Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 331
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы жана статс-катчысы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 182-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 773-статьянын 3-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 775-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Банк эсебинин келишими банктын талабы боюнча төмөнкү учурларда бузулат:
1) клиенттин эсебинде болгон акча каражаттарынын суммасы мыйзамда, банк эрежелеринде же банк эсебинин келишиминде каралган эң аз өлчөмдөн аз болгондо;
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда.".
4. 933-статьянын биринчи абзацындагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 54-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 122-берененин 1-бөлүгүндөгү "чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "изин суутпай издөө иши, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкө валютасын сатып алууну же сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо үчүн ким экендигин ырастаган документин көрсөтүүгө милдеттүү.".
2. 12-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу банктар, алмашуу бюролору, кредиттик союздар, адистешкен финансы-кредиттик мекемелер, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жеке жактар менен чет өлкө валютасын алмашуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар идентификациялагандан жана верификациялагандан кийин жүзөгө ашырышат.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьянын 2-пунктунда:
1) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин жана башка жактардын ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жагындагы өз функцияларын аткаруу үчүн Кыргыз банкы төмөнкүлөргө укуктуу:";
2) 5-пунктчадагы "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын (бүтүмдөрдүн)" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо боюнча операциялардын (бүтүмдөрдүн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана башка жактардын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча иштерин инспекциялоону Кыргыз банкы жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
2. 32-статьянын 1-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 15-статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасындагы "Террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 25-2-статьяда:
1) 1-пунктундагы "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгаруу (адалдоо)" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Банк кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган ички контролдоо тутумуна ээ болууга, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чөйрөдө ички контролдоо программасын иштеп чыгууга тийиш.".
3. 39-статьянын 1-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 42-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча иштерин инспекциялоону Кыргыз банкы жүргүзөт, ошондой эле анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
5. 45-1-статьянын 1-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 53-статьядагы "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 54-статьяда:
1) 2-пункттун 2-пунктчасындагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Банктар финансылык чалгындоо органынын расмий суроо-талабынын негизинде суралган маалыматты кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык беришет.".
8. 56-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Банктар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдурушат.".
9. 59-2-статьянын 13-пунктунун 3-пунктчасындагы "(арам акчаларды жүгүртүү жана/же терроризмди каржылоо" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6-берене.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 11-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коммерциялык сырды алуу мүмкүнчүлүгү кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына берилет.".
2. 12-статьяда:
1) 1-пункттагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын:
2) 2-пункттагы "Эгерде макулдашууда башкача каралбаса" деген сөздөр "Эгерде макулдашууда же кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7-берене.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статьянын 4-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого каршы аракеттер жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".
8-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
30-статьядагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 17-1-статьянын 4-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 24-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.".
10-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-жыл, № 6, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-статьянын 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Почта байланышынын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуулар жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органына кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.".
11-берене.
"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 410-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьядагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдан" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-пунктундагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 10-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасындагы "мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 13-статьянын 2-пунктунун 6 жана 7-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же болбосо жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттерде катталган же катталган катышуучу катары жактары жана/же аффилирленген жактары бар юридикалык жактар же болбосо ушул мамлекеттердин аймагында жашаган жеке жактар, алардын тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланат;
7) акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же болбосо жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттердин резиденттери болуп саналган жана/же алардын аймагында жашаган жеке жактар, алардын тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланат;".
2. 29-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча иштерин инспекциялайт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
3. 35-статьянын 9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук банк микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча иштерин инспекциялайт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
13-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын 4-пунктундагы "террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын алдын алуу максатындагы мыйзамдын негизинде" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14-берене.
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
28-статьянын онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программаларын иштеп чыгууга;
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына сураган маалыматты берүүгө.".
15-берене.
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 4-пунктундагы ", терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле финансылык чалгындоо органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Финансылык чалгындоо органы:
- акча каражаттары же башка мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү маалыматтарды, документтерди, кабарларды жана башка материалдарды топтоону, иштеп чыгууну жана талдоону, ошондой эле террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган тийиштүү иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- террористтик ишти каржылоо менен байланышкан тийиштүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жиберет.".
3. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Террористтик ишти каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган чаралар
Террористтик ишти каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган чаралар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүлөт.".
4. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке же юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу
1. Террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке же юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Террористтик ишти каржылоону өз убагында аныктоо жана бөгөт коюу максатында финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алардын террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке же юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегин түзөт жана жарыялайт.".
16-берене.
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-статьянын 3-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
17-берене.
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин 4-пунктчасындагы "террорчулукту каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоого" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 7-берененин 4-пунктундагы "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо фактысы боюнча" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18-берене.
"Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 4-июлу, № 48) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-беренедеги "Финансылык чалгындоо кызматы" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 368-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-2-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лотереяларды түзүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү бөлүгүндөгү иши кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
20-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 38-берененин 7-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;".
2. 49-берененин 9-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

3. 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чаралар
1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына маалымат берүүгө милдеттүү.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болжолдуу түрдө кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого байланышкан ишти тапкан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына дароо билдирет.".
21-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-берененин 3-бөлүгүнүн 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүүгө.".
22-берене.
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" гезити, 2015-жылдын 24-февралы, № 7-8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 12-берененин 4-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 3-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
32-берекенин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төлөм системаларынын катышуучулары жана операторлору өз ишин кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырышат.".
24-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ