Редакцияот 27.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-марты № 180

2016-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн жана пайдалануунун алдын алуу жана каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн жана пайдалануунун алдын алуу жана каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу иран тарабына кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                                                                                                                                                С.Ш.Жээнбеков