Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы № 299
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жакта болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасына кирүүгө көмөк көрсөтүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле өткөрүп берүүгө, экстрадициялоого же реадмиссияга жаткан чет мамлекеттин соттук же укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилүүчү жактардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүнүн колдонулуу мөөнөтү 90 күндү түзөт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана өткөрүп берүүгө, экстрадициялоого же реадмиссияга жаткан адамдардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктөрүн тариздөөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматчысы тарабынан күбөлүктүн бланкынын "Негизи" графасына атайын штамп коюлат же Кыргыз Республикасынын ушул жараны өткөрүп берүү, экстрадициялоо же реадмиссия процессинде экендигин ырастоочу/күбөлөндүрүүчү тиешелүү жазуу сыя калемсап менен жазылат.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Арыз берүүчүнүн ким экендигин идентификациялоо жол-жобосун жүзөгө ашырууда калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын "Паспорт" автоматташтырылган системасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кошулган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси ушул автоматташтырылган системада камтылган маалыматтарды колдонушат. Арыз берүүчү ушул Жобонун 5-пунктунда аталган документтерди бере албаган учурда, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси арыз берүүчүнүн ким экендигин текшерүү жана идентификациялоо үчүн күбөлүгүн тариздөө жөнүндөгү арызын кабыл алган күнү калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө тиешелүү суроо-талапты жиберет.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же анын аймактык бөлүмү суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде суроо-талапты жиберген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине байланыштын тыюу салынбаган ар кандай каражаты аркылуу суроо-талаптын чыгыш номерине шилтеме жасоо менен керектүү маалыматты жиберет.";
- 9-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "30 күндөн" деген цифралар жана сөз "он жумуш күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунда:
биринчи абзацы "негизди жана" деген сөздөрдөн кийин "так отчёттуулук бланктары боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан белгиленген отчёттуулук формасынын негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ар айлык негизде так отчёттуулук бланктары боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан белгиленген отчёттуулук формасы боюнча Кыргыз Республикасынын жоготулган жана бузулган паспортторун эсепке алуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилүүчү коркунучтардын мүмкүн болгон көрүнүштөрүнө бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасына кирүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуу жана контролдоо үчүн - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине маалымдайт.";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Күбөлүктү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте консулдук жыйымдарды жана нагыз чыгымдар үчүн жыйымдарды алышат.";
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин арыз берүүчү жаңы паспортту тариздөө жана даярдоо, күбөлүктү милдеттүү түрдө тапшыруу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө он беш күндүн ичинде кайрылууга милдеттүү.";
- 15-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Ill-VI главалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"III. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкын тариздөө
16. Күбөлүктүн бланкы кылдаттык менен, оңдолбостон, чийилбестен жана белгиленбеген кыскартууларсыз толтурулат. Күбөлүктүн бланкындагы жазуулар принтерде же механикалык жазуучу машинкада жазылат. Арткы бетинде кичине тамгаларды колдонууга жол берилет. Каалаган башка учурларда жазуулар басма тамгалар аркылуу кол менен толтурулат.
17. Бланкты толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
а) "фамилиясы" деген толтурулуучу орунга арыз берүүчүнүн фамилиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдеринде жазылат, тиешелүү түрдө англис тили колдонулган тарабында фамилиясы транслитерация (кириллицаны жөн гана латын тамгаларына алмаштыруу) ыкмасы менен кайталанат же болбосо жоголгон паспорттун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт;
б) "аты, атасынын аты" деген толтурулуучу орунга арыз берүүчүнүн аты жана атасынын аты (болсо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдеринде жазылат, тиешелүү түрдө англис тили колдонулган тарабында аты жана атасынын аты транслитерация (кириллицаны жөн гана латын тамгаларына алмаштыруу) ыкмасы менен кайталанат же болбосо жоголгон паспорттун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт;
в) "туулган датасы" деген толтурулуучу орунга арыз берүүчүнүн туулган күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт (мисалы: "06.05.1967"). Бардык даталардын реквизиттериндеги күнү жана айы (туулган датасы, берилген датасы, күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүнүн бүткөн датасы жана баланын туулган датасы) араб цифралары менен эки орундуу номер аркылуу көрсөтүлөт (эгерде айдын күнү же туулган айы 1ден 9га чейинки санга барабар болсо, анда сандардын алдына нөл саны коюлат, (мисалы: "05"). Бардык даталардын реквизиттериндеги жылы (туулган датасы, берилген датасы, күбөлүктүн колдонулуу мөөнөтүнүн бүткөн датасы жана баланын туулган датасы) араб сандары менен төрт орундуу сан аркылуу көрсөтүлөт (мисалы: "1998");
г) "место рождения/туулган жери" реквизитинде арыз берүүчү туулган мамлекеттин, облустун же шаардын аталышы мамлекеттик же расмий тилдерде көрсөтүлөт, ошондой эле арыз берүүчү туулган мамлекеттин аталышы же аталышынын аббревиатурасы англис тилинде көрсөтүлөт;
д) арыз берүүчү менен бала кошо болгон учурда "Кыргыз Республикасына жиберилет, аны менен:" деген толтурулуучу орунга арыз берүүчү менен баланын күбөлүгүнө жазылган адамдын туугандык мамилеси, баланын фамилиясы, аты жана туулган датасы расмий тилде көрсөтүлөт. Баланын фамилиясы жана аты жоготулган паспорттогу маалыматтарга ылайык латын тамгалары менен, алар жок болгондо транслитерация ыкмасы менен кайталанат. Эгерде бланкта балдары жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн орун жетишпесе, арыз берүүчүнүн балдарына өзүнчө күбөлүктөр берилет;
е) "Берилген датасы" реквизитинде күбөлүктүн берилген айынын күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт (мисалы: "01.01.2016");
ж) "чейин жарактуу" реквизитинде күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүнүн бүткөн күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт (мисалы: "15.01.2018"). Күбөлүктү тариздөө Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү (кайтып келүү) үчүн керектүү болгон, бирок 90 күндөн ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт;
з) арыз берүүчүнүн фотосүрөтү бланк толтурулгандан кийин ал үчүн арналган алкакка чапталат. Бланктын бош жактарына арыз берүүчү менен кошо жүрүүчү балдардын фотосүрөттөрү чапталат;
и) "фамилиясы", "аты, атасынын аты", "туулган датасы", "туулган жери", "Кыргыз Республикасына жиберилет, аны менен:" деген толтурулуучу орундарга жазуулар, болгон тастыктоочу документтерге ылайык, анын ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан же калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнөн алынган маалыматтарга ылайык жүргүзүлөт;
к) бланктын төмөнкү бөлүгүндө күбөлүктү берген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин аталышы расмий тилде көрсөтүлөт:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн - Кыргыз Республикасынын Элчилиги, өлкө (мисалы: "Кыргыз Республикасынын Элчилиги, Россия Федерациясы");
- Кыргыз Республикасынын консулдук мекемеси үчүн - Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу/вице-консулдугу/Элчилигинин бөлүмү, шаар (мисалы: "Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу, Екатеринбург").
IV. Күбөлүктүн бланктарын эсепке алуу жана сактоо
18. Күбөлүктөрдүн бланктары сериясы жана номери боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери үчүн электрондук программаларды кошкондо электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде так отчёттуулук бланктарынын кыймылы жана пайдаланылышы жазылуучу атайын журналда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
19. Күбөлүктөрдүн бланктары атайын жабдылган жайда күйбөс сейфтерде сакталат.
20. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги так отчёттуулуктагы күбөлүктөрдүн берилген жана колдонулган бланктары боюнча отчёт берүү формасын белгилейт.
V. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
21. Күбөлүктү берүүдө ушул Жобонун талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
VI. Эл аралык келишимдерди колдонуу
22. Эгер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен ушул Жободо камтылган эрежелерден башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн сүрөттөлүшүндө:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Күбөлүктүн бланкынын алдыңкы бетинин төмөнкү бөлүгүнүн ортосуна: "Кыргыз Республикасына киргенден тартып 15 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына тапшырылышы керек. Подлежит сдаче уполномоченному государственному органу Кыргызской Республики в сфере регистрации населения в течение 15 дней с момента въезда в Кыргызскую Республику. Shall be deposited to the authorized government organ of the Kyrgyz Republic in the sphere of population registration within 15 days from the date of entry to the Kyrgyz Republic" тексти жайгаштырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тиешелүү дипломатиялык каналдар боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымдасын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |