Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 607
Мамлекеттик коргонуу заказы боюнча жеткирилүүчү транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (018/2011 БС ТР) айрым жоболорун колдонбоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктары үчүн мамлекеттик коргонуу заказы боюнча жеткирилүүчү транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (018/2011 БС ТР) айрым жоболору колдонулбай турганы белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |