КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 255
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти