Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-марты № 149
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 аскер бөлүгүнүн Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан "Кара-Мык" чек ара заставасына Тилек баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Келечек муундарды мекенчилдик сезимге тарбиялоо жана Тилек баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 21-232 чечимин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 аскер бөлүгүнүн Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан "Кара-Мык" чек ара заставасына Тилек баатырдын ысымы ыйгарылсын жана мындан ары "Кыргыз Республикасынын Мамлекетик чек ара кызматынын 2024 аскер бөлүгүнүн Тилек баатыр атындагы "Кара-Мык" чек ара заставасы" деп аталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |