Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-июлу № 382
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 603 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын чыңдоо, чек ара боюндагы аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана проблемаларынын чечилишине өбөлгө түзүү, бул аймактарда жашаган жарандар үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын элинин арасында ички миграцияны токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү суралсын:
"Программанын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрү" деген 4-бөлүмүндө:
- үчүнчү абзацындагы "2016" деген цифралар "2020" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацындагы "2014" деген цифралар "2017" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "2014-2015" деген цифралар "2017-2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жетинчи абзацындагы "2015-2016" деген цифралар "2019-2020" деген цифралар менен алмаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 603 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| С.Жээнбеков |