КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-августу № 542
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине айрым мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 2-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"калкты тейлөө борбору (мындан ары - КТБ) - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту алууга документтерди кабыл алууну жана аларды берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү башка кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик ишканалардын аймактык бөлүнүштөрү;";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Документтерди тариздөө, текшерүү, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоого анкета-арызды жиберүү аймактык бөлүнүштөр тарабынан жүзөгө ашырылат, даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүү аймактык бөлүнүштөр жана/же КТБ тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункту менен толукталсын:
"4-1. Арыз берүүчү 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту арыз берүүчү көрсөткөн дарек боюнча почта байланышынын кызмат көрсөтүүсү аркылуу алууга укуктуу. Почта байланышы менен жеткирип берүүнүн географиясы, шарттары, тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.";
- 10-пунктундагы "атайын байланыш" деген сөздөр "атайын/почта байланышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жободо:
- 5-пунктундагы "кызмат адамдары" деген сөздөр "кызматкерлери" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 16-пунктунун 2-абзацындагы "кызмат адамдары" деген сөздөр алып салынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2015-2017-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын чыгарууну белгиленген тартипте демилгелесин.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ