Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 448
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун 19-20-пункттарындагы "бир жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "үч жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары төмөнкү мамлекеттик органдарга (башка мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбеген жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбаган бөлүгүндө) өткөрүлүп берилсин:
1. Кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарга ылайык форма кийимдерин (аскер, атайын (ведомстволук) кийүүгө укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына - форма кийимдеринин сүрөттөлүшүн, айырмалоо белгилеринин үлгүлөрүн жана форма кийимдеринин фурнитураларын, ошондой эле аны кийүү эрежелерин бекитүү чөйрөсүндө.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана административдик ведомстволоруна, анын ичинде кызыкдар мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүү чөйрөсүндө, буга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр жана анын орун басарлары жетектегендер кирбейт.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, төмөнкү чөйрөдө:
- опурталдуу, ири көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө;
- коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндө, Ички иштер органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесин жана Аларды колдонуу эрежесин бекитүү бөлүгүндө;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча оперативдик-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин бекитүү, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу практикасы менен максимум бирдейликти камсыз кылуу үчүн аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу жоболорду, нускамаларды, жол-жоболорду, программаларды, колдонмолорду жана башка мыйзамдан келип чыгуучу актыларды бекитүү, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин инспекторлорунун маалымдамаларын бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- жол тармагы чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды бекитүү;
- автомобиль жана темир жол тармактары чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды бекитүү;
- суу транспорту чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, методикаларды бекитүү.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары, жогорку жана орто кесиптик билим берүү адистиктери боюнча, мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарындагы предметтер боюнча (жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттеринен, жогорку жана орто кесиптик билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынан башка) мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- жеке нотариустук иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдын стажировкадан өтүү тартибин;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустарынын иш кагаздарды жүргүзүүсү боюнча эрежелерди;
- жеке нотариустук иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону;
- ведомстволук нотариустук архив жөнүндө жобону;
- нотариустар жок калктуу конуштарда консулдук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын (айыл өкмөттүн) кызмат адамдарынын нотариустук иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин;
- нотариустук иш-аракеттерди, нотариустук күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүлүүчү документтердеги ырастоочу жазууларды каттоо реестрлеринин формаларын;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы адвокаттык иш маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту түзүү талаптарын;
- бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди;
- мамлекеттик зайым каражаттарды максаттуу пайдалануунун методикасын жана мониторинг жүргүзүү тартибин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик зайым каражаттар боюнча карыздардын үмүтсүздүк статусун аныктоо методикасын;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө методикалык документтерди бекитүү, анын ичинде:
бөлүм жана конкурстук комиссия жөнүндө жоболорду;
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эки этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;
мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз жабдуучу-берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобону;
алкактык макулдашууну колдонуу жөнүндө жобону;
конкурстук арыздарга баа берүү боюнча методикалык нускаманы;
аудиторду аныктоо тартиби жөнүндө жобону;
электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө жобону;
бааны азайтып сатып алуу ыкмасы менен конкурс өткөрүүнүн тартибин;
ички жабдуучу-берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускаманы.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- министрликтин компетенциясына кирген социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
- аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортунун формасын жана аны толтуруу тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү;
- атайын протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмесин, аларды жасоого жана оңдоого кетүүчү материалдардын жана убакыттын нормасын;
- министрликтин компетенциясына кирген социалдык тейлөө кызматтары боюнча методикалык сунуштарды, нускамаларды, көрсөтмөлөрдү;
- министрликтин аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле банктардын филиалдары, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдары тарабынан жумушка орноштурууга пассивдүү жана активдүү көмөк көрсөтүү чараларын төлөө тартибин;
- Жумуштардын жана жумушчулардын кесиптеринин бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдамаларын;
- Жетекчилердин, адистердин жана кызматкерлердин кызмат орундарынын бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын;
- бюджеттик чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын ишинин убактысынын жана өлчөмүнүн ченемдерин;
- эмгек келишиминин үлгү формаларын;
- уюмдун эмгек тартиби боюнча типтүү жоболорду.
9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Өкмөттүн чечими менен тийиштүү жылга бекитилген юбилейлик иш-чаралардын тизмесине ылайык көрүнүктүү инсандардын юбилейлерин майрамдоо боюнча уюштуруучу комитеттердин курамдарын;
- музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо эрежелерин.
10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- мамлекеттик курулмаларды, имараттарды, анын ичинде административдик курулмаларды жана имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы;
- экономикалык болжолдоо боюнча методологиялык документтерди;
- республиканы, региондорду жана райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу параметрлерин эсептөө үчүн зарыл болгон формаларды жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин;
- стратегиялык пландоону жана ар кандай деңгээлдеги стратегиялык документтерди иштеп чыгууга карата бирдей ыкманы ишке киргизүү боюнча методологияны;
- берилген жана кабыл алынган шайкештик сертификатынын реестринин формаларын;
- мамлекеттик материалдык резерв чөйрөсүндө методикалык документтерди.
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- медициналык жана фармацевт кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, ошондой эле чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевттик билим алган адамдарга жана чет өлкөлүк жарандарга медициналык же фармацевттик ишке уруксат берүү жагындагы жобону;
- Кыргыз Республикасындагы түрдүү категориядагы жарандар үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин формасын;
- саламаттык сактоо уюмдары Бирдиктүү төлөөчү тутумунда көрсөтүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу жөнүндө жобону;
- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү тартибин жана шарттарын.
12. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө жобону;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн жана башка алар менен бирдей, Кыргыз Республикасында аккредиттелген өкүлчүлүктөрдү жайгаштыруу тартиби жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин компетенциясындагы мамлекеттик (консулдук) тейлөөлөрдүн административдик регламенттерин;
- жарандык абалдын актыларын каттоо, мекенине кайтуу жөнүндө күбөлүктөр, нотариустук иш-аракет маселелери, визалык стикерлер боюнча жана Кыргыз Республикасынын башка дипломатиялык кызмат органдары пайдалануучу башка тыкыр отчеттук бланктарды алуунун, сактоонун, эсептен чыгаруунун тартибин;
- аткарылуучу консулдук иш-аракеттер боюнча документтерди кабыл алуу жана берүү тартибин, эрежелерин.
13. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Жайыт комитетин түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартиби жөнүндө типтүү жобону;
- Жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө типтүү жобону;
- айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө долбоорлук-сметалык документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
- айдоо аянттарынын мониторинги жөнүндө жобону;
- топуракты изилдөөнүн материалдарын корректировкалоонун методикасын;
- геоботаникалык изилдөөнүн материалдарын корректировкалоонун методикасын;
- облустук жер экспедициялары жөнүндө жобону.
14. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө окуялар же кырдаалдар болгондо аба кыймылын тейлөө жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин;
- чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык линиясы боюнча алынуучу (келүүчү) курал-жаракты жана аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн тартибин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн медициналык камсыз кылуунун, анын ичинде аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринде дарылоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруу тартибин;
- тынчтык мезгилде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин медициналык техника, мүлк жана медикаменттер менен жабдуунун тартибин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштерди уюштуруунун тартибин;
- куралдарды, аскердик техниканы жана ок-дарыларды иштеп чыгуу, өндүрүү, эксплуатациялоо, оңдоо, сактоо, утилге чыгаруу жана куралдарды категорияларга бөлүштүрүү боюнча эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды;
- куралдардын, аскердик техниканын, башка продукциянын жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү тизмесин.
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча оперативдик-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин.
16. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
энергетика чөйрөсүндө:
- имараттар үчүн жылуулук жана электр энергиясына керектөөлөрдү эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
- жаратылыш газын пайдалануунун, жылуулук энергиясын, электр энергиясын пайдалануунун, жаратылыш газын, жылуулук энергиясын жана жылуулук бергичтерди эсептөөнүн эрежелерин;
- керектөөчүлөргө жылуулук, электр энергиясын жана жаратылыш газын берүүгө типтүү келишимдерди;
- мунайзат-газ, көмүр жана жылуулук-энергетикалык тармактардын ченемдик-техникалык документтерин;
- жумуштарды жана операцияларды аткаруунун, аларды жасоону регламенттөөнүн тартибин белгилөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
- ченемдерди (технологиялык параметрлердин маанисинин ченемдерин, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү, материалдардын (запастарын, калдыктарын) сарпталышынын, заттардын компоненттеринин жол берилүүчү ченемдерин, өнөр жайлык санитариянын жана башка өлчөнүүчү чоңдуктардын параметрлерин);
- энергетикалык түзүлүштөрдү (системаларды, курулмаларды) эксплуатациялоо боюнча нускамаларды;
- электр станцияларда жана тармактарда эксплуатациялык-оңдоо жана эксперименттик-жөнгө салуу иштерин аткарууга сметалык наркын аныктоо жана келишим бааларын түзүү үчүн прейскуранттарды, маалымдамаларды;
- электр тармактарынын электр түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эрежелерди;
- электр энергетикалык тутумдарды башкарууда анын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;
- электр түзүлүштөрүн жана электр тармактарын долбоорлоодо ишенимдүүлүгүн, биологиялык жана электрдик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;
- электр энергиясын берүүдө анын сарпталышынын ченемдерин эсептөө үчүн нускамаларды;
- электр энергетика уюмдарынын керектөөсүнүн структурасына жараша жана электр энергиясына таандык кылуунун номенклатурасын жана электр энергетика объекттери боюнча баланстарды түзүү талаптарын;
- электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутумуна карата нускамаларды;
- электр тармактарынын электр жабдууларынын техникалык абалын контролдоо жана диагностикалоо боюнча нускамаларды;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн ишканалар жабдуулардын жана материалдардын авариялык запастарын керектөөсүнүн ченемдерин эсептөө үчүн нускамаларды;
- электр жабдууларын оңдоону пландоонун жана оңдоонун тартибин;
- электр жабдууларын оңдоо иштерин аткарууда персоналдын санын, эмгектин жумшалышын, материалдардын жана запастык бөлүктөрдүн чыгымдалышын;
- электр тармактарынын көлөм түзүүчү бирдиктерин эсептөөнүн методикасын;
- электр түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо эмгекти коргоо боюнча нускамаларды;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө геологиялык отчетторду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, эрежелерди, колдонмолорду.
17. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Кыргыз Республикасындагы радиоэлектрондук каражаттарга радиожыштыктардын ыйгарылышын Электрдик байланыштын эл аралык союзуна маалымдоо жана каттоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
- тармактар аралык кошулуу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин;
- маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүү, почталык жана электрдик байланыш, анын ичинде радио уктуруу жана теле көрсөтүү чөйрөсүндөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, колдонмолорду;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан иштелип чыгуучу байланыш тармагындагы эрежелерди жана нускамаларды (Радиокызматтар боюнча радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы, улуттук система жана нумерациялоо планы, Кыргыз Республикасында радиоэлектрондук каражаттарды жана тутумдарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясы, тармактар аралык туташтыруу).
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- курулуш ченемдерин жана эрежелерин, эрежелердин жыйындыларын, нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, техникалык чечимдердин каталогдорун, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы ушундай документтердин тизмелерин жана көрсөткүчтөрүн;
- атайын техникалык шарттарды жана техникалык корутундуларды;
- курулуш жана долбоорлоо чөйрөсүндө жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, сметаларды нормалоодогу коррекциялоочу индекстерди.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- коомдук негизде иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын иши үчүн бир жолку компенсация жөнүндө жобону.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актыларды практикада колдонуу боюнча нускамаларды, эрежелерди жана жоболорду;
- энергияны керектөөчүлөрдүн жана энергия менен жабдуучу уюмдардын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо жана чечүү боюнча эрежелерди жана жоболорду;
- электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын өздүк наркын аныктоо, тарифтерин эсептөө жана колдонуу боюнча методологиялык документтерди жана жоболорду.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбиялык даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптарды;
- спорттук коомдорду жана клубдарды уюштуруу боюнча типтүү ченемдерди;
- окуу жайлардын дене тарбия жана спорт объекттери, спорт жабдуулары жана шаймандары менен камсыздалышынын минимум социалдык стандарттарын;
- жалпы республикалык маанидеги спорттук-массалык иш-чаралардын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын муниципалдык кызматчыларынын арасындагы спартакиадалардын регламентин;
- Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын түзүү тартибин;
- мектептен тышкаркы жана окуудан тышкаркы дене тарбия-спорттук уюмдардын ишин координациялоонун тартибин.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- токой чарба жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду, методикаларды.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- түзөтүү мекемелеринин аймагында жана анын жанындагы, режимдик талаптар белгиленген аймактарда болгон адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү тартибин.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Милдеттүү контролго алынуучу операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмесин жана коддорунун маалымдамасын;
- Банктар жана милдеттүү контролго алынбоочу башка финансылык-кредиттик мекемелер аткаруучу ички жана тышкы операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмесин;
- Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин (белгилеринин) тизмесин жана коддорунун маалымдамасын;
- Акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы чара көрүү боюнча эл аралык стандарттарды (ФАТФтын рекомендацияларын) колдонбогон же жетишерлик деңгээлде колдонбогон мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин;
- Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин;
- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышы бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын улуттук тизмесин;
- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесин;
- Террористтик же/жана экстремисттик мүнөздөгү кылмышты кылгандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн адамдардын тизмесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маалымат берүүчү жактарга суроо-талап жиберүүгө укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин;
- Маалымат берүүчү жактардын түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасын;
- Уюштуруу-укук формаларынын түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасын;
- Операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасын;
- Операциялардын (бүтүмдөрдүн) катышуучуларынын түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасын;
- Ким экендигин тастыктаган же чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документтеринин түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасын;
- Мамлекеттердин жана аймактардын коддорунун маалымдамасын;
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин коддорунун маалымдамасын;
- Валюталардын коддорунун маалымдамасын;
- Транслитерациялар маалымдамасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү берүү үчүн колдонулуучу типтүү форманы;
- кардардын анкетасынын типтүү формаларын;
- бенефициардык менчик ээсинин (пайда табуучунун) анкетасынын типтүү формасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Бирдей маалыматтык тутумунун абонентинин каттоо карточкасынын типтүү формасын;
- операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү кагаз документ (КДБ) түрүндө берүү тууралуу макулдашуу барагынын типтүү формасын;
- операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү электрондук документ (ЭДБ) түрүндө кабыл алгандыгы же кабыл албагандыгы жөнүндө квитанциянын типтүү формасын;
- маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын типтүү формасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын операцияны (бүтүмдү) же каражаттарды тоңдуруу жөнүндө буйруктарынын типтүү формаларын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын операцияны (бүтүмдү) же каражаттарды тоңдуруудан баш тартуу жөнүндө буйруктарынын типтүү формаларын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын операцияны (бүтүмдү) же каражаттарды тоңдуруудан бошотуу жөнүндө буйруктарынын типтүү формаларын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын операцияны (бүтүмдү) же каражаттарды тоңдуруу/тоңдуруудан баш тартуу/тоңдуруудан бошотуу жөнүндө буйругун чыгаруу тууралуу телефонограммалардын типтүү формаларын;
- 1-форманы толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- ведомстволук классификаторлорду жана маалымдамаларды жүргүзүүнүн тартибин.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү жөнүндө жобону;
- аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону;
- аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобону;
- аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши жөнүндө отчёт берүүнүн тартибин;
- аудитордук уюмдарды рейтингдик баалоо жөнүндө жобону.
27. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо органдары тарабынан документтерди текшерүү боюнча нускаманы;
- атайын каражаттар менен камсыздоо ченемдерин, аларды эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, берүүнүн, эсептен чыгаруунун жана жокко чыгаруунун, аскер кызматчыларын атайын каражаттарды колдонууга жана аларды колдонууда зарыл болгон коопсуздук чараларына байланыштуу аракеттерге даярдоону уюштуруунун тартибин.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматка, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмелерин (тизмектерин);
- Кыргыз Республикасынын баңги каражаттарга, психикага таасир этүүчү заттарга керектөөсүн эсептөөнүн негизинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баңги каражаттардын же психикага таасир этүүчү заттардын максимум санынын мамлекеттик квотасын (жылдык керектөөнү), аларды мыйзамдуу жүгүртүү ушул квотанын чегинде ишке ашырылат;
- баңги каражаттарды же психикага таасир этүүчү заттарды бөлүштүрүүнүн тартибин, ага ылайык юридикалык же жеке жактар баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды мыйзамдуу жүгүртүү үчүн аларга белгиленген өлчөмдөрдө алышат;
- баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш жөнүндө отчеттун формасын, баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген юридикалык же жеке жактар тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга ошого ылайык отчет беришет;
- юридикалык жана жеке жактардын баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду пайдаланууну эсепке алуучу атайын журналдарды жүргүзүүсүнүн жана сакташынын тартибин;
- Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле алардын ортомчуларын өндүрүүчү ишканаларды каттоонун тартибин;
- баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташуунун, ошондой эле бул үчүн зарыл документтерди тариздөөнүн тартибин.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- мамлекеттик үлүш катышкан мамлекеттик ишканалар жана чарбакер коомдор үчүн бюджеттерди түзүү жана аткаруу, коомдордун финансылык-чарбалык ишин талдоо жана коомдордун кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин күчөтүү боюнча методикалык документтерди;
- мамлекеттин менчигиндеги объекттерге инвентаризация жүргүзүү боюнча нускамалард
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын ТИЗМЕСИ