Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
10-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту (мындан ары - Институт) энергетика жана экономика жаатында илимий-изилдөөчүлүк, илимий билим берүү, долбоордук-изилдөө жана өндүрүштүк-коммерциялык ишти жүргүзүүчү мамлекеттик илимий мекеме болуп саналат.
Институт Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
Институт өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет.
2. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жогору турган мамлекеттик органдардын актыларына, ушул Жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзөт.
3. Институт финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы болот.
4. Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзөт, сотто доочу жана жооп берүүчү катары катышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган укуктары жана милдеттери болот.
5. Институттун юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Ахунбаев көчөсү, 119.
2. Институттун максаты жана милдеттери
6. Институттун максаты болуп Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторун жана энергетикалык тармагын илимий-техникалык жактан камсыздоо саналат.
7. Коюлган максатты ишке ашыруу үчүн Институт төмөнкү милдеттерди аткарат:
- энергетика тармагын жана экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүнү илимий камсыздоо;
- макроэкономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- улуттук экономикага сектордук талдоо жүргүзүү;
- соода балансына жана тышкы экономикалык ишке талдоо жүргүзүү;
- акча-кредиттик саясаттын натыйжалуулугун изилдөө;
- экономиканы түзүүчү айрым ишканалардын экономикалык ишине талдоо жүргүзүү;
- экономика тармактарынын жана региондордун отун-энергетикалык ресурстарга болгон суроо талабын талдоо жана болжолдоо;
- ишканалардын финансылык-экономикалык туруктуулугун камсыздоо боюнча программаларды иштеп чыгуу;
- улуттук энергетикалык секторду өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу;
- энергия эффективдүүлүктүн жана энергия үнөмдөөнүн, анын ичинде энергетикалык аудиттин механизмдерин киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин (мындан ары - ОЭК) ишканаларынын ишинин ченемдик-техникалык негиздерин өркүндөтүү;
- энергетика тармагындагы техникалык багыттардын актуалдуу маселелерин (ишенимдүүлүк, үнөмдүүлүк, модернизациялоо, жаңы технологиялар, стандарттар жана башкалар) чечүү;
- экономикалык жана энергетикалык илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун илимий негиздөө жана аны камсыздоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- энергия үнөмдөөчү программаларды иштеп чыгуу жана энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду жайылтуу.
3. Институттун укуктары жана функциялары
8. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн илимий ишинин негизги багыттарын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып аныктоого;
- илимий изилдөөлөрдү каржылоого конкурстарга катышууга;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча башка юридикалык жактардын негиздөөчүсү болууга, мыйзамдарда белгиленген тартипте филиалдарды түзүүгө;
- эл аралык долбоорлор жана программалар боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларга экспертиза жүргүзүүгө жана эксперттик корутундуларды даярдоого;
- ОЭКтин илимий сунуштарын жана долбоорлорун ишке ашырууга катышууга;
- өз ишинин чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгарууга, маалыматтардын илимий-техникалык банктарын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатууга, аспирантура аркылуу адистерди даярдоого;
- экономиканын реалдуу сектору жаатындагы мамлекет аралык илимий-техникалык программаларга катышууга;
- интеллектуалдык менчик объектилерине жана илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларына укуктарды коргоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин жүргүзүүгө.
9. Институттун функциялары:
- энергетика тармагынын жана экономиканын реалдуу секторунун артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ченемдик-техникалык негиздерин өркүндөтүү;
- энергетикалык коопсуздуктун индикаторлорун аныктоо;
- рынок шартында тиешелүү программаларды иштеп чыгуу менен энергия эффективдүүлүктүн жана энергия үнөмдөөнүн, анын ичинде энергетикалык аудиттин маселелери боюнча институттук жана уюштуруучулук чараларды ишке ашыруу;
- улуттук экономиканы жана айрым экономиканы түзүүчү ишканалардын деңгээлинде иштин индикаторлорун секторлор боюнча бөлүштүрүү менен макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү талдоо;
- соода балансынын, тышкы экономикалык иш-аракеттердин жана акча-кредиттик саясатынын актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- отун-энергетикалык балансты оптималдаштыруунун ченемдик-укуктук, институттук жана башка рыноктук механизмдерин иштеп чыгуу;
- энергетика чөйрөсүндө илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүү;
- энергетика тармагынын объекттерин долбоорлоо;
- улуттук энергетика системасын өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишканалардын финансылык-экономикалык туруктуулугун камсыздоо, анын ичинде энергетика чөйрөсүндөгү жана экономиканын реалдуу секторундагы концепциялардын, программалардын жана пландардын долбоорлорун баалоо;
- энергетика жана экономика чөйрөсүндө бүткөрүлгөн диссертациялык изилдөөлөр боюнча алдыңкы уюмдарды аныктоо боюнча диссертациялык кеңештерге сунуштамаларды берүү;
- энергетика жана экономика чөйрөсүндө диссертациялык изилдөөлөрдүн темаларынын актуалдуулугун тастыктоо;
- электр жабдууларынын, электр тармактарынын жана электр станцияларынын ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыздоочу техникалык чечимдердин, түзүлүштөрдүн, колдонмолордун жана ченемдик документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- электр жабдууларынын, электр тармактарынын жана электр станцияларынын ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн арттырууну камсыздоочу техникалык чечимдердин, орнотмолордун, нускамалардын жана ченемдик документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- откана-от жагуучу түзүлүштөрдүн экономикалык жана экологиялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууну камсыздоочу, электр станцияларындагы энергетикалык от казандарды модернизациялоо жана отун жагуунун жаңы технологияларын киргизүү, газды жана мазутту көмүр менен алмаштыруу боюнча техникалык сунуштарды иштеп чыгуу;
- отун-энергетикалык балансты диверсификациялоонун жана оптималдаштыруунун варианттарын иштеп чыгуу;
- энергиянын адаттан тышкаркы жана кайра жаралуучу булактарын изилдөө, иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча иштерди жүргүзүү;
- энергетикалык объекттерди жаратылыш-климаттык жана табигый таасирлерден коргоонун методдорун жана түзүлүштөрүн иштеп чыгуу, климаттык райондоштуруу карталарын иштеп чыгуу;
- энергия ресурстары рыногун өнүктүрүү шарттарында ОЭКтин продукцияларына бааны жана тарифти түзүүнүн механизмдерин изилдөө жана иштеп чыгуу;
- ОЭКте колдонулуучу жаңы технологияларга жана техникага техникалык жана энергия үнөмдөөчү стандарттарды иштеп чыгуу;
- өндүрүштүн энергетикалык натыйжалуулугу, энергия менен камсыздоо жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө жергиликтүү жана чет өлкөлүк тажрыйбаны пайдалануу боюнча ОЭКке, өнөр жайына жана башка секторлорго консультативдик жардам көрсөтүү;
- рыноктук экономика шарттарында ОЭК ишканаларынын персоналдарын, анын ичинде бардык тармактардын административдик-башкаруучу персоналдарын чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларына, энергияны үнөмдөө жана энергетика чөйрөсүндөгү лицензиялоого ишканаларды даярдоо боюнча иштерди уюштуруунун ыкмаларына үйрөтүү;
- кошо-аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүү, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартуу;
- Институттун профили боюнча съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
- Институттун профили боюнча илимий практикалык кадрларды даярдоого катышуу;
- энергетика тармагынын жана экономиканын реалдуу секторунун мамлекеттик программаларына ылайык келишимдин негизинде заказдарды аткаруу;
- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасына ылайык илим менен өндүрүштү интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымдамаларды жана сунуштамаларды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
4. Институтту башкаруу
10. Институтту директор башкарат. Директорду кызматка шайлоо, дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Институттун директору:
- бир башчылык негизде Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана Институтка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жекече жооп берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен Институттун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- Институттун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- кызматкерлерди сыйлайт жана аларга тартипке чакыруу чараларын колдонот;
- финансы каражаттарын тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алат;
- Институттун Илимий кеңешин жетектейт;
Директордун чечимдери буйруктар жана тескемелер түрүндө кабыл алынат.
12. Институттун директору жокто тийиштүү буйруктун негизинде анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
5. Институттун Илимий кеңеши
13. Институтта Илимий кеңеш түзүлөт, анын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Илимий кеңеш Институттун сунуштоочу коомдук-кесиптик органы болуп саналат.
6. Институттун каржылоо жана материалдык камсыздоо булактары, эсепке алуу жана отчеттуулук
14. Институттун ишин каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджетте каралган каражаттар;
- илимий-изилдөө, басылма, консультативдик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерден түшкөн өздүк каражаттар;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте эки тараптуу же көп тараптуу келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде юридикалык, жеке жактардан жана эл аралык уюмдардан алынуучу каражаттар;
- илимий улуттук фонддун каражаттары;
- банктардын кредиттери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
15. Институт ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталган өз милдеттерин аткаруу үчүн ыкчам башкаруу укугунда мүлктү пайдаланат.
16. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте эсепке алууну жана отчеттуулугун жүргүзөт.
7. Институтту кайра уюштуруу, жоюу
17. Институтту кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
18. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" мыйзамдарга ылайык сакталат жана пайдаланылат.