Загрузка документа…
8-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
Ишкана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) түздөн-түз баш иет.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызжилкоммунсоюз" при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики".
6. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызжилкоммунсоюз".
7. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ача алат, ошондой эле өндүрүштүк иштен фонддорду түзө алат.
8. Ишкана юридикалык жак болуп саналат, Ишкананын балансында турган жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлкү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
9. Ишкананын банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери болот.
10. Ишкананын өз алдынча балансы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тармактык мамлекеттик органдын актыларына жана ушул Уставга ылайык ишин толук чарбалык эсептешүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
Ишкана ишин өзүнүн ведомстволук уюмдары аркылуу аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
Уруксатты талап кылган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өзүнүн ишин белгиленген тартипте лицензиялоого (уруксат берүүгө) тийиш болгон иштердин түрлөрүнө карата тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзөт.
11. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 88.
2. Ишкананын милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги милдеттери:
- жылуулук, суу менен камсыздоо тармагындагы бирдиктүү техникалык, экономикалык жана ченемдик укуктук саясатты жүргүзүү;
- Ишкананын системасына кирген мекемелерге техникалык жардам көрсөтүү, калкты коммуналдык тейлөөнү жакшыртуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге калктын жашоо-турмушун камсыздоо системасынын ишканаларынын ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыздоо ишин өнүктүрүүнүн жана координациялоонун негизги багыттарын болжолдоо;
- республиканын жалпы экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик программаларды ишке ашыруу;
- эң аз чыгымда жылуу суу менен жабдуу жана канализация боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү менен, республиканын чарбалык тармактарынын жана калктын керектөөлөрүн канааттандыруу.
13. Ишкана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- чарба жүргүзүү укугундагы бардык коммуникациялары менен буу казандарынын иштөөсүн камсыздайт;
- пландуу алдын алуучу оңдоо-калыбына келтирүү иштерин аткарат;
- буу казандары чарбасы жана инженердик инфраструктура объектилерин пайдалануунун майнаптуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
- ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жылуулук жана суу менен жабдуу жана канализация объектилерин күзгү-кышкы мезгилге даярдоо иштерин жүргүзөт;
- жылытуу сезонунда аварияларды жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн, иштен чыккан инженердик шаймандарды алмаштыруунун материалдык-техникалык ресурстарынын авариялык запасын (резервин) түзөт;
- ишканаларды жана уюмдарды жаңы технология жана стандарттуу эмес жабдуулар менен (темир буу казандары, эскилиги жеткен жабдууларды калыбына келтирүү, запастык бөлүктөр) камсыз кылуу боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тендердик тооруктардын негизинде Ишкананын карамагындагы уюмдарды жана филиалдарды материалдык-техникалык ресурстар менен (жабдуулар, көмүр, мунайзат, газ) камсыздоо боюнча жардам берет;
- калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу чыгымдарына жана ишканалардын чыгашаларына мониторинг жүргүзөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өзүнө караштуу ишканалардын жана филиалдардын кызыкчылыктарын жактайт жана коргойт;
- бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана отчет берүү, бул маселелер боюнча белгиленген тартипте сунуштарды даярдоо маселелери боюнча методикалык жетекчиликти ишке ашырат;
- республикалык бюджеттен каржылоого жараша борборлоштурулган тартипте даярдалган күйүүчү отундун наркын төлөйт;
- дебитордук карыздарды жабууга көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тендердик тооруктардын негизинде мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен отунду, сарпталуучу материалдарды сатып алуу иштерин, буу казандарды оңдоо кызматын, буу казан чарбаларына отунду жана товарларды жеткирүү иштерин аткарат.
Ишкананын иши чарбалык иштен алынган каражаттардын эсебинен, өзүн-өзү каржылоонун жана өз алдынча башкаруунун негизинде жүргүзүлөт. Ишканага караштуу уюмдардын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын же дотациялардын эсебинен төлөнүп берилет.
Ишкана, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге тейлөөдөгү республиканын шаардык жана райондук борборлор боюнча жылуулук энергетикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын болжолдойт.
Ишкана курамына кирген ишканаларга жана уюмдарга иш жүзүндө төмөнкү маселелерде көмөк көрсөтөт:
- жылуулук жана суу менен камсыздоо объектилерин иштетүүнүн өркүндөтүлгөн ыкмаларын, өндүрүштү уюштуруунун алдыңкы формаларын киргизүү;
- суу түтүктөрү канализациялык чарбанын инженердик курулмаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу;
- жаңы технологияларды киргизүү, буу казандарда экологиялык таза отундун түрлөрүн колдонууга өткөрүү;
- негизги жана көмөкчү жабдуулардын бузулбай, ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, керектөөчүлөрдү керектүү өлчөмдө белгиленген сапаттагы жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо;
- табигый кырсыктар учурунда аварияларды жоюу, авариялардын себептерин изилдөө жана аларды жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
- Ишкананын бардык өндүрүштүк бөлүмдөрүнүн жалпы кызыкчылыктарында аткарылуучу долбоордук иштерин жүргүзүү;
- эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелери боюнча жетекчилерди, адистерди жана кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатууну уюштуруу;
- Республикалык бюджеттен бул максаттарга атайын бөлүнүп берилген субсидиялардын эсебинен жылуулук энергиясын өндүрүүчү отунду борборлоштуруп сатып алуу, буу казандарды, инженердик жабдууларды, жылытуу тармактарын капиталдык оңдоо.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
14. Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүмдөрдү (келишимдерди, контракттарды) түзүүгө жана башка юридикалык иш-аракеттерди (анын ичинде кредиттик, векселдик жана банктык операцияларды) ишке ашырууга;
- базар коньюнктурасын изилдөөнүн негизинде, базардан жеке жактардан товарларды, ресурстарды сатып алуу аркылуу өндүрүштү жана курулушту материалдык-техникалык жабдууну өз алдынча уюштурууга. Ишкана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды жана ресурстарды түздөн-түз ошол товарларды өндүрүүчүлөрдөн, дүң соодадан, анын ичинде жармаңкелерден жана аукциондордон, материалдык-техникалык жабдуу уюмдарынан сатып алат;
- башка ишканалар жана уюмдар менен ыктыярдуу негизде бирикмеге кирүүгө менчик ээсинин макулдугу менен ассоциациялардын, ишканалардын, акционердик жана башка коомдордун уюштуруучусу жана катышуучусу катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын, тартибин жана өлчөмүн белгилөөгө;
- менчик ээсинин макулдугу менен чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана жарандардын катышуусунда биргелешкен ишканаларды, эл аралык бирикмелерди жана уюмдарды түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу менен тышкы рынокто экспорттук жана импорттук операцияларды жүргүзүүгө;
- улуттук жана чет өлкөлүк валютада өзүнүн негизги каражаттарына жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга;
- улуттук жана чет өлкөлүк валютада кредиттерди пайдаланууга. Кошумча каражаттарды тартуу үчүн Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык векселди карыздык милдеттенме катары пайдаланууга укуктуу;
- чет өлкөлүк инвесторлор, дыйкан (фермердик) чарбалар, жеке жактар, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар, компаниялар, уюмдар менен келишимдик иштерди аткаргандыгы үчүн алыш-бериш эсебине которуу жана накталай төлөө жолу менен эсептешүүгө;
Ишкананын курамына кирген ведомстволук ишканалар жана филиалдар өзүнүн чарбалык өз алдынчалуулугун сактайт.
Ишкана ведомстволук жана башка ишкана, уюмдар менен өз мамилесин келишимдик негизде түзөт.
15. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү башкача жол менен тескөөгө укуксуз.
Ишкананын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголот. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Ишканадан негизги фонддорду, жүгүртүлүүчү каражаттарды жана Ишкана тарабынан колдонулуучу башка мүлктү алып коюуга жол берилбейт.
16. Ишкана уюштуруучунун же анын чечими боюнча башка ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болуусу мүмкүн.
17. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
18. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан мүлктүк укуктарды бузуунун натыйжасында Ишканага келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулуп берилет.
19. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден-соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык камсыздоо жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- тийиштүү органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
20. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
21. Ишкананы түздөн-түз директор башкарат.
22. Ишкананын директору тармактык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Ишкананын директору:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз тармактык мамлекеттик органдын жетекчисине баш иет;
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тармактык мамлекеттик органдын чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикция сотторунда анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт жана ишеним каттарды берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Ишкананын бөлүнүштөрүнүн ишин контролдойт, алардын пландарын жана отчетторун бекитет;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын жана өлчөмүн аныктайт;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Ишкананын жылдык жана күндөлүк иш пландарын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акысы жана аларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза-чараларын колдонот;
- Уставга ылайык тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары, Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
Директордун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
24. Ишкананын директору жокто анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
5. Ишкананын отчеттуулугу жана эсепке алуу
25. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
26. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
27. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана жана анын бөлүнүштөрү алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
Таза пайданын бир бөлүгү белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулууга тийиш, ал андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт. Таза пайданын калдыгы Ишкананын фонддорун түзүүгө колдонулат.
28. Ишкана фонддорду түзүү, пайдалануу тартибин жана өлчөмүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
7. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу
29. Ишкананы кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Ишкананын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.