Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 525
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана автомобильдерде жүктөрдү ташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинде:
- 5-пункттагы "артка кайтарылууга же" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттун бешинчи абзацы "Эгерде салмак габариттик параметрлери жол берилген көрсөткүчтөргө ылайык келбей калса" деген сөздөрдөн кийин ", жана ошондой эле жүккө тиешелүү документтери жок болсо" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн арналган транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлеринде:
- 2-пункт төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:
"Эскертүү: Эгерде тележкага болгон жалпы салмак уруксат берилген ченемден ашпаса, жана окко болгон эң оор салмак тиешелүү бир окко (бир скаттуу же эки скаттуу) болгон уруксат берилген салмактан ашпаса - бир тележкага конструкциялык бириктирилген экилик же үчтүк октор үчүн ар бир окко салмактын бирдей эмес бөлүштүрүлүүсүнө уруксат берилет.
Автотранспорт каражатынын бир огу деп автотранспорт каражатынын жакынкы огунан 2,0 метр ашык аралыкта жайгашкан ок саналат.";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"транспорт каражаттардын салмагын аныктоочу жабдууларды колдонуу менен транспорт каражаттарды таразага тартууда, айдоочу коштоочу документтерди көрсөтсө, салмакты өлчөөчү жабдууну жасаган заводдун техникалык документтеринин чегинде жана ал документтерге ылайык, автотаразанын айдоочунун пайдасына бир аз так эмес көрсөтүүсүнө жол берилет.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыянын жана залалдарын калыбына келтирүүнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
- 5-пункттун бешинчи абзацы "жүктүн" деген сөздөн кийин "жалпы салмагынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Эскертүү. Октук салмак басымы белгиленген нормадан ашпаган учурда, келтирилген зыяндын ордун толтуруу транспорт каражатынын белгиленген өлчөмдөрүнүн жана таразага тартуу учурундагы чыныгы салмагынын айырмачылыктары боюнча ишке ашырылат. Ал эми октук салмак басымы белгиленген нормадан ашып кеткен учурда, чыгымдын ордун толтуруу транспорт каражатынын жалпы массасына карабастан кабыл алынган октук жүктөрдүн жана анын таразага тарткандагы чыныгы маанилеринин айырмачылыктары аркылуу ишке ашырылат.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. 1 тонна ашыкча жүктүн ставкасы 1 км аралык жол үчүн 40 сомду түзөт. Транспорт каражаттарынын атайын жана ажырагыс жүктөрүнүн уруксат берилген өлчөмдөн жана башка линиялык көрсөткүчтөрдөн ашыктыгы үчүн акы 1 км аралык жол үчүн 10 сом өлчөмүндө белгиленет.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жүктөрдү ташып жеткирүүнүн аралыгы транспорт каражаты жүктөлгөн жеринен баштап транспорт каражаттарынын жалпы салмагы жана октук салмак басымынын бекитилген уруксат берилген көрсөткүчтөрүнөн ашып кетүү фактысы катталган жерине чейин жүктү коштоочу документтер (товардык-транспорттук накладнойлор, жол кагаздары, ченөө актылары же таразага тартуу актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалымкаттар, товарга алуу жөнүндө актылар, чектер, квитанциялар, ташуу кызматы жөнүндө келишимдер) менен аныкталат. Жүктү коштоочу документтери жок болсо ташып жеткирүүнүн аралыгы жүктү ташуучунун жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде аныкталат.";
- 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Салмак-өлчөм көрсөткүчтөрүн бузуу аныкталган учурда транспорт каражатынын ээси келтирилген зыяндардын ордун толуктап, төлөп берүү үчүн төмөндөгү документтерди жана маалыматтарды берүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же транспорт каражатынын ээсинин - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- чет өлкөлүк жарандар үчүн чет өлкөнүн жарактуу паспорту же транспорт каражатынын ээсинин ким экенин билдирүүчү башка документ керек;
- жүк ташуучу транспорт каражатынын (тягачтын), ошондой эле чиркегичтин (жарым чиркегичтин) каттоо жөнүндө күбөлүгү же техникалык паспорту;
- жүктү коштоочу документтер (товардык-транспорттук накладнойлор, жол кагаздары, ченөө актылары же таразага тартуу актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалымкаттар, товарга алуу жөнүндө актылар, чектер, квитанциялар, ташуу кызматы жөнүндө келишимдер).".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |