Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-декабры № 660
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын уставында:
аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасы;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"англис тилинде: "Kyrgyzmarkasy" under the Sate committee of information technologies and communications of Kyrgyz Republic.";
- 12-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"почта байланышынын дайындалган операторлору тарабынан почта төлөмүнүн белгилеринин артыкчылыктуу бөлүштүрүлүшүн камсыздоо.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы жана 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар" деген сөздөр "курулуш, транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси;";
8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мекеменин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 205.";
9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- тийиштүү маалыматты мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык алмашуу, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинде катышуусуна байланышкан маалыматтарды алмашуу максатында эл аралык, улуттук жана эки тараптуу долбоорлорду даярдоонун жана ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан пайдаланылган жабдууларды коштоо жана техникалык тейлөө боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка милдеттерди ишке ашыруу.";
18-пункту "буйруктарды" деген сөздөн кийин ", тескемелерди" деген сөз менен толукталсын;
20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Мекеменин түзүмү, штаттык ырааттамасы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан бекитилет. Мекеменин кирешелеринин жана чыгашаларынын сметалары Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашылат.";
21-пунктундагы "кызыкчылыктарды" деген сөз "Мекеменин кызыкчылыктарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25 жана 26-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Мекеме өз ишин иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт. Мекеменин келечектүү иш пландары Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан бекитилет. Мекеменин жылдык жана күндөлүк иш пландарын Мекеменин жамааттык келишиминин жоболорун эске алуу менен директор бекитет.
26. Мекеме белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө отчет берет.".
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-декабры № 660
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын уставында:
аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасы;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"англис тилинде: "Kyrgyzmarkasy" under the Sate committee of information technologies and communications of Kyrgyz Republic.";
- 12-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"почта байланышынын дайындалган операторлору тарабынан почта төлөмүнүн белгилеринин артыкчылыктуу бөлүштүрүлүшүн камсыздоо.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)