Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 106 токтому менен бекитилген |
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандарын ыктыярдуу элдик кошуундардын (мындан ары - ЫЭК) курамында, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттан тышкаркы кызматкери катары (мындан ары - штаттан тышкаркы кызматкерлер) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын (мындан ары - мамлекеттик чек ара) кайтарууга тартуунун маселелерин жөнгө салат.
2. ЫЭК - бул Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара наряддары менен бирдикте Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен түзүлүүчү жарандардын ыктыярдуу бирикмелери.
3. Өз ишинде ЫЭК жана штаттан тышкаркы кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыктыярдуу түрдө жардам көрсөтүүнү каалаган, Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймагында туруктуу негизде жашаган 18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары ЫЭКтин мүчөсү жана штаттан тышкаркы кызматкери боло алышат.
5. ЫЭКтин мүчөлөрү жана штаттан тышкаркы кызматкерлери Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Мамлекеттик чек араны кайтарууда төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу үчүн тартылат:
- чек ара тилкесинде Мамлекеттик чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарынын чегинде чек ара режиминин сакталышы үчүн контролду камсыздоого катышуу;
- Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн же кесип өтүүгө аракеттенген, же башка укукка каршы аракеттерди жасаган адамдарды издөөгө катышуу;
- жарандарга Мамлекеттик чек ара режиминин жана чек ара режиминин эрежелерин түшүндүрүү.
ЫЭКтин мүчөлөрүн жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча башка милдеттерди чечүү үчүн тартууга жол берилбейт.
6. ЫЭКтин мүчөсүнө жана штаттан тышкаркы кызматкерге Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте күбөлүк берилет.
7. Мамлекеттик чек араны кайтарууга ЫЭКтин мүчөлөрүнүн катышуусу ЫЭКтин командирлери жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтарган бөлүнүштөрдүн (чек ара заставасы, бөлүмү) начальниктери менен макулдашылат.
8. Штаттан тышкаркы кызматкерлердин Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышуусу ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттердин чегинде бөлүнүштөрдүн начальниктеринин өзүнчө тапшырмаларын аткарышын түшүндүрөт.
9. Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышууда ЫЭКтин мүчөлөрү жана штаттан тышкаркы кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бөлүнүштүн башчысынын жана ЫЭКтин командиринин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн ак ниет аткарууга;
- Мамлекеттик чек ара режимин жана чек ара режимин бузуу даярдалып жаткан же бузулган фактысы белгилүү болгон учурда бөлүнүшкө жана ЫЭКтин командирине өз убагында кабарлоого;
- Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышууда ЫЭКтин мүчөсүнүн же штаттан тышкаркы кызматкердин күбөлүгүн жанында алып жүрүүгө;
- жыйын жарыяланган учурда жыйналуу жерине уюштуруу чогулушу бекиткен тартипте келүүгө.
10. ЫЭКтин мүчөсү жана штаттан тышкаркы кызматкер Мамлекеттик чек араны кайтарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- коштоочу катары чек ара наряддарынын кызмат өтөөсүнө катышууга;
- чек арага жакын аймактардын чегинде чек ара наряддары менен бирдикте жарандардын документтерин текшерүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын жана алар ташыган жүктү дыкат текшерүүгө катышууга;
- чек ара наряддарына Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин бузууда шектүү адамдарды кармоодо жана алардын өздүгүн жана режим бузулган жагдайды териштирүү үчүн тийиштүү бөлүнүштөрдүн карамагына кармалгандарды жеткирүүдө көмөк көрсөтүүгө;
- чек ара наряддары тарабынан укук бузууларга бөгөт коюуда табылган буюм далилдердин сакталышын камсыздоо жана аларды андан ары тиешелүү бөлүнүштөргө өткөрүп берүү боюнча чараларды көрүүгө;
- Мамлекеттик чек ара кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жердин айрым участокторуна баруусун чектөө жана чек ара издөөлөрүн, операцияларын жана башка режимдик иш-чараларды өткөрүүдө жарандарды бул тилкеден чыгарууга көмөк көрсөтүүгө.
11. Мамлекеттик чек араны кайтарууга түздөн-түз катышкан ЫЭКтин мүчөлөрүн жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган укуктук жана социалдык коргоого кепилдик берилет.
12. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЫЭКтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана координациялоо максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат, ЫЭКти түзүүгө көмөктөшөт, алардын ишин жетектейт, Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан жарандарды жана ЫЭКтин мүчөлөрүн окутууну уюштурат жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Мамлекеттик чек араны кайтарууга жарандарды жана ЫЭКтин мүчөлөрүн башка формаларда тартуу маселелери боюнча сунуш киргизет.
13. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышуусунун башка формалары ушул Тартиптин 5-пунктунда аталган Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын биргелешкен чечими менен аныкталат.
14. Мамлекеттик чек араны кайтарууга жигердүү катышкан ыктыярдуу кошуундардын мүчөлөрү жана штаттан тышкаркы кызматкерлери сыйланышат, анын ичинде алкыш жарыялоо, ардак грамотасы менен сыйлоо, баалуу белек же акчалай сыйлык тапшыруу жолу менен сыйланышы мүмкүн.
15. Мамлекеттик чек араны кайтарууда көрсөткөн өзгөчө кызматы жана көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн ЫЭКтин мүчөлөрү жана штаттан тышкаркы кызматкерлери Кыргыз Республикасынын өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктары менен белгиленген тартипте сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.