Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 95
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" жана "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" жана "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" жана "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-1-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-берененин 2-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстиндеги "пайданы" деген сөз "кирешени" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 20-беренеде:
экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган монополияга каршы мыйзамдарды бузуудан жана башка түшүүлөрдөн сумманын 25 пайыз өлчөмүндөгү которуулардын эсебинен" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацтын тексти мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы органдын материалдык-техникалык базасын бекемдөө, иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана кызматкерлердин социалдык корголушун камсыздоо максаттарында Монополияга каршы органды өнүктүрүү жана Материалдык камсыздоо фонду түзүлөт.";
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул фондду түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми 1 жана 2-беренесинин экинчи абзацтары 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |