Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № 166
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пунктундагы ", миграция жана жаштар" деген сөздөр "жана социалдык өнүгүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:
4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-пунктундагы "Социалдык" деген сөз "Эмгек жана социалдык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10 жана 14-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
21-пунктундагы "Дене" деген сөз "Жаштар иштери, дене" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:
"33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |