Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-майы № 278
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ѳрт кѳзѳмѳлγ жѳнγндѳ жобону бекитγγ тууралуу" токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ѳрт кѳзѳмѳлγ жѳнγндѳ жобону бекитγγ тууралуу" токтомуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ѳрт кѳзѳмѳлγ жѳнγндѳ жободо:
- 36-пункту тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын:
"36. Эгерде даттануу же арыз берген адам кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал жогору турган ыйгарым укуктуу органга административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан ары "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык -соттук тартипте кайрыла алат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |