Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 189 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу байырлаган жана өскөн, сейрек кездешүүчү жоголуп бараткан же жоголуп кетүү коркунучунда турган, анын ичинде глобалдуу мааниге ээ болгон жапайы жаныбарлардын, жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн (түрчөлөрдү, популяцияларды) Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүүнүн же чыгаруунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин түзүмүн белгилейт, анын структурасын, ошондой эле аны жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби (мындан ары - Кызыл китеп) сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучунда турган, анын ичинде глобалдуу мааниге ээ болгон түрлөрдү (түрчөлөрдү, популяцияларды), жапайы жаныбарлардын, жапайы өскөн өсүмдүктөр жана козу карындар (мындан ары - сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындар) жөнүндө биология, алар байырлаган чөйрө жана абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү, өстүрүү (культивациялоо), пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтар жыйындысын камтыйт.
3. Кызыл китеп Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кадастрынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
4. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
акклиматташтыруу - организмдердин (популяциялардын) туруктуу кайра жаратуучу топторун түзүү менен аймактык, жасалма же табигый жайгаштыруудан кийин организмдерди жаңы жашоо шартына ыңгайлаштыруу;
түрдүн/түрчөнүн ареалы - түрдүн/түрчөнүн туруктуу байырлашына көз карандысыз белгилүү бир түрдүн/түрчөнүн, жаныбарлардын географиялык таркалышы;
түр/түрчө - тукум куучулук белгилери тукумуна өтө турган, бир-бирине окшоштугу бар жаныбарлар тобу;
жаныбарлар дүйнөсү - мыйзам менен коргоого алынган табигый эркиндик абалындагы экологиялык, экономикалык жана маданий-саламаттык сактоо функцияларын аткаруучу курт-кумурскалар, сойлоочулар, айбанаттар, куштар, балык ж.б. суу жаныбарларын камтыган табият объектиси;
лимиттөөчү факторлор - организмге талашсыз өтө маанилүү таасир тийгизүүчү факторлор;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери - жапайы сүт эмүүчүлөр, куштар, сойлоочулар, кургакта, сууда жашоочулар, курт-кумурскалар, балыктар, суу жаныбарлары жана өсүшүнүн бардык стадияларындагы (жумуртка, пилла, куурчакча, төлү, личинка ж.б.) сууда жашоочу омурткасыздар, бул жаныбарлардын бир бөлүгү, башка продукциялары;
популяция - узак убакыт бир аймакты байырлаган (белгилүү бир ареалды ээлеген) жана башка ушундай эле топтогулардан анча-мынча же толук бөлүнүп келген түрдөгү/түрчөдөгү организмдердин жыйындысы;
сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар - табигый шарттарда өзүн-өзү сактап калгыдай жана сактагыдай сан-эсеби жетишсиз жоголуу коркунучунда турган айбанат түрлөрү;
жаныбарлар дүйнөсү байырлаган чөйрө - жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери табигый эркиндик абалында байырлап жашаган табигый чөйрө;
таксономия - классификациялоо жана системалаштыруу принциптери жана тажрыйбасы жөнүндө окутуу;
топонимдер - дарыя, көл, саз, калктуу конуш, көчө, жана рельефтин айрым бөлүктөрүнүн жекече аталыштары, же башкача айтканда географиялык аталыштар;
экосистема - тирүү жандыктардын жана алар байырлаган чөйрөнүн бирдиктүү жашоо шарты.
2. Сейрек кездешүүчү жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана козу карындарды Кызыл китепке киргизүү жана чыгаруу тартиби
5. Кызыл китеп сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындар тизмесинин негизинде түзүлөт.
6. Кызыл китепке сейрек кездешүүчү жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана козу карындарды киргизүү же чыгаруу маселелерин кароо үчүн айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кызыл китеп боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
7. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринин, жогорку окуу жайларынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана бирикмелердин, эл аралык илимий уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
8. Комиссия тууралуу жобо жана анын курамы айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан бекитилет.
9. Сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындардын таралышы, саны жана пайдаланылышы, ошондой эле байырлаган же өскөн чөйрөсүнүн абалы жана өзгөрүүлөрүнүн мүнөзү жөнүндө маалыматтардын анализинин жана баалоонун жыйынтыктарынын негизинде Комиссия аларды Кызыл китепке киргизүү же аларды чыгаруу сунушун киргизет.
10. Тигил же бул жаныбардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындарды (түрчөлөрүн, популяциясын) Кызыл китепке киргизүүгө алардын санынын кыскарышы, абалынын начарлашы, алардын ареалдарынын жана өсүү аймактарынын кыскарышы, алардын жашоо тиричилигин улантууга оңтойлуу шарттардын жоктугу жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды өндүрүүчү, аларды коргоого жана кайра көбөйтүүгө ыкчам аракеттерди көрүү максатында көрүлгөн иш аракеттер негиз болот.
11. Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде колдонулуучу сейрек кездешүүчү жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана козу карындарды Кызыл китепке киргизүү артыкчылыктуу тартипте каралат.
12. Комиссиянын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын аймагындагы сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындардын тизмесин кароого киргизет.
13. Тизме латын, кыргыз жана орус тилдеринде синонимдери жана альтернативдүү аталыштары көргөзүлбөстөн киргизилүүгө тийиш.
14. Комиссиянын сунушунун негизинде, саны жана жашоо шарты коркунуч алып келбей турган деңгээлге жеткен, баа берилбей туруп же кандайдыр бир жаңылыштык менен тизмеге кирип калган сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрү тизмеден чыгарылууга тийиш.
15. Тизме он жылда кеминде бир жолу каралат.
3. Кызыл китептин түзүмү жана аны жүргүзүү
16. Сейрек кездешүүчү жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындардын тизмесинин негизинде кошумча маалымдоо, изилдөө иш чараларын жүргүзүү, кайтаруу жана калыбына келтирүү максатында Кызыл китептин (мукабалуу түрү) басылмасы он жылда кеминде бир жолу чыгарылып турат.
17. Кызыл китептин басылмасы (китеп версиясы) төмөнкүдөй томдордон турат: жаныбарлар (1 том), өсүмдүктөр жана козу карындар (2 том). Ар бир том басылмадан бир китеп катары чыгарылат же ал бир нече бөлүктөн турат (бөлүмдөр топтору боюнча же өзүнчө бөлүктөр боюнча).
18. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын ар бир түрү (түрчөсү, популяциясы) үчүн төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар келтирилет:
- түрдүн (түрчөнүн, популяциянын) аталышы, латын, кыргыз жана орус тилдеринде;
- түрдүн (түрчөнүн, популяциянын) систематикалык абалын;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдуу тартипте күчүнө кириши менен кабыл алынган түрдүн (түрчөнүн, популяциянын) жоголуп кетүү категорияларын, зарыл болсо түрдүн (түрчөнүн, популяциянын) табигый коргоо статусун;
- түрдүн (түрчөнүн, популяциянын) сыпаттамасы жана сүрөтү (фотосүрөтү), ошондой эле организмдин өсүшүнүн мүнөздүү жаш-курактык жана сезондук өзгөчөлүктөрү (жумурткалашы, личинкалары, куурчакчасы, касталары, өнүмдөрү, ургаачы жана эркек гүлчөлөр, мөмөлөр) жана башка маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында же башка өлкөлөрдө таралышын (өткөндөгү жана азыркы);
- Кыргыз Республикасынын карта-схемасында схема түрүндө берилишин;
- байырлаган түрдүн сыпаттамасын;
- түрдүн (түрчөнүн, популяциянын) биологиясы, көбөйүүсүнүн абалы жана байырлаган чөйрөсүн (жери);
- түрдүн (түрчөнүн, популяциянын) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана дүйнөдөгү популяциясынын санын баалоо, санынын динамикасын (өзгөрүү тенденциясы);
- лимиттөөчү факторлор жана коркунучтар, түрлөрдүн жалпысын же түрчөлөрдүн өзүнчө сандарынын жана ареалдарынын өзгөрүүлөрүнүн себептери жана жасалма жол менен көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды;
- түрдү (түрчөнү) сактоо, калыбына келтирүү жана мүмкүн болуучу пайдаланылышы боюнча сунуштарды;
- түзүүчү-авторго жана колдонулган булактарга шилтемин.
19. Кызыл китептин басылмасын даярдоого жана жарыялоого байланышкан иштерди аткаруу ыйгарым укуктуу орган түзүүчү Редакциялык коллегияга (мындан ары - Редколлегия) жүктөлөт.
20. Редколлегия:
- Кызыл китептин басылмасынын долбоорун даярдоо боюнча аткаруучулардын чөйрөсүн, башкача айтканда, чыгаруу үчүн жооптуу адамды, бөлүмдөрдүн илимий редакторлорун, очерктерди түзүүчүлөрдү, рецензенттерди, техникалык редакторду, корректорлорду, сүрөтчүлөрдү, жасалгалоочуларды, котормочуларды аныктайт;
- очерктерди түзүүнү жана тексттерди редакциялоону координациялайт, Кызыл китептин басылмасынын жалпы дизайнын иштеп чыгат жана макетин чогултат, сүрөттөрдү тандайт;
- Кызыл китептин полиграфиялык басылышына жана көбөйтүлүшүнө субъектти белгиленген тартипте тандайт.
21. Кызыл китептин басылмалары (китеп версиялары) түзүмү жана мазмуну боюнча окшош түрдө жана тийиштүү тексттердин автор-түзүүчүлөрүнүн автордук укуктарын сактоо менен басылып чыгарылат.
22. Кызыл китептин илимий-популярдуу версияларынын жарыяланышына жол берилет.
23. Кызыл китепти жүргүзүү жана мезгил-мезгили менен жарыялоого байланышкан иштер тиешелүү жылга каралган каражаттардын жана ыйгарым укуктуу органдын атайын каражатынын чектеринде, гранттардын ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардын эсебинен каржыланат.