Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 574
Административдик жол-жобону жүргүзүүдө күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүчү чыгашалардын тартибин жана өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Административдик жол-жобону жүргүзүүдө күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүчү чыгашалардын тартибин жана өлчөмүн белгилөө максатында, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башка аймактан келген күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жол кире, турак жай жалдоо боюнча чыгымдардын орду толтурулаары жана суткалык акы төлөнөөрү белгиленсин.
2. Административдик жол-жобо процессинде иштегендиги үчүн эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төмөнкүдөй өлчөмдө компенсация төлөнөт:
- административдик жол-жоболор процессине катышууда - ар бир катышкан күн үчүн 500 сом;
- эксперттин, адистин жазуу жүзүндөгү корутундусун же котормочунун жазуу жүзүндөгү котормосун берүүдө - ар бир барак үчүн 500 сом.
3. Эгерде иш (жумуш) мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызматтык милдеттенмелеринин чөйрөсүнө кирбесе, анда компенсация ушул токтомдун 2-пунктунда аталган адамдарга административдик жол-жоболорду аткаруу үчүн жана каралып жаткан административдик иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эркин түрдө түзүлүүчү тиешелүү келишимдин негизинде төлөнөт.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |