Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 87
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509, 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 19 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускамада:
- Нускаманын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "начальник" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "башчы" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |