Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 558
Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 7-тиркемесинин Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколунун X бөлүмүнө ылайык, ата мекендик зергерчилик тармактын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечиминин № 14 тиркемеси) ылайык, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосу боюнча бир тараптуу тартипте баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга 2017-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин ЕАЭБ ТЭИ ТН 7106, 7107 00 000 0, 7108, 7109 00 000 0, 7111 00 000 0 товардык позицияларга төмөнкүдөй көлөмдө сандык чектөөлөр киргизилсин:
1) баалуу металлдар жана алтын камтыган сырьёлук товарлар:
- 2017-жылы - 500 кг;
- 2018-жылы - 500 кг;
- 2019-жылы - 500 кг;
- 2020-жылы - 500 кг;
- 2021-жылы - 500 кг.
2) баалуу металлдар жана күмүш камтыган сырьёлук товарлар:
- 2017-жылы - 500 кг;
- 2018-жылы - 500 кг;
- 2019-жылы - 500 кг;
- 2020-жылы - 500 кг;
- 2021 -жылы - 500 кг.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнна ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун кабыл алынганы жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык иштердин катышуучуларынын баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө арыздарын кароодо жана бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат берүүдө ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген сандык чектөөлөрдү так сактасын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |