Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 569
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Достук айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араларын бекемдөө, чек ара заставаларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 20-августундагы № 01-12/61 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 11-январындагы № 1 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Достук айыл аймагынын № 472 контурунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун 0,90 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин максаттуу багытта пайдаланылышын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |