Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγн аскер институтун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык, жерлерди которуу боюнча райондук комиссиянын 2015-жылдын 3-сентябрындагы корутундусун, Чуй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылдык кеңешинин кезексиз XVII сессиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 58/XVII-26 токтомун, Чуй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылдык аймагынын Новопокровка айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 117 чечимин, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 8-сентябрындагы № 185 жана 2015-жылдын 30-декабрындагы № 327-6 буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкγлγнγн аппаратынын сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жалпы аянты 20,0 га кайрак айдоо (мелиоративдик даярдоо жерлери) жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кγчтѳрγн аскер институтун куруу учун которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын (Ѳкмѳтγнγн Чуй облусундагы, ыйгарым укуктуу окулунун аппараты жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштγγ ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздасын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган кунден он кун еткенден кийин кучуне кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлγмγнѳ, уюштуруу-инспектордук иштер жана ѳз алдынча башкаруу бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |