Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 86
"Каприз" жана "СК Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомдордун уставдык капиталдарындагы мамлекеттик үлүштөрүн менчиктештирүүнү кайра баштоо жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 3816-V "Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 3816-V "Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т.А. Сариев |