Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 571
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасында:
- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын "Салыктан бошотулган пайда" (FORM STI-101-004) 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункту жана 462-уяча менен толукталсын:
"12-1. Жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын пайдасы |
|
- "БАРДЫГЫ" сабында "461" деген цифралардан кийин "+462" деген белги жана цифралар менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу тартибинде:
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 124-1-пункту менен толукталсын:
"124-1. 462-уячада жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын пайдасы көрсөтүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |