Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. "Калктын ишеним индекси" - коомдун жалпы маанайынын өзгөрүү динамикасынын жалпыланган көрсөткүчү, мында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин (мындан ары - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) ишине калктын мамилесин чагылдырат.
2. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн максаты - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын ишениминин даражасын актуалдуу баалоо.
3. "Калктын ишеним индексин" өлчөө төмөнкүлөрдү баалоого мүмкүндүк берет:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандын жеке ишенимин ("Мамлекетке жарандын жеке ишеними" индекси);
- респонденттин көз карашы менен баалануучу мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээлин ("Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк" индекси);
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын канааттануусун ("Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо" индекси).
4. "Калктын ишеним индекси" стандарттык мүнөздөгү (репрезентативный) тандоо боюнча, тандоодо 5-7 пайыз чегинде катага жол берүү (же 0,05-0,07 чегинде ишеним интервалын) белгилөө менен, Кыргыз Республикасынын жараны болгон 18ден 75 жашка чейинки жашоочуларга үзгүлтүксүз сурамжылоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт.
5. Калкты сурамжылоо, ошондой эле "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжаларын алуу үчүн маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштетилип чыгат. Сурамжылоонун мезгилдүүлүгү жылына 2 жолу, ар бир жарым жылдыктын аягында болот. "Калктын ишеним индексин" өлчөө натыйжасынын негизинде изилдөө отчетун Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту даярдайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети изилдөө отчетун даярдоо үчүн керек болуучу "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна берет. "Калктын ишеним индексин" өлчөө улуттук жана региондук масштабда өткөрүлөт.
6. Улуттук масштабда "Калктын ишеним индексин" өлчөө үчүн 7 облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын калкына тандап сурамжылоо жүргүзүлөт. Тандоо 3600 адамды түзөт, мында тандоонун катасынын чеги +/- 5 пайыз (ар бир администрациялык-аймактык бирдикте 400 адам) болот.
7. Тандоо региондук масштабда конкреттүү администрациялык-аймактык бирдиктерде өткөрүлсө жана 400 адамды камтыса, ишеним интервалынын чегинде 0,05тен 0,07 бирдикке чейин уруксат берилүүчү тандоо катасын эске алып, респонденттерди бөлүштүрүп (стратифицированного) тандоонун методу аркылуу жасалууга тийиш.
8. "Калктын ишеним индексин" өлчөө көз карандысыз уюмдар тарабынан өзүнүн жеке каражаттарынын же мыйзамда белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Жыйынтыктарды таратуу өлчөө коэффициенттерин пайдалануу менен жүргүзүлүшү керек. Респонденттерди сурамжылап жана тандоо боюнча жыйынтыктарды түзүп, алынган натыйжаларды бардык башкы жалпы чоңдукка колдонуу керек.
Бул максаттарда сурамжыланган респонденттердин маалыматтарын колдонуунун коэффициентин (өлчөө коэффициентин) эсептеп чыгуу керек. Бул үчүн калктын суммалык санын катмарлар (региондор) боюнча өз-өзүнчө, башкы жана тандоонун жалпы чоңдуктары боюнча алуу зарыл.
Андан кийин ар бир катмар үчүн салмакты төмөнкү формула боюнча эсептөө керек:
мында:
- катмар (регион) үчүн өлчөөнүн коэффициенти h (1, 2, ...);
- катмар (регион) үчүн башкы жалпы чоңдугу боюнча калктын саны h (1, 2, ...);
- катмар (регион) үчүн тандоодогу калктын саны h (1, 2, ...).
2. "Калктын ишеним индексин" түзүүнүн методикасы
10. Калктын ишеним индексин түзүү үчүн колдонулуучу бардык маселелер мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон калктын мамилесин аныктоого багытталышы керек. "Калктын ишеним индекси" интегралдык индекс болуп эсептелет, ал төмөнкүдөй үч компоненттен - жеке индекстен түзүлөт:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандын жеке ишеними ("Жарандын мамлекетке жеке ишеними" индекси);
- респонденттин көз карашы менен баалануучу мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли ("Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк" индекси);
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын канааттануусу ("Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин баалоо" индекси).
11. Ар бир жеке индекс боюнча анын "оң" жана "терс" жооптордун үлүштөрүнүн айырмасы катары жалпыланган мааниси түзүлөт, ошол эле учурда кескин түрдөгү "оң"/"терс" жооптор тиешелүү түрдө "2+1"/"-1" өлчөмү менен, ал эми шарттуу түрдөгү "оң"/"терс" жооптор тиешелүү түрдө "+0,5"/"-0,5" өлчөмү менен алынат.
12. "Калктын ишеним индексинин" компоненттери (жеке индекстер) ушул жеке индекске таандык көрсөткүчтөрдүн (ар бир жеке индекс үчүн үч-беш көрсөткүч) орточо арифметикалык маанилери катары эсептелет.
13. Жалпыланган "Калктын ишеним индекси" жеке индекстердин маанилеринин орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет. Ошентип, жалпыланган "Калктын ишеним индекси" жана аны түзгөн бөлүктөрү "+100" баштап "-100" чейинки интервалда өзгөрүлөт. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоодо индекстин мааниси "0"дөн ашса коомдук пикирде "оң" баалоо басымдуулук кылганын, ал эми индекстин мааниси "0"дөн кем болсо "терс" бааланганын түшүндүрөт.
3. "Калктын ишеним индексин" эсептөөнүн жол-жобосу
14. "Калктын ишеним индексин" эсептөө жол-жобосу төмөнкүлөрдөн турат:
1) жеке индекстердин маанилерин эсептөө.
Жеке индекске кирген көрсөтмөлөрдүн жалпыланган маанилеринин жеке индекске кирген көрсөткүчтөрдүн санына бөлүнгөн суммасы;
2) "Калктын ишеним индексинин" маанилерин эсептөө.
Жеке индекстердин көрсөткүчтөрүнүн жалпыланган маанилеринин 3кө бөлүнгөн суммасы.
4. Алынган маалыматтарды талдоо
15. Баштапкы маалыматтар базасынын натыйжаларын талдоо (интервью алуунун жүрүшүндө чогултууга тийиш болгон анкеталык сурамжылоонун маалыматтары компьютерге киргизилет) төмөнкүдөй ырааттуулукта ишке ашырылууга тийиш:
- бир түрдүү жана көп түрдүү мүнөздөмөлөрдү жалпылоо;
- көрсөткүчтөрдү аныктоо (орточо чоңдуктар);
- башка маалыматтарга теңештирүү жана салыштыруу (статистикалык маалыматтар, башка изилдөөлөрдүн тыянактары жана натыйжалары ж.б.). Демек, изилдөөнүн баштапкы гипотезалары текшерилет;
- тыянактарды жана сунуштамаларды түзүү, изилдөө отчетун даярдоо.
5. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн жыйынтыктарын жарыялоо
16. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн жыйынтыктары отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 20сына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо үчүн милдеттүү.