Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-сентябры № 504
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишинин айрым маселелери жөнүндө
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарыньн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууларын жана коргоосун контролдоо функциясын ниже ашыруу үчүн тиешелуу бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына 5 штаттык бирдикти өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтерин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарыньш штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 13-1-пунктундагы "392" жана "133" деген цифралар тиешелүү түрдө "387" жана "128" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 33-пунктундагы "588" жана "134" деген цифралар тиешелүү түрдө "593" жана "139" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин
-түзүмдөрүн жана штаттык санын ушул токтомго шайкеш келтиришсин;
-ушул токтомдон келип чыгуу башка толук чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |