Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 211
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жободо:
- 26-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Эгерде даярдоочу (сатуучу) анын продукциясы кайра иштетүүсүз колдонууга жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө чечим менен макул болбосо, административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, ал сотко чейинки тартипте даттанууга укуктуу.".
2. Ушул токтом "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |