Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-марты № 140
Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча иштерди координациялоо жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча иштерди координациялоо жөнүндө келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги Келишимдин алкагындагы иш-чараларды тиешелүү жылга республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2016-жылдын 31-мартындагы № 5-6 (506-507) саны менен жарыяланды
Премьер-министри | Т.А. Сариев |