Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 166
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 253 "Баалуу кагаздар рыногунда маалыматты ачуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй олуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногунда маалыматты ачуу жөнүндө жободо:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-главанын аталышы "эмитент" деген сөздөн кийин "жана башкаруучу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 35-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясы жөнүндө маалыматты "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" жана "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жарыялайт.";
Ипотекалык жабуунун башкаруучусу ипотекалык жабууну ишенимдүү башкаруунун эрежесин ипотекалык катышуунун сертификаттарын берүү мөөнөтү башталганга чейин жарыялоого милдеттүү.";
3) 36-пунктунда:
- бешинчи абзацындагы "акцияларды" деген сөз "баалуу кагаздарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацындагы "жана)" деген белги "-" деген белги менен алмаштырылсын;
- 37-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Ипотекалык жабуунун башкаруучусу ипотекалык жабууну ишенимдүү башкаруу эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоону жактыруу жөнүндө билдирүүнү жарыялоого милдеттүү.";
- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин жана ипотекалык катышуу сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулуштары жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу.".
- 43-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Ипотекалык жабууну башкаруучунун ипотекалык сертификаттардын ээлеринин жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө билдирүүсү ипотекалык жабууну ишенимдүү башкаруунун эрежесинде көрсөтүлгөн мезгилдүү басма сөзгө жарыяланууга тийиш.";
- 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункт менен толукталсын:
"50-1. Ипотекалык жабууну башкаруучу төмөнкүлөрдү жарыялоосу керек:
- ипотекалык төлөө менен жабууну түзгөн мүлктүн балансы, ипотекалык жабууну башкаруучунун бухгалтердик балансы, киреше жана чыгаша жөнүндө отчёту;
- милдеттерди аткаруу жөнүндө отчёт, ал милдеттер боюнча талаптар ипотеканы жабуудан, ипотекалык жабууну башкаруучунун акысы жана ипотекалык жабууну түзүүчү мүлктүн эсебинен кайтарылууга тийиш болгон чыгымдар жөнүндө маалыматтардан турат;
- "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катышуунун ипотекалык сертификатын берүү укугуна ээ болгон жакка ипотекалык жабууну ишенимдүү башкаруу келишими боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу маалымат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер";
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 52-1-пункт менен толукталсын:
"52-1. Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын ээлеринде аларды мөөнөтүнөн мурда жоюуну талап кылуу укугун жараткан окуя болгонго же иш-аракеттер жасалганга чейин 5 иш күнүнөн кечиктирбестен аларга таандык ипотекалык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жоюуну талап кылуу укугу бар экендиги, ошондой эле андай жоюунун наркы жана тартиби жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Андай кабарлоону ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти алардын ээлерине ипотекалык баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде көрсөтүлгөн дарегине заказдык кат жиберүү жолу менен, же ушул ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде көрсөтүлгөн республикалык деңгээлдеги басма жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтык билдирүүнү жарыялоо жолу менен ишке ашырат.
Ипотекалык баалуу кагаздардын ээлеринин ипотекалык баалуу кагаздардын эмитентине аларды сатып алууга сунуштоо мөөнөтү аларга кабар жиберилген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга маалымдоо каражатына жарыяланган датадан тартып 30 календардык күнүнөн ашпайт.";
- Жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-таблица менен толукталсын:
"12-1. Ипотекалык жабуунун депозитарийи жөнүндө маалымат
Толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы | Жайгашкан жери, почта дареги, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, ИУЖК коду | Тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы жөнүндө маалымат (номери, берилген күнү, лицензияны берген орган, колдонуу мөөнөтү) |
";
Жобонун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-таблица менен толукталсын:
"7-1. Ипотекалык төлөөнү жабуунун депозитарийи жөнүндө маалымат:
Толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, аты-жөнү, (жеке адам үчүн) | Жайгашкан жери, почта дареги, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, ИУЖК коду | Тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы жөнүндө маалымат (номери, берилген күнү, лицензияны берген орган, колдонуу мөөнөтү) |
";
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин 6-пункту "Эмиссиялуу баалуу кагаздарды" деген сөздөрдөн кийин "жана ипотекалык баалуу кагаздарды" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пунктунун "б" пунктчасынын жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6 - ипотекалык жабымы бар облигация;
7 - катышуунун ипотекалык сертификаты;
8 - опцион;
9 - фьючерс;";
10-11 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;";
- Жобонун тиркемесинин 1-таблицасындагы "Ош" деген сабындагы "10" цифрасы "9" цифрасына алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ипотекалык катышуунун сертификаттарын алгачкы жайгаштырууда;".
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 166
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)