Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
7-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) көмүр казып алуу тармагында мамлекеттик саясатты илгерилетүү жана ишке ашыруу, ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыздоо жагында көмүр казуучу ишканалардын өндүрүштүк-чарбалык ишин координациялоо, ошондой эле суу транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана камсыздоо, кемелерди оңдоо кызматтарын көрсөтүү максатында түзүлгөн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
Ишкана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) түздөн-түз баш ийет.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызкомур" при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики".
6. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызкөмүр" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызкомур".
7. Ишкананын түзүмүнө "Ысык-Көл кемечилиги" жана "Кара-Кече" филиалдары кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ишкана юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлкү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги башка атрибуттары болот.
9. Ишкананын банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери болот.
10. Ишкананын өз алдынча балансы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тармактык мамлекеттик органдын актыларына жана ушул Уставга ылайык ишин толук чарбалык эсептешүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
11. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
2. Ишкананын милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты, бюджеттик уюмдарды жана отун-энергетикалык комплексин көмүр менен камсыздоо жагында көмүр казып алуу тармагындагы мамлекеттик саясатты илгерилетүү жана аткарууну ишке ашыруу;
- калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо боюнча тиешелүү келишимдерди түзгөн көмүр өнөр жай ишканаларына көмөк көрсөтүү;
- суу транспорту чөйрөсүндө калкка көрсөтүлүүчү кызматтар рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
- көмүр кенин казуучу ишканалардын көмүр өндүрүшүнүн көлөмүн жогорулатууга багытталган аракеттерди жүзөгө ашырат;
- отун-энергетикалык комплексинин керектөөсүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан көмүр кендеринен өндүрүлгөн көмүрдү керектөөгө өтүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте көмүр кендерин иштетүүнү ишке ашырат;
- белгиленген тартипте көмүрдү казуу, кайра иштетүү, сорттоо иштерин жүргүзөт, концентрат жана көмүрдү кайра иштетүү продуктуларын чыгарат;
- бекитилген жылдык тоо-кен иштерине ылайык көмүр кенин казуучу ишканаларга тоо-кен казуу, байланыш жана кыртышты ачуу иштердин аткаруу боюнча илимий-далилдүү методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
- көмүрдү изилдөө, өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу жана брикеттерди, катанканы жана көмүрдөн жасалган продуктулардын башка түрлөрүн өндүрүү боюнча иштеринде илимий негизделген, техникалык саясатты аныктоодо Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуучу ишканаларынын ишине методикалык жана техникалык-экономикалык көмөк көрсөтөт;
- илимий жана практикалык сунуштарды иштеп чыгат жана көмүр казып алуу ишин коопсуз жүргүзүү боюнча көмүр өндүрүүчүлөргө практикалык кызматтарын көрсөтөт;
- көмүр кендерин изилдөө жана иштетүү боюнча көмүр казуучу ишканаларга илимий-негизделген долбоорлорду даярдоодо көмөк көрсөтөт;
- көмүр казуунун көлөмдөрүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуучу ишканаларынын ортосунда капиталдык салымдарды, кайтарып берилүүчү бюджеттик каражаттарды жана кредиттерди бөлүштүрүү боюнча комитетке сунуштарды даярдайт жана киргизет, ошондой эле алардын пайдаланылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайынын келечектүү ишканаларын модернизациялоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарды тартуу үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшүн камсыз кылат;
- белгиленген тартипте көмүрдү казып алууну жана аны Кыргыз Республикасынын аймагындагы ички базарда жана анын чегинен тышкаркы жерлерде жайгашкан менчиктин ар кандай түрдөгү жеке жана юридикалык жактарга соодалайт;
- суу транспорту менен көмүрдү ташуу боюнча белгиленген тартипте кызматтарды көрсөтөт;
- жүктөп-түшүрүү иштерин аткарууда жана көмүр продукциясын жеткирүүдө суу, автомобиль жана темир жол транспортунун түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- кемелерди, баржаларды жана жээктеги курулмаларды оңдоо боюнча иштерди уюштурат;
- жүргүнчүлөрдү суу транспорту менен ташуу боюнча белгиленген тартипте кызматтарды көрсөтөт;
- суу транспорту тарабынан курорттук сезондун мезгилинде туристтик жана сейилдөө кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурат.
Уруксатты талап кылган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өзүнүн ишин белгиленген тартипте лицензиялоого (уруксат берүүгө) тийиш болгон иштердин түрлөрүнө карата тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
14. Ишкана өз ишин ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүмдөрдү (келишимдерди, контракттарды) түзүүгө жана башка юридикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө (анын ичинде кредиттик, векселдик жана банктык операциялар);
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өндүрүштү жана курулушту материалдык-техникалык жабдууну өз алдынча уюштурууга. Ишкана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды жана ресурстарды түздөн-түз ошол товарларды өндүрүүчүлөрдөн, дүң соодадан, анын ичинде жармаңкелерден жана аукциондордон, материалдык-техникалык жабдуу уюмдарынан сатып алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттарын, тартибин жана өлчөмүн белгилөөгө;
- белгиленген тартипте тышкы рынокто экспорттук жана импорттук операцияларды жүргүзүүгө;
- улуттук жана валюталык бөлүктөрдөн турган өзүнүн негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга, ошондой эле өндүрүштүк иштен фонддорду түзүүгө;
- улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы кредиттерди пайдаланууга;
- функциялык милдеттерди аткаруу үчүн инвестицияларды тартууга;
- чет өлкөлүк инвесторлор, дыйкан жана фермердик чарбалар, жеке жактар, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар, компаниялар, уюмдар менен келишимдик иштерди аткаргандыгы үчүн алыш-бериш эсебине которуу жана накталай акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
14-1. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга, ошондой эле алардын өндүрүштүк фонддорун түзүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укуксуз.
Ишкананын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголот. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Ишканадан негизги фонддорду, жүгүртүлүүчү каражаттарды жана Ишкана тарабынан колдонулуучу башка мүлктү алып коюуга жол берилбейт.
16. Ишкана уюштуруучунун же анын чечими боюнча башка ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болуусу мүмкүн.
17. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
18. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан мүлктүк укуктарды бузуунун натыйжасында Ишканага келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулуп берилет.
19. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык камсыздоо жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- өндүрүштүк ишти аткарууда экологиялык коопсуздукту камсыздоого, техникалык коопсуздук эрежелерин жана жаратылышты пайдалануунун белгиленген режимин сактоого;
- тийиштүү органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
21. Ишкананы түздөн-түз директор башкарат.
22. Ишкананын директору тармактык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Ишкананын директору:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз тармактык мамлекеттик органдын жетекчисине баш иет;
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тармактык мамлекеттик органдын чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикция сотторунда анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт жана ишеним каттарды берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Ишкананын бөлүнүштөрүнүн ишин контролдойт, алардын пландарын жана отчетторун бекитет.
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын жана өлчөмүн аныктайт;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын жылдык жана күндөлүк иш пландарын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акысы жана аларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза-чараларын колдонот;
- Уставга ылайык тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары, Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
Директордун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
24. Ишкананын директору жокто анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
5. Ишкананын отчеттуулугу жана эсепке алуу
25. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
26. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
27. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана жана анын бөлүнүштөрү алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
Таза пайданын бир бөлүгү белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулууга тийиш, ал андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фонддорун түзүүгө колдонулат.
28. Ишкана фонддорду түзүү, пайдалануу тартибин жана өлчөмүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
7. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу
29. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Ишкананын документтери Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.