Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 29
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 31-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-ноябрындагы № 672 токтому менен жиберилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы №838 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 624 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы “энергетика жана өнөр жай министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы” деген сөздөр менен алмашылсын.
4. Ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков