Загрузка документа…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын" УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын" (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
Ишкана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) түздөн-түз баш иет.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде:
"Государственное предприятие "Южно-Кыргызская ордена Трудового Красного Знамени геологическая экспедиция" при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики".
6. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Түштүк КГЭ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "ЮКГЭ".
7. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ача алат, ошондой эле өндүрүштүк иштен фонддорду түзө алат.
8. Ишкана юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлкү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги башка атрибуттары болот.
9. Ишкананын банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери болот.
10. Ишкананын өз алдынча балансы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тармактык мамлекеттик органдын актыларына жана ушул Уставга ылайык ишин толук чарбалык эсептешүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
11. Ишкананын юридикалык дареги: 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Суюнбаев көчөсү, 43.
2. Ишкананын милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- келечектүү райондорду жана аянттарды, пайдалуу кен чыккан жерлерди комплекстүү геологиялык изилдөө аркылуу Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын кеңейтүү;
- геологиялык маалыматты жыйноо жана коюлган милдеттерди аткаруу үчүн атайын картографиялык материалды түзүү;
- тармактык мамлекеттик орган тарабынан бекитилген геологиялык жана өндүрүштүк тапшырмаларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу;
- өндүрүштүк жана финансылык-чарбалык ишти жүргүзүү жана пайда алуу;
- Ишкананын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана пайдасын көбөйтүү.
13. Ишкана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
- ар түрдүү пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык сүрөткө түшүрүү, издөө, баалоо жана чалгындоо, геологиялык жана башка түрдөгү карталарды түзүү;
- юридикалык жана жеке жактар менен чарбалык келишимдер боюнча геологиялык чалгындоо иштеринин айрым түрлөрүн жүргүзүү;
- адистешкен геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү (литолого-стратиграфиялык, петрографиялык, түзүмдүк, геодинамикалык, геохимиялык, геоэкологиялык жана башка иштерди);
- топографиялык-маркшейдердик, картографиялык жана башка геодезиялык иштерди жүргүзүү;
- лабораториялык-аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү (химиялык, спектралдык, пробиркалык жана анализдердин башка түрлөрү);
- ачык жана жер астындагы ыкмалар менен пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;
- геологиялык, тоо-кен жана аларды коштоочу иштерге карата долбоордук-сметалык документтерди түзүү;
- руда эмес жана түстүү таш чийки затынан продукцияларды даярдоо жана сатуу;
- стандарттуу эмес жабдууну, бургулоо куралдарын даярдоо;
- транспорттук кызматтарды көрсөтүү, автомобилдерди капиталдык жана утурумдук оңдоо;
- жеке жана юридикалык жактарга ортомчулук жана соода кызматтарын көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүү.
Уруксатты талап кылган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өзүнүн ишин белгиленген тартипте лицензиялоого (уруксат берүүгө) тийиш болгон иштердин түрлөрүнө карата тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзөт.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
14. Ишкана өз ишин ишке ашырууда төмөндөгүлөргө укуктуу:
- сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүмдөрдү (келишимдерди, контракттарды) түзүүгө жана башка юридикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө (анын ичинде кредиттик, векселдик жана банктык операциялар);
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өндүрүштү жана курулушту материалдык-техникалык жабдууну өз алдынча уюштурууга. Ишкана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды жана ресурстарды түздөн-түз ошол товарларды өндүрүүчүлөрдөн, дүң соодадан, анын ичинде жармаңкелерден жана аукциондордон, материалдык-техникалык жабдуу уюмдарынан сатып алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттарын, тартибин жана өлчөмүн белгилөөгө;
- белгиленген тартипте тышкы рынокто экспорттук жана импорттук операцияларды жүргүзүүгө;
- улуттук жана валюталык бөлүктөрдөн турган өзүнүн негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга, ошондой эле өндүрүштүк иштен фонддорду түзүүгө;
- улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы кредиттерди пайдаланууга;
- чет өлкөлүк инвесторлор, дыйкан жана фермердик чарбалар, жеке жактар, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар, компаниялар, уюмдар менен келишимдик иштерди аткаргандыгы үчүн алыш-бериш эсебине которуу жана накталай акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө.
15. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укуксуз.
Ишкананын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголот. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Ишканадан негизги фонддорду, жүгүртүлүүчү каражаттарды жана Ишкана тарабынан колдонулуучу башка мүлктү алып коюуга жол берилбейт.
16. Ишкана уюштуруучунун же анын чечими боюнча башка ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болуусу мүмкүн.
17. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
18. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан мүлктүк укуктарды бузуунун натыйжасында Ишканага келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулуп берилет.
19. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден-соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык камсыздоо жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- тийиштүү органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
20. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
21. Ишкананы түздөн-түз директор башкарат.
22. Ишкананын директору тармактык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Ишкананын директору:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз тармактык мамлекеттик органдын жетекчисине баш иет;
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тармактык мамлекеттик органдын чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикция сотторунда анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт жана ишеним каттарды берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Ишкананын бөлүнүштөрүнүн ишин контролдойт, алардын пландарын жана отчетторун бекитет;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын жана өлчөмүн аныктайт;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын жылдык жана күндөлүк иш пландарын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акысы жана аларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза-чараларын колдонот;
- Уставга ылайык тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары, Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
Директордун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
24. Ишкананын директору жокто анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
5. Ишкананын отчеттуулугу жана эсепке алуу
25. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
26. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
27. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана жана анын бөлүнүштөрү алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
Таза пайданын бир бөлүгү белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулууга тийиш, ал андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фонддорун түзүүгө колдонулат.
28. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фонддорду түзүү, пайдалануу тартибин жана өлчөмүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
7. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу
29. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Ишкананын документтери Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.