Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 4-ноябры № 571

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

- 6-пункт "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги," деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги," деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

С.Жээнбеков