Редакцияот 04.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 4-ноябры № 572

"Мамкомгеология" курулуш-монтаждык башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Мамкомгеология" курулуш-монтаждык башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:

- "Мамкомгеология" курулуш-монтаждык башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюучу комиссияны түзсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

С.Жээнбеков