Сравнение редакций…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын капитал рыногу инвестицияларды тартуу үчүн олуттуу өбөлгөлөргө ээ. Өлкөдө банк системасы 24 банкты жана жогорку деңгээлдеги микрокредиттик жана микрофинансылык компаниялардан турган жүздөгөн финансылык-насыялык мекемелерди камтыйт.
Республикада капитал рыногунун басымдуу бөлүгүн акционердик капиталдар түзөт. Активдүү акционердик коомдордун саны 600дөн ашат. Акцияларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдүн суммасын акча рыногундагы акча каражаттарынын жүгүртүлүшү менен салыштырууга мүмкүн эмес.
Банктардын санынын катышы депозит катары акча массасын тартууда төмөндөө жагынан эркин ресурстардын рыногуна олуттуу таасир тийгизет. Микрокредиттик компаниялар жана банктардын филиалдары кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкаларда каржылоого суроо-талаптын жогору экендигин түшүндүрөт.
Ушул Концепциянын негизги багыттарынын бири убактылуу эркин ресурстардын жана эмитенттердин компанияларынын ээлеринин өз ара активдүү аракеттенүүсү менен капитал рыногу үчүн пайыздык ставкаларды кыскартуу болуп саналат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу баалуу кагаздардын ээлеринин (кармоочуларынын) укуктарын коргоонун жогорулашын, ошондой эле дивиденддерди түзүүдө жана төлөөдө пруденциалдык контролдун күчөшүн болжолдойт.
Азыркы учурда, ар кандай маалыматтар боюнча, өлкөнүн экономикасында компаниялардын капиталынын 40%ы көмүскөдө, алар өз капиталын чарбалык иштердин натыйжасында көбөйтүшөт.
Патенттик системаны киргизүү, ошондой эле компанияларды жөнөкөйлөтүлгөн каттоо капиталдык суммалык көлөмүн объективдүү эсептөөгө мүмкүндүк берген жок. Уставдык капиталдары 100 жана 100000 сом болгон компанияларды каттоо мүмкүндүгү капиталды өстүрүүгө мүмкүндүк берген жок. Компанияларды каттоонун жана чарбалык иштин натыйжаларын бухгалтердик баланста чагылдыруунун тартибин жана шарттарын аныктоо жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгы пайда болууда. Мындай көрсөткүчтөрдүн болушу инвестициялоо үчүн компаниялардын ишин баалоо үчүн базалык маалымат болуп кала алат.
Кыргыз Республикасында ири компаниялардын эле эмес орто бизнеске таандык болгон коммерциялык уюмдардын эмитенттери дагы мүмкүн болушунча көп санда баалуу кагаздар рыногуна чыгышы үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлүшү керек. Финансылык институттарды жана капиталдардын ачык рыногуна (IPO, андеррайтинг ж.б.) баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча эмитенттерге кесипкөй жардам көрсөтүү менен байланышкан иштердин түрлөрүн өнүктүрүүгө дем берүү зарыл.
Өнүккөн өлкөлөрдө кабыл алынган эрежелерге жана стандарттарга ылайык баалуу кагаздардын ата мекендик рыногун өнүктүрүү зарыл. Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу, чет өлкөлүк тажрыйбаны колдонуу, аны улуттук өзгөчөлүктөргө адаптациялоо менен баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүүгө болот.
Улуттук өнүгүүнүн милдеттерин чечүү үчүн эл аралык стандарттарды максималдуу натыйжалуулук менен пайдалануучу баалуу кагаздар рыногу түзүлүшү керек.
§ 2.1. Баалуу кагаздар менен соода-сатыктар
2012-жылы баалуу кагаздар менен соода-сатык жүргүзүүнүн көлөмү - 2084,4 млн. сомду, 2013-жылы - 2267,5 млн. сомду, ал эми 2014-жылы - 3915,7 млн. сомду түзгөн, бул баалуу кагаздар рыногунун активдүүлүгүнүн акырындап өсүп жаткан тенденциясын көрсөтөт.
1-диаграмма. 2010-2014-жылдарда баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү жана саны
1-диаграмма 3 жылда баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн саны көбөйгөндүгүн көрсөтүүдө, алсак 2012-жылы - 2187 бүтүм, 2013-жылы - 3325 бүтүм түзүлсө, 2014-жылы - 3516 бүтүм түзүлгөн. Соода-сатыктардын көлөмүнүн өсүшү айрым эмитенттердин баалуу кагаздары менен болуп өткөн ири бүтүмдөр менен байланышкан.
2-диаграмма. 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмүнүн түзүмү (млн. сом.)
2-диаграмма 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмдөрүнүн түзүмүн көрсөтүп турат. Баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү 2012-жылы 2083,4 млн. сомду түзгөн, анын ичинен бүтүмдөрдүн жалпы көлөмүнүн түзүмүндөгү 1169,4 млн. сомдук (56,1%) бүтүм "Кыргыз фондулук биржасы" (мындан ары - фондулук биржа) жабык акционердик коомуна жана 914 млн. сомдук (43,8%) бүтүм биржалык эмес рынокторго туура келет.
2013-жылы фондулук биржада түзүлгөн бүтүмдөрдүн көбөйгөндүгү байкалган, ал 1648,1 млн. сомду (72,7%) түзгөн, ал эми биржалык эмес рынокто түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү 619 млн. сомду (27,3%) түзгөн.
2014-жылдагы маалыматтар биржадан тышкаркы рынокто түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмүнүн өскөндүгүн көрсөтүп турат. Биржалык рынокто түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү 1634,4 млн. сомду (41,7%) түзсө, ал эми биржадан тышкаркы рынокто түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү 2281,4 млн. сомду (58,3%) түзгөн, бул 2013-жылга салыштырганда 1278 млн. сомго көп.
Үч жылдык мезгилге жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүнүн көлөмүнүн өсүү динамикасы белгиленген. Бул тенденция республиканын фондулук биржасынын активдүүлүгүнүн өсүшү менен мүнөздөлөт, ал өз кезегинде улуттук экономикага инвестицияларды тартуунун мамлекеттик саясатына байланыштуу. Атап айтканда, финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы (мындан ары - Финкөзөмөл) тарабынан эмитенттер жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан маалыматтарды ачыкка чыгаруу чөйрөсүндө активдүү иштер жүргүзүлдү, бул өз кезегинде, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн улуттук компаниялардын жагымдуулугун жогорулатат.
3-диаграмма. 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасында алгачкы жана экинчи рыноктогу биржалык соода-сатыктардын көлөмүнүн түзүмү
Алгачкы жана экинчи рыноктордо түзүлгөн бүтүмдөргө талдоо (3-диаграмма) 2012-жылы баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмүнүн түзүмүндө экинчи рынокто түзүлгөн бүтүмдөрдүн басымдуу болгондугун - 838,6 млн. сомду (71,7%) көрсөтүп турат. 2013-жылы соода-сатык көлөмүнүн түзүмүндө экинчи рынокто 871,0 млн. сомго (52,8%) түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү басымдуулук кылган. 2014-жылы соода-сатык көлөмүнүн түзүмүндө алгачкы рынокто 1129,5 млн. сомго (69,1%) түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү басымдуулук кылган.
Алгачкы рыноктогу бүтүмдөрдүн көбөйүшү өлкөнүн аймагында акционердик коомдордун санынын акырындык менен өскөндүгү менен түшүндүрүлөт, экинчи рынок белгилүү динамиканы сактап турат.
§ 2.2. Баалуу кагаздардын эмиссиясы
2012-жылы 2720,6 млн. сом суммасында баалуу кагаздардын 55 чыгарылышы катталган, анын ичинен 425,3 млн. сом суммасындагы 26 чыгарылыш уюмдаштыруучу жана 2295,3 млн. сом суммасындагы 29 чыгарылыш кошумча чыгарылыш болуп саналат.
2013-жылы 2939,5 млн. сом суммасында баалуу кагаздардын 55 чыгарылышы катталган, анын ичинен 703,1 млн. сом суммасындагы 14 чыгарылыш уюмдаштыруучу жана 2236,4 млн. сом суммасындагы 41 чыгарылыш кошумча чыгарылыш болуп саналат.
2014-жылы 16424,5 млн. сом суммасындагы баалуу кагаздардын 56 чыгарылышы катталган, анын ичинен 516,3 млн. сом суммасындагы 16 чыгарылыш уюмдаштыруучу жана 15908,2 млн. сом суммасындагы 40 чыгарылыш кошумча чыгарылыш болуп саналат.
2015-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын 2784 чыгарылышы катталган. Эмиссиянын жалпы көлөмү 83381,1 млн. сомду түзгөн, анын ичинде акциялар 81943,45 млн. сом суммасын, облигациялар 1264,05 млн. сом суммасын, инвестициялык пайлар 101 млн. сом суммасын жана турак жай сертификаттары 72,6 млн. сом суммасын түздү.
4-диаграмма. Эмитенттер чыгарган баалуу кагаздардын эмиссияларынын көлөмүнүн жана санынын өзгөрүшү
4-диаграммадан көрүнүп тургандай республикада эмитенттердин баалуу кагаздарынын эмиссиясынын көлөмү 2004-2009-жылдары жыл сайын көбөйгөн, ал эми 2010-жылы төмөндөө тенденциясына ээ болгон. Эмитенттердин баалуу кагаздарынын эмиссиясынын көлөмүнүн өзгөчө өсүшү 2009-жылга туура келет, анын суммасы ошол мезгилде 7484,5 млн. сомду түзгөн. Бул "Камбар-Ата-2 гидро электр станциясы" ачык акционердик коомунун 4203,9 млн. сом суммасындагы жөнөкөй энчилүү акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышын каттоодон улам пайда болгон.
2012-жылы отчеттук мезгилде Финкөзөмөл тарабынан катталган акциялардын 51 чыгарылышынан 1320,85 млн. сом суммасындагы 16 чыгарылышы ачык акционердик коомдор (мындан ары - ААК) жана 1221,2 млн. сомдук 35 чыгарылышы жабык акционердик коомдор (мындан ары - ЖАК) тарабынан жүзөгө ашырылган.
2013-жылы баалуу кагаздардын 55 чыгарылышынан 22 чыгарылыш ААК, 30 чыгарылышы ЖАК жана 3 чыгарылыш жоопкерчилиги чектелген коомдор (мындан ары - ЖЧК) тарабынан жүзөгө ашырылган.
2014-жылы баалуу кагаздардын 56 чыгарылышынан 1741,6 млн. сом суммасындагы 20 чыгарылышы ААК, 14522,9 млн. сом суммасындагы 34 чыгарылышы ЖАК жана 160 млн. сом суммасындагы 2 чыгарылышы ЖЧК тарабынан жүзөгө ашырылган.
5-диаграмма. 2005-2014-жылдары Кыргыз Республикасында эмиссиянын көлөмүнүн өзгөрүшү жана эмитенттердин баалуу кагаздарды уюштуруучулук чыгарылышынын саны
6-диаграмма. 2005-2014-жылдары Кыргыз Республикасында эмиссиялардын көлөмүнүн өзгөрүшү жана акционердик коомдордо баалуу кагаздарды кошумча чыгарылышынын саны
Эмиссиялардын көлөмү жана баалуу кагаздарды уюштуруучулук жана кошумча чыгарылыштардын саны төмөндөө тенденциясына ээ (5 жана 6-диаграмма), анткени көпчүлүк юридикалык жактар каттоодон өткөн жана кошумча баалуу кагаздарды чыгарууга кызыгышпайт.
7-диаграмма. 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасында экономика тармактары боюнча баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмүнүн түзүмү (% менен)
7-диаграммадан көрүнүп тургандай экономиканын тармактары боюнча баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмүнүн түзүмүндө финансылык сектор, өнөр жайы жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү басымдуулук кылат.
8-диаграмма. 1990-2014-жылдары Кыргыз Республикасында эмиссиялардын көлөмүнүн түзүмү жана чыгарылган баалуу кагаздардын саны региондор боюнча (млн. сом менен)
Региондор боюнча баалуу кагаздарды эң көп чыгаруу Бишкек шаарында жайгашкан эмитенттер тарабынан ишке ашырылган (8-диаграмма). Өнөр жай ишканаларынын жана республиканын финансылык институттарынын негизги саны Бишкек шаарында топтолгондугуна байланыштуу, алар эмиссиянын жалпы көлөмүнүн чоң үлүшүн түзөт.
§ 2.3. Баалуу кагаздарга чет өлкөлүк салымдар
2012-жылы Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин корпоративдик баалуу кагаздарына чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1625,49 млн. сомду, 2013-жылы - 713,4 млн. сомду, 2014-жылы - 994,2 млн. сомду түзгөн (9-диаграмма).
Кыргыз Республикасында эмитенттердин корпоративдик баалуу кагаздарына чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуу үчүн республиканын аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу акционердик коомдордун ачык-айкындуулугун, финансылык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ж.б. зарыл.
9-диаграмма. 2005-2014-жылдары Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестициялардын агып келиши (млн. сом менен)
§ 2.4. Корпоративдик облигациялардын эмиссиясы
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында облигациялардын төмөнкү үч түрү бар: мамлекеттик облигациялар, муниципалдык облигациялар жана корпоративдик облигациялар.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өздүк капиталдын өлчөмүнө жана компаниялардын иштеген мезгилине карабастан компанияларга облигацияларды чыгарууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөр киргизилген. Мындай өзгөртүүлөр, ошондой эле бир катар башка түзөтүүлөр, анын ичинде акционердик коомдор үчүн гана эмес, жоопкерчилиги чектелген коомдор үчүн дагы облигациялар боюнча чектөөлөрдү алып салуулар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилди. Бул өзгөртүүлөр облигацияларды чыгарууга жана корпоративдик облигациялардын рыногун андан ары өнүктүрүүгө түрткү берди.
10-диаграмма. 2005-2014-жылдары Кыргыз Республикасында эмиссиялардын көлөмүнүн жана чыгарылган облигациялардын санынын өзгөрүшү
10-диаграммадан көрүнүп тургандай, облигациялардын рыногу 2009-жылдан тартып акырындап өнүгүү тенденциясына ээ болду. 2014-жылы баалуу кагаздардын 56 чыгарылышынын ичинде "Аю" ЖЧКсы 100 млн. сом суммасында, "Росказмет "Компания" ЖЧКсы 60 млн. сом суммасында жана "Кыргыз Инвестициялык-Насыя Банк" ЖАКы 150 млн. сом суммасында энчилүү пайыздык облигациялардын чыгарылгандыгы катталган.
2014-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин фондулук биржада "Шоро" ЖАКтын, "Росказмет "Компания" ЖЧКнын, "Биринчи металл базасы" ЖЧКнын, "Курулуш "Атлант Холдинг" ЖЧКнын жана "Кыргыз Инвестициялык-Насыя Банк" ЖАКтын, "Аю" ЖЧКнын корпоративдик облигациялары менен 346,6 млн. сом суммасындагы 2024 бүтүмдөр түзүлгөн.
2013-жылдын ушул эле мезгилинде фондулук биржада "Шоро" ЖАКтын, "Росказмет "Компания" ЖЧКнын, "Биринчи металл базасы" ЖЧКнын, "Курулуш "Атлант Холдинг" ЖЧКнын корпоративдик облигациялары менен 307,4 млн. сом суммасындагы 692 бүтүмдөр түзүлгөн.
Жогоруда аталган компаниялардын жана банктын корпоративдик облигациялары фондулук биржада листингден өтүшкөн.
Баалуу кагаздардын улуттук рыногунун негизги звеносу аны түзүүнүн башталышында эле 1994-жылы түзүлгөн фондулук биржа болгон. Фондулук биржанын түзүлүшү баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин башка түрлөрүнүн жаралышын шарттады. Жалпыга бирдей кабыл алынган стандарттарга жооп берген фондулук рыноктун керектүү инфратүзүмү түзүлдү. Улуттук фондулук рынокто өнүккөн рыноктордо классикалык түрдө иштеп жаткан кесипкөй иштердин дээрлик бардык түрлөрү бар.
2015-жылдын 1-январына карата баалуу кагаздар рыногунда 73 юридикалык жак кесипкөй иштерин жүзөгө ашырып жатат, аларга 105, анын ичинде брокердик ишти жүзөгө ашырууга - 24, баалуу кагаздарды ишенимдүү башкарууга - 22, дилердик ишти жүзөгө ашырууга - 21, баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүгө - 20, инвестициялык фондду башкарууга - 9, инвестициялык фонд катары ишти жүзөгө ашырууга - 5, депозитардык ишке - 3, баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыкты уюштурууга - 1 лицензия берилген.
Өзү иштеген жылдардын ичинде фондулук биржа натыйжалуу иштеген, региондук борборлордун жана/же филиалдардын кеңири тараган тармактарын түзө алган жок, ошону менен региондук брокердик активдүү компанияларды түзүүгө түрткү бере албады. Мунун натыйжасында республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү баалуу кагаздар рыногуна тартылган эмес жана көпчүлүгүнүн баалуу кагаздар рыногунун инструменттери жөнүндө түшүнүктөрү жок.
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногу мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнүн эсебинен түзүлгөн жана өнүккөн. Масштабдуу мамлекеттен ажыратуу мезгилинде баалуу кагаздардын улуттук рыногуна финансылык инструменттердин ири көлөмүн жеткирүү ишке ашырылган.
Өлкөдө баалуу кагаздар рыногу түзүлгөн жана өнүгүү уланууда, бирок ошол эле учурда баалуу кагаздар рыногу көлөмүнүн аздыгы жана финансылык инструменттердин саны чектелгендиги менен мүнөздөлөт.
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда финансылык инструменттердин төмөнкүдөй түрлөрү бар:
- мамлекеттик баалуу кагаздар, аларга мамлекеттик казыналык векселдер, мамлекеттик казыналык облигациялар;
- муниципалдык баалуу кагаздар;
- өзүнө акцияларды, облигацияларды, турак жай сертификаттарын камтыган корпоративдик баалуу кагаздар;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары.
Фондулук биржада финансылык инструменттер жок же жетишсиз түрдө колдонулат, алар аркылуу автомобиль жана темир жолдору, турак жай конуштары сыяктуу, ошондой эле кендерди өздөштүрүү, гидро станцияларды куруу, туристтик комплекстерди өнүктүрүү сыяктуу экономиканын тармактарынын инфратүзүмдүк долбоорлору инвестицияланышы мүмкүн эле.
Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттин негизги милдеттеринин бири баалуу кагаздар рыногунда маалыматтык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу болуп саналат. Кесипкөй катышуучулардын жана эмитенттердин иши жөнүндө маалыматтарды эл алдында ачуу бөлүгүндө айрым талаптар бар, бирок алар толук мүнөздө эмес. Заманбап маалыматтык технологияларды (интернет, электрондук интеграциялык платформа ж.б.), рынокто кесипкөй иштерди жүргүзүүгө карата маалыматтарды, эмитенттердин ишин жана алардын ишин жөнгө салуу системасын колдонуу менен масштабдуу ачуу процесси жетиштүү деңгээлде камсыздалбайт.
Өлкөнүн экономикасына инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүчү, финансылык ресурстарды кайра бөлүштүрүүнүн механизми катары баалуу кагаздар рыногунун натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү негизги максаты болуп саналат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүү каралууда:
- баалуу кагаздар рыногунда финансылык инструменттердин жаңы түрлөрүн (алтын менен камсыздалган облигациялар, ислам баалуу кагаздары, ипотекалык баалуу кагаздар, туунду финансылык инструменттер) киргизүү;
- баалуу кагаздар рыногунун маалыматтык ачык-айкындуулук деңгээлин жогорулатуу;
- финансылык инструменттерди пайдалануу маселелери боюнча калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана ачык компаниялардын финансылык туруктуулугун чыңдоо;
- баалуу кагаздардын эмитенттеринин ишин корпоративдик башкаруунун заманбап стандарттарын киргизүү;
- "Элдик IPO" өткөрүү - мамлекеттин катышуу үлүшү бар компаниялардын акцияларынын 10 пайызына чейин фондулук биржада ачык сатуу;
- баалуу кагаздарга укуктарды каттоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
- жамааттык инвестициялоо институтун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- улуттук рейтингдик баалоо системасын түзүү;
- баалуу кагаздар рыногунда өз алдынча жөнгө салуучу уюмдарды түзүүгө түрткү берүү.
2018-жылга чейин негизги күч-аракеттер болуп жаткан проблемаларды чечүү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү жана 2018-жылдан кийин рыноктун иштөөсү үчүн пайдубал түзүү аркылуу фондулук рыноктун туруктуулугун жогорулатууга багытталат. Бул этапта баалуу кагаздар рыногунда ишти жөнгө салуунун эл аралык стандарттарына өтүү күтүлүүдө.
2018-жылдан кийинки мезгилде финансылык уюмдардын алдында ички рынокто коммерциянын катышуусуз (филиалдар аркылуу) глобалдуу жана региондук лидерлер көрсөтүүчү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн пайда болуусунун көбөйүшү менен байланышкан чакырыктар турат. Интеграцияланган маалыматтык технологиянын өнүгүүсү, ошондой эле финансылык жана технологиялык уюмдардын стратегиялык өнөктөштүгү финансылык кызмат көрсөтүүнүн көндүм болгон тартиптерин өзгөртөт. Ата мекендик финансылык уюмдар атаандаштыкка жөндөмдүү болууга тийиш. Ушул шарттарда атаандашууга жөндөмдүүлүктүн өсүшүн бизнестин масштабын экстенсивдүү көбөйтүүнүн эсебинен гана өстүрүү мүмкүн эмес. Ал жаңы тренддерди жана финансылык кызмат көрсөтүү технологияларына керектөөчүлөрдү тез жатыктырууга мүмкүндүк берүүчү бизнес-стратегиялардын жана процесстердин сапатын жакшыртууга таянууга тийиш.
2025-жылга чейинки мезгилде финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүүсүн аныктоочу Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарын шайкештөө процессин бүткөрүү пландалууда. Финансылык рынокту жөнгө салуу боюнча улуттук органдардын үстүнөн караган органды түзүү шайкештөөнүн негизги жыйынтыгы болуп калат. Буга байланыштуу улуттук жөнгө салуучу органдардын ролу жана орду өзгөртүлүшү мүмкүн.
Азыркы учурда баалуу кагаздар рыногунда ишенимдүү, өтүмдүү, узак мөөнөттүү жаңы баалуу кагаздардын пайда болушу үчүн шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттер көрүлүүдө. Коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл.
§ 5.1. Жаңы финансылык инструменттерди киргизүү - баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн шарттарды түзүү (алтын менен камсыздалган облигациялар)
Финансылык рыноктордогу туруксуз мезгилде инвесторлор каражаттарды салуу үчүн коопсуз активдерди издейт. Буга байланыштуу акыркы мезгилде дүйнөлүк валюталар кыйла туруксуз валюталар болуп саналууда, акча каары өзүнүн уникалдуу касиети жана узак тарыхы менен инвестициялык жана резервдүү актив катары туруктуулуктун мол запасына ээ, өзгөчө туруктуу активдердин бири алтын болуп саналат. Алтын менен соода-сатык кылуу - өтө жагымдуу биржалык инструменттердин бири болуп саналат. Тең салмактанган узак мөөнөттүү инвестициялык портфелдерде бардык учурда алтындын орду болууга тийиш.
Мындай шарттарда алтындын уюштурулган улуттук рыногун түзүү зарыл, республиканын фондулук биржасында алтындын өзүн жана алтындын туунду финансылык инструменттерин сатуу боюнча секцияларды ачуу керек.
Алтынды жана алтындын туунду финансылык инструменттерин биржалык сатууну уюштуруу, анын ичинде ага катышуу үчүн эл аралык институттарды тартуу улуттук экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана валюталык балансты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ата мекендик рынокто эркин инвестициялык каражаттарды жана чет өлкөлүк валюталарды мобилизациялоого алгачкы кадамды жасоого мүмкүндүк берет.
Алтындын уюштурулган улуттук рыногун түзүү аны өндүрүүнү, керектөөнү жана өлкөнүн ичинде жүгүртүүнү камтуу менен бул сектордун комплекстүү өнүгүүсүнө түрткү берет. Мыйзамдык базаны этап боюнча өркүндөтүү, алтынды өндүрүүнү башкаруунун жана жөнгө салуунун, импорттоонун, керектөөнүн жана экспорттоонун маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу керек. Натыйжада алтынды улуттук рынокто сатып өткөрүүнүн жаңы, жагымдуу жана пайдалуу рыногу пайда болот. Финансылык рыноктун катышуучулары алтындын жана алтындын туунду финансылык инструменттеринин алдында кредиттөөнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири ассортиментин пайдаланууга, ошондой эле чет өлкөлүк финансылык рыноктордо кыйла арзан инвестициялык ресурстарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Алтындын уюштурулган рыногун түзүү ювелирдик компаниялардын ата мекендик рыноктогу кымбат баалуу металлдарга кыйла арзан баада жетүүсүнө шарт түзүүгө мүмкүндүк берет, бул улуттук экономика үчүн оң мультипликативдик натыйжаны түзүү менен баалуу металлдардын даяр продукцияларынын импортту алмаштыруусуна жана чет өлкөлөргө экспорттоону өнүктүрүүгө көмөгүн көрсөтөт.
Өз кезегинде алтындын өзүнө жана алтын туундуларынын финансылык инструменттерине инвестициялоого калк кеңири мүмкүнчүлүктөрдү алышат, ошону менен аманаттарды жана топтолмо каражаттарды кыйла ишенимдүү сактоо камсыздалат.
§ 5.2. Баалуу кагаздардын рыногуна ислам баалуу кагаздарын (сукук) киргизүү
Акыркы бир нече жылда "сукукту" (исламдык баалуу кагаздарды) жайгаштыруунун дүйнөлүк көлөмүнүн жылдык көрсөткүчтөрү, башкача айтканда бул инструмент аркылуу инвестицияларды тартуу 100,0 млрд. АКШ долларынан ашат. Бул статистика Кыргыз Республикасында "сукукту" активдүү киргизүүгө түрткү берүүчү фактор болуп саналат, анткени улуттук экономикабыз ишенимдүү инвестицияларга муктаж.
Кыргыз Республикасында "сукуктун" ар кандай түрлөрүн киргизүү максатында 2012-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк иштерин жана каржылоону киргизүүгө тийиштүү техникалык жардам (грант) боюнча келишимге кол коюлган.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн 2014-жылдын апрель айында (Ислам өнүктүрүү банкынын сунушу боюнча) "Simmons & Simmons Middle East LLP" атынан консультант-компания менен келишимге кол коюлду, анын натыйжасында гранттык негизде консультациялык кызматтар көрсөтүлөт, сукукту киргизүү үчүн баалуу кагаздар рыногунун чөйрөсүндө нормативдик укуктук база боюнча баалоо жүргүзүлөт жана сунуштар иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2014-жылдын 22-апрелинде № 234 "Кыргыз Республикасында Сынамык долбоордун алкагында исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөр индустриясын ишке киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтому кабыл алынды, аны менен пилоттук долбоордун алкагында "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын облигацияларынын мисалында "сукукту" чыгарууну апробациялоо каралган.
§ 5.3. Баалуу кагаздардын рыногуна ипотекалык баалуу кагаздарды киргизүү
Кыргыз Республикасында ипотекалык баалуу кагаздардын рыногу жок.
Бул рынокко зыян келтирген дүйнөлүк финансылык кризис бул инструменттин начар жактарын аныктады, ипотекалык кредиттөөнүн механизмдерин жөнгө салуу боюнча проблемалар байкалууда. Ипотекалык кредиттөөнү жана турак жай курулушун өнүктүрүүгө түрткү берүүнүн системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү керек. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан турак жай курулушун жетишсиз каржылоонун шартында турак жай рыногуна инвестицияларды тартуу олуттуу мааниге ээ болууда. Бул үчүн узак мөөнөттүү турак жай кредитин өнүктүрүү жолу менен калкты жеткиликтүү финансылык ресурстар менен камсыздай ала турган турак жайды каржылоонун системасын иштеп чыгуу керек.
Узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-майындагы № 145-б буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, ага Кыргыз Республикасынын ар кандай министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун өкүлдөрү кирген.
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун мүмкүнчүлүгү ар кандай долбоорлорду каржылоодо жетишсиз деңгээлде пайдаланылып жатат. Баалуу кагаздар рыногунун инфратүзүмү фондулук биржа аркылуу ипотекалык баалуу кагаздарды киргизүү үчүн жетиштүү базага ээ. Ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүү жана тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу ишти жөнгө салуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Баалуу кагаздар рыногунда калктын финансылык ресурстарын, курулуш компаниялардын өздөрүнүн жүгүртүүдөгү каражаттарын, ири институттук инвесторлорду (пенсиялык топтомдорду жана камсыздандыруу резервдерин) бириктирүү узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү маселелерин, калктын турак жай проблемаларын чечүүчү катализатор катары кызмат кыла алат.
§ 5.4. Рынокко туунду финансылык инструменттерди киргизүү
Өлкөдө туунду баалуу кагаздардын рыногу (опциондор, варранттар, фьючерстик жана форварддык контракттар д.у.с.) иш жүзүндө дээрлик иштебейт. Бул мындай баалуу кагаздар, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн механизми келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде баалуу кагаздарды, башка финансылык жана/же товардык ресурстарды сатып алуу же сатуу укугу менен байланышкан. Инфляциянын жана туруксуз экономиканын шартында компаниялардын активдери боюнча мөөнөттүү контракттарды түзүү алардын андан ары туруктуу иштөөсү үчүн негиз түзүү менен инвесторлорго өз капиталын сактоого жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүнүн инструменти болуп саналат.
Туунду финансылык инструменттердин рыногун өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- бул секторлордун өнүгүшүнө жолтоо болгон тоскоолдуктарды четтетүү;
- баалуу кагаздар рыногунда жок же өтө жай өнүгүп жаткан секторлорду өнүктүрүүгө түрткү берүү.
Туунду финансылык инструменттердин бардык рыногун өнүктүрүүгө тоскоол болуп саналган факторлорду четтетүү үчүн туунду финансылык инструменттерди киргизүү үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу керек. Мыйзамдык деңгээлде төмөнкүлөр аткарылууга тийиш:
- бул инструменттердин аныкталышы;
- туунду финансылык инструменттер менен бүтүмдөрдү жасоо боюнча тараптардын укуктарынын жана милдеттеринин аныкталышы;
- рынокко катышуучулардын кызыкчылыктарын коргоонун механизмдеринин түзүлүшү;
- туунду инструменттер үчүн негиз болуп кызмат кылуучу активдерге карата коюлуучу талаптардын аныкталышы;
- туунду финансылык инструменттер рыногунун катышуучуларына, ошондой эле туунду финансылык инструменттер менен түзүлгөн операциялардагы тобокелдиктерди башкарууга карата жана туунду финансылык инструменттерди эсепке алуу д.у.с. боюнча талаптардын аныкталышы.
§ 5.5. Корпоративдик облигациялардын ишенимдүүлүгүн жана өтүмдүүлүгүн, анын ичинде эмитенттерге карата талаптарды камсыз кылуу
Акыркы жылдары карыздык баалуу кагаздар рыногу өтө тездик менен өнүгүүдө. Мында эмитенттердин санынын көбөйгөндүгүнө жана рынокко улам жаңы зайымчылардын чыгышына жараша, андагы жүгүртүүдө жүргөн карыздык баалуу кагаздардын кредиттик сапаты төмөндөшү мүмкүн, бул потенциалдуу дефольттордун жана эмитенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калуу коркунучун олуттуу көбөйтөт. Азыркы учурда карыздык баалуу кагаздардын эмитенттерине, анын ичинде алардын финансылык туруктуулугуна карата номиналдуу талаптар бар.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмитенттер акциялардын мурдагы чыгарылышын жайгаштыргандан кийин жана өзү иштеген мезгилден бери үч жылдан эрте эмес, бул мезгилге чейинки эки жылдык баланстарды туура бекиткен шартта, өз капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммада облигацияларды чыгарууга укуктуу. Ошону менен мыйзамдарда финансылык туруктуулукка минималдуу талаптар (жеке капиталдын өлчөмү) жана эмитенттин иштөө мөөнөтү (3 жыл) белгиленген. Эмитенттерге облигацияларды чыгарууда тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берүүчү кошумча талаптарды белгилөөнү караган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу керек. Атап айтканда:
- финансылык туруктуулукка болгон талаптар (чыгымсыз иш);
- кадыр-баркка талаптар (иштөө мөөнөтү, үзгүлтүксүз иши);
- корпоративдик башкарууга талаптар.
Бул ченемдер карыздык баалуу кагаздардын эмитенттерине талаптарды жогорулатуу жана карыздык баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарын коргоого багытталган кошумча механизмдерди түзүү жолу менен инвесторлордун карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларын коргоого багытталат.
§ 5.6. Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу
Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтардын ачуу деңгээлин жогорулатуу, маалыматтык ачык-айкындуулук принциптерин ишке ашыруу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын иши тууралуу бардык кызыкдар адамдарга маалымдоонун эсебинен жетишилет.
Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачыкка чыгаруу маселесин чечүү үчүн маалыматтарды ачыкка чыгаруу процесстерин жөнгө салууга карата ыкмаларды өркүндөтүү зарыл, атап айтканда:
- баалуу кагаздардын эмитентинин жылдык жана кварталдык отчетторунун мазмундарына жана аларды ачыкка чыгаруунун тартиптерине карата талаптарды өркүндөтүү;
- баалуу кагаздардын эмитентинин жылдык жана кварталдык отчетторун түзүүнүн, бекитүүнүн жана жарыялоонун тартибин жана мөөнөттөрүн кыскартууну оптималдаштыруу;
- рыноктун учурдагы абалына таасирин тийгизген маанилүү жана олуттуу фактылар жөнүндө белгилүү учурларда ачыкка чыгаруунун талаптарын белгилөө;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жана баалуу кагаздардын эмитенттери, атап айтканда алардын финансылык абалы, пруденциалдык ченемдердин сакталышы, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Финкөзөмөлдүн ачык ачыкка чыгаруусу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды ачыкка чыгарууга милдеттүү болгон баалуу кагаздардын эмитенттеринин жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын маалыматтар базасында автоматташтырылган "Маалыматтарды ачыкка чыгаруу борборун" түзүү зарыл.
"Маалыматтарды ачыкка чыгаруу борбору" таркатуучу маалыматтарга жетишүү финансылык рыноктун катышуучулары жана инвесторлор үчүн оптималдуу болушу жана оордук келтирбеши керек. Потенциалдуу коммерциялык баалуулукка ээ болгон ачыкка чыгарылуучу маалыматка жетишүү, корпоративдик маалыматты ачыкка чыгаруунун форматтарына карата, ошондой эле аны ачыкка чыгаруунун интерфейсине карата дагы бир түрдөгү техникалык талаптары сакталган шарттарда инвесторлорго берилиши керек.
§ 5.7. Финансылык инструменттерди колдонуу маселелери боюнча калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу
Калктын финансылык сабаттуулугунун жетишсиздиги Кыргыз Республикасы үчүн эле эмес, экономикасы өнүккөн өлкөлөр үчүн да актуалдуу. Бул көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрүн комплекстүү чараларды пайдалануунун эсебинен калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча шашылыш чараларды көрүүгө мажбурлоодо.
Фондулук рынокту андан ары өнүктүрүү үчүн баарыдан мурда калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жолу менен ички инвесторлордун классын калыптандырууну баштоо, Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө жеке инвестицияларды маанилүү звено кылууга мүмкүндүк берүүчү "экономикалык" менталитетти жана көз карашты калыптандырууну түзүү маанилүү.
Бул милдетти чечүү үчүн иши фондулук рынок менен байланышкан мамлекеттин, мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн да биргелешкен күч-аракеттери талап кылынат. Чет өлкөлүк тажрыйбаларды колдонуу калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун максималдуу натыйжалуу программасын иштеп чыгууга, көптөгөн каталарга жол бербөөгө жана кыска мөөнөттө андагы белгиленген максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет.
Калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуунун программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу калктын финансылык рыноктун инструменттерине болгон ишеними, кирешелерди көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүү, калкка ар кандай финансылык инструменттерди пайдалана билүү жаатындагы базалык билим берүү, инвестициялоонун кооптуу сегменттери бар финансылык каражаттарды (валюталарды, жерди, кыймылсыз мүлктөрдү) фондулук рыноктун кирешелүү жана кооптуулугу аз финансылык инструменттерине кайра бөлүштүрүү, калктын каражаттарын экономиканын реалдуу секторуна тартуу зарылдыгынан улам келип чыккан. Эркин акча каражаттарын фондулук рыноктун инструменттерине инвестициялоону каалаган жана ага жөндөмдүү республиканын калкы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын максаттуу тобу саналат.
Аталган программаны ишке киргизүү ата мекендик компанияларга ички инвестициялардын агып киришин камсыздоого, ошондой эле алардын топтогон акчаларын натыйжалуу колдонуунун натыйжасында калктын жыргалчылыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
§ 5.8. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана ачык компаниялардын финансылык туруктуулугун чыңдоо
Бул багытта 2013-2014-жылдары баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын капиталдарына карата минималдуу талаптарды жогорулатуу боюнча Финкөзөмөл тарабынан иштер жүргүзүлдү, ошондой эле тобокелдиктерге адекваттуулук жана өтүмдүүлүктү жогорулатуу көз карашы боюнча баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын активдеринин курамына жана түзүмүнө коюлуучу талаптар белгиленди.
Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга карата талаптарды жогорулатуу боюнча иштерди улантуу талап кылынат, ошондой эле капиталдын адекваттуулугуна жана ачык компанияларды башкарууну уюштурууга карата талаптарды өркүндөтүү боюнча иштерди демилгелөө керек. Бул иш-чаралар Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму (IOSCO) жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (OECD) сыяктуу уюмдар белгилеген жалпыга бирдей кабыл алынган стандарттарды жана принциптерди, эл аралык талаптарды эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Инвесторлорго тийүүчү ар кандай терс кесепеттерден четтөө үчүн ачык компанияларга карата коюлуучу талаптарды күчөтүү керек, анткени ачык компаниялар чөйрөсү чектелбеген адамдардын арасына өздөрүнүн баалуу кагаздарын ачык жайгаштыруу жолу менен акча каражаттарын тартат. Буга байланыштуу ачык компаниялардын баалуу кагаздарынын эмиссияларына карата жогорку талаптарды кароо зарыл.
Мындан ары баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жана ачык компаниялары тарабынан финансылык туруктуулукка карата ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо маселелерин байкоо боюнча иште контролду жана санкцияларды күчөтүү жана этап боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен финансылык туруктуулукка карата талаптарды этап менен жогорулатууну улантуу керек.
Аталган максаттарды ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүү керек:
- ачык компаниялардын финансылык туруктуулугуна карата коюлуучу талаптарды күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана ачык компаниялардын сакташы үчүн контролду жогорулатуу жана оптималдаштыруу.
§ 5.9. Эмитенттерде корпоративдик башкаруунун заманбап стандарттарын киргизүү
2012-жылы Финкөзөмөлдүн аткаруу кеңеши тарабынан ата мекендик компаниялардын ишинде ички колдонуу үчүн корпоративдик башкаруунун кодекси кабыл алынган. 2014-жылдын башында корпоративдик башкаруу кодекси бир гана "Түндүкэлектр" ААКсы тарабынан кабыл алынган. Ата мекендик компаниялардын Кодексти кабыл алуудагы жана компанияда корпоративдик мамилелерди өнүктүрүү маселелеринде аны пайдалануудагы артыкчылыкты түшүнбөгөндүгүнөн кабар берет.
Аталгандар орто мөөнөттүү келечекте бул багыттагы иштин жаңы векторун аныктоого карата мамлекеттик башкаруу органдарына жана корпоративдик секторго түрткү берет.
Корпоративдик башкаруунун заманбап стандарттарын киргизүү үчүн өлкөнүн компаниялары төмөндөгү милдеттерди чечүүсү зарыл:
- капиталда мамлекеттик үлүш катышкан компаниялардын бардыгында корпоративдик башкаруунун кодексин киргизүүнүн тажрыйбасын жайылтуу;
- Кодексти кабыл алуунун жана жайылтуунун тажрыйбасын жалпылоо жана акционердик коомдордо киргизүү үчүн сунушталган Кодекстин артыкчылыгын түшүндүрүү максатында иш жүргүзүү;
- баалуу кагаздарды ачыкка чыгарып жайгаштырган же жайгаштыруучу бир катар жеке компаниялардын иш тажрыйбасына корпоративдик башкаруунун Кодексин киргизүүнү камсыз кылуу;
- акциялары листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категорияларына кирген, андан кийин листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категорияларына облигациялары кирген компанияларга корпоративдик башкаруу кодексин киргизүү жана директорлор кеңешинин иштерине баа берүү боюнча талаптарды таркатуу;
- алгач мамлекеттик үлүш катышкан бардык стратегиялык компанияларда директорлор кеңешинин ишине баа берүүнү киргизүү. Андан кийин капиталга катышуунун мамлекеттик үлүш катышкан стратегиялык компаниялардын аткаруу жана контролдоо органдарынын ишине баа берүүнү баштоо;
- экономиканын реалдуу секторундагы компанияларда ички контролдоо системасын талаптагыдай өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Ички контролдоо системасында текшерүү комиссиясынын ордун жана ролун кайра кароо жана аныктоо;
- мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордогу шайлануучу жана дайындалуучу кызмат адамдары үчүн кесиптик талаптардын системасын өркүндөтүү.
§ 5.10. Мамлекеттик үлүш катышкан компаниялардын акцияларынын 10%ына чейин фондулук биржада "Элдик IPO" өткөрүү
Компаниялардын акцияларынын 10%ына чейин чыгаруу жана жайгаштыруу бул компанияларды андан ары башкарууда мамлекеттин укугуна таасир тийгизбейт, анткени мамлекеттин үлүшүн саткандан кийин дагы 50% бойдон калат, мамлекет компаниянын акцияларынын контролдук пакетине ээ болот.
Ушуга байланыштуу инвесторлордун кеңири чөйрөсүн тартуу менен "Элдик IPO" (IPO - компаниянын акцияларын сатуу үчүн алгачкы ачык сунуштоо) өткөрүү зарыл. Инвестициялык көз караш боюнча алганда мамлекеттик үлүш катышкан компаниялар инвесторлор үчүн жагымдуу.
Мындай компаниялардын акциялары фондулук биржанын листингдик тизмесине кошулуусу үчүн өзүнүн жагымдуулугун жогорулатуу максатында компаниялар фондулук биржанын талаптарына жооп бериши керек. Мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын акцияларынын листингге ийгиликтүү өтүүсү үчүн негизги талаптардын бири алардын ишинин ачык-айкындуулугу болуп саналат.
Бул үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү сунушталат:
- фондулук биржа аркылуу ачык сатуу жолу менен мамлекеттик компаниялардын жана улутташтырылган компаниялардын акцияларынын мамлекеттик пакетинин 10%ына чейин жарым-жартылай бөлүгүн сатуу жөнүндө чечим кабыл алуу. Финкөзөмөлгө баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, алдыңкы аудитордук уюмдар жана башка тажрыйбалуу эксперттер менен биргеликте "Элдик IPO" өткөрүү боюнча чаралардын комплексин, биржада акцияларды сатуунун шарттарын жана механизмдерин даярдоо жана макулдашуу зарыл. Ошону менен "Элдик IPO" үчүн сунушталуучу компаниялардын тизмесине кошуу үчүн жакшы көрсөткүчтөрү жана келечекте наркынын туруктуу перспективалык өсүшү бар компанияларды тандап алуу керек;
- акциялары сатууга этап менен сунуштала турган акционердик коомдордун тизмесин аныктоо керек. Адамдардын анча көп эмес тобунун колунда акциялардын топтолуп калуусун азайтуу үчүн бир адам сатып алуучу акциялардын максималдуу санын чектөө керек.
"Элдик IPO" өткөрүү жарандарга ири стратегиялык ишканалардын акцияларына, ошондой эле инвестициялоо жана чогулган акчаларды көбөйтүү үчүн жаңы инструменттерге ээлик кылууга мүмкүндүк берет.
§ 5.11. Баалуу кагаздарга болгон укукту каттоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 399 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө" жана 2008-жылдын 12-сентябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийин түзүү жөнүндө" токтомдоруна ылайык баалуу кагаздарга укуктарды каттоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле баалуу кагазды кармоочулардын укуктарын коргоо даражасын арттыруу жана финансылык рынокто баалуу кагаздарды борбордошкон эсепке алуунун жана эсептөөнүн жүрүшү үчүн укуктук шарттарды түзүү жолу менен баалуу кагаздар рыногундагы финансылык инструменттерге карата ишенимди чыңдоо зарыл.
Төмөнкүдөй маселелер боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу керек:
- Борбордук депозитарийдин бирдиктүүлүгү жөнүндө талаптарды киргизүү;
- акционердик коомдордогу мамлекетке таандык баалуу кагаздардын пакетин Борбордук депозитарийде сактоо жана эсебин алуу;
- резервдик сактоо жана бардык баалуу кагаздарды кармоочулардын эсебин алуу;
- Борбордук депозитарийге номерлөөчү агенттиктин функцияларын берүү жана кыргыздын баалуу кагаздарына эл аралык коддорду ыйгаруу.
Корпоративдик баалуу кагаздар рыногунун, ошондой эле баалуу кагаздардын мамлекеттик жана муниципалдык рынокторунун дагы сапаттуу тейлөөсү үчүн фондулук биржанын жана Борбордук депозитарийдин иштеринин натыйжалуу жана жөнгө салынган системасын камсыз кылуу зарыл. Рыноктук инфратүзүмдүн мындай институттарынын натыйжалуу иши төмөнкүдөй бир катар проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берет:
- азыр колдонулуп жаткан системага салыштырганда баалуу кагаздарга менчик укуктарынын мыкты корголушун камсыз кылат, корпоративдик талаш-тартыштарда инвесторлордун укуктарын бузуу коркунучун төмөндөтөт;
- баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөр боюнча эсептерди тездетет жана жөнөкөйлөтөт;
- алдыңкы технологияларды бириктирүүнүн жана пайдалануунун эсебинен инвесторлорду тейлөө арзандашы мүмкүн, бул фондулук рыноктун катышуучулары үчүн чыгымдардын жалпы төмөндөшүн камсыз кылат.
Фондулук рынокторду эсепке алуу системасын уюштуруунун дүйнөлүк тажрыйбасы дал ошол Борбордук депозитарий мындай системанын негизги звеносу катары баалуу кагаздардын улуттук рыногунун эсепке алуучу институттарынын ичинде катышууга тийиш экендигин көрсөтүүдө. "Борбордук депозитарий" аркылуу фондулук рыноктогу эсепке алуу институттарынын ишине бирдиктүү стандарттардын киргизилиши мүмкүн, ал ички жана тышкы инвесторлор үчүн баалуу кагаздарга менчик укугун эсепке алуу системасынын жагымдуулугуна (ишенимдүүлүгүнө), ошондой эле кыргыз эмитенттеринин баалуу кагаздарын эл аралык рынокторго чыгышына көмөк көрсөтөт.
§ 5.12. Жамааттык инвестициялоо институтун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Жамааттык инвестициялоо институтун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- калктын тартылышын жогорулатуу. Республикада чекене инвестициялык фонддордун өсүшү үчүн чоң потенциал бар. Бир миллион адамдан турган кардардык базанын деңгээли өз милдеттерине адекваттуу маанилүүлүккө ээ болду жана социалдык жактан маанилүү тармактардын чөйрөсүнө кирет деп далилдөөгө мүмкүндүк берет;
- инвестициялык фонддордун инвестициялык портфелине карата коюлуучу талаптарды либералдаштыруу керек, анткени жамааттык инвестициялоо институттарын өнүктүрүүнүн жагымдуу шарттарын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттер жетиштүү санда болушу керек. Азыркы учурга жамааттык инвестициялоо институттарына жамааттык инвестициялоо институттардын курамынын жана инвестициялардын түзүмүнүн мыйзам тарабынан чектелгендигине байланыштуу инструменттердин өтө тар чектелген чөйрөсү гана жеткиликтүү. Инвестициялоо үчүн жеткиликтүү инструменттердин чектелген тизмеси инвестициялардын натыйжалуулугун, ошондой эле менеджмент-тобокелдикти ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктү дагы олуттуу төмөндөтөт;
- инвестициялык фонддун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, ошондой эле банк системасында окуялардын жагымсыз өнүгүшүндө төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн максималдуу планкасын белгилөө менен инвесторлорго төлөмдөрдү камсыз кылуучу Салымдарды камсыздандыруу боюнча агенттикке окшогон атайын кепилдик фондун түзүү жолу менен алардын иши үчүн туруктуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жолу менен активдердин сакталышын камсыз кылуу.
Бул милдетти чечүү ипотекалык баалуу кагаздар аркылуу турак жай куруу чөйрөсүнө, инфратүзүмдүк облигациялар аркылуу инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү долбоорлорго инвестициялык ресурстарды тартууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул механизмдерди ишке ашыруу башка болуп жаткан проблема-инструменттердин чектелүүсүн чечүүгө көмөк көрсөтөт.
Жогоруда саналып өткөн бардык жолдор Кыргыз Республикасында жамааттык инвестициялоо институттарын андан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет, ал өз кезегинде белгилүү бир деңгээлде өлкөдөгү инвестициялык активдүүлүккө оң таасирин тийгизет.
Рейтингдик баалоону түзүү - компаниялардын ишинин кооптуулук деңгээлин аныктоодогу ыкмалардын бири. Дүйнөлүк тажрыйбада рейтинг инвестициялык процесстин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Карыздык милдеттенмелердин эмитенттери үчүн рейтингдик баанын болушу инвестицияларды тартуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
Рейтингдик агенттиктердин башкы дайындалышы инвесторлордун корголуусунун деңгээлин баалоо үчүн финансылык рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Инвесторлордун укуктарын коргоо көз карашы боюнча алганда Кыргыз Республикасында рейтингдерди киргизүү инвестициялардын ишенимдүүлүгүнүн кошумча критерийи катары керектүү шарт болуп саналат. Баалуу кагаздардын эмитенттерине рейтингдик баа берүү системасын киргизүү жана өнүктүрүү этабы менен жана комплекстүү өтүшү керек.
Келечекте ачык компаниялар милдеттүү тартипте таанымал болгон улуттук рейтинг агенттиктеринин кредиттик рейтингине ээ болууга тийиш. Улуттук рейтинг агенттиктери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациялоодон өтүүгө тийиш.
Бул багытты өнүктүрүү максатында кырдаалга комплекстүү талдоо жүргүзүү, Кыргыз Республикасында акционердик коомдордун ишине мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу жана баалуу кагаздар рыногунда улуттук рейтингдик системаны киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл.
§ 5.14. Баалуу кагаздар рыногунда өз алдынча жөнгө салуучу уюмдарды түзүүгө түрткү берүү
Рыноктук экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө финансылык рынокторун улуттук жөнгө салуу системасында өз алдынча жөнгө салуучу уюмдардын (мындан ары - ӨЖСУ) болушу милдеттүү шарт болуп саналат. Фондулук инвесторлордун эл аралык федерациясы (IFCI) тарабынан жарыяланган фондулук рыноктун ишин уюштуруунун отуз принцибинен экөө ӨЖСУнун милдеттүү түрдө болуусуна арналган.
Баалуу кагаздар рыногунда ӨЖСУну түзүүнүн жана анын иштөө тартиби, негизги максаты жана милдети "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Финкөзөмөл баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата негизги талаптарды белгилейт жана уруксаат берет, ал эми ӨЖСУ - көбүнчө кесипкөй ишти жүзөгө ашыруунун деталдуу стандарттарын жана алардын ички документтерине болгон талаптарды белгилейт. Ага ылайык ӨЖСУ контролдоону, анын ичинде ӨЖСУ белгилеген стандарттардын жана эрежелердин алардын мүчөлөрү тарабынан сакталышына текшерүү жүргүзүүнү ишке ашырат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларына ылайык Финкөзөмөлдүн функциялары болуп саналган ыйгарым укуктар ӨЖСУга өткөрүлүп берилбейт.
Баалуу кагаздар рыногунда ӨЖСУну түзүү, ошондой эле ӨЖСУга төмөнкүдөй функцияларды өткөрүп берүү менен аларды түзүүгө жана анын ишине дем берүү керек:
- кесиптик этиканын стандарттарын сактоону;
- баалуу кагаздардын ээлеринин жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын башка кардарларынын кызыкчылыктарын коргоону;
- баалуу кагаздар рыногунда натыйжалуу ишти камсыз кылуучу баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүдө кошумча эрежелерди жана стандарттарды белгилөөнү;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын адистерин сертификациялоону;
- талапкер катары сунуш кылуунун алдында аларды тандап алуу үчүн зарыл шарт болуп саналган мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлүгүнө талапкерлерди сертификациялоону.
Ушул Концепцияга жана анын негизинде иштелип чыккан иш-чаралардын планына мониторинг жүргүзүү жана ишке ашырылышын баалоо ар бир жарым жылда бир жолу мезгил-мезгили менен өткөрүлөт.
Жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде мезгил-мезгили менен ушул Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бааланат. Алынган жыйынтыктардын негизинде иш-аракеттердин натыйжалуулугун арттыруу, аткаруучулар жана өнөктөр менен координациялоону жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө, аны экономиканын өсүшү үчүн финансылык ресурстарды кайра бөлүштүрүүнүн натыйжалуу механизминин багытына кайра өзгөртүп түзүүгө, фондулук рынокту (анын инфратүзүмдөрүн) ар тараптуу өнүктүрүүгө жана чыңдоого, улуттук фондулук рынокто ипотекалык баалуу кагаздар, ислам баалуу кагаздары (сукук) жана туунду баалуу кагаздар сыяктуу финансылык инструменттердин жаңы түрлөрүн кеңейтүүгө, баалуу кагаздар рыногунда маалыматтык ачык-айкындуулукту арттырууга, калктын финансылык инструменттерди колдонуу маселелери боюнча финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга, фонддук рынокко калкты тартууга жана ага активдүү катышуусуна, инвестициялоонун өсүшүнө ж.б. көмөк көрсөтөт.
Саясий туруктуулук, экономикалык өсүштүн перспективдүү пландары жана салыштырмалуу либералдуу мамлекеттик жөнгө салуу баалуу кагаздар рыногунун туруктуу өнүгүүсүнө түрткү берет жана фондулук рыноктун жагымдуулугуна, баалуу кагаздар рыногунда тобокелдиктерди азайтууга көмөк көрсөтөт.
Дүйнөлүк жана региондук финансылык рыноктун, атап айтканда жалпысынан өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири катары баалуу кагаздар рыногунун активдүүлүгүнүн өсүшү Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу ата мекендик компанияларга жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына ЕАЭБнин мүчө-мамлекеттердин финансылык рынокторуна чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жагымсыз (тобокелдиктерге) өбөлгөлөргө дүйнөлүк мейкиндиктеги саясий кырдаал, экономикага таасир тийгизүүчү тышкы факторлор, өлкөнүн экономикалык өсүш темпинин туруксуздугу кирет, бул жыйынтыгында тышкы инвесторлор үчүн, ошондой эле ички инвесторлор үчүн дагы ата мекендик компаниялардын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизет жана Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунун маанисин жана жагымдуулугун төмөндөтөт.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме