Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-сентябры № 508
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында жайгашкан жер участокторун которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 11 жана 20-статьяларына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 24 токтомун көӊүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы аянты 196,87 га жер участогу которулсун, анын ичинен:
- Чаткал токой чарбасынын 189,9 га жери, анын ичинде 1,6 га - терек плантациясы, 3,7 га – бадал сымак тал плантациясы, 168,5 га - жайыт, 16,1 га - башка жерлер “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына;
- Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан 6,97 га жер, анын ичинде 4,30 га – кайрак айдоо жана 2,67 га – кысыр аӊыз “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген 2008-жылдын 22-июлундагы № АU-88-02 кенди иштетүү максатында пайдалануу укугуна берилген Лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө ижара келишиминин шарттарында “Куру-Тегерек” алтын кенинин кен байытуу өндүрүшүнүн объекттерин жана башка инфраструктураны долбоорлоо жана куруу үчүн “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомуна (мындан ары – “Кичи-Чаарат” ЖАК) убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Кичи-Чаарат” ЖАКы менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын ортосунда ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна ижара келишимдерин түзүүнү;
- “Кичи-Чаарат” ЖАКы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасынын төлөнүшүн;
- “Кичи-Чаарат” ЖАКынын тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Куру-Тегерек” алтын кен аймагындагы археологиялык объекттерди сактоо, документтештирүү жана изилдөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруусун.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери” категориясын түзүү бөлүгүндө жер казынасы жана жер пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков