Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 54 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтү,
илим жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара каалоону билдирип,
ушундай кызматташуу өз ара кызыкчылыкты жаратуучу маселелерди чечүү үчүн Тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүгө мүмкүндүк берерин көңүлгө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык жалпы кабыл алынган принциптерди жана ченемдерди жетекчиликке алышат.
2-берене.
Тараптар төмөнкү формаларда кызматташууну ишке ашырышат:
илимий тажрыйбалар, методикалар, илимий-техникалык маалыматтар менен алмашуу;
алдыңкы технологиялар менен алмашуу;
илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууда көмөк көрсөтүү;
илимий семинарларды жана конференцияларды уюштуруу.
Кызматташуу башка өз ара макулдашкан формаларда дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.
3-берене.
Тараптар жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоодо кызматташууну колдошот.
Бул максаттар үчүн Тараптар төмөнкүлөрдү колдошот:
- алмашуу квотасынын алкагында илимдин кандидаты жана доктору наамы бар адамдарды узак мезгил ичинде стажировкалардан өткөрүүнү;
- диссертацияларга биргелешкен жетекчиликти;
- тикелей келишимдердин негизинде биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу үчүн илимий кызматкерлерди өз ара жиберишүүнү;
- лабораториялар ортосунда тикелей байланыштарды түзүүнү.
4-берене.
Тараптар тең укуктуу жана өз ара пайдалуу илимий-техникалык кызматташууга көмөк көрсөтүшөт.
Кызматташуу багыттарын өз ара кызыкчылыкка жараша Тараптар аныктайт.
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын эске алуу менен ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жыйынтыгында түзүлгөн же кайтарымсыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон интеллектуалдык менчикке укуктарын коргоону камсыз кылышат.
5-берене.
Тараптардын илимий-изилдөө уюмдарынын ортосундагы тикелей илимий байланыштарды түзүүгө тараптар өбөлгө түзүшөт.
6-берене.
Ушул Макулдашуу өз ара финансылык милдеттенмелерди карабайт.
Тараптардын кызматкерлеринин өз ара командировкаларын каржылоо жана анын шарттары ар бир конкреттүү учурда кошумча сүйлөшүлөт.
7-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдердин келип чыгуучу алардын милдеттерине жана укуктарына тиешеси болбойт.
8-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протокол менен таризделет жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9-берене.
Ушул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө Тараптардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыкса, алар тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду ар бир Тараптын аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу тиешелүү мезгил аяктаарына алты ай калганга чейин Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоо жибербесе, ар бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
Бишкек шаарында 2015-жылдын 5-августунда ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде болгон эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |