонун ар бир индикаторунун жетишүү даражасы (мындан ары - ИЖД) индикаторго жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанисин (мындан ары - ИИМ) анын индикаторунун пландык маанисине (мындан ары - ИПМ) бөлүү жолу менен эсептелет:
ИЖД n = ИИМ n / ИПМ n
Эгерде, ИЖДнын мааниси өзүнчө индикаторлор үчүн бирден жогору болуп калса, анда мындан аркы эсептөөлөрдө алардын ИЖДсы бир деп алынат.
Эгерде, иш жүзүндөгү көрсөткүч белгисин өзгөртсө (мисалы, "кемүү" пландалса, ал эми иш жүзүндө "көбөйүү" болуп калса) анда ИЖД терс мааниге ээ болот жана мындан аркы суммалоодо анын мааниси минус белгиси менен эсептелет.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жана анын жетекчисинин ишинин натыйжалуулук көрсөткүчүн баалоонун (НКБ) мааниси төмөнкүдөй формула боюнча ИЖДга тийиштүү маанилерин кошуу жана алынган сумманы индикаторлордун санына бөлүү жолу менен эсептелет:
НКБ = (ИЖД 1 + ИЖД 2 + …. + ИЖД n) / N
мында N – индикаторлордун жалпы саны. НКБнын мааниси 0дөн 1ге чейинки чекте болот.
11. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын ишин баалоонун маанисин эсептөө төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) НКБ 1 алынган маанисин (4-таблицага ылайык) 50гө көбөйтүү (1-таблицага ылайык баллдын максималдуу мааниси) жана алынган жыйынтыкты баалоо жыйынтыктарын 6-таблицага жазуу;
2) КИИнин алынган эсептик маанисин (ушул Методиканын 8-пункту) 40ка көбөйтүү (1-таблицага ылайык баллдын максималдуу мааниси) жана баалоо жыйынтыктарын 6-таблицага жазуу;
3) аткаруучулук тартип боюнча көрсөткүчтүн алынган маанисин 10го көбөйтүү (1-таблицага ылайык баллдын максималдуу мааниси) жана алынган жыйынтыкты баалоо жыйынтыктарынын 6-таблицасына жазуу;
4) ушул пункттун 1, 2 жана 3-пунктчалары боюнча баллдын алынган маанилерин кошуу керек. Алынган сумма аткаруу бийлиги органынын ишин баалоо көрсөткүчүнүн балл менен алынган сандык мааниси болот. Ушул көрсөткүчтүн мааниси 6-таблицанын "Мамлекеттик органды баалоонун жыйынды мааниси" графасына жазылат.
12. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин ишин баалоо маанисин эсептөө төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) НКБ 2 алынган маанисин (5-таблицага ылайык) 50гө көбөйтүү (2-таблицага ылайык баллдын максималдуу мааниси) жана алынган жыйынтыкты баалоо жыйынтыктарынын 7-таблицасына жазуу;
2) ушул Методиканын 11-пунктуна ылайык эсептелген мамлекеттик органды баалоонун маанисин 50гө көбөйтүү (2-таблицага ылайык баллдын максималдуу мааниси) жана алынган жыйынтыкты баалоо жыйынтыктарынын 7-таблицасына жазуу;
3) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчалары боюнча баллдын алынган маанилерин кошуу керек. Алынган сумма жетекчилердин ишин баалоо көрсөткүчүнүн баллдар менен алынган сандык мааниси болуп саналат. Ушул көрсөткүчтүн мааниси 7-таблицасынын "Жетекчини баалоонун жыйынды мааниси" графасына жазылат.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - райондордун акимдеринин ишин баалоонун маанисин эсептөө төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) НКБ 2 алынган маанисин (5-таблицага ылайык) 50гө көбөйтүү (3-таблицага ылайык баллдын максималдуу мааниси) жана алынган жыйынтыкты баалоо жыйынтыктарынын 8-таблицасына жазуу;
2) КИИнин алынган эсептик маанисин (ушул Методиканын 8-пункту) 50гө көбөйтүү (3-таблицага ылайык баллдардын максималдуу мааниси) жана баалоо жыйынтыктарынын 8-таблицасына жазуу.
5. Отчеттун формаларын толтуруу
14. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоонун жыйынтыктарынын отчетунун формаларын толтуруу үчүн 6, 7 жана 8-таблицалар колдонулат.
6-таблица
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун жыйынтыктары
№ | Индикатордун аталышы | Сандык мааниси | Максималдуу балл | Баалоо баллы |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын отчёттук мезгилге аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына бекитилген иш-чараларды аткаруунун даражасы (%) | 4-таблицага жана 11-пунктка ылайык эсептелген НКБ 1дин мааниси | 50 |
|
2 | Калктын ишеним индекси | 8-пунктка ылайык эсептелген КИИнин мааниси | 40 |
|
3 | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана толук аткарылган документтердин санынын катышы, % | Катыштын иш жүзүндөгү мааниси | 10 |
|
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын иштерин баалоонун жыйынды мааниси (Баллдын суммасы индикаторлордун сандык маанилерин эсепке алуу менен) |
| |||
7-таблица
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин ишин баалоонун жыйынтыктары
№ | Индикатордун аталышы | Сандык мааниси | Максималдуу балл | Баалоо баллы |
1 | Жетекчинин жеке планын аткаруу даражасы | 5-таблицага жана 12-пунктка ылайык эсептелген НКБ 2нин мааниси | 50 |
|
2 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларын иштерин баалоонун иш жүзүндөгү маанисинин анын максималдуу маанисине карата катышы (%) | 6-таблицага ылайык аткаруу бийлигинин органынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун жыйынды мааниси | 50 |
|
Жетекчинин ишин баалоонун жыйынды мааниси (Индикаторлордун сандык маанилерин эсепке алуу менен баллдын суммасы) |
| |||
8-таблица
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишин баалоонун жыйынтыктары
№ | Индикатордун аталышы | Сандык мааниси | Максималдуу балл | Баалоо баллы |
1 | Жетекчинин жеке планын аткаруу даражасы | 5-таблицага жана 13-пунктка ылайык эсептелген НКБ 2нин мааниси | 50 |
|
2 | Калктын ишеним индекси | 8-пунктка ылайык эсептелген НКБнын мааниси | 50 |
|
Жетекчинин ишин баалоонун жыйынды мааниси (Индикаторлордун сандык маанилерин эсепке алуу менен баллдын суммасы) |
| |||
6. Алынган бааларды квалификациялоо
9-таблицага ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иштерин баалоодо алынган баллга ылайык алынган бааларга жана баалардын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилерине квалификациялоо киргизилет.
9-таблица
Баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси жана баалоонун квалификациясы
Баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси | Баалоонун квалификациясы |
85-100 | А (Абдан жакшы) |
70-84 балл | В (Жакшы) |
55-69 балл | С (Канааттандыраарлык) |
55 баллдан аз | D (Канааттандыраарлык эмес) |