Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 528
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдеринин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аңыздарды, чабындыларды жана жайыттарды которгондо (трансформациялаганда) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөөдө кайрак жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат, ал эми көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерди которгондо - сугат айдоо жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |