Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 178
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Илимий-техникалык иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
6-пункт "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги," деген сөздөр менен толукталсын;
Эскертүүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болот. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору болот.".
2. Ушул токтомдун 1-пунктун аткаруудан келип чыгуучу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин штаттык санынын жана аларды каржылоого каралган эмгек акы төлөө фондусунун чегинде төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |