Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 526
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 20-январындагы № 27 "1999-жылга жумушсуздук боюнча негиздик пособиенин өлчөмү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын айрым шаарлары менен райондорун административдик-аймактык жактан бириктирүүгө байланышкан уюштуруу иштери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-сентябрыңдагы № 473 "Жумушчуларды өндүрүштөн ажыратуу менен квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоонун башка маселелери жана акы төлөө тууралу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-сентябрындагы № 475 "Медициналык кызматкерлердин жана республиканын улуттук курама командаларынын, спорттук клубдарынын мүчөлөрү болгон спортчулардын эмгек шарттарын жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү тууралуу" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-ноябрындагы № 635 "Чыгармачылык отпускаларды берүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-августундагы № 498 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун, таркатуунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Казыналык милдеттенмелерин каттоонун мамлекеттик китепчеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун сегизинчи абзацы.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |