Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 3-февралы № 71

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын каржылоону жакшыртуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

"Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери" 2-бөлүмүнүн таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"

6-1

Көркөм искусство

3,20

";

"Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери" 2-бөлүмүнүн таблицасынын 7-пункту "музыкалык" деген сөздөн кийин ", көркөм" деген сөз менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков