Загрузка документа…
6-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу" мамлекеттик ишканасынын укук мураскору болуп саналат.
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
Ишкана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органга (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) түздөн-түз баш иет.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын qнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Бишкекский опытно-экспериментальный завод горно-разведочной техники при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики".
6. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кен-чалгындоо техникасынын заводу" МИ;
- расмий тилде: ГП "Завод горно-разведочной техники".
7. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ача алат, ошондой эле өндүрүштүк иштин фонддорун түзө алат.
8. Ишкана юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген жана баланста турган мүлкү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдеги башка атрибуттары болот.
9. Ишкананын банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка акча эсептери болот.
10. Ишкананын өз алдынча балансы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тармактык мамлекеттик органдын актыларына жана ушул Уставга ылайык ишин толук чарбалык эсептешүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
11. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 126.
2. Ишкананын милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кен-чалгындоо техникасынын өндүрүшүн колдоо жана кеңейтүү;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын илгерилетүү;
- функционалдык милдеттерди аткаруу үчүн түз инвестицияларды тартуу.
13. Ишкана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
- геологиялык чалгындоочу тоо техникасын өндүрүү;
- талкалап майдалоочу, бургулоочу, таш иштетүүчү жабдууларды жана механизмдерди өндүрүү;
- жалпы өнөр жайлык колдонуудагы жабдууларды өндүрүү;
- геологиялык-чалгындоочу, тоо жана жалпы өнөр жайлык техниканы капиталдык оңдоо;
- металл конструкцияларын даярдоо;
- таштан жасалган жасалгалоо материалдарды казып алуу жана өндүрүү;
- ташты иштетүү, сувенирлерди жана кооз таштарды өндүрүү;
- конструктордук-технологиялык иштеп чыгуулар;
- коммерциялык-далдалчылык, маркетингдик иш;
- жаңы технологияларды киргизүү жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
14. Ишкана өз ишин аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- иштин максаттарына жана милдеттерине ылайык уюмдар, мекемелер, ишканалар, биргелешкен ишканалар, чет өлкөлүк фирмалар, ошондой эле жарандар менен өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
- уставдык ишин аткарууда көрсөтүп жаткан кызматтары үчүн бааны Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныктоого;
- накталай жана накталай эмес эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан сатып алууга;
- чекене соодадан, ошондой эле жарандардан товарларды, зарыл болгон материалдарды жана буюмдарды белгиленген тартипте сатып алууга;
- товарларды, материалдарды, жабдууларды, чийки затты колдонуудагы сатып алуучу, чекене жана келишимдик баалары боюнча сатып алууга;
- тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөө менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Ишкананын кызматчыларына кеңеш берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди тартууга.
15. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары төгүүгө же бул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
16. Ишкана уюштуруучунун же анын чечими боюнча башка ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болуусу мүмкүн.
17. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандырылуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
18. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан мүлктүк укуктарды бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду Ишканага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулуп берилет.
19. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
- тийиштүү органдарга отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
20. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде, кызматтык милдеттерди аткарууда алынган, жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына, аброюна тиешелүү маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү болушат.
4. Ишкананы башкаруу
21. Ишкананы түздөн-түз директор башкарат.
22. Ишкананын директору тармактык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Ишкананын Директору:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз тармактык мамлекеттик органдын жетекчисине баш иет;
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тармактык мамлекеттик органдын чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикция сотторунда анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт жана ишеним каттарды берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Ишкананын бөлүнүштөрүнүн ишин контролдойт, алардын пландарын жана отчетторун бекитет.
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын жана өлчөмүн аныктайт;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын ишинин жылдык жана күндөгү иш пландарын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акысы жана аларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине карата колдоо чараларын жана тартиптик жаза-чараларын колдонот;
- Уставга ылайык тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары, Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
Директордун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
24. Ишкананын директору жокто анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
5. Ишкананын отчеттуулугу жана эсепке алуу
25. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
26. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
27. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана жана анын бөлүнүштөрү алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
Таза пайданын бир бөлүгү белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулат, ал андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фонддорун түзүүгө колдонулат.
28. Ишкана фонддорду түзүү, пайдалануу тартибин жана өлчөмүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
7. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу
29. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Ишкананын документтери Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.