Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
11-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту энергетика жаатында илим-изилдөө, долбоордук-издеп табуу жана өндүрүштүк-коммерциялык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик илимий мекеме болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
2. Институт юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
3. Институттун юридикалык дареги: 720044, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Ахунбаев көчөсү, 184.
4. Институттун оперативдүү башкаруу укугунда мүлкү болот, мүлктү сатып алууга укуктуу, өз алдынча балансы, мөөрү бар, өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзөт, ошондой эле сотто доочу жана жооп берүүчү катары чыга алат.
5. Институттун иши каражаттарды үнөмдөөгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта жайгашкан электр энергиясын керектөөчүлөрүн электрофикациялоо жана электр менен жабдуу боюнча илимий-техникалык жана долбоордук продукцияны иштеп чыгууга багытталган.
2. Институттун милдеттери жана ишинин түрлөрү
6. Институттун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жайгашкан өнөр жайлык жана жарандык электр тармагын куруу боюнча тапшырык берген кардарларды долбоордук-сметалык документтер менен камсыз кылуу;
- электр тармактык жана башка объекттерди долбоорлоонун жана куруунун алдыңкы технологияларын илимий негизде киргизүү;
- электр энергиясын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын, алардын продукцияга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө коюлган талаптарын эсепке алуу;
- бекитип берилген мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана сактоо.
7. Институттун ишинин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- 10-500 кВ электр тармактарын келечектүү өнүктүрүүгө багытталган илимий жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу;
- электр берүү линияларын жана подстанцияларды изилдөө жана долбоорлоо;
- оңдоочу-эксплуатациялык базаларды, турак үйлөрдү жана өнөр жай жана социалдык багыттагы башка объекттерди долбоорлоо;
- электр тармактарын куруунун илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерин жана энергетиканын башка багыттарындагы иштерди аткаруу;
- Ишкананын багыты боюнча ченемдик-методикалык жана типтүү документтерди, инжирингдик жана башка кызматтарды иштеп чыгуу.
3. Институттун укуктары жана милдеттери
8. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнө бекитилген мүлктү жана мүлктүн менчик ээсинин макулдугу менен гана смета боюнча ага бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө. Бул мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн ээси тарабынан аныкталат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык ченемдерге ылайык Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү юридикалык жана жеке жактар менен өз ишинин алкагында макулдашууларды, контракттарды жана келишимдерди түзүүгө;
- өзүнө таандык болгон мүлктү башкарууга;
- илимий-изилдөөнү каржылоо үчүн конкурстарга катышууга;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түздөн-түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- отун-энергетикалык комплексиндеги долбоорлорду иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларды макулдашууга.
9. Институт төмөнкүлөр үчүн жооптуу:
- илимий-техникалык иштеп чыгуулардын жана чечимдердин жыйынтыгынын сапаты жана калыстыгы;
- илимий-техникалык жана башка продукциянын жогорку сапатын, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык билим берүүнүн деңгээлин камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын энергетикалык комплексинин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана инженердик иштеп чыгууларды аткаруу.
4. Институттун мүлкү жана каражаттары
10. Институттун финансылык жана мүлктүк келип түшүүлөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- өндүрүш ишинен алынган кирешелердин;
- банктардан алынган кредиттердин жана ссудалардын;
- чет элдик жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктун, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
5. Институтту башкаруу
11. Институтту директор башкарат. Директорду тандоо, кызматка дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Директордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматынан бошотулуучу бир орун басары болот.
12. Институттун директору:
- жеке башчылык негизинде Институттун ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Институтка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар, чарба субъекттери жана жеке жактар менен Институттун атынан ишеним катсыз өз ара аракеттенет;
- Институттун директорунун орун басарын жана башка кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана бошотот;
- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө институттун түзүмүн жана штаттык санын киргизет;
- Институттун түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жоболорун жана кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- кызматкерлерди сыйлайт жана аларга тартиптик чараларды колдонот;
- финансы каражаттарын тейлейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча башка чечимдерди кабыл алат.
Директордун чечими тескеме жана буйрук түрүндө кабыл алынат.
13. Институттун директору жокто анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
6. Институттун отчеттуулугу жана эсепке алуу
14. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
7. Институтту жоюу жана кайра уюштуруу
15. Институтту жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.