Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2002-жылдын 12-марты № 36
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 16-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Он сегиз жашка толо элек адам тарабынан 1998-жылдын 1-январына чейин жасалган кылмыш үчүн соттуулук өнөкөт кылмыштар деп таанууда эске алынбайт.
Кыргыз Республикасында да кылмыш деп таанылган жосундар үчүн чет мамлекеттеги соттуулук өнөкөт кылмыштар деп таанууда эске алынат.".
2. 43-статьяда:
үчүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен баш тартканда судья жумушту аныктаган органдардын өтүнүчү боюнча аны айып, үч эселенген айып, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу, болбосо ушул адам күнөөлүү деп табылган Мыйзамдын санкциясында каралган камакка алуу менен алмаштыра алат.
Соттолгон адам иштеген убакыт жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай катары каралат.";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүн колдонууда белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуунун, камакка алуунун мөөнөтү, айыптын, үч эселенгеы айыптын өлчөмү ушул адам күнөөлүү деп таанылган мыйзамдын санкциясынын чектеринде аныкталат.
Эгерде ушул адам күнөөлүү деп таанылган мыйзамдын санкциясынын чектеринде эркиндигинен ажыратуу каралган учурда да коомдук жумуштар камакка алуу менен алмаштырылышы мүмкүн. Мында камакка алуунун мөөнөтү ушул Кодекстин 48-статьясына ылайык аныкталат.".
3. 56-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй сүйлөм менен толукталсын: "Мында жазанын мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин 43-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 44-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 45-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 46-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 47-статьясында, 48-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 49-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 80 жана 81-статьяларында жазанын ушул түрү үчүн каралган эң төмөнкү чектен төмөн болушу мүмкүн эмес.".
4. 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60-статья. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилөө
(1) Эгерде соттолгон адам өкүм чыгарылгандан кийин, бирок жазасын толук өтөгөнгө чейин жаңы кылмыш жасаса, сот акыркы өкүм боюнча белгиленген жазага мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүн толугу менен же жарым-жартылай кошот.
(2) Эгерде өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза эркиндигинен ажыратууга караганда алда канча жеңил болсо, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө жазанын ушул түрү үчүн каралган эң жогорку мөөнөттөн жана өлчөмдөн ашпоого тийиш.
(3) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү акыркы жаза отуз жылдан ашпоого тийиш.
(4) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза мурдагы өкүм боюнча жазага караганда да, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүнөн да жогору болууга тийиш.".
5. 63-статьянын сегизинчи бөлүгү алып алынсын.
6. 64-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Шарттуу соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда сот ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча жаза белгилейт. Мында сот шарттуу соттоону жокко чыгарат, алдын ала камакка алуудан башка, мурдагы өкүм боюнча жазаны өтөлө элек деп эсептейт.".
7. 72-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн эрежелери 1998-жылдын 1-январына чейин соттолгон адамдарга 1960-жылдын 29-декабрындагы редакция менен чыккан Кыргыз Республикасынын Уголовный кодексинин 411-статьясын колдонуу менен жайылтылат.".
8. 129-статьянын экинчи бөлүгүнүн алтынчы пункту, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрү жана эскертүүсү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Зордуктоо жашы жете элек кызга карата жасалганда, - сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Зордуктоо:
1) байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө, ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде;
2) уюшкан топ тарабынан жасалганда;
3) жаш кызга карата жасалганда, - он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Жаш кызды зордуктоо өтө оор кесепеттерге алып келгенде, - жыйырма жылдан жыйырма беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат же өлүм жазасына тартылат.
Эскертүү. Эгерде күнөөлүүнүн аракеттеринде ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган белгилер жок болсо, жашы жете элек жабырланган кызды жашы жеткен кыз деп ойлоого негиз болгон учурларда жазык жоопкерчилиги ушул статьянын биринчи бөлүгү боюнча келип чыгат.
Эгерде күнөөлүүнүн аракеттеринде ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган белгилер жок болсо, жашы жете элек жабырланган кызды жашы жеткен кыз деп ойлоого негиз болгон учурларда жазык жоопкерчилиги ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 6-пункту боюнча келип чыгат.
Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган башка оор кесепеттер деп: жабырланган кыздын (жашы жеткен кыздын же жашы жете элек кыздын) өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылышын, кыздын психикасына залал келтирүүнү, күнөөлүү адам тарабынан жабырланган кыздын ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү (боюнан түшүүнү, зордуктоонун натыйжасында жатындын тышына боюна бүтүп калууну), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек.
Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө каралган өтө оор кесепеттерди: жабырланган жаш кыздын өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылышын, кыздын психикасына залал келтирүүнү, күнөөлүү адам тарабынан жабырланган жаш кыздын ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү (зордуктоонун натыйжасында жатындын тышына боюна бүтүүнү, бала төрөө мүмкүнчүлүгүн жоготууну, жыныстык катышуу мүмкүнчүлүгүн жоготууну), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтирген аракеттерди байкабастыктан жабырланган жаш кыздын өлүшүнө, ага ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга алып келүү деп түшүнүү керек.
Жаш кыз деп он төрт жашка толо элек кыз эсептелет.".
9. 200-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Эгерде продукцияга милдеттүү түрдө эң аз айлык акыдан миң эсе ашкан суммага акциз салынууга тийиш болсо, ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалган деп таанылат.".
10. 241-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"(1) Ок атуучу куралдарды (мергенчинин сайсыз мылтыгынан башка), ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз алуу, бирөөгө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү, -
эң аз айлык акынын эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
11. 247-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"247-статья. Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу
(1) Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды, болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан же мурда баңгилик каражаттар, психотроптук каражаттар, болбосо прекурсорлор менен ар кандай аракеттерди жасаган адам тарабынан жасалса, эгерде ошого тете ири өлчөмдөгү баңгилик каражаттар, психотроптук заттар, болбосо прекурсорлор мындай аракеттердин предмети болсо, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, уюшкан топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
12. 280-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген эң аз айлык акыдан эки жүз эсе ашкан зыян ири зыян деп таанылат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2002-жылдын 12-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |