Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-декабры № 662
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Достук үйүнүн дирекциясын техникалык жана тейлөөчү персоналынын 18 штаттык бирдигин эмгек акы фонду менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен жойсун;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 483 "Достук Үйүнүн имаратын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |